Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна тиркеме)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-21.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-октябрындагы № 715 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасынын уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкана мамлекеттик ишкана уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн жана чарба жүргүзүү укугунда негизделген юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкананын уюштуруу документи болуп ушул Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (мындан ары – Департамент) саналат.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы»;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргыз таза суу» при Департаменте развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
7. Кыскартылган расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз таза суу» МИ»;
– расмий тилде: «ГП «Кыргыз таза суу».
8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.
9. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде толук расмий аталышы көрсөтүлгөн мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аны тескөөгө укуктуу.
10. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон обочолонгон мүлккө ээ, өз милдеттенмелери боюнча бул мүлк үчүн жооп берет, өз атынан мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди ала алат, аларды жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
12. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар Ишкананын түзүмүнө кирет. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Ишкананын башкы директору бекиткен жоболордун негизинде иш жүргүзөт.
13. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2-глава. Ишкананын ишинин максаттары, предмети жана функциялары
14. Ишкананын ишинин максаты борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, мындай системаларды Ишкананын чарба жүргүзүүсүнө өткөрүп берүүдө калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларын жана канализациялык тазалоо курулмаларын эксплуатациялоо, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда колдонулуучу материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзүү, өлчөө каражаттарына (суу өлчөгүч приборлорго) текшерүү жүргүзүү, ошондой эле башкы подрядчынын функцияларын аткаруу болуп саналат.
15. Ишкананын негизги функциялары:
1) борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларынын жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин куруу үчүн, анын ичинде долбоордук жана подряддык уюмдар үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоону жүзөгө ашыруу;
2) долбоордук-сметалык документтерге ылайык курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашыруу, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, техникалык регламенттердин жана курулуштагы башка ченемдердин талаптарын сактоо, долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу;
3) подряддык уюмдар жана башка уюмдар тарабынан долбоордук-сметалык документтердин аткарылышынын жүрүшүнө контроль жүргүзүү, тиешелүү органдардан курулушка уруксат алуу;
4) курулуш-монтаждоо, ишке киргизүү-жөнгө салуу жана башка иштин түрлөрүн уюштуруу жана өндүрүшүн башкарууну камсыз кылуу, курулуш объекттерин эксплуатациялоого берүүгө даярдоо;
5) курулушу аяктаган объекттерди кабыл алуу боюнча иштерге катышуу жана аларды эксплуатациялоочу уюмдарга берүүнү (өткөрүп берүүнү) жүзөгө ашыруу;
6) куруу, реконструкциялоо же капиталдык оңдоо аяктабаган учурда объекттер консервацияланган учурда алардын сакталышын камсыз кылуучу тиешелүү уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды подряддык уюмдар менен биргеликте жүргүзүү;
7) келишимдердин (контракттардын) негизинде мамлекеттин, чарбалык субъекттердин жана калктын муктаждыктарына ылайык аткарылуучу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоо;
8) архитектура жана курулуш органдары, заказчылар, долбоордук жана подряддык уюмдар менен алардын менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
9) борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
10) подряддык уюмдар тарабынан борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштердин аткарылышынын сапатына контроль жүргүзүү;
11) долбоордук, курулуш уюмдары жана жабдууларды жана курулуш материалдарын жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
12) кайра иштетүү өнөр жайынын объекттеринде, улуттук инвестициялык долбоорлордо жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордо ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоо жана куруу жаатында иш жүргүзүү;
13) мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун каражаттарынын эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндө башкы подрядчынын функцияларын аткаруу;
14) борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону, калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларын жана канализациялык тазалоо курулмаларын эксплуатациялоону жүзөгө ашыруу;
15) төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн мындай системаларды Ишкананын чарба жүргүзүүсүнө өткөрүп берүүдө калктуу конуштардагы борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларын жана канализациялык тазалоо курулмаларын эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруу:
– негизги жана көмөкчү жабдуулардын авариясыз иштөөсүнүн бекитилген ченемдерине ылайык керектөөчүлөрдү зарыл көлөмдөгү ичүүчү суу менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылууну, агынды сууларды сордурууну жана тазалоону;
– инженердик жабдуулардын, суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларынын жана канализациялык тазалоо курулмаларынын орнотмолорунун натыйжалуу иштешин контролдоону;
– ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жана техникалык жоготууларды азайтуу, айлана-чөйрөнү жана санитарияны жакшыртуу, борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык күтүүнү жакшыртуу жана эксплуатациялоо боюнча чараларды көрүүнү;
– борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын башкарууну, калктуу конуштардын жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуунун экономикалык механизмин өркүндөтүү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды мамлекеттик башкаруу органына киргизүүнү;
– ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгарууга тарифтер, акча каражаттарын чогултуу жана алардын кайтарымдуулугу маселелери, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын күтүүгө жана эксплуатациялоого сметаларды түзүү, ичүүчү суунун сапатына баалоо жүргүзүүгө келишимдерди түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышууну;
16) зарыл болгон учурда долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу;
17) курулуш боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын талаптарына ылайык оңдоо-курулуш өндүрүшүн камсыз кылуу;
18) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын курууда, өлчөө каражаттарын (суу өлчөгүч приборлорду) текшерүүдө колдонулуучу материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга сыноолорду жүргүзүү;
19) материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга сыноолорду жүргүзүү, өлчөө каражаттарын (суу өлчөгүч приборлорду) текшерүү үчүн сыноо лабораторияларын түзүү;
20) Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сыноолордун протоколдорун берүү, өлчөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжаларын тариздөө;
21) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялоо, алар тарабынан берилүүчү отчетторду кабыл алууну, жалпылоону жана талдоону жүзөгө ашыруу, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле ишти жакшыртуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
22) өз компетенциясынын чегинде жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдарда, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда Департаменттин атынан чыгуу;
23) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды чечүү үчүн өз компетенциясынын чегинде чараларды көрүү, баяндалган фактылар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү, арыз ээлерине кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана чараларды көрүү;
24) курулуштун сапатын баалоо, курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын белгиленген талаптарга, стандарттарга жана техникалык регламенттерге шайкештигин текшерүү үчүн, ошондой эле эксперттик корутундуларды даярдоо жана өз компетенциясынын алкагында консультацияларды берүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартуу;
25) өндүрүштөрдүн, объекттердин жана аткарылып жаткан иштердин коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук институттардын адистерин тартуу;
26) Ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштамаларды жана башка документтерди даярдоо, анын ичинде учурдагы абалды талдоо, өнүгүү божомолдорун жана ченемдик укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
27) белгиленген тартипте капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттерине баруу;
28) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн лицензиялардын жана сертификаттардын колдонулушун убактылуу токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды кийин киргизүү үчүн Департаментке материалдарды жиберүү;
29) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
30) зарыл болгон учурда субподряддык уюмдарды аныктоо жана Ишкананын иши чөйрөсүндөгү жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн уюмдар менен субподряд келишимдерин түзүү;
31) тейленүүчү иш чөйлөрүндө тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органынын көрсөтмөсү боюнча башка функцияларды аткаруу.
16. Лицензиялоого (уруксат берүүгө), аккредитациялоого тийиш болгон иштин түрлөрү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) жана башка документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
17. Ишкана көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша Ишкананын кызыкчылыктарын эске алуу менен же кардар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз алдынча белгилеген баалар жана тарифтер боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтөт.
18. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга карата бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу каралган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча Ишкана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген баа түзүү тартибин сактоого милдеттүү.
3-глава. Укуктар жана милдеттер
19. Ишкана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек, бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Ишкананын компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды министрликтерден, ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын жана гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
3) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
4) экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө дем берүү максатында чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду толук ишке ашырууда инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө;
5) башка юридикалык жана жеке жактар менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
6) финансылык-кредиттик мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
7) бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларына ылайык финансылык каражаттарды Ишкананын, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине сый акыларды төлөөгө жана кызыктыруучу төлөмдөрдү берүүгө багыттоого;
8) кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга, материалдык-техникалык базаны жаңылоого, ошондой эле Ишкананын жана анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктары үчүн адистештирилген жабдууларды сатып алууга;
9) Ишкананын туруктуу иштешин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын модернизациялоо, ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен, ошондой эле чет өлкөлүк кредиттик уюмдар менен кредиттик макулдашууларды, кийин ушул макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди өз алдынча аткаруу менен түзүүгө;
10) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгек жана/же жарандык-укуктук келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
11) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо менен чет өлкөлүк адистерди тартууга;
12) өз атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз ээси же жабырлануучу тарап катары чыгууга;
13) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында чет мамлекеттерде иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле чет мамлекеттерде аталган иш-чараларга катышууга;
14) Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларды, конференцияларды жана форумдарды уюштурууга, аларга катышууга жана Ишкананы, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүн, анын ичинде филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн көрсөтүүгө, ошондой эле Департаменттин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
15) өз компетенциясынын алкагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда инновациялык технологияларды өздөштүрүү, эксплуатациялоо жана киргизүү менен байланышкан долбоорлорго катышууга;
16) өз компетенциясынын алкагында жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана акы төлөнүүчү жумуштарды аткарууга;
17) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан программалар боюнча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
18) атаандаштык жол-жоболорун жүргүзүүнү талап кылбаган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түздөн-түз түзүүгө.
20. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн максатына жетүү жана милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана алар үчүн жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткарууга;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн комплекстүү, келечектүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууга;
3) курулуштун натыйжалуулугун жогорулатуу, капиталдык салымдарды, негизги фонддорду, эмгек, материалдык жана финансылык ресурстарды пайдалануу маселелерин чечүүнү камсыз кылууга;
4) өзүнүн курулуш комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, подряддык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;
5) өзүнүн курулуш объекттери боюнча долбоорлорду иштеп чыгууну уюштурууга, аларды белгиленген тартипте экспертизага жана бекитүүгө сунуштоого;
6) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин курууда илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы технологияларды киргизүүнү жүзөгө ашырууга жана камсыз кылууга;
7) кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылуучу иштерди Ишкананын каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
9) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
10) кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирбестен алардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн жагымдуу эмгек шарттарын, тиричилик жана башка шарттарды түзүүгө;
11) зарыл болгон отчетторду ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
12) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик, статистикалык жана ыкчам эсепти жүргүзүүгө жана алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга;
13) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
14) республика боюнча ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын уюштурууга;
15) курулуш жана капиталдык оңдоо боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын сакталышын камсыз кылууга;
16) аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын, алардын долбоордук-сметалык документтерге, ошондой эле бекитилген курулуш ченемдерине жана стандарттарына, коопсуздук техникасынын ченемдерине жана объекттерде эмгекти рационалдуу уюштуруу талаптарына шайкештигин текшерүүгө;
17) сунуштамаларды киргизүү менен кошумча жана күтүлбөгөн жумуштарга жана чыгымдарга компенсацияны кароого;
18) колдонулуучу курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатын ырастоочу документтердин (сапат паспортторунун, сертификаттардын, лабораториялык сыноолордун натыйжаларынын ж.б.) болушун текшерүүгө;
19) баштапкы аткаруучулук техникалык документтердин болушун жана алардын туура жүргүзүлүшүн текшерүүгө;
20) жоопкерчилик зоналарынын чегинде курулуш жана капиталдык оңдоо объекттеринде көйгөйлүү маселелерди аныктоо менен курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүнө жана өндүрүшүнүн мөөнөттөрүнө мониторинг жүргүзүүгө;
21) ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо маселелери боюнча Ишкананын иши чөйрөсүндөгү ишканалардын жана уюмдардын дооматтарын, даттанууларын, арыздарын, кайрылууларын жана сунуштарын кароого;
22) ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо маселелери боюнча жарандардын жана уюмдардын кайрылууларына жоопторду даярдоого.
4-глава. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
21. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уставды иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) жылдык бюджеттин долбоорун макулдашуу;
5) финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) финансылык-чарбалык иш боюнча чечимдерди кабыл алуу;
7) стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
8) башкы директордун жана анын орун басарларынын кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарды бекитүү;
9) кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн башкы директор кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
10) башкы директордун орун басары кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
11) Ишкананын коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирикмелеринин) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу.
22. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо маселелерине тийиштүү жана жалпысынан Ишкананын финансылык-чарбалык иши боюнча буйруктарды, тапшырмаларды берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органынын жетекчилигинин буйруктарынын, тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматты суроого жана алууга;
3) анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишине жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
4) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
5) аткаруу органынын отчетторун угууга;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга башкы директорду кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза чараларын колдонуу же сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
23. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана башка мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө өзүнө белгилүү болгон фактылар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
5-глава. Ишкананын ишиндеги мамлекеттик мүлктү
башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
24. Ишкананын ишиндеги мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюмдаштыруучуга кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
2) түзүмдү жана штаттык расписаниени макулдашуу;
3) жылдык бюджетти, финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитүү;
4) финансылык-чарбалык ишке талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) башкы директордун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) башкы директордун жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) башкы директорго жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча башкы директорду кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизүү;
9) мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча башкы директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) башкы директорго жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) башкы директор жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
12) бекитип берилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышына жана сакталышына контролду жүзөгө ашыруу.
6-глава. Уюмдаштыруучунун жана
аткаруу органынын компетенциясы
25. Ишкананын аткаруу органы болуп анын жетекчиси болуп – кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келген, мамлекеттик башкаруу органдарына сунуш кылынган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор саналат.
26. Уюмдаштыруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) иштин предметин, максаттарын жана негизги багыттарын аныктоо;
2) финансылык-чарбалык ишке ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү, иш боюнча отчетторду жана маалыматтарды алуу;
3) түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу;
4) уставды бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
27. Башкы директор төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишинин жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алган учурда жана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжасы боюнча;
2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаган учурда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда;
4) финансылык-чарбалык иштин көрсөткүчтөрү начарлашына алып келген кесипкөйлүккө туура келбеген аракеттер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
28. Башкы директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) учурдагы финансылык-чарбалык ишти башкаруу;
2) стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алдыдагы жылга карата Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) финансылык-чарбалык иш жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө квартал сайын жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
6) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
7) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
8) уюштуруучулук-тескөөчү документтерди кабыл алуу;
9) бухгалтердик жана статистикалык эсептин жүргүзүлүшүн уюштуруу;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында кызыкчылыктарды жактоо;
11) башкы директордун орун басарларынын, башкы инженердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктеринин жана адистеринин ыйгарым укуктарын белгилөө;
12) кызматкерлерди жумушка кабыл алууну жана кызматтан бошотууну жүзөгө ашыруу;
13) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча уюштуруучулук түзүмдү жана штаттык расписаниени бекитүү;
14) кызматкерлерге карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу;
15) бардык кызматкерлер аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу, алардын аткарылышын контролдоо;
16) мамлекеттик башкаруу органынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын уюштуруу жана камсыз кылуу;
17) Кыргыз Республикасынын жарандык, бюджеттик жана башка мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде финансы каражаттарын, мүлктү жана башка активдерди тескөө;
18) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
29. Башкы директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) максаттарга, милдеттерге, ушул Уставга жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте мүлктү тескөөгө;
4) Ишкананын алдына коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун, ошондой эле аларды коргоо тартибин аныктоого;
6) кызматкерлерге сый акы берүү тартибин аныктоого;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
30. Башкы директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, финансылык-чарбалык иш жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишке жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле иштин кайсы болбосун чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) кызматкерлердин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана башка мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө өзүнө белгилүү болгон фактылар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык, эмгек жана бюджеттик мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткарууга.
31. Башкы директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
32. Башкы директор өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада башкы директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган, алар мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, башкы директор менен башкы директордун орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык өздөрүнө жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишине жетекчилик кылат.
35. Башкы директор жок болгон учурда финансылык документтерге кол коюу укугу башкы директордун тиешелүү буйругунун негизинде башкы директордун орун басарларынын бирине өткөрүп берилет.
36. Башкы директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлөөгө чейин анын милдеттерин аткаруу башкы директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
37. Башкы бухгалтер башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз ага баш иет. Башкы бухгалтер эсептин туура жүргүзүлүшү жана Ишкананын финансы каражаттары менен мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү жарандар менен мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
39. Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
40. Филиалдар юридикалык жактар болуп саналбайт жана Ишкана тарабынан бекитилген филиалдар жөнүндө жоболордун негизинде иш жүргүзөт. Филиалдардын банктардагы эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн номери жана аталышы көрсөтүлгөн штамптары жана мөөрү болот.
41. Филиалдардын жетекчилери башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана аларга башкы директор тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде иш жүргүзөт.
42. Филиалдардын жетекчилери кызмат ордунан бошотулган учурда аларга берилген көрсөтүлгөн ишеним каттардын колдонулушу токтотулат.
7-глава. Мүлк, финансылык-чарбалык иш,
пландаштыруу жана каржылоо
43. Мүлк жана пайда мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Ишканага бекитип берилет.
44. Мүлк негизги жана жүгүртүү каражаттарынан турат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
45. Ишкана өзүнө бекитип берилген мүлккө карата ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана уюмдаштыруучу тарабынан белгиленген чектерде жүзөгө ашырат.
46. Ишкана финансылык-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджеттин негизинде жүзөгө ашырат.
47. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Финансылык отчеттуулук ай сайын, квартал сайын жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
48. Ишкана бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 30уна чейин берет.
49. Ишкана өзүн-өзү каржылоо, толук чарбалык эсептешүү жана өз алдынча төлөө принциптеринде иштейт, өз ишинин жүрүшүндө алынган кирешелерди өз ишин, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каржылоого жумшайт. Мында анын каражаттарынын булактары болуп тиешелүү жылга бекитилген бюджеттик ассигнованиелердин чегиндеги каражаттар, мамлекеттик жана муниципалдык заказдардын, түзүлгөн келишимдердин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген бюджеттик программалардын алкагындагы каражаттар, гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, алынган кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
50. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
51. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
52. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт, акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте болот (акционерлештирилет).
53. Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер, анын ичинде эмгек мамилелери жаатындагы укуктар жана милдеттенмелер боюнча анын укук мураскери болуп саналат.
54. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
– мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
– соттун чечиминин негизинде.
55. Ишкананы жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын башкы директору жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген, жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
56. Ишкананын ишинин процессинде түзүлгөн документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-октябры № 715 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу…Постановление · 21.10.2026 · № 715 · Күчүнө кире элек