# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-октябрындагы № 792-т (Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрү үчүн потенциалды өнүктүрүүнүн Региондук борборунун субесебине Кыргыз Республикасынын төгүмү боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө каттын долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-октябрындагы № 792-т (Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрү үчүн потенциалды өнүктүрүүнүн Региондук борборунун субесебине Кыргыз Республикасынын төгүмү боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө каттын долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 792-т
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20105/edition/60581/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052648.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-октябрындагы № 792-т (Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрү үчүн потенциалды өнүктүрүүнүн Региондук борборунун субесебине Кыргыз Республикасынын төгүмү боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө каттын долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (19.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052648

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 19-октябрындагы № 792-т

Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк жана үлүштүк салымдарды төлөө менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрү үчүн потенциалды өнүктүрүүнүн региондук борборунун субэсебине Кыргыз Республикасынын салымы боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө каттын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Өз ара түшүнүшүү жөнүндө катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | A.А. Касымалиев |
