# Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 3/1 "Бала бакчаларда ата-энелик төлөмдөрдү төлөө шарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 3/1 "Бала бакчаларда ата-энелик төлөмдөрдү төлөө шарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/1
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58783/edition/60546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 3/1 "Бала бакчаларда ата-энелик төлөмдөрдү төлөө шарттары жөнүндө" токтому (29.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052631

---

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

VIII-чакыруу №1 сессиялык отурум

2026-жылдын 29-январы № 3/1 Бала бакчаларда ата-энелик төлөмдөрдү төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11- августундагы “Билим берүү жөнүндө” № 179-Мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 4-пунктчасына жана 6 пунктуна жана “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Жайыл айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши токтом кылат:

1. 2026-жылга Жайыл айыл аймагынын бала-бакчалырынын тамактануусуна ата-энелердин төлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин :

- Алексеевка айылындагы “Колосок” мектепке чейинки билим берүү уюму күнүнө 105 (жүз беш) сом;

- Жайыл айылындагы “Жайыл -Ата” мектепке чейинки билим берүү уюму күнүнө 110 (жүз он) сом;

- Калдык айылындагы “Наристе-Калдык” мектепке чейинки билим берүү уюму күнүнө 105 (жүз беш) сом.

2. Бала бакчанын директорлору бул токтомду аткарууга кабыл алып, ата-энелерге билдирүүгө милдеттүү.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага жүктөлсүн.

2026-жылдын 10-августунда https://zhaiyl.gov.kg/kg/post-3-1-ot-29-01-2026-ob-usloviyah-roditelskoj-oplaty-v-detskih-sadah/ расмий сайтында жарыяланды

| Төрага | | Чолпонкулов К.К. |
