# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-октябрындагы № 790-т («Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-октябрындагы № 790-т («Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 790-т
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20103/edition/60540/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052628.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-октябрындагы № 790-т («Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси (17.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052628

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 17-октябры № 790-т

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 28-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун «Манас» эл аралык аэропортун кеңейтүү жана өнүктүрүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте:

1) мамлекеттик менчикте турган төмөнкү жер тилкелерин мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн уставдык капиталга салым катары киргизүү жолу менен «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берсин:

– идентификациялык коду: 1-01-21-0037-0076, аянты 33,1 га, дареги: Новопавловка айылы, Разное көчөсү, номери жок;

– идентификациялык коду: 1-01-21-0037-0073, аянты 2,2 га, дареги: Новопавловка айылы, Разное көчөсү, номери жок;

– идентификациялык коду: 7-01-02-0006-0059, аянты 3,2 га, дареги: Мраморное айылы, аталышы жок көчө, № 42 контурда;

2) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомуна ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды белгиленген тартипте көрүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкелерине укуктарды өткөрүп берүүнү каттону белгиленген тартипте жүргүзсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары | | Д.Дж. Амангельдиев |
