# Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-октябрындагы № 693 токтомуна)

- Толук аталышы: Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-октябрындагы № 693 токтомуна)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 693
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230052557/edition/60458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-октябрындагы № 693 токтомуна) (14.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052557

---

|  |  | Тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-октябрындагы № 693 токтомуна) |

Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобо

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу боюнча ишти регламенттештирүү жана жөнгө салуу бөлүгүндө селекциялык-асыл тукум ишин жүргүзүүнүн ченемдик укуктук базасын түзүү үчүн иштелип чыккан.

## 2-глава. Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу тартиби

2. Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункту үйүрдү төлдөтүү жана селекциялык-асыл тукум ишин жүргүзүү боюнча негизги объект болуп саналат. Пунктту типтүү же жеке долбоор боюнча курууга уруксат берилет.

3. Ветеринардык-санитардык жана зоотехникалык талаптарга жооп берген, кайра жабдылган жайларда пункттарды уюштурууга уруксат берилет.

4. Мал чарба фермасында айыл чарба жаныбарларын уруктандыруу үчүн малды манежге киргизүү үчүн бөлүктөр жана жолдор менен жабдылган, жаныбарларды кармоо үчүн цехке жанаша пункт курулат.

Фермадагы пункт ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жабдуулар, инструменттер жана материалдар менен камсыз кылынат.

5. Сүт-товардык фермаларда пункттарды долбоорлоодо, орнотууда, курууда жана уюштурууда субъекттер менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан төмөнкү негизги технологиялык талаптарды аткарууга тийиш:

– пункт уруктандырылууга тийиш болгон жаныбарларды кармоо үчүн жайлардын, ошондой эле алар өтүүчү жолдун (жаюу, жайыт, саан ж.б. үчүн) жанында жайгаштырылат;

– фермадагы пунктта манеж, лаборатория, жуучу жай, кампа, ошондой эле уруктандырууга чейин жана андан кийин уйларды жана кунаажындарды кармоо үчүн жай болууга тийиш;

– жеке жактарга таандык айыл чарба жаныбарларын уруктандыруу үчүн пункт өзүнчө уюштурулат.

6. Уруктандыруу учурунда талаптагыдай жарыктандыруу менен камсыз кылуу үчүн аянты 16 кв. м кем эмес манежде жаныбарлардын тулку боюнун арткы тарабында 1 кв. м кем эмес өлчөмдөгү терезенин (полдон 1 м бийиктикте) же кошумча электр жарыгынын болушун кароо зарыл. Дубалдардын полдон 1,5 м бийиктикке чейинки панелдери май боек менен сырдалат же ачык түстөгү плитка төшөлөт. Манеждин кире беришинде дезбарьер орнотулат, полдо тазалоого жана жууга мүмкүн болгон катуу (резина жолчолору менен) жабуу болууга жана 1–2 %га жантаюуга тийиш. Манеж муздак жана ысык суу менен камсыздалат, ошондой эле бекитүүчү станок менен жабдылат.

7. Лаборатория үчүн аянты 6 кв. м кем эмес, жылытылуучу, жарык жай бөлүнөт, анда сперманын сапатын баалоо жана сактоо үчүн приборлор, жабдуулар жана инструменттер жайгаштырылат. Лабораториядагы пол линолеум же плитка менен капталат. Дубалдарга плитка төшөлөт же ачык түстөгү май боек менен сырдалат. Лаборатория жайдын 1 куб. м көлөмүнө 1 Вт эсептелген бактерициддик лампалар менен жабдылат.

8. Манежге чыгуучу жери бар, аянты 6 кв. м кем эмес жуучу бөлмө лабораторияга чектеш жайгаштырылат.

9. Жеке жактарга таандык ири мүйүздүү малды (уйларды жана кунаажындарды) жасалма уруктандыруу пункту жеке ветеринардык клиниканын же жеке ветеринардык адистин ветеринардык кабинетинин жанында уюштурулушу мүмкүн.

Жасалма уруктандыруунун мобилдүү пункту ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык жабдуулар, инструменттер жана материалдар менен жабдылат.

10. Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пунктун (мындан ары – пункт) ачуу жеке же юридикалык жактын арызынын жана пункттун ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарга шайкештиги жөнүндө агрардык өнүктүрүүнүн райондук/шаардык башкармалыгынын (мындан ары – АӨРБ) комиссиясынын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.

11. Комиссия Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын ветеринария башкармалыгынын жана райондук бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн түзүлөт.

12. Комиссиянын функцияларына төмөнкүлөр кирет:

– пункттун ветеринардык-санитардык абалын текшерүү;

– жасалма уруктандыруу боюнча техниктин (мындан ары – уруктандыруучу техник) квалификациясын текшерүү;

– пункттун ишке жарактуулугун (кирүүчү жолдордун, жабдуулардын, сарпталуучу материалдардын болушу) баалоо;

– суюк азот берүүчү жана жаныбарлардын уругунун дистрибьютору менен түзүлгөн келишимдин, сперманы жеткирүү графигинин, ошондой эле эсепке алуу жана отчеттуулук журналдарынын болушун текшерүү.

13. Жеке же юридикалык жактын арызынын негизинде комиссия текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн актысын түзөт. Текшерүүнүн актысынын негизинде комиссия пункттун даярдыгы жөнүндө корутунду чыгарат, ал ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык АӨРБ тарабынан жасалма уруктандыруу пунктунун паспортун берүү үчүн негиз болуп саналат.

## 3-глава. Жасалма уруктандыруу пункттарындагы ветеринардык-санитардык талаптар

14. Пункт иштеп жатканда төмөнкүдөй ветеринардык-санитардык талаптар сакталат:

– тамбурдун кире беришине күн сайын 2 % натрий гидроксидинин эритмеси менен нымдалып туруучу дезинфекциялоочу килемче (дезкилемче) коюлат;

– ар бир уруктандыруудан кийин мал бекитилүүчү станок механикалык тазалоодон өтөт жана ысык 2–3 %дык натрий гидрокарбонатынын (аш содасы) эритмеси менен жуулат.

– уруктандыруучу техник лабораторияда таза халат, баш кийим (жоолук) кийип иштөөгө, ал эми эпизоотиялык статусу жагымсыз чарбалардан келген жаныбарларды тейлөөдө коргоочу фартук жана резина өтүк кийүүгө милдеттүү;

– атайын кийимди жана бут кийимди пункттун аймагынан тышкары пайдаланууга жол берилбейт.

15. Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу жана анын иши менен байланышкан иш-чараларды каржылоо юридикалык жана жеке жактардын, эл аралык донор уюмдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

16. Жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын жайылышын алдын алуу максатында уруктандыруучу техник төмөнкүдөй эрежелерди сактоого милдеттүү:

– ар бир жаныбарды уруктандыруудан же текшерүүдөн мурун жана кийин колду самындап жууп, 70 % этил спиртине чыланган кебез тампон менен тазалоого;

– уруктандыруу үчүн стерилдүү же бир жолу колдонулуучу инструменттерди гана колдонууга;

– жумуш аяктагандан кийин, ошондой эле жеке же юридикалык жактардын чарбаларына (фермаларга, чарбаларга) ар бир чыгуунун алдында резина өтүктөрдү жана коргоочу фартуктарды тазалоого жана дезинфекциялоого;

– көчмө же маршруттук-айлампа тейлөөдө сперманы суюк азоту бар Дьюар идиштеринде (сыйымдуулугу 5 литрден 20 литрге чейинки) стерилдүү же бир жолку колдонулуучу инструменттерди пайдалануу менен ташууну ишке ашыруу.

17. Көп жолу колдонулуучу инструменттерди жана лабораториялык идиштерди стерилдөө кайнатуу, кургатып-ысытуучу менен иштетүү, фламбирлөө методдору же химиялык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлөт:

– кайнатууда инструменттерге жана идиштерге стерилизатордун көлөмүнүн 2/3 бөлүгүнө дистилденген суу куюлат жана 20 мүнөт кайнатылат;

– стационардык пункттун шарттарында кургатып-ысытуучу менен иштетүүдө айнек инструменттер жана идиштер кургатуучу шкафта 180°С температурада бир саат бою кармалат;

– металл инструменттер кайнак сууда 20 мүнөт стерилденет, нымдын калдыгы стерилдүү салфеткалар менен сүртүлөт;

– колдонулган предметтик жана жабуучу айнектерди жылуу сууга жууп, стерилдүү салфеткалар менен сүртүү керек.

18. Стерилдүү инструменттер айнек шкафтарда же бактерияларды жок кылуучу лампалар менен жабдылган стол үстүндөгү атайын витриналарда (ящиктерде) сакталат.

19. Талаа шарттарында (жайыттарда, алыскы жайыттарда) металл жана айнек инструменттерди портативдик газ приборлорунун, спирт лампаларынын түтүнсүз жалыны менен фламбирлөө (күйгүзүү) методу менен же 96 %дык этил спирти колдонулган спирт тампондору менен зыянсыздандырууга жол берилет.

20. Чыгымдалуучу технологиялык жана дезинфекциялык эритмелерди (хлордуу натрий, лимон кычкыл натрийи, фурацилин, этил спирти) даярдоо, сактоо жана колдонуу технологиялык нускамаларга жана ветеринардык эрежелерге так ылайык жүргүзүлөт. Жарактуулук мөөнөтү өткөн же түсү жана тунуктугу өзгөргөн белгилери менен эритмелерди колдонууга жол берилбейт.

21. Көчмө иштер үчүн же жайыттарда пайдаланууга арналган инструменттер стерилденгенден кийин стерилдүү материалга же атайын каптарга таңгакталып, уруктандыруучу техниктин сумкасына салынат. Сумка жума сайын санитардык иштетүүдөн өткөрүлүүгө, ал эми эпизоотиялык абалы жагымсыз чарбалардан кайтып келгенден кийин токтоосуз дезинфекцияланууга тийиш.

22. Дьюар идиштери жылына кеминде эки жолу жуулуп, белгиленген тартипте нымдуу аэрозолдук дезинфекциядан өткөрүлөт.

## 4-глава. Уруктандыруучу техниктин укуктары жана

милдеттери

23. Уруктандыруучу техник катары ветеринардык жана зоотехникалык билими же мал чарбасы тармагында иш тажрыйбасы бар, айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча атайын даярдыктан жана стажировкадан өткөн, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аталган ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу документти (күбөлүктү, сертификатты) алган адамдарга иштөөгө жол берилет.

24. Уруктандыруучу техник акы төлөнүүчү негизде малды жасалма уруктандыруу боюнча кызматтарды көрсөтөт. Тарифтер жана төлөө формасы мал ээси менен уруктандыруучу техниктин ортосунда келишимдик негизде белгиленет.

25. Уруктандыруучу техник төмөнкүлөргө милдеттүү:

– пунктту жана анын жайларын таза кармоого жана зарылчылыкка жараша, бирок айына 3 жолудан кем эмес дезинфекция жүргүзүүгө;

– асыл тукум өндүргүч малдын уругуна муктаждыкты аныктоого жана асыл тукум продукциясынын дистрибьюторлоруна (берүүчүлөргө) өтүнмөлөрдү жиберүүгө;

– асыл тукум продукциясын кабыл алууга, аны сактоонун талаптарын катуу сактоону камсыз кылууга;

– Дьюар идишиндеги суюк азоттун деңгээлин контролдоого;

– көбөйтүлүп жаткан малдын өндүрүмдүүлүк сапаттарын жакшыртууну эске алуу менен асыл тукум продукциясын (урукту) колдонууга;

– асыл тукум продукциясын (урукту) алууда анын сапатын микроскоп менен баалоону жүргүзүүгө;

– көп жолу натыйжасыз уруктандырылган же оорунун белгилери бар мал жөнүндө тейлөөчү ветеринар адиске маалымдоого;

– мал ээлерине күүгө келүүнү аныктоо маселелери, пунктка алып келүү мөөнөттөрү, ошондой эле малды уруктандырууга чейин жана кийин багуу режими боюнча консультация берүүгө;

– малды уруктандырууну өз убагында жана технологиялык жактан туура жүргүзүүгө;

– жасалма уруктандыруу, коё берүү, төлдөө жана малдын бооздугун ректалдык изилдөө журналдарында жазууларды жүргүзүүгө;

– ай сайын малды жасалма уруктандыруу жана асыл тукум продукциясын (урукту) колдонуу жөнүндө отчетту АӨРБгө санын, породасын жана өндүрүмдүүлүктүн багытын көрсөтүү менен берүүгө;

– өзүнүн кесиптик квалификациясын системалуу жогорулатууга.

## 5-глава. Суюк азот жана Дьюар идиштери менен иштөөдө коопсуздук техникасы

26. Уруктандыруучу техник коопсуздук техникасы боюнча инструктаждан өтүүгө жана суюк азот жана Дьюар идиштери менен иштөөгө уруксаты болууга милдеттүү.

27. Суюк азот жана Дьюар идиштери менен иштеген персонал төмөнкүлөргө милдеттүү:

– коргоочу көз айнек же органикалык айнектен жасалган калкандарды, ошондой эле кол кап (мээлей) колдонууга;

– чөнтөктөрү жок атайын кийим, манжети жок шым (бут кийимдин үстүн жапкан), бат алмаштыруу же таштоо үчүн ыңгайлуу кенен кол кап кийүүгө;

– суюк азот теринин ачык жерлерине тийген учурда жабыркаган жерди дароо суу менен жууганга.

28. Суюк азот иштөө же Дьюар идиштерин сактоо үчүн арналган жай мажбурлап абаны киргизүүчү-соруучу вентиляция менен жабдылат.

## 6-глава. Жасалма уруктандыруу пункттарынын ишин мамлекеттик контролдоо

29. Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарынын ишин мамлекеттик контролдоо мал чарбасындагы асыл тукум иши чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.

30. Мал чарбасындагы асыл тукум иши чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырат:

– пункттагы селекциялык-асылдандыруу ишинин абалын, эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн толуктугун жана ишенимдүүлүгүн;

– малды жасалма уруктандыруу пункттарында мал чарбасындагы асыл тукум иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын.

## 7-глава. Жасалма уруктандыруу пункттарынын ээлеринин жана (же) уруктандыруучу техниктердин жоопкерчилиги

31. Пункттун ээси жана (же) уруктандыруучу техник өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген асылдандыруу, ветеринардык-санитардык жана генетикалык талаптарга ылайык келген асыл тукум продукциясын (урукту) колдонуу үчүн жоопкерчилик тартат.

Келип чыгышын, асыл тукумдун баалуулугун (сапатын) ветеринардык-санитардык статусун ырастоочу документтери жок асыл тукум продукциясын (урукту) колдонууга тыюу салынат.

32. Малдын репродуктивдик жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүүгө, оорулардын пайда болушуна, өлүмүнө же башка жагымсыз кесепеттерге алып келген талаптагыдай эмес сапаттагы асыл тукум продукциясы (урук) колдонулган учурда, пункттун ээси жана (же) уруктандыруучу техник Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

33. Пункттун ээси жана (же) уруктандыруучу техник малдын ээлерине талаптагыдай эмес сапаттагы асыл тукум продукциясын (урукту) колдонуунун же аны сактоо, ташуу жана колдонуу технологияларын бузуунун кесепетинде келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү.

Келтирилген зыяндын (чыгымдын) өлчөмү АӨРБ жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссиялык түзүлгөн изилдөө актынын негизинде аныкталат.

| | | Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |

Фермадагы жасалма уруктандыруу пункту үчүн жабдуулардын, инструменттердин жана материалдардын ТИЗМЕГИ

| № | Жабдуулар, инструменттер жана материалдар | Өлчөө бирдиги | Ченем боюнча талап кылынат |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Микроскоп | даана | 1 |
| 2 | Микроскоп үчүн термостат же жылытуучу электр столу | даана | 1 |
| 3 | Кын күзгүсү: |  |  |
| - уйлар үчүн; | даана | 2 |  |
| - кунаажындар үчүн | даана | 2 |  |
| 4 | Күзгүгө жарык бергич | даана | 2 |
| 5 | Микрошприц же шприц-катетер | даана | 10 |
| 6 | Инструменттер үчүн стерилизатор | даана | 1 |
| 7 | Жылыткыч прибору (электр плитасы же газ плитасы) | даана | 1 |
| 8 | Үч литрлик мискей | даана | 2 |
| 9 | Түз жана ийри кайчылар | даана | 2 |
| 10 | Анатомиялык пинцет (25-30 см) | даана | 1 |
| 11 | Инструменттер үчүн коюучу жай | даана | 2 |
| 12 | Воронкалар үчүн металл штатив | даана | 1 |
| 13 | Термометр: | даана |  |
| - бөлмө үчүн; |  | 3 |  |
| - атайын |  | 3 |  |
| 14 | Мензурка же өлчөөчү цилиндр (0,1ден 1,0 л ге чейин) | даана | 2 |
| 15 | Айнек же полиэтилен воронкалар | даана | 2 |
| 16 | Предметтик айнектер | даана | 50 |
| 17 | Жабуучу айнектер | даана | 200 |
| 18 | 1 жана 5 л бөтөлкөлөр | даана | 2 |
| 19 | Тыгыны сүрүлгөн айнек банкалар (0,1-0,2 л) | даана | 8 |
| 20 | Тампон салгыч | даана | 3 |
| 21 | Калың чөйчөк | даана | 3 |
| 22 | Конус формасындагы колба (1-1,5 л) | даана | 2 |
| 23 | Бактериологиялык чөйчөктөр | даана | 10 |
| 24 | Айнек таякчалар же пастер пипеткалары | даана | 10 |
| 25 | Эбонит учтуу спринцовка | даана | 2 |
| 26 | Инструменттер үчүн (айнек) шкаф | даана | 1 |
| 27 | Стол | даана | 2 |
| 28 | Кургаткыч шкаф | даана | 2 |
| 29 | Жуунгучтар | даана | 2 |
| 30 | Эсмарх кружкасы | даана | 1 |
| 31 | Эмаль капталган чара | даана | 2 |
| 32 | Электр үтүгү | даана | 1 |
| 33 | Эмаль капталган чакалар | даана | 2 |
| 34 | Ар кандай салмактары менен тараза | даана | 1 |
| 35 | Эксикатор | даана | 1 |
| 36 | Отургуч | даана | 2 |
| 37 | Кол жуу үчүн щетка | даана | 2 |
| 38 | Дистиллятор | даана | 1 |
| 39 | Спиртометр | даана | 1 |
| 40 | Сперма менен иштөө үчүн жабдуулар: |  |  |
| - Дьюар идиши (20 л); | даана | 1 |  |
| - Дьюар идиши (10 л); | даана | 1 |  |
| - узун пинцет (корнцанг, кыпчуур); | даана | 1 |  |
| - кол кап (бир жуп); | даана | 2 |  |
| - көз айнек | даана | 1 |  |
| 41 | Фурацилин таблеткалары | г | 100 |
| 42 | Хлорамин эритмеси 0,3%дуу | мл | 500 |
| 43 | Спирт-ректификат (100 баш уйга) | мл | 500 |
| 44 | Натрий гидрокарбонаты | кг | 2,5 |
| 45 | Лимон кычкыл натрийи (үч алмаштырылуучу, беш суулуу) | кг | 0,3 |
| 46 | Натрий хлоридинин таблеткалары | кг | 0,2 |
| 47 | Кебез: | кг |  |
| - гигроскопиялык; |  | 1,5 |  |
| - боз |  | 5,0 |  |
| 48 | Фильтр кагазы | кг | 1,0 |
| 49 | Кальцийленген сода | кг | 2,0 |
| 50 | Кир самын | кг | 2,0 |
| 51 | Каптама клеенка же пленка | м | 5,0 |
| 52 | Ак марли | м | 10,0 |
| 53 | Халаттар: | даана |  |
| - ак; |  | 2 |  |
| - кара |  | 2 |  |
| 54 | Резина фартук | даана | 2 |
| 55 | Малчынын календары | даана | 1 |
| 56 | Акушердин кол кабы | даана | 1 |
| 57 | Сүлгү | даана | 4 |
| 58 | Өпкө кап-чыптама | даана | 1 |
| 59 | Резина өтүк жана бут кийим (жуп) | даана | 2 |
| 60 | Бир жолку колдонулуучу инструменттер менен уйларды уруктандыруу үчүн кошумча жабдуулар: |  | Малдын башына жараша |
| - ректоцервикалдык ыкма үчүн инструменттердин комплекти; - маноцервикалдык ыкма үчүн инструменттердин комплекти |  |  |  |
| 61 | Уйларды жана кунаажындарды жасалма уруктандыруу журналы | даана | 4 |
|  |  | Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |  |

Жасалма уруктандыруунун мобилдүү пункту үчүн жабдуулардын, инструменттердин жана материалдардын ТИЗМЕГИ

| № | Жабдуулар, инструменттер жана материалдар | Өлчөө бирдиги | Ченем боюнча талап кылынат |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Криобиологиялык идиш (Дьюар): |  |  |
| - 20 литр; | даана | 1 |  |
| - 10 литр | даана | 1 |  |
| Дьюар идиши менен иштөө үчүн инструменттер: |  |  |  |
| - узун пинцет (корнцанг, кыпчуур); | даана | 1 |  |
| - кол кап (жуп); | даана | 2 |  |
| - көз айнек | даана | 1 |  |
| 2 | Уруктандыруучунун баштыгы | даана | 1 |
| 3 | Бир жолу колдонулуучу каптар | даана | 100 |
| 4 | Суу термометри | даана | 1 |
| 5 | Пинцет | даана | 1 |
| 6 | Бир жолу колдонулуучу ПВ 90/15 полиэтилен кол каптар | даана | 100 |
| 7 | Урукту жылытуу үчүн термостат | даана | 1 |
| 8 | Паеттерди кесүү үчүн гильотина | даана | 1 |
| 9 | Ак марля | м | 5,0 |
| 10 | Халаттар: |  |  |
| - ак; | даана | 2 |  |
| - кара | даана | 2 |  |
| 11 | Резина фартук | даана | 2 |
| 12 | Кебез: |  |  |
| - гигроскопиялык; | кг | 1,0 |  |
| - боз | кг | 3,0 |  |
| 13 | Фильтр кагазы | кг | 0,5 |
| 14 | Предметтик айнектер | даана | 20 |
| 15 | Жабуучу айнектер | даана | 100 |
| 16 | Микрошприц же шприц-катетер | даана | 5 |
| 17 | Инструменттер үчүн стерилизатор | даана | 1 |
| 18 | Микроскоп | даана | 1 |
| 19 | Микроскоп үчүн термостат же жылытуучу электр стол | даана | 1 |
| 20 | Кын күзгүсү: |  |  |
| - уйлар үчүн; | даана | 2 |  |
| - кунаажындар үчүн | даана | 2 |  |
| 21 | Бир жолу колдонулуучу инструменттер менен уйларды уруктандыруу үчүн кошумча жабдуу: |  | Малдын башына жараша |
| - ректоцервикалдык ыкма үчүн инструменттердин комплекти; |  |  |  |
| - маноцервикалдык ыкма үчүн инструменттердин комплекти |  |  |  |
| 22 | Уйларды жана кунаажындарды жасалма уруктандыруу журналы | даана | 1 |
|  |  | Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |  |

Жасалма уруктандыруу пунктунун ПАСПОРТУ

Ферма, айыл, көчө, үй номери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Айыл аймагы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Район: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Облус: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Пункт ачылган дата: 20\_\_\_-ж. "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ АӨРБдүн өкүлү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ветеринария башкармалыгынын адиси: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Асыл тукум ишкананын өкүлү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жасалма уруктандыруу пункту (уруктандырылуучу малдын түрү): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Уруктандыруучу техник (аты-жөнү): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Билими: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Атайын даярдоо курсунан өткөн дата жана жер: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Окуу мөөнөтү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ЖУПтун түзүмүнүн болушу: Лабораториянын болушу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жуучу жайдын болушу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Манеждин болушу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кампанын болушу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Уйларды жана кунаажындарды бекитүү үчүн станоктун болушу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Уруктандырууга чейин жана кийин жаныбарларды кармоо үчүн жайлардын болушу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Пункттагы жылуулук системасы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Пунктта электр энергиясынын болушу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Суу менен жабдуу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жылытуучу приборлордун болушу (электр плитасы, газ орнотуулары ж.б.): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Транспорттун болушу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Пункттун даярдыгы жөнүндө комиссиянын корутундусу Жасалма уруктандыруу боюнча техник тарабынан уюштурулган жасалма уруктандыруу пункту (аты-жөнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ айылында жайгашкан (дареги), ветеринардык-санитардык жана зоотехникалык талаптарга ылайык келет жана иштөөгө даяр.

Негиздеме Комиссиянын корутундусу жана изилдөө акты 20\_\_\_-ж. "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (эки нускада түзүлөт)

Комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору: АӨРБдүн өкүлү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу) Ветеринария башкармалыгынын адиси: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу) Асыл тукум ишкананын өкүлү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу)
