# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 629 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 629 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 629
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230052536/edition/60415/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 629 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому (18.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052536

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-сентябры № 629

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын башкаруу системасын өркүндөтүү, анын Уставын уюмдаштыруучунун функцияларына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставында:

– 19-пункттун он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«24. Компаниянын башкы директору Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.»;

– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«– Компаниянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу.»;

– 26-пунктта «Кеңештин макулдугу менен» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
