# Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 16-октябрындагы№ 704 токтомуна 2-тиркеме)

- Толук аталышы: Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 16-октябрындагы№ 704 токтомуна 2-тиркеме)
- Актынын түрү: Приложение
- Номери: 704
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2026
- Редакциянын күнү: 16.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052528>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-721/edition/60404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052528.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 16-октябрындагы№ 704 токтомуна 2-тиркеме) (16.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052528

---

Көңүл буруңуздар !

Ушул тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна ылайык 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет

| | | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна) 2-тиркеме |

Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары

1. Ушул Категориялар аларга карата «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына колдонулуучу үй-бүлөлүк, жарандык жана эмгек мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарга, аталган Мыйзамдын 1-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн жана 27-беренесин эске алуу менен колдонулат.

2. Үй-бүлөлүк укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарга:

1) никени бузуу жөнүндө;

2) жубайлардын биргелешип тапкан мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө;

3) аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу жөнүндө;

4) балдардын жашоочу жерин аныктоо жана алар менен баарлашуу тартиби жөнүндө;

5) алимент өндүрүү жана анын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө;

6) медиация аркылуу жөнгө салууга мүмкүн болгон башка үй-бүлөлүк талаш-тартыштарга.

3. Аталыкты (энеликти) аныктоо же талашуу, баланын жашаган жерин жана аны менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө талаш-тартыштарга, алимент өндүрүү жана баланын өз алдынча укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү башка үй-бүлөлүк талаш-тартыштарга.

Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуудан медиация жол-жобосуна өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүн милдеттүү түрдө эске алуу менен чечилет. Эгерде өз алдынча кызыкчылыктары талаш-тартышта козголгон адамдын тийиштүү катышуусу же өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камсыз кылынбаса, анда медиация өткөрүлбөйт.

4. Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу ата-энелик укуктан ажыратуу жана ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле аны өткөрүү мыйзам тарабынан тыюу салынган башка учурларда өткөрүлбөйт.

Эгерде талаш-тартыш «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык медиацияга катышпаган адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, анда медиация жол-жобосуна өтүүгө жол берилбейт.

5. Мурас талаш-тартыштарга:

1) мурасты бөлүү жөнүндө;

2) мураска ээ болуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө;

3) медиация аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн болгон башка мурас талаш-тартыштарга.

6. Милдеттүү укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарга:

1) келишимди түзүү, өзгөртүү же бузуу жөнүндө;

2) келишимдик милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө;

3) карызды өндүрүү жөнүндө;

4) мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

5) эгерде тиешелүү талап медиацияга жол берилген талаш-тартыш менен байланыштуу болсо, моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө;

6) милдеттүү укуктук мамилелерден келип чыккан жана медиация аркылуу жөнгө салууга жол берген башка талаш-тартыштарга.

7. Мүлктүк укук жөнүндөгү талаш-тартыштарга:

1) мүлктү пайдаланууга тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө;

2) кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү талап кылуу жөнүндө;

3) жалпы мүлктөгү үлүштү бөлүү жөнүндө;

4) жалпы мүлктү пайдалануу тартибин аныктоо жөнүндө;

5) медиация аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктар жөнүндө башка талаш-тартыштарга.

8. Медиация аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн болгон корпоративдик талаш-тартыштарга:

1) юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) ортосунда;

2) юридикалык жактын башкаруу органдары менен анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) ортосунда;

3) башка корпоративдик талаш-тартыштарга, эгерде алардын медиация аркылуу жөнгө салынышы медиацияга катышпаган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса.

9. Эмгек укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарга:

1) жумушка калыбына келтирүү жөнүндө;

2) эмгек акыны, компенсацияларды жана эмгек мамилелерине байланыштуу башка төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө;

3) башка жумушка которуу же орун которуу жөнүндө;

4) иштен бошотуу негиздемесинин түшүндүрмөсүн өзгөртүү жөнүндө;

5) эмгек иши жөнүндө документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө;

6) өргүү жана башка эмгек кепилдиктерин берүү жөнүндө;

7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында эмгек мамилелеринен келип чыккан башка талаш-тартыштарга, эгерде аларды медиация аркылуу жөнгө салууга жол берилсе.

10. Ушул Категориялар мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бийлик ыйгарым укуктарын ишке ашыруу учурунда келип чыккан коомдук-укуктук талаш-тартыштарга, ошондой эле мыйзам тарабынан медиацияны колдонууга тыюу салынган учурларга жайылтылбайт.
