Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 704 токтомуна 2-тиркеме)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-16.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Көңүл буруңуздар !
Ушул тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна ылайык 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет
| | | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна) 2-тиркеме |
Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары
1. Ушул Категориялар аларга карата «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына колдонулуучу үй-бүлөлүк, жарандык жана эмгек мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарга, аталган Мыйзамдын 1-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн жана 27-беренесин эске алуу менен колдонулат.
2. Үй-бүлөлүк укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарга:
1) никени бузуу жөнүндө;
2) жубайлардын биргелешип тапкан мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө;
3) аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу жөнүндө;
4) балдардын жашоочу жерин аныктоо жана алар менен баарлашуу тартиби жөнүндө;
5) алимент өндүрүү жана анын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө;
6) медиация аркылуу жөнгө салууга мүмкүн болгон башка үй-бүлөлүк талаш-тартыштарга.
3. Аталыкты (энеликти) аныктоо же талашуу, баланын жашаган жерин жана аны менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө талаш-тартыштарга, алимент өндүрүү жана баланын өз алдынча укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү башка үй-бүлөлүк талаш-тартыштарга.
Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуудан медиация жол-жобосуна өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүн милдеттүү түрдө эске алуу менен чечилет. Эгерде өз алдынча кызыкчылыктары талаш-тартышта козголгон адамдын тийиштүү катышуусу же өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камсыз кылынбаса, анда медиация өткөрүлбөйт.
4. Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу ата-энелик укуктан ажыратуу жана ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле аны өткөрүү мыйзам тарабынан тыюу салынган башка учурларда өткөрүлбөйт.
Эгерде талаш-тартыш «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык медиацияга катышпаган адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, анда медиация жол-жобосуна өтүүгө жол берилбейт.
5. Мурас талаш-тартыштарга:
1) мурасты бөлүү жөнүндө;
2) мураска ээ болуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө;
3) медиация аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн болгон башка мурас талаш-тартыштарга.
6. Милдеттүү укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарга:
1) келишимди түзүү, өзгөртүү же бузуу жөнүндө;
2) келишимдик милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө;
3) карызды өндүрүү жөнүндө;
4) мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;
5) эгерде тиешелүү талап медиацияга жол берилген талаш-тартыш менен байланыштуу болсо, моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө;
6) милдеттүү укуктук мамилелерден келип чыккан жана медиация аркылуу жөнгө салууга жол берген башка талаш-тартыштарга.
7. Мүлктүк укук жөнүндөгү талаш-тартыштарга:
1) мүлктү пайдаланууга тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө;
2) кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү талап кылуу жөнүндө;
3) жалпы мүлктөгү үлүштү бөлүү жөнүндө;
4) жалпы мүлктү пайдалануу тартибин аныктоо жөнүндө;
5) медиация аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктар жөнүндө башка талаш-тартыштарга.
8. Медиация аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн болгон корпоративдик талаш-тартыштарга:
1) юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) ортосунда;
2) юридикалык жактын башкаруу органдары менен анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) ортосунда;
3) башка корпоративдик талаш-тартыштарга, эгерде алардын медиация аркылуу жөнгө салынышы медиацияга катышпаган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса.
9. Эмгек укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарга:
1) жумушка калыбына келтирүү жөнүндө;
2) эмгек акыны, компенсацияларды жана эмгек мамилелерине байланыштуу башка төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө;
3) башка жумушка которуу же орун которуу жөнүндө;
4) иштен бошотуу негиздемесинин түшүндүрмөсүн өзгөртүү жөнүндө;
5) эмгек иши жөнүндө документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө;
6) өргүү жана башка эмгек кепилдиктерин берүү жөнүндө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында эмгек мамилелеринен келип чыккан башка талаш-тартыштарга, эгерде аларды медиация аркылуу жөнгө салууга жол берилсе.
10. Ушул Категориялар мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бийлик ыйгарым укуктарын ишке ашыруу учурунда келип чыккан коомдук-укуктук талаш-тартыштарга, ошондой эле мыйзам тарабынан медиацияны колдонууга тыюу салынган учурларга жайылтылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Медиаторлор палатасынын сотко чейинки…Постановление · 16.10.2026 · № 704
- Медиация жөнүндөЗакон · 14.11.2025 · № 256