# Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 13-21-17 буйругуна)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 13-21-17 буйругуна)
- Актынын түрү: Правила
- Номери: 13-21-17
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/51-704/edition/60406/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 13-21-17 буйругуна) (29.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052526

---

1-Тиркеме

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 13-21-17 буйругуна тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери

«4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар» ТҮЗӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КАТТОО БАРАГЫ

Кыргыз Республикасынын «КРАЭ-4. Аэронавигациялык карталар» авиациялык эрежелеринин ушул редакциясы Чикаго конвенциясынын 4-тиркемесине киргизилген 1–63-түзөтүүлөрдү камтыйт.

| № | Кабыл алынган күнү | Күчүнө кирген күнү | Өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду кабыл алуу актысы | Ушул нускага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү күнү | Ушул нускага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизген тараптын колу |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |

Эскертүү. Ушул нускага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү күнү жөнүндөгү жазуулар жана ушул нускага оңдоону киргизген адамдын колу ушул Эрежелердин ээсине тиешелүү

Мазмуну

## 1-Бөлүм. Жалпы жоболор, аныктамалар, колдонулушу жана карталардын болушу 8

§ 1. Жалпы жоболор 8 § 2. Аныктамалар 9 § 3. Колдонулушу 23 § 4. Карталардын болушу 23

## 2-Бөлүм. Жалпы талаптар 24

§ 1. Карталарга коюлуучу эксплуатациялык талаптар 24 § 2. Аталыштар 25 § 3. Башка маалыматтар 25 § 4. Белгилөөлөр 26 § 5. Өлчөө бирдиктери 26 § 6. Масштаб жана проекция 27 § 7. Аэронавигациялык маалыматтарды даталоо 27 § 8. Географиялык аталыштарды жазуу 27 § 9. Кыскартуулар 27 § 10. Мамлекеттик чек аралар 28 § 11. Түстөр менен берүү 28 § 12. Рельеф 28 § 13. Тыюу салынган аймактар, учуулар чектелген аймактар жана кооптуу аймактар 28 § 14. Аба кыймылын тейлөөдөгү аба мейкиндигинин түрлөрү 29 § 15. Магниттик кыйшаюу 29 § 16. Шрифттер 29 § 17. Аэронавигациялык маалыматтар 29 § 18. Горизонталдык тегиздиктеги эсептөө системалары 31 § 19. Вертикалдык тегиздиктеги эсептөө системасы 31 § 20. Убакытты эсептөө системасы 32

3 Бөлүм. Аэродромдук тоскоолдуктардын картасы (ИКАО), А тиби (эксплуатациялык чектөөлөр) 32

§ 1. Максаты 32 § 2. Болушу 33 § 3. Өлчөө бирдиктери 33 § 4. Картографиялануучу аймак жана масштаб 33 § 5. Формат 33 § 6. Белгилөөлөр 34 § 7. Магниттик кыйшаюу 34 § 8. Аэронавигациялык маалыматтар 34 § 9. Тактык 37

## 4-Бөлүм. Аэродромдук тоскоолдуктардын картасы (ИКАО), В тиби 37

§ 1. Максаты 37 § 2. Болушу 38 § 3. Өлчөө бирдиктери 38 § 4. Картографиялануучу аймак жана масштаб 38 § 5. Формат 38 § 6. Белгилөөлөр 39 § 7. Техногендик чөйрө жана топография 39 § 8. Магниттик кыйшаюу 39 § 9. Аэронавигациялык маалыматтар 39 § 10. Тактык 40

5 Бөлүм. Тактык менен конууга кирүү үчүн жергиликтүү жердин картасы (ИКАО) 41

§ 1. Максаты 41 § 2. Болушу (Наличие) 41 § 3. Масштаб 42 § 4. Белгилөөлөр 42 § 5. План жана профиль жөнүндө маалымат 42

## 6-Бөлүм. Каттам картасы (ИКАО) 42

§ 1. Максаты 42 § 2. Болушу 43 § 3. Картага түшүрүлүүчү район жана масштаб 43 § 4. Проекция 43 § 5. Белгилөөлөр 43

144. Ар бир баракта картанын сериясы жана номери көрсөтүлөт. 43

§ 6. Техногендик чөйрө жана топография 44 § 7. Магниттик кыйшаюу 44 § 8. Пеленгдер, багыт сызыктары жана радиалдар 44 § 9. Аэронавигациялык маалыматтар 45

## 7-Бөлүм. Райондук карта (ИКАО) 47

§ 1. Максаты 47 § 2. Болушу 47 § 3. Картага түшүрүлүүчү район жана масштаб 47 § 4. Проекция 47 § 5. Белгилөөлөр 48 § 6. Техногендик чөйрө жана топография 48 § 7. Магниттик кыйшайуу 48 § 8. Пеленгдер, багыт сызыктары жана радиалдар 48 § 9. Аэронавигациялык маалыматтар 49

8 Бөлүм. Аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу картасы (SID) (ИКАО) 51

§ 1. Максаты 51 § 2. Болушу 51 § 3. Картага түшүрүлүүчү район жана масштаб 51 § 4. Проекция 52 § 5. Белгилөөлөр 52 § 6. Техногендик чөйрө жана топография 52 § 7. Магниттик кыйшайуу 53 § 8. Пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар 53 § 9. Аэронавигациялык маалыматтар 53

## 9-Бөлүм. Аспаптар боюнча стандарттык учуп келүү картасы (STAR) (ИКАО) 56

§ 1. Максаты 56 § 2. Болушу 57 § 3. Картографиялык аймак жана масштаб 57 § 4. Проекция 57 § 5. Белгилөөлөр 57 § 6. Техногендик чөйрө жана топография 58 § 7. Магниттик кыйшаюу 58 § 8. Пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар 58 § 9. Аэронавигациялык маалыматтар 59

10 Бөлүм. Аспаптар боюнча конууга кирүү картасы (ИКАО) 62

§ 1. Максаты 62 § 2. Болушу 62 § 3. Картага түшүрүлүүчү аймак жана масштаб 62 § 4. Проекция 63 § 5. Белгилөөлөр 63 § 6. Техногендик чөйрө жана топография 63 § 7. Магниттик кыйшаюу (склонение) 64 § 8. Пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар 65 § 9. Аэронавигациялык маалыматтар 65

11 Бөлүм. Көрүнүү шартында (визуалдык) конууга кирүү картасы (ИКАО) 70

§ 1. Максаты 70 § 2. Болушу 71 § 3. Масштаб 71 § 4. Формат 71 § 5. Проекция 71 § 6. Белгилөөлөр 71 § 7. Техногендик чөйрө жана топография 71 § 8. Магниттик кыйшаюу 72

296. Магниттик кыйшаюу (склонение) көрсөтүлөт. 72

§ 9. Пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар 72 § 10. Аэронавигациялык маалыматтар 72

12 Бөлүм. Аэродромдун/вертодромдун картасы (ИКАО) 73

§ 1. Максаты 73 § 3. Картага түшүрүлүүчү аймак жана масштаб 74 § 4. Белгилөөлөр 74 § 5. Магниттик кыйшаюу 74 § 6. Аэродром/вертодром жөнүндө маалыматтар 74

## 13-Бөлүм. Аэродромдун жер үстүндөгү кыймылынын картасы (ИКАО) 77

§ 1. Максаты 77 § 2. Болушу 77 § 3. Картага түшүрүлүүчү аймак жана масштаб 77 § 4. Белгилөөлөр 78 § 5. Магниттик кыйшаюу 78 § 6. Аэродром жөнүндө маалыматтар 78

14 Бөлүм. Аба кемесин токтотуу/токтоп туруучу орунга коюу картасы (ИКАО) 79

§ 1. Максаты 79 § 2. Болушу 79 § 3. Картага түшүрүлүүчү аймак жана масштаб 79 § 4. Белгилөөлөр 80 § 5. Магниттик кыйшаюу 80 § 6. Аэродром жөнүндө маалыматтар 80

15 Бөлүм. 1:500 000 масштабындагы аэронавигациялык карта (ИКАО) 81

§ 1. Максаты 81 § 2. Болушу 81 § 3. Масштабдар 81 § 4. Формат 82 § 5. Проекция 82 § 6. Белгилөөлөр 83 § 7. Техногендик чөйрө жана топография: курулуш жүргүзүлгөн аймактар 83 § 8. Техногендик чөйрө жана топография: темир жолдор 84 § 9. Техногендик чөйрө жана топография: шоссе жана башка жолдор 84 § 10. Техногендик чөйрө жана топография: жердеги ориентирлер 84 § 11. Техногендик чөйрө жана топография: мамлекеттик чек аралар 84 § 12. Техногендик чөйрө жана топография: гидрография 85 § 13. Техногендик чөйрө жана топография: горизонталь сызыктары 85 § 14. Техногендик чөйрө жана топография: тоналдык гипсометрия 85 § 15. Техногендик чөйрө жана топография: бийиктик белгилери 85 § 17. Техногендик чөйрө жана топография: жарлар 86 § 18. Техногендик чөйрө жана топография: токой массивдери 86 § 20. Магниттик кыйшаюу 86 § 21. Аэронавигациялык маалыматтар 86

16 Бөлүм. Майда масштабдагы аэронавигациялык карта (ИКАО) 88

§ 1. Максаты 88 § 2. Жеткиликтүүлүгү 88 § 3. Картографиялануучу район жана масштаб 88 § 4. Форматы 89 § 5. Проекция 89 § 6. Техногендик чөйрө жана топография: курулган райондор 89 § 7. Техногендик чөйрө жана топография: темир жолдор 90 § 8. Техногендик чөйрө жана топография: автомобиль жана башка жолдор 90 § 9. Техногендик чөйрө жана топография: жер үстүндөгү ориентирлер 90 § 10. Техногендик чөйрө жана топография: мамлекеттик чек аралар 90 § 11. Техногендик чөйрө жана топография: гидрография 90 § 12. Техногендик чөйрө жана топография: горизонталдар 91 § 13. Техногендик чөйрө жана топография: тоналдык гипсометрия 91 § 14. Техногендик чөйрө жана топография: бийиктик белгилери 91 § 15. Техногендик чөйрө жана топография: рельеф жөнүндө толук эмес же так эмес маалымат 92 § 16. Техногендик чөйрө жана топография: токой массивдери 92 § 18. Техногендик чөйрө жана топография: түстөр 92 § 19. Магниттик кыйшаюу 92 § 20. Аэронавигациялык маалыматтар 92

17 Бөлүм. Аба кыймылын башкаруунун минималдуу абсолюттук бийиктиктеринин обзордук картасы (ИКАО) 93

§ 1. Максаты 93 § 2. Болушу 93 § 3. Картографиялануучу район жана масштаб 94 § 4. Проекция 94 § 5. Белгилөөлөр 94 § 6. Техногендик чөйрө жана топография 94 § 7. Магниттик кыйшаюу 95 § 8. Пеленгдер, учуу багыттары жана радиалдар 95 § 9. Аэронавигациялык маалыматтар 95

1-Тиркеме 97 2-Тиркеме 98 3-Тиркеме 116 4-Тиркеме 118 5-Тиркеме 119

## 1-Бөлүм. Жалпы жоболор, аныктамалар, колдонулушу жана карталардын болушу

§ 1. Жалпы жоболор

1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктчасында белгиленген талаптарга ылайык иштелип чыкты. Ушул Эрежелерди иштеп чыгууда негизги документтери катары ИКАОнун төмөнкү документтери пайдаланылды:

1) Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга карата 4-тиркеме — «Аэронавигациялык карталар», 11-басылышы, 62-түзөтүүнү камтыган;

2) ИКАОнун «Аэронавигациялык тейлөө эрежелери. Аба кемелеринин учууларын жүргүзүү» (PANS-OPS, Doc 8168) документи, II том — «Көрүнүү шартындагы жана аспаптар боюнча учуулар схемаларын түзүү», 7-басылышы, 2020-жылдын 5-ноябрынан тартып күчүнө кирген, 10-түзөтүүнү камтыган;

3) ИКАОнун «Аэронавигациялык маалыматтарды башкаруу» (Doc 10066) документи, 1-басылышы, 2018-жыл, 4-түзөтүүнү камтыган;

4) ИКАОнун «Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация боюнча колдонмо (PBN)» (Doc 9613) документи, 5-басылышы, 2023-жыл;

5) ИКАОнун «Аба кыймылын тейлөөнү пландаштыруу боюнча колдонмо» (Doc 9426) документи, 1-басылышы, 1984-жыл;

6) ИКАОнун «Аэронавигациялык маалымат кызматтары үчүн колдонмо» (Doc 8126) документи, 7-басылышы, 2022-жыл, 1-түзөтүүнү камтыган;

7) ИКАОнун «1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык система (WGS-84) боюнча колдонмо» (Doc 9674) документи, 2-басылышы, 2002-жыл;

8) ИКАОнун «Адам фактору жаатындагы окутуу боюнча колдонмо» (Doc 9683) документи, 1-басылышы, 1998-жыл, 2-түзөтүүнү камтыган.

2. ИКАОнун 1-пунктта көрсөтүлгөн документтеринде камтылган жана ушул Эрежелерге киргизилбеген талаптар Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасында катталган же Кыргыз Республикасынын эксплуатациялоочулары тарабынан пайдаланылган аба кемелерине карата, тиешелүүлүгүнө жараша, аба кемелеринин учууларын жүргүзүүдө, учуу схемаларын түзүүдө, ошондой эле аба кыймылын уюштурууда жана тейлөөдө колдонулушу мүмкүн, мында бул талаптар Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин талаптарына карама-каршы келбөөгө тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы өзгөчө учурларда кызыкдар адамдын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде учуулардын коопсуздугунун кабыл алынуучу деңгээлин камсыз кылуу шарты менен ушул Эрежелердин айрым талаптарын аткаруудан бошотуу же алардан четтөө укугун берүүгө укуктуу. Бошотуу же четтөө белгилүү бир мөөнөткө берилет, бирок 1 (бир) жылдан ашпоого тийиш. Арызды кароо, бошотууну же четтөөнү берүү, тариздөө, узартуу, берүүдөн баш тартуу жана кайра чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринде белгиленген талаптарды аткаруудан бошотууларды/четтөөлөрдү берүүгө тиешелүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатациялоочуларынын ишин тастыктамалооо жана көзөмөлдөө жол-жоболору боюнча нускамада белгиленет.

§ 2. Аныктамалар

4. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар.

Абсолюттук бийиктик. Деңиздин орточо деңгээлинен (MSL) белгиленген деңгээлге, чекитке же объектке чейинки тик аралык. Өтүүчү абсолюттук бийиктик. Аба кемесинин тик тегиздиктеги абалы абсолюттук бийиктик бирдиктери менен көрсөтүлүүчү бийиктик же андан төмөнкү бийиктик. Аэродромаймагына келүүчү абсолюттук бийиктик (ТАА). Баштапкы жакындап конуу этабынын башкаруу чекитинин (IAF) же, эгерде IAF жок болсо, аралык жакындап конуу этабынын башкаруу чекитинин (IF) борбору болуп саналган, радиусу 46 км (25 деңиз мили) болгон айлананын жаасынын чегинде жайгашкан бардык объекттердин үстүнөн 300 м (1000 фут) өлчөмүндөгү минималдуу бийиктик запасын камсыз кылуучу эң төмөнкү абсолюттук бийиктик. Бул жаанын учтарын IF менен туташтырган түз сызыктар менен чектелет. Белгилүү бир жакындап конуу схемасына тиешелүү ТАА маанилери IF айланасындагы 360° зонаны толук камтый тургандай эсептелет. Тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн абсолюттук бийиктиги (OCA) же тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн салыштырмалуу бийиктиги (OCH). Тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн тиешелүү критерийлеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн колдонулуучу, учуп-конуу тилкесинин тиешелүү босогосунун бийиктигинен же тиешелүү учурларда аэродромдун бийиктигинен эсептелген минималдуу абсолюттук же минималдуу салыштырмалуу бийиктик. Эскертүү 1. Тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн абсолюттук бийиктиги деңиздин орточо деңгээлинен, ал эми тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн салыштырмалуу бийиктиги учуп-конуу тилкесинин босогосунун бийиктигинен эсептелет. Так эмес жакындап конууда ал аэродромдун бийиктигинен же, эгерде учуп-конуу тилкесинин босогосунун бийиктиги аэродромдун бийиктигинен 2 м (7 фут)тан ашык эмес төмөн болсо, учуп-конуу тилкесинин босогосунун бийиктигинен эсептелет. Айланма жакындап конуу үчүн тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн салыштырмалуу бийиктиги аэродромдун бийиктигинен эсептелет. Эскертүү 2. Эки түшүнүк тең колдонулган учурларда ыңгайлуулук үчүн «тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиги» деген форма жана «OCA/H» кыскартмасы колдонулушу мүмкүн. Эскертүү 3. Бул аныктаманын конкреттүү колдонулушуна карата «Аба кемелеринин учууларын жүргүзүү. Аэронавигациялык тейлөө эрежелери» (Doc 8168) документинин I томунун 4-бөлүгүнүн 1-главасынын 1.5-пунктун жана II томунун 4-бөлүгүнүн 5-главасынын 5.4-пунктун караңыз. Схеманын абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиги. Тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн минималдуу абсолюттук/салыштырмалуу бийиктигинде же андан жогору белгиленген жана учуу схемасынын тик профилин аныктоодо колдонулуучу жарыяланган абсолюттук/салыштырмалуу бийиктик. Туташуу дареги. Берилиштерди берүү линиясын аба кыймылын тейлөө (ОВД) органына туташтыруу үчүн колдонулуучу белгиленген код. Адам факторунун аспектилери. Авиацияда долбоорлоо, тастыктамалоо, кадрларды даярдоо, техникалык тейлөө жана эксплуатациялык ишмердүүлүк процесстерине колдонулуучу жана адамдын мүмкүнчүлүктөрүн талаптагыдай эске алуу аркылуу адам менен системанын башка компоненттеринин коопсуз өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган принциптер. Элементтин атрибуту. Элементтин мүнөздөмөсү (ISO 19101 «Географиялык маалымат. Эталондук модель»). Эскертүү. Элементтин атрибутуна анын аталышы, маалыматтардын тиби жана ага байланыштуу маанилердин диапазону кирет. Аэродром. Аба кемелеринин жер бетине же суунун бетине конушу, андан учуп чыгышы жана ошол бет боюнча кыймылдашы үчүн толугу менен же жарым-жартылай арналган, белгиленген жер же суу үстүндөгү участок (анын ичинде бардык имараттар, курулмалар жана жабдуулар). Аэронавигациялык карта. Жер бетинин белгилүү бир участогун, анын рельефин жана жасалма курулуштарын шарттуу түрдө чагылдырган жана атайын аэронавигациялык максаттарда колдонууга арналган карта. База. Башка чоңдуктарды эсептөө үчүн баштапкы чекит же негиз катары кызмат кыла ала турган ар кандай чоңдук же чоңдуктардын катары (ISO 19104 «Географиялык маалымат. Терминология»). Капталдагы коопсуздук тилкеси (БПБ). Жасалма жабуунун четине жанаша жайгашкан жана жасалма жабуудан ага жанаша жаткан бетке өтүүнү камсыз кылгыдай кылып даярдалган участок. Векторлөө. Аба кыймылын тейлөө (ОВД) байкоо тутумун пайдалануунун негизинде белгилүү багыттарды көрсөтүү аркылуу аба кемелерине навигациялык багыттоону камсыз кылуу. Вертодром (тик учак үчүн аянтча). Тик учактардын ушул бетке конушу, андан учуп чыгышы жана бет боюнча кыймылдашы үчүн толугу менен же жарым-жартылай арналган аэродром же курулуштагы атайын белгиленген бет участогу. Учуп-конуу тилкеси (ВПП). Аба кемелеринин конушу жана учуп чыгышы үчүн даярдалган кургактыктагы аэродромдун белгиленген тик бурчтуу участогу. Аба трассасы. Коридор түрүндөгү башкарылуучу аба мейкиндиги же анын бир бөлүгү. Геоиддин толкуну. Геоиддин бети менен математикалык жактан аныкталган референц-эллипсоиддин бетинин ортосундагы аралык (оң же терс мааниде). Эскертүү. Дүйнөлүк геодезиялык система – 1984 (WGS-84) боюнча аныкталган эллипсоидге карата WGS-84 эллипсоидине салыштырмалуу бийиктик менен геоиддин ортометриялык бийиктигинин ортосундагы айырма геоиддин толкуну болуп саналат. Эллипсоидге салыштырмалуу бийиктик (геодезиялык бийиктик). Каралып жаткан чекит аркылуу өткөрүлгөн эллипсоидге нормаль боюнча өлчөнгөн, референц-эллипсоиддин бетине салыштырмалуу бийиктик. Геодезиялык аралык. Математикалык жактан аныкталган эллипсоиддин бетиндеги каалаган эки чекиттин ортосундагы эң кыска аралык. Геоид. Жердин гравитациялык талаасындагы эквипотенциалдык бет болуп, деңиздин бузулбаган орточо деңгээлине (MSL) жана анын материктердин алдындагы уландысына дал келет. Эскертүү. Геоид жергиликтүү гравитациялык таасирлердин (шамалдын сууну айдап көтөрүшү, туздуулук, агымдар ж. б.) натыйжасында туура эмес формага ээ. Гравитация күчүнүн багыты геоиддин бетине ар бир чекитте перпендикуляр болот. Глиссада. Жакындап конуунун акыркы этабында тик багыттоону камсыз кылуу үчүн белгиленген төмөндөө профили. Жылаңач Жер. Өсүмдүктөр жана жасалма курулуштар кошулбаган, бирок суу топтолгон жерлерди, түбөлүк муздарды жана карды камтыган Жердин бети. Горизонталь. Картада же схемада бирдей абсолюттук бийиктиктеги чекиттерди бириктирген сызык. Григориан календары. Жалпы кабыл алынган календарь; биринчи жолу 1582-жылы киргизилген жана юлиан календарына салыштырмалуу тропикалык жылга кыйла так дал келген жылды аныктоо үчүн колдонулат (ISO 19108 «Географиялык маалымат. Убакыттык схема»). Эскертүү. Григориан календарында 365 күндөн турган кадимки жылдар жана 366 күндөн турган кибирек жылдар катары менен жайгашкан он эки айга бөлүнөт. Учуп-конуу тилкесиндеги көрүү аралыгы (RVR). Учуп-конуу тилкесинин октук сызыгында турган аба кемесинин учкучу учуп-конуу тилкесинин бетиндеги белгилерди же учуп-конуу тилкесинин чектерин белгилеген же анын октук сызыгын көрсөткөн жарыктарды көрө ала турган аралык. Электрондук аэронавигациялык картанын дисплейи. Учуу экипажына зарыл маалыматтарды көрсөтүү аркылуу каттамдарды өз убагында жана ыңгайлуу пландаштырууга, учуу каттамына көзөмөл жүргүзүүгө жана навигацияны аткарууга мүмкүндүк берүүчү электрондук түзүлүш. Тыюу салынган аймак. Мамлекеттин аймагынын же аймактык сууларынын үстүндөгү белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги, анын чегинде аба кемелеринин учуусуна тыюу салынат. Жакындап конуунун жана учуп чыгуунун акыркы этабынын аймагы (FATO). Жакындап конуу маневринин калкып туруу режимине өтүүгө чейинки акыркы этабы же конуу аткарылуучу жана учуп чыгуу маневри башталуучу белгиленген аймак. FATO 1-класстагы учуу-техникалык мүнөздөмөлөргө ээ тик учактар тарабынан пайдаланылышы керек болгон учурларда, бул белгиленген аймак токтотулган учуп чыгууну аткаруу үчүн каралган аймакты да камтыйт. Аймактык навигация. Аба кемелерине жер үстүндөгү же спутниктик навигациялык каражаттардын иштөө аймагынын чегинде же автономдуу каражаттардын мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталган аймакта, же бул каражаттардын айкалышын колдонуу менен каалаган траектория боюнча учууну аткарууга мүмкүндүк берүүчү навигация ыкмасы. Учууга чектөө коюлган аймак. Мамлекеттин аймагынын же аймактык сууларынын үстүндөгү белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги, анын чегинде аба кемелеринин учуусуна белгилүү шарттарда чектөө коюлат. Тийип конуу аймагы. Учуп-конуу тилкесинин босогосунан кийинки, конуп келе жаткан учактардын учуп-конуу тилкесине биринчи жолу тийүүсү үчүн арналган участок. Тийип конуу жана ажыроо аймагы (TLOF). Тик учак конууну же жерден ажыроону аткара ала турган, жүктү көтөрүүгө жөндөмдүү аянтча. Тоскоолдуктардан бош аймак (OFZ). Жакындап конуунун ички бети, ички өтмө беттер жана үзгүлтүккө учураган конууда экинчи айлампага чыгуу беттери, ошондой эле ушул беттер менен чектелген учуу тилкесинин бөлүгү үстүндөгү аба мейкиндиги. Бул мейкиндикке массасы жеңил жана сынма негизде орнотулган, аэронавигациялык максаттар үчүн зарыл болгон тоскоолдуктардан башка эч кандай туруктуу тоскоолдук кирип турбашы керек. Чагылдыруу. Маалыматты адамдарга көрсөтүү (ISO 19117 «Географиялык маалымат. Чагылдыруу»). Изогона. Белгилүү бир доордогу магниттик кыйшаюусу бирдей болгон бардык чекиттерди картада же схемада бириктирген сызык. Изогрива. Навигациялык картографиялык тордун түндүк багыты менен магниттик меридиандын түндүк багытынын ортосундагы бурчтук айырмасы бирдей болгон чекиттерди картада же схемада бириктирген сызык. Календарь. Убакытты дискреттүү эсептөө системасы, убакыттын учурун бир күнгө чейинки тактыкта аныктоого негиз түзөт (ISO 19108 «Географиялык маалымат. Убакыттык схема»). Маалыматтардын сапаты. Берилген маалыматтардын тактык, чечилиши, бүтүндүгү (же ага барабар кепилдик деңгээли), көзөмөлдөнүшү, өз убагында берилиши, толуктугу жана форматы боюнча маалыматтарды пайдалануучунун талаптарына жооп берүү ыктымалдыгынын даражасы же деңгээли. Бүтүндүктүн классификациясы (аэронавигациялык маалыматтар). Бурмаланган маалыматтарды колдонуунун мүмкүн болуучу тобокелдигине негизделген классификация. Аэронавигациялык маалыматтар үчүн төмөнкү классификация колдонулат:

а) кадимки маалыматтар: бурмаланган кадимки маалыматтарды пайдаланууда аба кемесинин учуусун жана конушун коопсуз улантуу олуттуу тобокелдикке жана кырсыкка алып келиши ыктымалдыгы өтө төмөн;

b) маанилүү маалыматтар: бурмаланган маанилүү маалыматтарды пайдаланууда аба кемесинин учуусун жана конушун коопсуз улантуу олуттуу тобокелдикке жана кырсыкка алып келиши ыктымалдыгы төмөн;

c) критикалык маалыматтар:бурмаланган критикалык маалыматтарды пайдаланууда аба кемесинин учуусун жана конушун коопсуз улантуу олуттуу тобокелдикке жана кырсыкка алып келиши ыктымалдыгы жогору.

Маалыматтар массивдеринин комплекти. Бирдей продукт спецификациясына ээ болгон маалыматтар массивдеринин жыйындысы (ISO 19115 «Географиялык маалымат. Метамаалыматтар»). Жакындап конуунун акыркы тилкеси (участогу). Аспаптар боюнча жакындап конуу схемасынын учуп-конуу тилкесинин түз сызыгына чыгуу жана конуу үчүн төмөндөө аткарылуучу участогу. Жакындап конуунун акыркы этабы. Аспаптар боюнча жакындап конуу схемасынын жакындап конуунун акыркы этабынын белгиленген башкаруу чекитинен (же чекиттен) башталган бөлүгү, ал эми мындай чекит жок болгон учурда:

а) эгерде схема каралса, акыркы стандарттык бурулуштун, конуу түз сызыгына бурулуштун же «ипподром» тибиндеги схемада жакындап келүү багытынын сызыгына бурулуштун аягында; же

b) жакындап конуу схемасында акыркы багыт сызыгына чыккан чекитте башталып, төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдүн бири аткарыла турган аэродром районунун чекитинде аяктайт:

1) конууну аткарууга болот; же

2) экинчи айлампага чыгууну баштоого болот.

Аэродромдун башкаруу чекити. Аэродромдун географиялык жайгашкан жерин аныктоочу чекит. Вертодромдун башкаруу чекити (HRP). Вертодромдун (тик учак үчүн аянтча) же конуучу аянтчанын белгиленген жайгашкан жери. Жакындап конуунун акыркы этабынын башкаруу чекити (же чекити). Аспаптар боюнча жакындап конуу схемасынын акыркы этап башталган участоктун башталышын аныктоочу башкаруу чекити (же чекити). Циклдик ашыкча кодду (CRC) пайдалануу менен контролдоо. Маалыматтардын санариптик көрсөтүлүшүнө колдонулуучу жана маалыматтардын жоголушунан же өзгөртүлүшүнөн белгилүү бир деңгээлде коргоону камсыз кылган математикалык алгоритм. Акыркы тормоз тилкеси (КПТ). Учуп чыгуу үчүн пайдаланылуучу чуркоо аралыгынын аягында жайгашкан, учуп чыгуу үзгүлтүккө учураган учурда аба кемесин токтотууга ылайыктуу участок катары даярдалган жер бетинин белгиленген тик бурчтуу бөлүгү. Учуу тилкеси (ЛП). Учуп-конуу тилкесин жана, эгерде бар болсо, акыркы тормоз тилкесин камтыган жана төмөнкү максаттарга арналган белгиленген участок:

а) учуп-конуу тилкесинин чегинен чыгып кеткен аба кемелеринин бузулуу коркунучун азайтуу; жана

b) учуп чыгуу же конуу учурунда анын үстүнөн учуп өткөн аба кемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу.

Учуу багытынын сызыгы. Аба кемесинин учуу траекториясынын жер бетине түшүрүлгөн проекциясы. Анын багыты ар бир чекитинде, адатта, түндүк багытынан (чыныгы, магниттик же шарттуу меридиандан) эсептелген бурчтун градустары менен көрсөтүлөт. Магниттик кыйшаюу. Чыныгы меридиандын түндүк багыты менен магниттик меридиандын түндүк багытынын ортосундагы бурч. Эскертүү. Бул чоңдук чыныгы меридиандын түндүк багытына карата бурчтук кыйшаюунун чыгышка же батышка багытталгандыгын көрсөтөт. Белгилөө белгиси (маркировка). Аэронавигациялык маалыматты берүү үчүн иш аянтынын бетине жайгаштырылган символ же символдордун тобу. Аба аркылуу жүрүү каттамы.Тик учактардын аба аркылуу жүрүшү үчүн белгиленген каттам. Аба кыймылын тейлөө каттамы. Аба кыймылын тейлөөнү камсыз кылуу максатында аба кыймылынын агымын багыттоо үчүн белгиленген каттам. Эскертүү 1. «Аба кыймылын тейлөө каттамы» термини тиешелүү учурларда аба трассасын, консультациялык каттамды, башкарылуучу же башкарылбаган каттамды, келүү же учуп чыгуу каттамын ж. б. белгилөө үчүн колдонулат. Эскертүү 2. Аба кыймылын тейлөө каттамы каттамдын техникалык мүнөздөмөлөрү менен аныкталат. Аларга Аба кыймылын тейлөө каттамынын индекси, негизги чекиттерге (каттам чекиттерине) чейинки жана алардан кийинки багыт сызыгы, негизги чекиттердин ортосундагы аралык, билдирүүлөрдү берүү боюнча талаптар жана тиешелүү аба кыймылын тейлөө ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген тоскоолдуктардан коопсуз өтүүнү камсыз кылган эң төмөнкү абсолюттук бийиктик кирет. Келүү каттамдары. Аспаптар боюнча жакындап конуу схемасында көрсөтүлгөн, каттам боюнча учуунун этабы аяктагандан кийин аба кемелери жакындап конуунун баштапкы этабынын башкаруу чекитине чыга ала турган каттамдар. Рулдоо (кургак жердеги) каттамы. Тик учактардын вертодромдун бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө кыймылдашы үчүн белгиленген траектория. Рулдоо каттамы тик учактарды рулдоо үчүн каттамдын октук сызыгы боюнча өткөн аба же жер үстүндөгү рулдоо жолун камтыйт. Маалыматтар массиви. Аныкталган маалыматтардын жыйындысы (ISO 19101 «Географиялык маалымат. Эталондук модель»). Жер кыртышы (жердин рельефи). Тоолор, дөңсөөлөр, кырка тоолор, өрөөндөр, суу топтолгон жерлер, түбөлүк муз жана кар сыяктуу табигый элементтерди камтыган Жердин бети; жасалма тоскоолдуктар эсепке алынбайт. Эскертүү.Практикалык максаттарда, маалыматтарды алуу ыкмасына жараша, жер кыртышы жылаңач Жердин бети, өсүмдүк же башка жабуунун үстү же алардын ортосундагы бет боюнча өткөн үзгүлтүксүз бет катары каралат жана «биринчи чагылдыруучу бет» деп да аталат. Учуп-конуу тилкесинин алдында күтүү орду. Учуп-конуу тилкесин, тоскоолдуктарды чектөө бетин же ILS/MLSтин сезгич/критикалык аймагын коргоо үчүн арналган, кургак жер үстүндө айдап бара жаткан аба кемелери жана транспорт каражаттары аэродромдун диспетчердик пунктунан башка көрсөтмө алынбаган учурда токтоп, күтүп турган белгиленген жер. Эскертүү. Радиотелефондук фразеологияда «күтүү чекити» деген сөз айкашы учуп-конуу тилкесинин алдында күтүү ордун белгилөө үчүн колдонулат. Жайгашкан жер (географиялык). Жер бетиндеги чекиттин жайгашкан жерин аныктоочу, математикалык жактан аныкталган референц-эллипсоидге байланыштырылган координаттар (кеңдик жана узундук). Токтотуп туруу орду (МС). Аба кемесин токтотуп туруу үчүн перрондо бөлүнүп берилген участок. Тик учактын токтотуп туруу орду. Рулдоодон кийин тик учакты токтотуп туруу үчүн же аба аркылуу рулдоо максатында тик учактын жерге конушун жана жерден көтөрүлүүсүн аткаруу үчүн арналган аба кемесинин токтотуп туруу орду. Метамаалыматтар. Маалыматтар жөнүндө маалыматтар (ISO 19115 «Географиялык маалымат. Метамаалыматтар»). Эскертүү. Маалыматтарды сүрөттөгөн жана аларды документ түрүндө ырастаган маалыматтар. Сектордогу минималдуу абсолюттук бийиктик (MSA). Борборунда негизги чекит, аэродромдун башкаруу чекити (ARP) же вертодромдун башкаруу чекити (HRP) жайгашкан, радиусу 46 км (25 деңиз мили) болгон айлананын секторундагы бардык объекттердин үстүнөн 300 м (1000 фут) өлчөмүндөгү минималдуу бийиктик запасын камсыз кылган жана пайдаланылышы мүмкүн болгон эң төмөнкү абсолюттук бийиктик. Аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги (AMA). Аспаптык метеорологиялык шарттарда (ПМУ) пайдаланылууга тийиш болгон жана адатта параллелдер жана меридиандар менен аныкталган белгиленген аймактын чегиндеги тоскоолдуктардын үстүнөн зарыл болгон минималдуу бийиктик запасын камсыз кылган минималдуу абсолюттук бийиктик. Каттамбоюнча учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги (MEA). Каттамдын белгилүү бир участогундагы учуунун абсолюттук бийиктиги. Ал тиешелүү навигациялык каражаттардын жана аба мейкиндигин тейлөө байланыш каражаттарынын сигналдарын талаптагыдай кабыл алууну камсыз кылат, аба мейкиндигинин түзүмүнө ылайык келет жана тоскоолдуктардын үстүнөн зарыл болгон бийиктик запасын камсыз кылат. Тоскоолдуктардан ашып өтүүнүн минималдуу абсолюттук бийиктиги (MOCA). Белгилүү бир участокто тоскоолдуктардын үстүнөн зарыл болгон бийиктик запасын камсыз кылган минималдуу абсолюттук учуу бийиктиги. Навигациялык спецификация.Белгиленген аба мейкиндигинин чегинде мүнөздөмөлөргө негизделген навигация шарттарында учууларды камсыз кылуу үчүн аба кемесине жана учуу экипажына коюлуучу талаптардын жыйындысы. Навигациялык спецификациялардын эки түрү бар: Талап кылынган навигациялык мүнөздөмөлөрдүн спецификациясы (RNP). Аймактык навигацияга негизделген жана учуунун белгиленген мүнөздөмөлөрүнүн сакталышын контролдоо жана талап кылынган мүнөздөмөлөргө ылайык келбеген учурда эскертүү берүү талабын камтыган навигациялык спецификация. Ал RNP префикси менен белгиленет, мисалы: RNP 4, RNP APCH. RNAV спецификациясы. Аймактык навигацияга негизделген, бирок учуунун белгиленген мүнөздөмөлөрүнүн сакталышын контролдоо жана талап кылынган мүнөздөмөлөргө ылайык келбеген учурда эскертүү берүү талабын камтыбаган навигациялык спецификация. Ал RNAV префикси менен белгиленет, мисалы: RNAV 5, RNAV 1. Эскертүү 1. Навигациялык спецификациялар боюнча кеңири нускамалык материал «Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация боюнча колдонмонун» (PBN) II томунда (Doc 9613) камтылган. Эскертүү 2. Мурда «белгиленген аба мейкиндигинин чегинде учууларды аткаруу үчүн зарыл болгон навигациялык мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы» катары аныкталган RNP термини PBN концепциясы кеңири колдонулуп калгандыктан, бул мааниде колдонулбай калган. Азыркы учурда RNP термини учуунун белгиленген мүнөздөмөлөрүнүн сакталышын контролдоо жана талап кылынган мүнөздөмөлөргө ылайык келбеген учурда эскертүү берүү талабын камтыган навигациялык спецификацияларга гана карата колдонулат. Мисалы, RNP 4 аба кемесине жана эксплуатациялык талаптарга, анын ичинде аба кемесинин бортунда учуунун белгиленген траекториясын каптал багытта 4 деңиз милинин тактыгы менен кармоону камсыз кылууга, ошондой эле анын сакталышын контролдоого жана талап кылынган мүнөздөмөлөргө ылайык келбеген учурда эскертүү берүүгө байланыштуу талаптарды билдирет. Бул талаптар Doc 9613 документинде кеңири баяндалган. Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация (PBN). Аба мейкиндигин тейлөө каттамы боюнча, аспаптар боюнча жакындап конуу схемасы боюнча же белгиленген аба мейкиндигинде учуп жаткан аба кемелерине коюлган мүнөздөмөлөр боюнча талаптарга негизделген аймактык навигация. Эскертүү. Иштөө мүнөздөмөлөрүнө карата талаптар навигациялык спецификацияларда (RNAV спецификациясы, RNP спецификациясы) аныкталат; бул талаптар белгилүү бир аба мейкиндиги концепциясынын алкагында пландалган учууну аткаруу үчүн зарыл болгон тактыкты, бүтүндүктү, үзгүлтүксүздүктү жана функционалдуулукту камтыйт. Навигация мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, аба мейкиндиги концепциясынын алкагында Глобалдык навигациялык спутниктик системанын (GNSS) космостогу сигналынын жана/же башка аэронавигациялык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү эске алынат. Жакындап конуунун баштапкы участогу. Аспаптар боюнча жакындап конуу схемасынын жакындап конуунун баштапкы этабынын башкаруу чекити менен жакындап конуунун аралык этабынын башкаруу чекитинин ортосундагы же тиешелүү учурларда жакындап конуунун акыркы этабынын башкаруу чекити (же чекиттеринин) ортосундагы участогу. Тескери схема. Аба кемесине аспаптар боюнча жакындап конуу схемасынын баштапкы участогунда учуу багытын өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү схема. Бул маневр стандарттык бурулуштарды же конуу түз сызыгына бурулуштарды камтышы мүмкүн. Аба кыймылын тейлөө (ОВД).Тиешелүү учурларда учуу-маалыматтык тейлөөнү, авариялык кабарлоону, аба кыймылына консультациялык тейлөөнү жана аба кыймылын диспетчердик тейлөөнү (райондук диспетчердик тейлөө, жакындап келүүнү диспетчердик тейлөө же аэродромдук диспетчердик тейлөө) билдирген жалпы термин. Коркунучтуу аймак. Белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги, анын чегинде белгилүү убакыт аралыгында аба кемелеринин учуусуна коркунуч келтирүүчү иш-аракеттер жүргүзүлүшү мүмкүн. Коркунучтуу тилке (участок) . Аэродромдун иш аянтындагы кагылышуулар же учуп-конуу тилкесине уруксатсыз чыгып кетүүлөр мурда болгон же мындай окуялардын потенциалдуу коркунучу бар жана учкучтардын/айдоочулардын жогорулатылган көңүл буруусун талап кылган участок. Абадан коргонуу күчтөрүнүн таануу аймагы (ПВО таануу аймагы). Белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндигинин атайын белгиленген бөлүгү, анын чегинде аба кемелери аба кыймылын тейлөөгө байланыштуу жол-жоболордон тышкары, таануу жана/же билдирүүлөрдү берүү боюнча атайын жол-жоболорду сактоого тийиш. Ортометриялык бийиктик. Чекиттин геоиддин бетинен жогору турган бийиктиги; эреже катары, MSL деңгээлинен жогору болгон бийиктикти билдирет. Негизги чекит. Аба мейкиндигин тейлөө каттамын, аба кемесинин учуу траекториясын аныктоо жана навигациянын жана аба мейкиндигин тейлөөнүн башка максаттары үчүн пайдаланылуучу белгиленген географиялык жайгашкан жер. Эскертүү. Негизги чекиттердин үч категориясы бар: жер үстүндөгү навигациялык каражат, кесилиш жана каттам чекити. Бул аныктаманын алкагында кесилиш жер үстүндөгү навигациялык каражаттардан алынган радиалдар, пеленгдер жана/же аралыктар менен аныкталган негизги чекит болуп саналат. Салыштырмалуу бийиктик. Белгиленген баштапкы деңгээлден деңгээлге, чекитке же объектке чейинки вертикалдык аралык. Перрон. Аба кемелерин жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү, почтаны же жүктөрдү жүктөө же түшүрүү, май куюу, токтотуп туруу же техникалык тейлөө максаттарында жайгаштыруу үчүн арналган кургактыктагы аэродромдун белгиленген аянты. Маневр жасоо аянты. Перрондорду кошпогондо, аба кемелеринин учуп чыгышы, конушу жана кургактыкта (жер үстүндө) айдоосу үчүн арналган аэродромдун бөлүгү. Жабуу. Өсүмдүктөрдүн салыштырмалуу бийиктиги эске алынган жылаңач Жердин бети. Тоскоолдуктардан бош тилке. Тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүндө турган, учак белгиленген бийиктикке чейин баштапкы көтөрүлүшүнүн бир бөлүгүн аткара ала турган ылайыктуу тилке (участок) катары тандалган же даярдалган жердин же суунун бетиндеги белгиленген тик бурчтуу участок. Учуп-конуу тилкесинин босогосу. Учуп-конуу тилкесинин конуу үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон участогунун башталышы. Конуу аянты. Аба кемелеринин конуусу жана учуп чыгуусу үчүн арналган иш аянтынын бөлүгү. Деңиз днгээлинен бийиктиги (превышение). Деңиздин орточо деңгээлинен жер бетинин чекитине же деңгээлине, же аны менен байланышкан объектке чейинки вертикалдык аралык. Аэродромдун бийиктик белгиси. Конуу аянтынын эң бийик чекитинин бийиктик белгиси. Тоскоолдук. Төмөнкү объекттердин бардыгы — кыймылсыз (убактылуу же туруктуу) жана кыймылдуу объекттер же алардын бөлүктөрү:

а) аба кемелеринин жер үстүндөгү кыймылы үчүн арналган аймакта жайгашкан; же

b) учуп бара жаткан аба кемелерин коргоо үчүн белгиленген беттен жогору көтөрүлгөн; же

c) мындай белгиленген беттерден тышкары жайгашкан жана баалоонун натыйжасында аэронавигация үчүн коркунуч жараткан объекттер.

Эскертүү. «Тоскоолдук» термини конкреттүү карталар сериясы арналган учуулардын түрүн аткарууда аба кемелеринин коопсуз өтүшүнө потенциалдуу коркунуч жаратуучу объекттерди картага түшүрүүнү жөнгө салуу максатында гана колдонулат. Колдонуу. Маалыматтарды пайдалануучунун талаптарын эске алуу менен аларды манипуляциялоо жана иштетүү (ISO 19104 «Географиялык маалымат. Терминология»). Аралык күтүү орду. Кыймылды башкаруу максатында белгиленген жана рулдап бара жаткан аба кемелери менен транспорт каражаттары андан ары кыймылын улантууга аэродромдун диспетчердик пунктунан уруксат берилгенге чейин токтоп, күтүп турган жер. Жакындап конуунун аралык участогу. Аспаптар боюнча жакындап конуу схемасында тиешелүү учурларда жакындап конуунун аралык этабынын башкаруу чекити менен жакындап конуунун акыркы этабынын башкаруу чекитинин (же чекитинин) ортосундагы участок же тескери схеманын, «ипподром» тибиндеги схеманын же эсептик навигация ыкмасы менен түзүлгөн багыт сызыгынын аягы менен жакындап конуунун акыркы этабынын башкаруу чекитинин (же чекитинин) ортосундагы участок. Билдирүү берүү чекити. Аба кемесинин жайгашкан жери билдирилиши мүмкүн болгон белгиленген (аталышы бар) географиялык ориентир. Эскертүү. Билдирүү берүү чекиттеринин үч категориясы бар: жер үстүндөгү навигациялык каражат, кесилиш жана каттам чекити. Бул аныктаманын алкагында кесилиш жер үстүндөгү навигациялык каражаттардан алынган радиалдар, пеленгдер жана/же аралыктар менен аныкталган негизги чекит болуп саналат. Билдирүү берүү чекити «суроо боюнча» же «милдеттүү билдирүү берүү» катары көрсөтүлүшү мүмкүн. Жумушчу аянты. Аба кемелерин учуруу, кондуруу жана рулдоо үчүн арналган аэродромдун бөлүгү. Ал маневр жасоо аянтынан жана перрондон (перрондордон) турат. Радиолокациялык багыттоо. Радиолокатордон алынган маалыматтарды пайдалануунун негизинде белгилүү бир курстарды көрсөтүү аркылуу аба кемелерин навигациялык багыттоо менен камсыз кылуу. Маалыматтарды чечүү жөндөмдүүлүгү (маалыматтарды ажыратуу). Өлчөнгөн же эсептелген маанинин тартибин жана колдонулушун аныктоочу бирдиктердин же цифралардын саны. Учуу маалыматынын району. Белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги, анын чегинде учуу-маалыматтык тейлөө жана авариялык кабарлоо камсыз кылынат. Абада рулдоо үчүн рулдук жол (РЖ).Тик учактарды аба аркылуу рулдоо үчүн жер бетинде белгиленген траектория. Рельеф. Аэронавигациялык карталарда горизонталдар, гипсометриялык боёо, көлөкөлөп көрсөтүү же бийиктик белгилери аркылуу берилген жер бетинин тегиз эмес түзүлүшү. Рулдук жол (РЖ). Аба кемелерин рулдоо үчүн кургактагы аэродромдо белгиленген жана аэродромдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгү менен туташтырууга арналган белгилүү бир жол, анын ичинде:

а) аба кемесинин токтотуучу жайындагы рулдук жол. Перрондун рулдук жол катары белгиленген жана аба кемелеринин токтотуучу жайларына гана жетүүсүн камсыз кылууга арналган бөлүгү.

б) перрондук рулдук жол. Рулдук жолдор системасынын перрондо жайгашкан жана перрон аркылуу рулдоо маршруту менен камсыз кылууга арналган бөлүгү.

в) жогорку ылдамдыктагы чыгуучу рулдук жол. Учуп-конуу тилкеси менен курч бурчта туташтырылган жана конгон учактарга башка чыгуучу рулдук жолдордо жетишилген ылдамдыктарга караганда жогорку ылдамдыкта учуп-конуу тилкесинен чыгууга мүмкүндүк берген рулдук жол. Мунун натыйжасында учактын учуп-конуу тилкесинде болуу убактысы минималдаштырылат.

Рулдоо. Аба кемесинин учуп чыгуу жана конуу учурларын кошпогондо, өзүнүн кыймылдаткыч күчүнүн эсебинен аэродромдун үстүңкү бети боюнча кыймылдашы. Геодезиялык координаттар системасы.Жергиликтүү эсептөө системасынын глобалдык эсептөө/координаттар системасына карата жайгашуусун жана багытталышын аныктоо үчүн зарыл болгон параметрлердин минималдуу топтому. Аба кыймылын тейлөөнүн байкоо системасы. ADS-B, ПОРЛ, ВОРЛ системалары же аба кемесин таанууга мүмкүндүк берүүчү башка салыштырмалуу жер үстүндөгү система өзүнчө түшүнүлгөн жалпы термин. Эскертүү. Салыштырмалуу жер үстүндөгү система деп салыштырма баалоону жүргүзүүнүн же башка методиканы колдонуунун натыйжасында ал камсыз кылган учуулардын коопсуздугунун деңгээли жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү импульстуу-моноимпульстуу ВОРЛдун тиешелүү көрсөткүчтөрүнө шайкеш келери же андан жогору экени далилденген системаны түшүнүү керек. Учуп конуу тилкесинин жылдырылган босогосу. Учуп конуу тилкесинин четки башында эмес жайгашкан босого. Маалыматтык продуктунун спецификациясы. Маалыматтар массивин, ошондой эле маалыматтар массиви жөнүндө аны түзүүгө, башка тарапка берүүгө жана аны башка тарап тарабынан пайдаланылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү маалыматты кеңири сүрөттөө (ИСО 19131 «Географиялык маалымат. Маалыматтык продуктуга техникалык талаптар»). Эскертүү. Маалыматтык продуктунун спецификациясы предметтик чөйрөнүн сүрөттөлүшүн жана предметтик чөйрөнү маалыматтар массивинде чагылдыруу спецификациясын камсыз кылат. Ал маалыматтарды түзүүдө, сатууда, акыркы пайдаланууда же башка максаттарда колдонулушу мүмкүн. Стандарттык бурулуш. Белгиленген траекториянын сызыгынан капталга бурулуп, андан кийин карама-каршы багытка бурулуш жасоо аркылуу аба кемесин ошол эле белгиленген траекториянын сызыгына чыгарууга жана аны карама-каршы багытта улантууга мүмкүндүк берүүчү маневр. Эскертүү 1. Стандарттык бурулуш баштапкы капталга бурулуунун багытына жараша «сол» же «оң» деп эсептелет. Эскертүү 2. Стандарттык бурулуштар конкреттүү шарттарга жараша горизонталдык учууда же төмөндөө учурунда аткарылышы мүмкүн. Визуалдык конууга жакындап келүү схемасы. Баштапкы жакындап келүү этабынын контролдук чекитинен же тиешелүү учурларда белгиленген келүү каттамы башталган жерден тартып, конууну аткарууга мүмкүн болгон чекитке чейин, ал эми конуу аткарылбаган учурда экинчи айлампага кетүү схемасы аткарылышы мүмкүн болгон чекитке чейин визуалдык багыттоочу белгилер боюнча алдын ала белгиленген маневрлердин сериясы. Аспаптар боюнча конууга жакындап келүү схемасы. Белгиленген талаптарды сактоо менен, тоскоолдуктар менен кагылышууну болтурбоону караган, учуу-навигациялык аспаптардын жардамы менен аткарылуучу алдын ала белгиленген маневрлердин сериясы. Ал баштапкы жакындап келүү этабынын контролдук чекитинен же тиешелүү учурларда белгиленген келүү каттамы башталган жерден тартып, конууну аткарууга мүмкүн болгон чекитке чейин, ал эми конуу аткарылбаган учурда — күтүп туруу аймагында же каттамда тоскоолдуктардан өтүү критерийлери колдонулуучу чекитке чейин аткарылат. Күтүп туруу аймагында учуу схемасы.Аба кемесинин кийинки уруксатты күтүп, белгиленген аба мейкиндигинин чегинде калуусуна мүмкүндүк берүүчү алдын ала аныкталган маневр. Так конууга жакындап келүү схемасы. ILS же PAR тарабынан берилүүчү азимут жана глиссада жөнүндө маалыматты пайдалануу менен аткарылуучу аспаптар боюнча конууга жакындап келүү схемасы. Экинчи айлампага кетүү схемасы.Конууга жакындап келүүнү улантуу мүмкүн болбогон учурда сакталууга тийиш болгон тартип. Техногендик чөйрө. Жер бетиндеги бардык жасалма курулуштар, мисалы, шаарлар, темир жолдор жана каналдар. Тоналдык гипсометрия. Жер бетинин бийиктигинин даражасын көрсөтүү үчүн колдонулуучу түстөрдүн жана алардын өңдөрүнүн ырааттуу градациясы. Чекиттик жарык. Өлчөмдөрү көз менен кабыл алынбай турган жарык сигналы. Каттам чекити. Аймактык навигация каттамы же аймактык навигацияны колдонгон аба кемесинин учуу траекториясын аныктоо үчүн пайдаланылуучу конкреттүү географиялык пункт. Каттам чекиттери төмөнкүдөй белгиленет: «fly-by» маршрут чекити — кийинки каттамдын же схеманын бөлүгүнө тангенциалдуу чыгышын камсыз кылуу максатында бурулушту алдын ала баштоону караган каттам чекити; «flyover» каттам чекити — кийинки каттамдын же схеманын бөлүгүнө чыгуу максатында бурулуш башталуучу каттам чекити. Экинчи айлампага кетүү чекити (MAPt). Аспаптар боюнча конууга жакындап келүү схемасында тоскоолдуктардан минималдуу бийиктикте өтүүнү камсыз кылуу үчүн белгиленген экинчи айлампага кетүү схемасы боюнча учуу башталышы керек болгон же ага чейин жетүүгө тийиш болгон чекит. Которулуу чекити. Аба кемеси бардык багыттарга сигнал берүүчү УКВ радиомаяктарга багыт алуу аркылуу аныкталган Аба кыймылын тейлөө каттамы участогунун бөлүгү боюнча учуп бара жатканда, негизги навигациялык багыттоону аба кемесинин артында жайгашкан каражаттан анын алдында жайгашкан кийинки каражатка которуу күтүлгөн чекит. Эскертүү. Которулуу чекиттери бардык пайдаланылуучу бийиктиктерде аэронавигациялык каражаттардын ортосунда сигналдын күчүн жана сапатын оптималдуу тең салмактоону камсыз кылуу, ошондой эле бир эле каттам участогунун бирдей бөлүгү боюнча учууларды аткарган бардык аба кемелери үчүн азимут боюнча багыттоонун бирдиктүү булагын камсыз кылуу максатында белгиленет. Конуунун багытын көрсөтүүчү көрсөткүч.Учуп чыгуу жана конуу үчүн учурда белгиленген багытты визуалдык түрдө көрсөтүүчү түзүлүш. Деңгээл. Учуп бараткан аба кемесинин вертикалдык тегиздиктеги абалына тиешелүү жалпы термин. Тиешелүү учурларда салыштырмалуу бийиктикти, абсолюттук бийиктикти же учуу эшелонун билдирет. Бийиктиктин санариптик модели (DEM). Белгилүү бир тордун бардык түйүндөрүндөгү жалпы базадан эсептелген бийиктик маанилеринин үзгүлтүксүз катары түрүндө жер бетинин рельефин көрсөтүү. Эскертүү. Жер бетинин санариптик модели (DTM) айрым учурларда DEM деп да аталат. Аэродромдун эксплуатациялык минимумдары. Аэродромду төмөнкү максаттарда пайдаланууга коюлуучу чектөөлөр:

а) учуп чыгуу үчүн — Учуп конуу тилкесиндеги көрүү аралыгынын жана/же көрүнүүнүн маанилери менен, ошондой эле зарыл болгон учурда булуттуулуктун параметрлери менен көрсөтүлөт;

б) тактык менен конууга жакындап келүүнү жана конууну аткарууда — эксплуатациялык категорияга ылайык келген көрүнүүнүн жана/же УКТдагы көрүү аралыгынын маанилери жана чечим кабыл алуу бийиктигинин абсолюттук/салыштырмалуу мааниси (DA/H) менен көрсөтүлөт;

в) вертикалдык тегиздикте багыттоо менен конууга жакындап келүүнү жана конууну аткарууда — көрүнүүнүн жана/же УКТдагы көрүү аралыгынын маанилери жана чечим кабыл алуу бийиктигинин абсолюттук/салыштырмалуу мааниси (DA/H) менен көрсөтүлөт;

г) так эмес конууга жакындап келүүнү жана конууну аткарууда — көрүнүүнүн жана/же УКТдагы көрүү аралыгынын маанилери, төмөндөөнүн минималдуу абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиги (MDA/H) жана зарыл болгон учурда булуттуулуктун параметрлери менен көрсөтүлөт.

Элемент. Реалдуу дүйнөдөгү кубулуштарды билдирген абстракттуу түшүнүк (ИСО 19101 «Географиялык маалымат. Эталондук модель»). Учуу эшелону. 1013,2 гектопаскаль (гПа) өлчөмүндөгү белгиленген басымга таандык жана бири-биринен белгиленген басым интервалдарынын чоңдугуна барабар аралыкта жайгашкан туруктуу атмосфералык басымдын беттери. Эскертүү 1. Стандарттык атмосферага ылайык градуирленген барометрдик бийиктик өлчөгүч:

а) QNH маанисине коюлганда — абсолюттук бийиктикти көрсөтөт;

б) QFE маанисине коюлганда — QFEнин таяныч чекитинен жогору салыштырмалуу бийиктикти көрсөтөт;

в) 1013,2 гПа басымына коюлганда — учуу эшелондорун көрсөтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Эскертүү 2. 1-эскертүүдө колдонулган «салыштырмалуу бийиктик» жана «абсолюттук бийиктик» терминдери геометриялык эмес, аспап аркылуу аныкталуучу салыштырмалуу жана абсолюттук бийиктиктерди билдирет.

§ 3. Колдонулушу

5. Ушул Эрежелерге ылайык басылып чыгарылуучу жана 2009-жылдын 19-ноябрына карата же андан кийинки датадагы аэронавигациялык маалыматтарды камтыган бардык карталар конкреттүү картага тиешелүү талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

§ 4. Карталардын болушу

6. Аэронавигациялык тейлөөчү башка мамлекеттин аэронавигациялык тейлөөчүсүнүн өтүнүчү боюнча ушул Эрежелердин талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон өзүнүн аймагына тиешелүү бардык аэронавигациялык маалыматтарды берет.

7. Аэронавигациялык тейлөөчү конкреттүү картага же карталар сериясынын өзүнчө барагына жараша, карталардын 8 жана 9-пункттарда көрсөтүлгөн ыкмалардын кайсынысы колдонулса, ошол ыкма менен жеткиликтүү болушун камсыз кылат.

8. Кыргыз Республикасынын аймагын гана камтыган ар кандай картага же карталар сериясынын өзүнчө барагына карата төмөнкү чаралар көрүлөт:

а) аэронавигациялык тейлөөчү картаны же картанын барагын өз алдынча чыгарат; же

б) аны башка мамлекет же уюм менен биргеликте чыгарууну макулдашат; же

в) картаны же картанын барагын чыгаруу боюнча милдеттенмени өзүнө алууга даяр башка мамлекетке бул үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.

9. Эки же андан көп мамлекеттин аймагын камтыган ар кандай картага же карталар сериясынын өзүнчө барагына карата картаны же картанын барагын берүүнүн тартиби аныкталат. Мында региондук аэронавигациялык макулдашуулар жана ИКАО Кеңеши тарабынан белгиленген тиешелүү чыгымдарды бөлүштүрүү программасы талаптагыдай эске алынат.

Эскертүү. «Региондук аэронавигациялык макулдашуулар» деген түшүнүк ИКАО Кеңеши тарабынан, эреже катары, региондук аэронавигациялык кеңешмелердин сунушу боюнча жактырылган макулдашууларга тиешелүү.

10. Аэронавигациялык тейлөөчү өзү берген маалыматтардын жана аэронавигациялык карталардын талаптарга ылайык жана так болушун, ошондой эле тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өз убагында жаңыртылып турушун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.

11. Карталарды түзүүнүн жана чыгаруунун жаңы ыкмалары жана методдору жөнүндө маалыматтарды дүйнөлүк масштабда кеңири жайылтууну жакшыртуу максатында, аэронавигациялык тейлөөчү башка мамлекеттердин өтүнүчү боюнча өзү чыгарган тиешелүү карталарды өз ара негизде акысыз берүүгө тийиш.

Эскертүү. Аэронавигациялык карталарды даярдоо боюнча, анын ичинде форматтардын үлгүлөрүн камтыган усулдук материалдар Аэронавигациялык карталар боюнча колдонмодо (Doc 8697) камтылган.

## 2-Бөлүм. Жалпы талаптар

Эскертүү. Белгилүү бир картага карата атайын эскертүү болбогон учурда, ушул бөлүмдө камтылган талаптар ИКАОнун бардык аэронавигациялык карталарына колдонулат.

§ 1. Карталарга коюлуучу эксплуатациялык талаптар

Эскертүү. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн бардык учуу төмөнкү этаптарга бөлүнөт:

- 1-этап. Аба кемесинин токтотуучу жайынан учуп чыгуу пунктуна чейин рулдоо.

- 2-этап. Учуп чыгуу жана Аба кыймылын тейлөө каттамдарынын түзүмүндө каттам боюнча учуу үчүн бийиктикке көтөрүлүү.

- 3-этап. Аба кыймылын тейлөө каттамдарынын түзүмүндө каттам боюнча учуу.

- 4-этап. Конууга жакындап келүү үчүн төмөндөө.

- 5-этап. Конуу максатында жакындап келүү жана экинчи айлампага кетүү.

- 6-этап. Конуу жана аба кемесинин токтотуучу жайына чейин рулдоо.

12. Ар бир типтеги карта өзүнүн арналган максатына ылайык келген маалыматтарды камтыйт жана картаны оптималдуу пайдаланууну камсыз кылуучу адам факторунун аспектилерин эске алуу менен түзүлөт.

Эскертүү. Адам факторунун аспектилерин эске алууга байланыштуу усулдук материалдар Адам фактору жаатында окутуу боюнча колдонмодо (Doc 9683) камтылган.

13. Ар бир типтеги карта учуунун тиешелүү этабы үчүн аба кемесинин учуусун коопсуз жана ыкчам аткарууну камсыз кылууга жетиштүү маалыматтарды камтыйт.

14. Маалыматтарды берүү так, бурмаланбаган жана кыска болуп, эки ача түшүнүктөрдү жокко чыгарууга жана учуунун бардык кадимки шарттарында оңой окулууга тийиш.

15. Түстөр же алардын өңдөрү жана шрифттин өлчөмү картаны пилот тарабынан табигый жана жасалма жарыктандыруунун ар кандай шарттарында оңой окууга жана түшүнүүгө мүмкүндүк бере тургандай тандалат.

16. Маалыматтар пилот тарабынан жумуш жүгүнө жана учуунун шарттарына шайкеш келген акылга сыярлык убакыт аралыгында кабыл алына тургандай формада берилет.

17. Ар бир типтеги картадагы маалыматтарды берүү учуунун этабына ылайык бир картадан экинчи картага үзгүлтүксүз өтүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш.

18. Карталар чыныгы меридиандын түндүк багытына багытталууга тийиш.

19. Картанын барагынын негизги өлчөмү 210 × 148 мм (8,27 × 5,82 дюйм) (А5) болууга тийиш.

§ 2. Аталыштар

20. Ушул Эрежелерде камтылган талаптарга ылайык түзүлгөн жана картанын максатына жооп берүүгө арналган картанын же карталар сериясынын аталышы тиешелүү бөлүмдүнаталышына шайкеш келет жана ушул бөлүмдө камтылган тигил же бул талаптын колдонулушуна жараша өзгөртүлөт. Эгерде карта ушул 2-бөлүмдө жана конкреттүү картага тиешелүү башка талаптарда баяндалган бардык талаптарга жооп бербесе, анын аталышына «ИКАО» деген сөз киргизилбейт.

§ 3. Башка маалыматтар

21. Белгилүү бир картага карата атайын эскертүү болбогон учурда, картанын рамкасынан тышкаркы түшүндүрмө маалыматтардын жайгашуусу 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

22. Белгилүү бир картага коюлуучу талаптарда атайын башкача каралбаса, ар бир картанын алдыңкы бетинде төмөнкү маалыматтар камтылат:

1) карталар сериясынын белгиси же аталышы.

Эскертүү. Аталыш кыскартылган түрдө берилиши мүмкүн;

2) барактын аталышы жана анын аймактык жайгашуусу;

3) карта талааларында чектеш барак жөнүндө маалымат (эгерде мындай барак бар болсо).

23. Карта колдонулган шарттуу белгилердин жана кыскартуулардын таблицасы түрүндөгү легенда менен камсыз кылынат. Легенда ар бир картанын алдыңкы же арткы бетине жайгаштырылат, мейкиндикти үнөмдөө максатында легенда өзүнчө жарыяланган учурлар буга кирбейт.

24. Картаны чыгарган мекеменин аталышы жана тиешелүү дареги картанын талааларында көрсөтүлөт, карта аэронавигациялык документтин бир бөлүгү катары жарыяланган жана мындай маалымат документтин башында жайгаштырылышы мүмкүн болгон учурлар буга кирбейт.

§ 4. Белгилөөлөр

25. Колдонулуучу шарттуу белгилер «ИКАО карталарындагы шарттуу белгилерде» 2-тиркемеде көрсөтүлгөн белгилерге ылайык келүүгө тийиш. Бирок аэронавигациялык картада жарандык авиация үчүн маанилүү болгон, бирок ИКАОдо азыркы учурда шарттуу белгиси жок атайын элементтерди же маалыматтарды көрсөтүү зарыл болгон учурда, ылайыктуу каалаган шарттуу белги колдонулушу мүмкүн. Мында ал ИКАО тарабынан кабыл алынган колдонуудагы шарттуу белгилердин кайсынысынан болбосун айырмаланууга жана картаны окууну кыйындатпоого тийиш.

Эскертүү. Шарттуу белгилердин өлчөмдөрү, алардын графикалык мүнөздөмөлөрү, сызыктардын калыңдыгы жана алардын ортосундагы аралык картанын масштабына жана максатына, ошондой эле алар чагылдырган маалыматтын маанилүүлүгүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн.

26. Жер үстүндөгү навигациялык каражаттар, кесилиштер жана каттам чекиттери алар түшүрүлгөн бардык карталарда, картанын максатына карабастан, бирдей негизги шарттуу белгилер менен көрсөтүлөт.

27. Негизги пункттар үчүн шарттуу белги шарттуу белгилердин иерархиясына негизделет жана төмөнкүдөй тартипте тандалат: жер үстүндөгү навигациялык каражаттын шарттуу белгиси, кесилиштин шарттуу белгиси, каттам чекитинин шарттуу белгиси. Каттам чекитинин шарттуу белгиси конкреттүү негизги пункт жер үстүндөгү навигациялык каражаттын же кесилиштин жайгашкан жери боюнча белгиленбеген учурда гана колдонулат.

28. Шарттуу белгилер 26, 27-пункттарда жана 2-тиркемеде — «ИКАО карталарындагы шарттуу белгилерде», № 121 шарттуу белгиге ылайык колдонулат.

§ 5. Өлчөө бирдиктери

29. Аралыктар геодезиялык аралыктар катары аныкталат.

30. Аралыктар километр же деңиз милдери менен, же бул бирдиктерди бири-биринен так ажыратуу шарты менен эки бирдикте тең көрсөтүлөт.

31. Абсолюттук бийиктиктер, бийиктиктердин ашышы жана салыштырмалуу бийиктиктер метр же фут менен, же бул бирдиктерди бири-биринен так ажыратуу шарты менен эки бирдикте тең көрсөтүлөт.

32. Аэродромдорго тиешелүү сызыктуу өлчөмдөр жана кыска аралыктар метр менен көрсөтүлөт.

33. Аралыктар, өлчөмдөр, бийиктиктердин ашышы жана бийиктиктер боюнча маалыматтарды чечүү жөндөмдүүлүгүнүн даражасы конкреттүү картада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келет.

34. Аралыктарды, абсолюттук бийиктиктерди, бийиктиктердин ашышын жана салыштырмалуу бийиктиктерди көрсөтүү үчүн колдонулган өлчөө бирдиктери ар бир картанын алдыңкы бетинде так көрсөтүлөт.

35. Өлчөө бирдиктерин которуу таблицалары (километр/деңиз милдери, метр/фут) аралыктар, бийиктиктердин ашышы же абсолюттук бийиктиктер көрсөтүлгөн ар бир картада берилет. Өлчөө бирдиктерин которуу таблицалары ар бир картанын алдыңкы бетине жайгаштырылат.

§ 6. Масштаб жана проекция

36. Кеңири райондордун карталарында проекциянын аталышы, негизги параметрлери жана масштабы көрсөтүлөт.

37. Чакан райондордун карталарында сызыктуу масштаб гана көрсөтүлөт.

§ 7. Аэронавигациялык маалыматтарды даталоо

38. Ар бир картанын алдыңкы бетинде картага түшүрүлгөн аэронавигациялык маалыматтын датасы так көрсөтүлөт.

§ 8. Географиялык аталыштарды жазуу

39. Бардык жазуулар үчүн латын алфавитинин тамгалары колдонулат.

40. Латын алфавитинин түрлөрү расмий колдонулган өлкөлөрдөгү жерлердин жана географиялык элементтердин аталыштары, тиешелүү алфавиттерде колдонулуучу басымдарды жана диакритикалык белгилерди кошкондо, алардын расмий жазылышында көрсөтүлөт.

41. Эгерде конкреттүү картада «тумшук», «пункт», «булуң», «дарыя» сыяктуу географиялык терминдердин кыскартуулары колдонулса, алардын ар бири карта чыгарылган тилде картанын маанилүү жерлеринин биринде мисал катары толук жазылат. Картада колдонулган кыскартууларда тыныш белгилери коюлбайт.

42. Латын тилиндеги аталыштар расмий кабыл алынбаган жана колдонулбаган райондордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде аталыштар картаны чыгаруучу мекеме адатта колдонгон ыкма боюнча латын эмес алфавиттен транслитерацияланууга тийиш.

§ 9. Кыскартуулар

43. Зарыл болгон учурда аэронавигациялык карталарда кыскартуулар колдонулат.

44. Тиешелүү учурларда «ИКАО кыскартуулар жана коддор» Аэронавигациялык тейлөө эрежелеринде (Doc 8400) берилген кыскартуулар колдонулууга тийиш.

§ 10. Мамлекеттик чек аралар

45. Карталарда мамлекеттик чек аралар көрсөтүлөт, бирок алар маанилүүрөөк маалыматтарды окууга тоскоол болгон учурда үзгүлтүккө учуратылышы мүмкүн.

46. Картада эки же андан көп мамлекеттин аймагы көрсөтүлгөн учурларда мамлекеттердин аталыштары көрсөтүлөт.

Эскертүү. Көз каранды аймак көрсөтүлгөн учурда кашаанын ичинде эгемен мамлекеттин аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн.

§ 11. Түстөр менен берүү

47. Карталарда колдонулган түстөр 3-тиркемеде — «Түстөрдүн шкаласында» көрсөтүлгөн түстөргө ылайык келүүгө тийиш.

§ 12. Рельеф

48. Картада рельеф көрсөтүлгөн учурда, ал картаны пайдалануучулардын төмөнкү максаттардагы муктаждыктарын канааттандыра тургандай түрдө чагылдырылат:

1) багыт алуу жана таануу;

2) жер бетинин үстүнөн коопсуз өтүү бийиктиктерин аныктоо;

3) көрсөтүлгөн учурда аэронавигациялык маалыматты так түшүнүү;

4) пландаштыруу.

Эскертүү. Рельеф, эреже катары, горизонталдарды, тоналдык гипсометрияны, бийиктик белгилерин жана рельефти көлөкөлөп көрсөтүүнү айкалыштыруу аркылуу чагылдырылат, мында ыкманы тандоо картанын мүнөзүнө жана масштабына, ошондой эле анын максатына жараша жүргүзүлөт.

49. Рельефти тоналдык гипсометриянын жардамы менен көрсөтүүдө 4-тиркемеде камтылган бийиктиктердин тоналдык гипсометрия шкаласы жетекчиликке алынат.

50. Картага түшүрүлгөн бийиктик белгилери айрым критикалык чекиттерди көрсөтөт.

51. Тактыгы жетишсиз болгон бийиктик белгилеринин маанилери ± белгиси менен көрсөтүлөт.

§ 13. Тыюу салынган аймактар, учуулар чектелген аймактар жана кооптуу аймактар

52. Картада тыюу салынган аймактар, учуулар чектелген аймактар же кооптуу аймактар көрсөтүлгөн учурда, анда алардын стандарттык же башка белгилениши да көрсөтүлөт, бирок улуттук таандыктыкты билдирген тамгалык белгилер түшүрүлбөй калышы мүмкүн.

Эскертүү. Улуттук таандыктыкты билдирген тамгалык белгилер Doc 7910 «Жайгашкан жердин көрсөткүчтөрүндө (индекстеринде)» камтылган.

§ 14. Аба кыймылын тейлөөдөгү аба мейкиндигинин түрлөрү

53. Картада аба кыймылын тейлөөдөгү аба мейкиндиги көрсөтүлгөндө, анын классы, тиби, аталышы же чакыруу белгиси, вертикалдык чектери жана колдонулуучу радиобайланыш жыштыгы (жыштыктары), ошондой эле 2-тиркеменин — «ИКАО карталарындагы шарттуу белгилердин» жоболоруна ылайык көрсөтүлгөн горизонталдык чектери көрсөтүлөт.

54. Визуалдык учуулар үчүн колдонулган карталарда ар бир картанын алдыңкы же арткы бетинде ушул картада көрсөтүлгөн аба мейкиндигине тиешелүү аба кыймылын тейлөөдөгү аба мейкиндигин классификациялоо таблицасынын (КРАЭ-11 «Аба кыймылын тейлөө») бөлүктөрү кайрадан берилүүгө тийиш.

§ 15. Магниттик кыйшаюу

55. Карталарда чыныгы меридиандын түндүк багыты жана магниттик кыйшаюу көрсөтүлөт. Магниттик кыйшаюу боюнча маалыматтарды чечүү жөндөмдүүлүгүнүн даражасы конкреттүү картада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келет.

56. Картада магниттик кыйшаюу көрсөтүлгөн учурда, анын маанилери картанын чыгарылган датасына эң жакын болгон жана бешке бөлүнүүчү жылга карата берилүүгө тийиш, башкача айтканда 1980, 1985 жана башка жылдар. Жылдык өзгөрүүнү эсептөө магниттик кыйшаюунун иш жүзүндөгү мааниси 1°тан ашык өзгөрөрүн көрсөткөн өзгөчө учурларда аралык дата жана магниттик кыйшаюунун мааниси көрсөтүлүүгө тийиш.

Эскертүү. Карталарда магниттик кыйшаюунун жылдык өзгөрүү датасы көрсөтүлүшү мүмкүн.

57. Аспаптар боюнча учуу схемаларынын карталары үчүн магниттик кыйшаюунун өзгөрүшү жөнүндө маалыматты жарыялоо эң көп дегенде алты AIRAC циклинин ичинде жүргүзүлүүгө тийиш.

§ 16. Шрифттер

Эскертүү. Аэронавигациялык карталарда колдонууга ылайыктуу шрифттердин үлгүлөрү Аэронавигациялык карталар боюнча колдонмодо (Doc 8697) берилген.

§ 17. Аэронавигациялык маалыматтар

58. Аэронавигациялык тейлөөчү 3-главанын КРАЭ-15тин § 11инде көрсөтүлгөн ар бир функционалдык этапта сапатты жалпы башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жол-жоболорду, процесстерди жана ресурстарды камтыган талаптагыдай уюштурулган сапат системасын түзүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Зарыл болгон учурда ар бир функционалдык этап боюнча мындай сапатты жалпы башкарууну жүзөгө ашыруунун ыкмалары көрсөтүлөт. Мындан тышкары, аэронавигациялык тейлөөчү аэронавигациялык маалыматтардын булагын каалаган убакта аныктоого мүмкүндүк берүүчү жол-жоболорду белгилейт, бул маалыматтарды чыгаруу/актуалдаштыруу этаптарында же оперативдүү пайдаланууда аныкталган ар кандай аномалияларды же каталарды оңдоого мүмкүндүк берет.

Эскертүү. Сапат системасына карата техникалык талаптар КРАЭ-15тин 3-главасында камтылган.

59. Аэронавигациялык тейлөөчү карталардагы аэронавигациялык маалыматтардын чечүү жөндөмдүүлүгүнүн даражасы конкреттүү картада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келишин камсыз кылат.

Эскертүү. Карталардагы аэронавигациялык маалыматтарды чечүү жөндөмдүүлүгүнө карата техникалык талаптар PANS-AIM документине (Doc 10066) 1-тиркемеде камтылган.

60. Аэронавигациялык тейлөөчү аэронавигациялык маалыматтардын бүтүндүгүн маалыматтык процесстин бүткүл жүрүшүндө — аларды түзүү учурунан тартып кийинки болжолдонгон пайдалануучуга таратууга чейин — сактоону камсыз кылат. Аэронавигациялык маалыматтардын бүтүндүгүнө коюлуучу талаптар маалыматтардын бурмалануу коркунучуна жана конкреттүү маалымат элементинин пайдаланылышына негизделет. Ушуга байланыштуу маалыматтардын төмөнкү классификациялары жана бүтүндүк деңгээлдери колдонулат:

1) кадимки маалыматтар: бурмаланган кадимки маалыматтарды пайдаланууда аба кемесинин учуусун жана конуусун коопсуз улантуу олуттуу тобокелдикке жана кырсыкка учуроо мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болушунун ыктымалдыгы өтө төмөн;

2) маанилүү маалыматтар: бурмаланган маанилүү маалыматтарды пайдаланууда аба кемесинин учуусун жана конуусун коопсуз улантуу олуттуу тобокелдикке жана кырсыкка учуроо мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болушунун ыктымалдыгы төмөн;

3) критикалык маалыматтар: бурмаланган критикалык маалыматтарды пайдаланууда аба кемесинин учуусун жана конуусун коопсуз улантуу олуттуу тобокелдикке жана кырсыкка учуроо мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болушунун ыктымалдыгы жогору.

Эскертүү. Аэронавигациялык маалыматтардын бүтүндүгүн классификациялоого карата техникалык талаптар PANS-AIM документине (Doc 10066) 1-тиркемеде камтылган.

61. Аэронавигациялык маалыматтарды жана санариптик маалыматтар массивдерин берүү жана/же сактоо учурунда санариптик маалыматтардагы каталарды аныктоо ыкмалары колдонулат.

Эскертүү. Санариптик маалыматтардагы каталарды аныктоо ыкмаларына тиешелүү толук техникалык талаптар PANS-AIM документинде (Doc 10066) камтылган.

§ 18. Горизонталдык тегиздиктеги эсептөө системалары

62. Горизонталдык тегиздикте геодезиялык эсептөө системасы катары 1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык система (WGS-84) колдонулат. Жарыяланган аэронавигациялык географиялык координаттар (кеңдикти жана узундукту билдирген) WGS-84 геодезиялык эсептөө базасына карата берилет.

Эскертүү. WGS-84кө байланыштуу толук усулдук материалдар 1984-жылдагы Дүйнөлүк геодезиялык система боюнча колдонмодо (WGS-84) (Doc 9674) камтылган.

63. WGS-84 координаттарына кайра эсептелген жана талаалык геодезиялык өлчөөлөрүнүн тактыгы КРАЭ-11 жана КРАЭ-14түн талаптарына жооп бербеген географиялык координаттар жылдызча (\*) менен белгиленет.

64. Картадагы географиялык координаттардын чечүү жөндөмдүүлүгүнүн даражасы конкреттүү карталар сериясы үчүн белгиленген талаптарга ылайык келет.

Эскертүү 1. Аба кыймылын тейлөө кызматтары тарабынан белгиленген позициялардын WGS-84 менен байланышкан аэронавигациялык координаттарын аныктоого жана билдирүүгө карата талаптар (талаалык өлчөөлөрдүн тактыгы жана маалыматтардын бүтүндүгү) КРАЭ-11де, ал эми аэродромдорго/вертодромдорго байланыштуу позициялар боюнча КРАЭ-14тө берилген. Эскертүү 2. WGS-84 менен байланышкан аэронавигациялык маалыматтардын тактыгына жана бүтүндүгүн классификациялоого карата талаптар PANS-AIM документине (Doc 10066) 1-тиркемеде камтылган.

§ 19. Вертикалдык тегиздиктеги эсептөө системасы

65. Вертикалдык тегиздикте эсептөө системасы катары деңиз деңгээлинин орточо деңгээли (MSL) база катары кабыл алынат. Ал тартылуу күчүнө көз каранды болгон салыштырмалуу бийиктиктерди (бийиктиктердин ашышын) геоид деп аталган бет менен байланыштырат.

Эскертүү 1. Глобалдык масштабда геоид MSLге эң жакын келет. Ал Жердин тартылуу талаасындагы эквипотенциалдык бет катары аныкталат, ал бузулбаган MSL жана анын материктердин алдындагы уландысы менен дал келет. Эскертүү 2. Тартылуу күчүнө көз каранды болгон салыштырмалуу бийиктиктер (бийиктиктердин ашышы) ошондой эле ортометриялык бийиктиктер деп аталат, ал эми эллипсоиддин үстүндөгү чекиттерге чейинки аралыктар эллипсоидге карата бийиктиктер деп аталат.

66. Айрым геодезиялык жер үстүндөгү позициялардын MSLге карата бийиктигинен тышкары, ушул эле позициялар үчүн WGS-84 эллипсоидинин бетине карата геоиддин толкуну жөнүндө маалымат да конкреттүү картада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жарыяланат.

Эскертүү 1. Аэродромдордогу/вертодромдордогу конкреттүү позициялардагы бийиктиктердин ашышынын жана геоиддин толкунунун маанилерин аныктоого жана билдирүүгө карата талаптар (талаалык өлчөөлөрдүн тактыгы жана маалыматтардын бүтүндүгү) КРАЭ-14тө берилген. Эскертүү 2. Аэродромдордогу/вертодромдордогу конкреттүү позициялардагы бийиктиктердин ашышынын жана геоиддин толкунунун маанилеринин тактыгына жана бүтүндүгүн классификациялоого карата талаптар PANS-AIM документинин (Doc 10066) 1-тиркемесинде камтылган.

67. Картадагы бийиктиктердин ашышынын жана геоиддин толкунунун маанилеринин чечүү жөндөмдүүлүгүнүн даражасы конкреттүү карталар сериясы үчүн белгиленген талаптарга ылайык келет.

Эскертүү. Картадагы бийиктиктердин ашышынын жана геоиддин толкунунун маанилерин чечүүгө карата талаптар PANS-AIM документинин (Doc 10066) 1-тиркемесинде камтылган.

§ 20. Убакытты эсептөө системасы

68. Убакытты эсептөө системасы катары Григориан календары жана дүйнөлүк координацияланган убакыт (UTC) колдонулат.

69. Карталарды түзүүдө башка убакыт эсептөө системасы колдонулган учурларда, бул жөнүндө аэронавигациялык маалыматтар жыйнагынын (AIP) GEN 2.1.2 бөлүмүндө көрсөтүлөт.

3 Бөлүм. Аэродромдук тоскоолдуктардын картасы (ИКАО), А тиби (эксплуатациялык чектөөлөр)

§ 1. Максаты

70. Ушул типтеги карта AIPде жарыяланган тиешелүү маалымат менен айкалышта эксплуатантка КРАЭ-6нын III бөлүгүндө баяндалган эксплуатациялык чектөөлөрдү сактоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.

§ 2. Болушу

71. Аэродром тоскоолдуктарынын карталары (ИКАО), А тиби (эксплуатациялык чектөөлөр), 7-пунктта каралган ыкмада эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз пайдаланылуучу бардык аэродромдор үчүн берилет, буга учуп чыгууда бийиктикке көтөрүлүү траекторияларынын аймагында тоскоолдуктар жок болгон аэродромдор кирбейт.

72. Эгерде учуп чыгууда бийиктикке көтөрүлүү траекториясынын аймагында тоскоолдуктардын жоктугуна байланыштуу картанын зарылдыгы жоюлса, бул жөнүндө AIPде атайын билдирүү жарыяланат.

§ 3. Өлчөө бирдиктери

73. Бийиктиктер жарым метрге же футка чейинки тактыкта көрсөтүлөт.

74. Сызыктуу өлчөмдөр жарым метрге чейинки тактыкта көрсөтүлөт.

§ 4. Картографиялануучу аймак жана масштаб

75. Ар бир план бардык тоскоолдуктарды картага түшүрүүгө жетиштүү өлчөмдө болууга тийиш.

Эскертүү. Барактын өлчөмүн негизсиз чоңойтууну талап кылган, алыскы жерде жайгашкан айрым тоскоолдуктар тиешелүү шарттуу белги жана учуп-конуу тилкесинин эң алыскы четинен болгон аралыкты жана пеленгди, ошондой эле алардын ашкан бийиктигин көрсөтүүчү жебе менен белгилениши мүмкүн.

76. Горизонталдык масштаб 1:10 000ден 1:15 000ге чейинки чекте тандалат.

77. Горизонталдык масштаб 1:10 000 колдонулат.

Эскертүү. Карталарды тезирээк чыгаруу үчүн 1:20 000 масштабы колдонулушу мүмкүн.

78. Колдонулуучу вертикалдык масштаб горизонталдык масштабдан он эсе чоң болот.

79. Сызыктуу масштабдар. Горизонталдык жана вертикалдык сызыктуу масштабдар карталарда метр жана фут менен белгиленет.

§ 5. Формат

80. Картага ар бир учуп-конуу тилкесинин (УКТ), ага жанаша жайгашкан токтотуу тилкесинин же тоскоолдуктардан бош тилкенин, учуп чыгуу траекториясынын аймагынын жана тоскоолдуктардын планы жана профили түшүрүлөт.

81. Ар бир УКТнын, токтотуу тилкесинин, тоскоолдуктардан бош тилкенин жана учуп чыгуу траекториясынын аймагындагы тоскоолдуктардын профили ар бир тиешелүү элементтин планынын үстүнө чагылдырылат. Учуп чыгуу траекториясынын резервдик аймагынын профили учуп чыгуу траекториясынын бүткүл узундугунун сызыктуу проекциясын камтыйт жана маалыматты тез түшүнүүгө эң ыңгайлуу формада анын тиешелүү планынын үстүнө жайгаштырылат.

82. Профилдин торчосу УКТны кошпогондо, профилдин бүткүл аянтына түшүрүлөт. Вертикалдык эсептөө үчүн нөлдүк маани катары деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги кабыл алынат. Горизонталдык эсептөө үчүн нөлдүк маани катары тиешелүү учуп чыгуу траекториясынын аймагына карама-каршы тарапта жайгашкан УКТнын аягы кабыл алынат. Торчонун бөлүктөрүнүн градуировкасы интервалдары көрсөтүлүү менен торчонун төмөнкү жээгине жана вертикалдык талааларына түшүрүлөт.

83. Торчонун вертикалдык градуировкасы жеринде 30 м (100 фут) аралыкка, ал эми горизонталдык градуировкасы 300 м (1000 фут) аралыкка ылайык жүргүзүлөт.

84. Картада төмөнкүлөр каралат:

1) 92-пунктта көрсөтүлгөн эксплуатациялык маалыматтарды каттоо үчүн рамка;

2) түзөтүүлөрдү жана аларды киргизген даталарды каттоо үчүн рамка.

§ 6. Белгилөөлөр

85. Картада аэродром жайгашкан мамлекеттин аталышы, ушул аэродром тейлеген шаардын, калктуу конуштун же райондун аталышы, аэродромдун аталышы жана учуп-конуу тилкесинин (УКТ) белгилениши (белгилениши) көрсөтүлөт.

§ 7. Магниттик кыйшаюу

86. Картада магниттик кыйшаюу бир градуска чейинки тактыкта жана маалыматтын датасы көрсөтүлүү менен берилет.

§ 8. Аэронавигациялык маалыматтар

87. Учуп чыгуу траекториясынын аймагынын башталышы менен жалпы башталышка ээ болгон жана 1,2 % жантаюусу бар жалпак беттен жогору көтөрүлгөн учуп чыгуу траекториясынын аймагындагы объекттер тоскоолдуктар катары каралат, мындай тоскоолдуктар 88-пунктта эске алынган башка тоскоолдуктар менен толугу менен көлөкөлөнгөн жана картада белгиленбей калышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо. 1,2 % жантаюусу бар тегиздиктен жогору көтөрүлүшү мүмкүн болгон кемелер, темир жол курамдары, автомашиналар жана ушул сыяктуу кыймылдуу объекттер тоскоолдуктар болуп эсептелет, бирок көлөкөлөнүүнү пайда кылуучу тоскоолдуктар болуп эсептелбейт.

88. Тоскоолдуктун чокусу аркылуу учуп чыгуу траекториясынын аймагынын октук сызыгына перпендикулярдуу өтүүчү горизонталдык сызыктан башталган жалпак бет тоскоолдуктун көлөкөсү болуп эсептелет. Бул тегиздик учуп чыгуу траекториясынын аймагынын бүткүл туурасын камтыйт жана 87-пунктта эске алынган тегиздикке чейин же, эгерде ал жакын жайгашса, кийинки кыйла бийик тоскоолдукка чейин уланат. Учуп чыгуу траекториясынын аймагынын алгачкы 300 м (1000 фут) аралыгында көлөкө тегиздиктери горизонталдуу жайгашат, ал эми бул чекиттен кийин алар жогору карай 1,2 % жантаюуга ээ болот.

89. Эгерде көлөкөлөнүүнү пайда кылган тоскоолдук жоюлушу мүмкүн болсо, мунун натыйжасында тоскоолдукка айланган башка объекттер картага түшүрүлөт.

90. Учуп чыгуу траекториясынын аймагы түздөн-түз учуп чыгуу траекториясынын астында жаткан жана ага карата симметриялуу жайгашкан жер бетиндеги төрт бурчтуу мейкиндикти билдирет. Бул аймак төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ:

1. ал учуп чыгууга жарактуу деп жарыяланган аймактын аягында башталат (б. а. кырдаалга жараша учуп-конуу тилкесинин аягында же учуп-конуу тилкесинин аягында же тоскоолдуктардан эркин акыркы тилкеде);

2. анын баштапкы чекиттеги туурасы 180 мди (600 фут) түзөт жана андан кийин 0,25D даражасында көбөйүп, 1800 м (6000 фут) максималдуу туурасына жетет, мында D чоңдугу баштапкы чекиттен баштап аралыкты билдирет;

3. ал ушул аралыктардын кайсынысы азыраак экендигине жараша, андан ары тоскоолдуктар жок болгон чекитке чейин же 10,0 км (5,4 деңиз мили) белгисине чейин уланат.

91. Учуп чыгууну 1,2 % азыраак градиент менен аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбаган эксплуатациялык чектөөлөрү бар аба кемелери пайдаланган учуп-конуу тилкелеринде 90-пункттун 3- подпунктунда эске алынган учуп чыгуу траекториясынын аймагынын узундугу кем дегенде 12,0 кмге (6,5 деңиз мили) чейин көбөйтүлөт, ал эми 87 жана 88-пункттарда эске алынган жалпак беттин жантаюусу 1 % же андан азыраак деңгээлге чейин азайтылат.

Эскертүү. Эгерде топографиялык ыкма менен аныкталган 1 % жантаюусу бар тегиздик эч кандай тоскоолдуктар менен тийишпесе, бул тегиздик биринчи тоскоолдук менен тийишкен чекитке чейин түшүрүлүшү мүмкүн.

92. Ар бир учуп-конуу тилкесинин ар бир багыты үчүн картадагы тиешелүү ордунда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1. пайдаланылуучу күүлөнүү узундугу,

2. пайдаланылуучу токтотулган учуп чыгуу аралыгы,

3. пайдаланылуучу учуп чыгуу аралыгы,

4. пайдаланылуучу конуу аралыгы.

Эскертүү. Жарыяланган аралыктарга карата көрсөтмөлөр КРАЭ-14тө келтирилет.

93. Учуп-конуу тилкеси бир гана багытта пайдаланылгандыгына байланыштуу жарыяланган аралык көрсөтүлбөгөн учурда, мындай учуп-конуу тилкеси «учуп чыгуу, конуу үчүн же экөө тең үчүн пайдаланылбайт» деп белгиленет.

5. Пландагы көрүнүштө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1. туташ сызык менен – узундугун жана туурасын, бир градуска чейинки тактык менен магниттик пеленгди жана учуп-конуу тилкесинин номерин кошкондо учуп-конуу тилкесинин контуру;

2. үзүк (штриховой) сызык менен – узундугун жана белгиленишин кошкондо тоскоолдуктардан эркин тилкелер;

3. чекиттүү (пунктир) сызык менен – учуп чыгуу траекторияларынын аймактары жана гезеги менен кыска жана узун сызыкчалары бар ичке үзүк сызык менен – октук сызык;

4. учуп чыгуу траекторияларынын запастык аймактары. Учуп-конуу тилкесинин октук сызыгынын уландысына карата симметриялуу жайгашкан учуп чыгуу траекторияларынын запастык аймактары көрсөтүлгөн учурларда, мындай аймактардын мааниси түшүндүрүлгөн эскертүүлөр каралат;

5. тоскоолдуктар, анын ичинде:

а) бул тоскоолдуктун тибин мүнөздөөчү шарттуу белги менен бирге ар бир тоскоолдуктун так жайгашкан жери;

б) ар бир тоскоолдуктун ашып түшүүсү жана белгилениши;

в) шарттуу белгилерде (легендада) түшүндүрүү менен чоң өлчөмдөгү тоскоолдуктардын көтөрүлүү чектери өзгөчө тартипте.

Эскертүү. Бул учуп чыгуу траекториясынын аймагынын чегинде сынчыл (критикалык) бийиктик белгилерин көрсөтүү зарылдыгын жокко чыгарбайт.

95. Учуп-конуу тилкесинин жана токтотуунун акыркы тилкесинин бетинин мүнөзү көрсөтүлөт.

96. Токтотуунун акыркы тилкелери үзүк сызык менен белгиленет.

97. Токтотуунун акыркы тилкелерин чагылдырууда ар бир токтотуунун акыркы тилкесинин узундугу көрсөтүлөт.

6. Профилде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) туташ сызык менен – учуп-конуу тилкесинин октук сызыгынын профили жана чекиттүү (пунктир) сызык менен – тиешелүү каалагандай токтотуунун акыркы тилкелеринин жана тоскоолдуктардан эркин тилкелердин октук сызыгынын профили;

2) учуп-конуу тилкесинин ар бир аягында, токтотуунун акыркы тилкесинде жана учуп чыгуу траекториясынын ар бир аймагынын башталышында октук сызыктын ашып түшүүсү, ошондой эле учуп-конуу тилкесинин жана токтотуунун акыркы тилкесинин эңкейишинин олуттуу өзгөрүшү;

3) тоскоолдуктар, анын ичинде:

а) ар бир тоскоолдук – торчонун тиешелүү сызыгынан башталып, тоскоолдуктун жогорку чекитине чейин кеминде кийинки торчо сызыгы аркылуу өткөн туташ вертикалдык сызык менен;

б) ар бир тоскоолдуктун белгилениши;

в) шарттуу белгилерде (легендада) түшүндүрүү менен чоң өлчөмдөгү тоскоолдуктардын көтөрүлүү чектери өзгөчө тартипте.

Эскертүү. Картага тоскоолдуктардын профили түшүрүлүшү мүмкүн, ал ар бир тоскоолдуктун чокуларын бириктирген сызык түрүндө көрсөтүлүп, тоскоолдуктар түзгөн көлөкөлөө аймагын аныктайт.

§ 9. Тактык

7. Картада жетишилген тактыктын даражасы көрсөтүлөт.

100. Картада белгиленүүчү учуп-конуу тилкесинин, токтотуунун акыркы тилкесинин жана тоскоолдуктардан эркин акыркы тилкенин горизонталдык өлчөмдөрү жана ашып түшүүлөрү 0,5 мге (1 фут) чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

101. Талаада съемка жүргүзүүдө жана картаны басып чыгарууда картадан маалыматтарды алууда учуп чыгуу траекторияларынын аймактарындагы четтөөлөр төмөнкү максималдуу чектерден ашпагандай тактыктын даражасы камсыз кылынат:

1. горизонталдык аралыктар: баштапкы чекитте 5 м (15 фут), андан кийин 1:500 пропорциясында көбөйөт;

2. вертикалдык аралыктар: алгачкы 300 мде (1000 фут) 0,5 м (1,5 фут), андан кийин 1:1000 пропорциясында көбөйөт.

102. Баштапкы деңгээл. Эгерде өлчөө иштерин жүргүзүү учурунда вертикалдык тегиздикте эсептөөнүн иш жүзүндөгү баштапкы деңгээли жөнүндө маалымат жок болсо, пайдаланылган баштапкы деңгээлдин бийиктиги көрсөтүлөт жана анын кабыл алынган деңгээл экендиги жөнүндө белги коюлат.

## 4-Бөлүм. Аэродромдук тоскоолдуктардын картасы (ИКАО), В тиби

§ 1. Максаты

103. Мындай типтеги карта төмөнкүлөргө багытталган маалымат менен камсыз кылат:

1. айлануу боюнча учуу бийиктиктерин кошкондо, минималдуу коопсуз абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктерди аныктоо;

2. учуп чыгууда же конууда авариялык кырдаалда жетекчиликке алуу зарыл болгон эрежелерди аныктоо;

3. тоскоолдуктардан өтүүнүн коопсуздук ченемдерин жана аларды маркалоо эрежелерин колдонуу;

4. аэронавигациялык карталарды түзүү үчүн баштапкы материал катары пайдалануу.

§ 2. Болушу

104. Аэродромдук тоскоолдуктардын карталары (ИКАО), В тиби, эл аралык жарандык авиация тарабынан үзгүлтүксүз пайдаланылуучу бардык аэродромдор үчүн 7-пункттун жоболоруна ылайык берилиши керек.

105. 3 жана 4-бөлүмдөрдө камтылган талаптарга жооп берген карта «Аэродромдук тоскоолдуктардын картасы (ИКАО) (деталдуу)» деп аталат.

§ 3. Өлчөө бирдиктери

106. Бийиктиктер жарым метрге же футка чейинки тактыкта көрсөтүлөт.

107. Сызыктуу өлчөмдөр жарым метрге чейинки тактыкта көрсөтүлөт.

§ 4. Картографиялануучу аймак жана масштаб

108. Ар бир план бардык тоскоолдуктарды картага түшүрүүгө жетиштүү өлчөмдө болууга тийиш.

Эскертүү. Барактын өлчөмүн негизсиз чоңойтууну талап кылган, алыскы жерде жайгашкан айрым тоскоолдуктар тиешелүү шарттуу белги жана аэродромдун контролдук чекитинен болгон аралыкты жана пеленгди, ошондой эле алардын бийиктигин көрсөтүүчү жебе менен белгилениши мүмкүн.

109. Горизонталдык масштаб 1:10 000ден 1:20 000ге чейинки чекте тандалат.

110. Горизонталдык сызыктуу масштаб картада метр жана фут менен белгиленет. Зарыл болгон учурда масштаб километр жана деңиз милдери менен да көрсөтүлөт.

§ 5. Формат

111. Карталарда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) колдонулган проекцияга карата зарыл болгон бардык түшүндүрмөлөр;

2) пайдаланылган торчонун зарыл болгон бардык белгилөөлөрү;

3) КРАЭ-14тө көрсөтүлгөн беттерден жогору көтөрүлүп турган объекттер тоскоолдуктар болуп эсептелерин билдирген эскертүү;

4) оңдоолорду жана алар киргизилген даталарды каттоо үчүн рамка;

5) карта барагынын ички рамкасынын сырткы тарабында кеңдик жана узундук бир мүнөттүк интервал менен градус жана мүнөттөрдө белгиленет.

Эскертүү. Параллелдер жана меридиандар картанын бүткүл аянты боюнча түшүрүлүшү мүмкүн.

§ 6. Белгилөөлөр

112. Картада аэродром жайгашкан мамлекеттин аталышы, ушул аэродром тейлеген шаардын, калктуу конуштун же райондун аталышы жана аэродромдун аталышы көрсөтүлөт.

§ 7. Техногендик чөйрө жана топография

113. Дренаждын жана гидрографиянын элементтери мүмкүн болушунча аз өлчөмдө көрсөтүлөт.

114. Картада аэродромго тиешелүү имараттар жана башка чыгып турган объекттер белгиленет. Мүмкүн болушунча алар масштабда көрсөтүлөт.

115. Ушул главанын § 9унда көрсөтүлгөн учуп чыгуу бетинен жана конууга жакындап кирүү бетинен же КРАЭ-14тө көрсөтүлгөн тоскоолдуктардын үстүнөн коопсуз учуп өтүү жана аларды белгилөө беттеринен жогору чыгып турган бардык жасалма же табигый объекттер көрсөтүлөт.

116. Учуп чыгуу жана конууга жакындап кирүү аймактарынын чегинде, ошондой эле УКТнын аягынан же анын уландысынан 600 м (2000 фут) кем аралыкта жайгашкан автомобиль жолдору жана темир жолдор картада белгиленет.

Эскертүү. Маанилүү географиялык объекттердин аталыштары көрсөтүлүшү мүмкүн.

§ 8. Магниттик кыйшаюу

117. Картага чыныгы меридиандын түндүк багытына же Түндүктүн башка тиешелүү чекитине багытталган компас розасы түшүрүлөт, анда магниттик кыйшаюу бир градуска чейинки тактыкта, магниттик кыйшаюу жөнүндө маалыматтын датасы жана анын жылдык өзгөрүүсү көрсөтүлөт.

§ 9. Аэронавигациялык маалыматтар

118. Карталарда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) аэродромдун контролдук чекити жана анын географиялык координаттары градус, мүнөт жана секунд менен;

b) УКТнын контурлары туташ сызык менен;

с) УКТнын узундугу жана туурасы;

d) бир градуска чейинки тактыкта магниттик пеленг жана УКТнын номери;

е) УКТнын октук сызыгынын анын ар бир учундагы, токтотуу тилкесиндеги, ар бир учуп чыгуу жана конууга жакындап кирүү аймагынын башталышындагы бийиктиги, ошондой эле УКТнын жана токтотуу тилкесинин эңкейиши олуттуу өзгөргөн ар бир жерде бийиктиги;

f) рулеждик жолдордун, перрондордун жана токтотуучу жайлардын тиешелүү белгилери, ал эми алардын контурлары туташ сызык менен түшүрүлөт;

g) токтотуу тилкелеринин тиешелүү белгилери, алар штрихтик сызык менен түшүрүлөт;

h) ар бир токтотуу тилкесинин узундугу;

i) тоскоолдуктардан бош тилкелердин тиешелүү белгилери, алар пунктирдик сызык менен түшүрүлөт;

j) ар бир тоскоолдуктардан бош тилкенин узундугу;

k) учуп чыгуу бетинин жана конууга жакындап кирүү бетинин тиешелүү белгилери, алар пунктирдик сызык менен түшүрүлөт;

l) учуп чыгуу жана конууга жакындап кирүү аймактары.

Эскертүү. Учуп чыгуу аймагы 90-пунктта аныкталган. Конууга жакындап кирүү аймагы КРАЭ-14тө аныкталган конууга жакындап кирүү бетинин түздөн-түз астында, жер бетинде жайгашкан мейкиндикти билдирет;

m) тоскоолдуктардын так жайгашкан жери, анын ичинде:

1) тоскоолдуктун түрүн мүнөздөгөн шарттуу белги;

2) бийиктиги;

3) идентификациялык маалыматтары;

4) олуттуу чоң өлчөмдөгү тоскоолдуктардын бийиктик чектери — легендада түшүндүрүү менен атайын ыкмада.

Эскертүү. Бул учуп чыгуу жана конуу аймактарынын чегиндеги критикалык бийиктик белгилерин көрсөтүү зарылдыгын жокко чыгарбайт;

n) 87-пунктта аныкталган бардык кошумча тоскоолдуктар, анын ичинде тоскоолдуктун көлөкөсүндө жайгашкан жана башкача ыкмада бөлүп көрсөтүлө турган тоскоолдуктар.

Эскертүү. КРАЭ-14түн техникалык талаптары талаптардын минималдуу деңгээлине туура келет. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү бийиктиктеги беттерди белгилеген учурларда, алар тоскоолдуктарды аныктоодо колдонулушу мүмкүн.

119. УКТнын жана токтотуу тилкелеринин беттеринин мүнөзү көрсөтүлүүгө тийиш.

120. Мүмкүн болушунча аэродромдун контролдук чекитинен 5000 м (15 000 фут) радиустун чегинде бири-бирине жанаша жайгашкан конууга жакындап кирүү аймактарынын ортосунда жайгашкан эң бийик объект же тоскоолдук даана көрүнгөндөй белгиленүүгө тийиш.

121. Картада тоскоолдук болуп саналган бөлүктөрүн камтыган токой тилкелеринин жана рельеф элементтеринин узундугу көрсөтүлүүгө тийиш.

§ 10. Тактык

122. Картада жетишилүүчү тактыктын даражасы көрсөтүлөт.

123. Картада көрсөтүлүүчү жумушчу аянттын, токтотуу тилкелеринин жана тоскоолдуктардан бош тилкелердин горизонталдык өлчөмдөрү жана бийиктиктери 0,5 м (1 фут) чейинки тактыкта көрсөтүлүүгө тийиш.

124. Жерде өлчөө иштерин жүргүзүүдө жана картаны басып чыгарууда картадан маалыматтарды алуу учурунда четтөөлөр төмөнкү максималдуу чектерден ашпагандай тактык даражасы камсыз кылынууга тийиш:

а) учуп чыгуу жана конууга жакындап кирүү аймактарында:

1) горизонталдык аралыктар: баштапкы чекитте 5 м (15 фут), андан ары 1:500 катышында көбөйүү менен;

2) вертикалдык аралыктар: алгачкы 300 м (1000 фут) аралыгында 0,5 м (1,5 фут), андан ары 1:1000 катышында көбөйүү менен;

b) башка аймактарда:

1) горизонталдык аралыктар: аэродромдун контролдук чекитинен 5000 м (15 000 фут) аралыктын чегинде 5 м (15 фут) жана бул зонанын чегинен тышкары 12 м (40 фут);

2) вертикалдык аралыктар: аэродромдун контролдук чекитинен 1500 м (5000 фут) аралыктын чегинде 1 м (3 фут), андан ары 1:1000 катышында көбөйүү менен.

14. Баштапкы деңгээл. Эгерде өлчөө иштерин жүргүзүү учурунда вертикалдык тегиздикте эсептөөнүн иш жүзүндөгү баштапкы деңгээли жөнүндө маалымат жок болсо, пайдаланылган баштапкы деңгээлдин бийиктиги көрсөтүлөт жана анын кабыл алынган деңгээл экендиги жөнүндө белги коюлат.

5 Бөлүм. Тактык менен конууга кирүү үчүн жергиликтүү жердин картасы (ИКАО)

§ 1. Максаты

126. Бул карта учуу-эксплуатациялык ишканаларга радиобийиктик ченегичтерди пайдаланууда чечим кабыл алуу бийиктигин аныктоого аталган аймак канчалык таасир этерин баалоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, конууга жакындашуунун акыркы этабынын белгиленген тилкесинин чегиндеги аймактын профили жөнүндө толук маалыматты камтыйт.

§ 2. Болушу (Наличие)

127. Конууга так жакындашуу үчүн аймактын картасы (ИКАО) эл аралык жарандык авиация тарабынан пайдаланылуучу аэродромдордогу II жана III категориялар боюнча конууга так жакындашуу үчүн жабдылган бардык учуп-конуу тилкелери (УКТ) үчүн берилет.

128. Конууга так жакындашуу үчүн аймактын картасы (ИКАО) кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөр болгон сайын кайра каралат.

§ 3. Масштаб

129. Карта үчүн 1:2500 горизонтадык масштабы жана 1:500 вертикалдык масштабы колдонулат.

130. Эгерде картада УКТ босогосунан 900 м.ден (3000 фут) ашык аралыктын чегиндеги аймактын профили белгиленсе, 1:5000 горизонтадык масштабы колдонулат.

§ 4. Белгилөөлөр

131. Картада аэродром жайгашкан мамлекеттин аталышы, ушул аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын, калктуу конуштун же райондун аталышы, аэродромдун аталышы жана УКТнын белгилениши көрсөтүлөт.

§ 5. План жана профиль жөнүндө маалымат

8. Карта төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) профиль сыяктуу эле чектерде УКТнын октук сызыгынын уландысынан эки тарапты көздөй 60 м (200 фут) тилкеде 1 м (3 фут) интервалдагы горизонтальдардагы аймактын планын, мында горизонтальдар УКТ босогосунун деңгээлине карата түшүрүлөт;

2) 1-пунктчада эскертилген планда белгиленген аймактын же аймактагы кандайдыр бир объекттин бийиктиги УКТнын октук сызыгынын профилинен ±3 мге (10 фут) айырмаланып, радиобийиктик ченегичтин көрсөткүчтөрүнө таасир этиши мүмкүн болгон тилкелердин белгиленишин;

3) УКТнын октук сызыгынын уландысы боюнча босогодон 900 м (3000 фут) аралыктын чегиндеги аймактын профилин.

133. Эгерде УКТ босогосунан 900 мден (3000 фут) ашык аралыктагы аймак тоолуу болсо же картаны пайдалануучулар үчүн маанилүү болгон башка өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлсө, аймактын профили УКТ босогосунан 2000 мден (6500 фут) ашпаган аралыктын чегинде көрсөтүлүшү керек.

134. ILS таяныч чекитинин бийиктиги жакынкы жарым метрге же футка чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

## 6-Бөлүм. Каттам картасы (ИКАО)

§ 1. Максаты

135. Бул картада учуу экипаждарына аба кыймылын тейлөө эрежелерине ылайык аба кыймылын тейлөө каттамдары боюнча учакты башкарууну жүзөгө ашырууга жардам берүүчү маалыматтар камтылат.

Эскертүү. Мындай карталардын жөнөкөйлөтүлгөн варианттарын аэронавигациялык маалымат жыйнактарына жана байланыш менен навигация каражаттарынын тизмесине кошумча катары киргизүү максатка ылайыктуу.

§ 2. Болушу

136. Каттам картасы (ИКАО) учуу маалыматынын райондору белгиленген бардык райондор үчүн 7-пункттун жоболоруна ылайык берилет.

Эскертүү. Белгилүү бир шарттарда райондун картасын (ИКАО) берүү талап кылынышы мүмкүн. (7-главаны караңыз).

137. Аба мейкиндигинин ар кандай катмарларында ар кандай АКТ каттамдары, аба кемесинин турган жери жөнүндө билдирүүгө карата талаптар же бир картада жетишээрлик так чагылдыруу мүмкүн болбогон учуу маалыматы райондорунун же диспетчердик райондордун каптал чек аралары белгиленген учурларда, өзүнчө карталар каралат.

§ 3. Картага түшүрүлүүчү район жана масштаб

1-эскертүү. Айрым райондордогу маалыматтардын каныккандык деңгээли ар түрдүү болгондугуна байланыштуу, ушул типтеги карталар үчүн бирдиктүү масштабды белгилөө мүмкүн эмес. 2-эскертүү. Картанын орточо масштабынын негизинде сызыктуу масштабды көрсөтүүгө болот.

138. Карта барактарынын алкактарын бөлүү аба кыймылын тейлөө каттамдарынын түзүмүнүн жыштыгына жана схемасына ылайык жүргүзүлөт.

139. Каттамдардын түзүмүнүн уландысы көрсөтүлгөн жанаша жайгашкан райондордун карталарынын масштабында чоң айырмачылыктарга жол берилбейт.

140. Навигациянын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн карталардын тиешелүү кабатташуусу каралат.

§ 4. Проекция

141. Түз сызык болжол менен ортодромияга туура келе тургандай бурчтары сакталган проекция колдонулат.

142. Параллелдер жана меридиандар тиешелүү интервалдар менен түшүрүлөт.

143. Градуировкалык штрихтер айрым параллелдердин жана меридиандардын боюнда туруктуу интервалдар менен түшүрүлөт.

§ 5. Белгилөөлөр

9. Ар бир баракта картанын сериясы жана номери көрсөтүлөт.

§ 6. Техногендик чөйрө жана топография

145. Картага башка, картанын максатына көбүрөөк мүнөздүү маалыматты түшүнүүгө тоскоолдук кылбаган шартта, ачык суу мейкиндиктеринин, ири көлдөрдүн жана дарыялардын жээк сызыктарынын жалпы контурлары түшүрүлөт.

146. Пунктта 147де каралган учурларды кошпогондо, параллелдер жана меридиандар менен түзүлгөн ар бир төрт бурчтукта аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги көрсөтүлөт.

Эскертүү 1. Параллелдер жана меридиандар менен түзүлгөн төрт бурчтуктар, эреже катары, кеңдиктин жана узундуктун толук бир градусуна туура келет. Картанын колдонулган масштабына карабастан, аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги тиешелүү төрт бурчтукка карата аныкталат. Эскертүү 2. Аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктигин аныктоо ыкмасы Аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин «Аба кемелеринин учууларын жүргүзүү» (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 2-бөлүмүнүн 1.8-пунктунда баяндалган.

147. Түндүк кеңдиктердин жогорку райондорунда, тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан картаны чыныгы түндүк багытына багыттоо мүмкүн эмес деп аныкталган учурда, зонадагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги колдонулган картографиялык (координаттык) тордун сызыктары менен түзүлгөн ар бир төрт бурчтукта көрсөтүлүүгө тийиш.

148. Карталар чыныгы түндүк боюнча багытталбаган учурларда, бул так белгиленет, ошондой эле тандалган багыттоо көрсөтүлөт.

§ 7. Магниттик кыйшаюу

149. Изогоналар түшүрүлөт жана магниттик кыйшаюу жөнүндө маалыматтын датасы көрсөтүлөт.

§ 8. Пеленгдер, багыт сызыктары жана радиалдар

150. 151-пунктта каралган учурларды кошпогондо, картада магниттик пеленгдер, багыт сызыктары жана радиалдар көрсөтүлөт. PBN участоктору үчүн пеленгдердин жана багыт сызыктарынын чыныгы маанилери кошумча берилген учурда, алар кашаанын ичинде 0,1° тактыкта көрсөтүлөт, мисалы: 290° (294,9° Ч).

151. Магниттик түндүк багыты боюнча багыт алуу мүмкүн эмес деп тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган жогорку кеңдиктердеги райондордо башка ылайыктуу багыт катары, башкача айтканда, чыныгы түндүк багыты же координаттык тордун түндүк багыты колдонулууга тийиш.

152. Пеленгдер, багыт сызыктары же радиалдар чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытына багыт алуу менен берилген учурларда, бул картада так көрсөтүлүүгө тийиш. Шарттуу меридиандын түндүк багыты колдонулган учурда, негизги шарттуу меридиан көрсөтүлөт.

§ 9. Аэронавигациялык маалыматтар

153. Эл аралык жарандык авиация тарабынан пайдаланылуучу, аспаптар боюнча конууга жакындашууну жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон бардык аэродромдор көрсөтүлөт.

Эскертүү. Башка аэродромдорду да көрсөтүүгө болот.

154. Ушул аба мейкиндигинин катмарына тиешелүү тыюу салынган аймактар, учууга чектөө коюлган аймактар жана коркунучтуу аймактар алардын вертикалдык чек аралары көрсөтүлүү менен түшүрүлөт жана белгиленет.

155. Зарылдыгына жараша картада белгиленген аба кыймылын тейлөө тутумунун компоненттери белгиленет. Мындай компоненттер төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) аба кыймылын тейлөө тутуму менен байланышкан радионавигациялык каражаттарды — алардын аталыштарын, белгиленишин, жыштыктарын жана градустардагы, минуттардагы жана секунддардагы географиялык координаттарын көрсөтүү менен;

б) DМЕге карата — кошумча DМЕ берүүчү антеннасынын деңгээлден жогору бийиктигин 30 мге (100 фут) чейинки тактык менен;

в) каптал жана вертикалдык чек араларын жана аба мейкиндигинин тиешелүү классын кошо алганда, бардык белгиленген аба мейкиндигин көрсөтүүнү;

г) каттам боюнча учуу үчүн бардык АКТ каттамдарын, анын ичинде каттам индекстерин, талап кылынган навигациялык мүнөздөмөлөрдүн (RNP) типтерин, каттамдардын ар бир тилкесин бойлой эки багыттагы жол бурчун жакынкы градуска чейинки тактык менен жана, киргизилген жерлерде, каалагандай чектөөлөрдү жана аба кыймылынын агымынын багытын кошо алганда, навигациялык спецификациянын (спецификациялардын) белгиленишин.

Эскертүү. Карталарды түзүүнү жеңилдетүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон каттам боюнча учууну жарыялоо үчүн АКТ каттамдарын уюштуруу боюнча нускамалык материал Аэронавигациялык маалымат кызматтары боюнча колдонмодо (Doc 8126) камтылган;

д) радионавигациялык каражаттын турган жери боюнча белгиленбеген жана АКТ каттамдарын аныктоочу бардык негизги чекиттерди — алардын коддук аталыштарын жана градустардагы, минуттардагы жана секунддардагы географиялык координаттарын көрсөтүү менен;

е) VОR/DМЕ аймактык навигация каттамдарын аныктоочу каттам чекиттерине карата, кошумча:

1) таяныч VОR/DМЕнин турган жеринин белгиленишин жана радиожыштыгын;

2) эгерде каттам чекити анын турган жери менен дал келбесе, таяныч VОR/DМЕден 0,1º чейинки тактык менен пеленгди жана 0,2 кмге (0,1 деңиз мили) чейинки тактык менен аралыкты;

ж) милдеттүү түрдө жана «сурам боюнча» кабарлоо берүү үчүн бардык контролдук пункттарды жана ОВД/МЕТ контролдук пункттарын көрсөтүүнү;

з) бурулуш же контролдук пункттар болуп саналган негизги чекиттердин ортосундагы аралыктарды жакынкы километрге же деңиз милине чейинки тактык менен.

Эскертүү. Картада радионавигациялык каражаттардын ортосундагы жалпы аралыктар көрсөтүлөт;

и) радиомаяктар ортосундагы аралыктарды жакынкы километрге же деңиз милине чейинки тактык менен көрсөтүү менен, бардык тарапка багытталган УКТО радиомаяктарынын жардамы менен аныкталуучу каттам тилкелеринде которулуу чекиттерин.

Эскертүү. Эгерде картада эки навигациялык каражаттын ортосундагы ортоңку чекитте же ушул каражаттардын ортосунда каттамдын багыты өзгөргөндө эки радиалдын кесилишинде белгиленген которулуу чекиттеринин бар экендиги жөнүндө жалпы көрсөтмө болсо, аларды каттамдын ар бир тилкеси үчүн белгилөө милдеттүү эмес;

к) АКТ каттамдарында каттам боюнча учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиктерин жана тоскоолдуктардан өтүүнүн минималдуу абсолюттук бийиктиктерин чоңураак мааниге чейин тегеректөө менен жакынкы 50 мге же 100 футка чейинки тактык менен (КРАЭ-11ди караңыз);

л) байланыш каражаттарын — алардын каналдарын/жыштыктарын жана, зарыл болгон учурда, туташуу дарегин жана үн коштолгон спутниктик байланыш тутумундагы (SATVOICE) номерин көрсөтүү менен;

м) АӨК (ADIZ) опознаниелоо зонасын тиешелүү түрдө белгилөөнү.

Эскертүү. ADIZ процедураларынын сүрөттөлүшү картанын шарттуу белгилерине киргизилиши мүмкүн.

156. Эгерде алар райондун картасында, аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу картасында (SID) (ИКАО) же аспаптар боюнча стандарттуу учуп келүү картасында (STAR) (ИКАО) көрсөтүлбөсө, аэродром райондорунда учуп чыгуу жана учуп келүү каттамдарынын жана тиешелүү күтүү схемаларынын элементтери көрсөтүлөт.

1-эскертүү. Бул карталарга карата талаптар 7, 8 жана 9-главаларда камтылган. 2-эскертүү. Учуп чыгуу каттамдары, эреже катары, УКТнын аягында башталат; учуп келүү каттамдары, эреже катары, аспаптар боюнча конууга жакындашуу башталган чекитте аяктайт.

## 7-Бөлүм. Райондук карта (ИКАО)

§ 1. Максаты

157. Бул картада учуу экипажына төмөнкү этаптарда аспаптар боюнча учууну аткарууга жардам берүүчү маалымат камтылат:

а) каттам боюнча учуудан аэродромго конууга жакындашуу этабына өтүү;

б) учуп чыгуу/экинчи айлампага кетүү этабынан каттам боюнча учууга өтүү;

в) Аба кыймылын тейлөө каттамдары же аба мейкиндигинин түзүмү татаал болгон райондордогу учуулар.

Эскертүү. Ушул параграфта баяндалган максаттар үчүн өзүнчө карта же каттам картасындагы (ИКАО) ички карта (вставка) колдонулушу мүмкүн.

§ 2. Болушу

158. Райондун картасы (ИКАО) аба кыймылын тейлөө каттамдары же турган жери жөнүндө билдирүүлөргө карата талаптар татаал болуп, каттам картасында (ИКАО) тийиштүү түрдө көрсөтүлө албаган учурларда, 7-пункттун жоболоруна ылайык берилет.

159. Келип жаткан жана учуп жаткан аба кемелери үчүн ар кандай АКТ каттамдары жана аба кемесинин турган жери жөнүндө билдирүүгө карата талаптар белгиленип, аларды бир картада жетишээрлик так чагылдыруу мүмкүн болбогон учурларда, өзүнчө карталар каралат.

Эскертүү. Белгилүү бир шарттарда аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу картасын (SID) (ИКАО) жана аспаптар боюнча стандарттуу учуп келүү картасын (STAR) (ИКАО) берүү талап кылынышы мүмкүн (8 жана 9-главаларды караңыз).

§ 3. Картага түшүрүлүүчү район жана масштаб

160. Ар бир картада чагылдырылуучу район учуп чыгуу жана учуп келүү каттамдарын так аныктоочу чекиттерди камтыйт.

161. Бул карта сызыктуу масштабды көрсөтүү менен масштабда түзүлөт.

§ 4. Проекция

162. Түз сызык болжол менен ортодромияга шайкеш келген бирдей бурчтук проекция колдонулат.

163. Параллелдер жана меридиандар тиешелүү интервалдар менен түшүрүлөт.

164. Градуировкалык штрихтер ички алкактын сызыктарын бойлой туруктуу интервалдар менен түшүрүлөт.

§ 5. Белгилөөлөр

165. Ар бир картада чагылдырылуучу аба мейкиндигинин аталышы көрсөтүлөт.

Эскертүү. Аба кыймылын тейлөө борборунун аталышы, картага түшүрүлүүчү райондо жайгашкан эң ири шаардын же калктуу конуштун аталышы же аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын аталышы көрсөтүлөт. Эгерде шаарды же калктуу конушту бир нече аэродром тейлесе, учуу схемалары негизделип белгиленген аэродромдун аталышы да көрсөтүлөт.

§ 6. Техногендик чөйрө жана топография

166. Эгерде картанын багытына мүнөздүүрөөк болгон башка маалыматты түшүнүүнү татаалдаштырбаса, картага бардык ачык суу мейкиндиктеринин, ири көлдөрдүн жана дарыялардын жээк сызыктарынын жалпы контурлары түшүрүлөт.

167. Эксплуатациялоо көз карашынан алганда маанилүү болгон рельефтин өзгөчөлүктөрү бар райондордо кырдаалдан кабардарлуулукту жогорулатуу үчүн, негизги аэродромдун деңгээлинен жогору бийиктиги 300 мден (1000 фут) ашкан рельефтин бардык элементтери, алардын маанилерин көрсөтүү жана күрөң түстөгү тоналдык гипсометрияны пайдалануу менен жылмаланган горизонтальдар аркылуу чагылдырылат. Жогорку горизонталь менен курчалган ар бир райондун чегиндеги максималдуу деңгээлден жогору бийиктикти кошо алганда, тиешелүү бийиктик белгилери кара түстө көрсөтүлөт. Мындан тышкары, тоскоолдуктар да көрсөтүлүшү керек.

1-эскертүү. Тоналдык гипсометрияны пайдаланууну баштоо үчүн, негизги аэродромдун деңгээлинен жогору бийиктиги 300 м болгон (1000 фут) рельефтин элементтерин белгилеген, негизги топографиялык карталарга түшүрүлгөн, чоңураак маанидеги кийинки алгылыктуу горизонталь тандалат. 2-эскертүү. Жарым тоналдык гипсометрия негизделиши керек болгон күрөң түстүн тиешелүү реңки 3-тиркемеде («Горизонтальдар жана топографиялык элементтер үчүн түстөрдүн шкаласы») көрсөтүлгөн. 3-эскертүү. Тиешелүү бийиктик белгилери жана тоскоолдуктар жөнүндө маалымат схемаларды түзүү боюнча адистер тарабынан берилет.

§ 7. Магниттик кыйшайуу

168. Картага түшүрүлгөн райондун орточо магниттик агуусу жакынкы градуска чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

§ 8. Пеленгдер, багыт сызыктары жана радиалдар

169. 170-пунктта каралган учурларды кошпогондо, картада магниттик пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар белгиленет. PBN тилкелери үчүн пеленгдердин жана жол сызыктарынын чыныгы маанилери кошумча келтирилген учурда, алар 0,1° чейинки тактык менен кашаада көрсөтүлөт, мисалы: 290° (294,9°Т).

170. Магниттик түндүк боюнча багыттоо мүмкүн эместиги тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген жогорку кеңдиктердеги райондордо башка ылайыктуу ориентирди, б.а. чыныгы түндүктү же координаттар торчосу боюнча түндүк багытты пайдалануу керек.

171. Пеленгдер, жол сызыктары же радиалдар чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытына карата багыттоо менен келтирилген учурларда, бул картада так көрсөтүлөт. Шарттуу меридиандын түндүк багыты колдонулган учурда таяныч шарттуу меридиан келтирилет.

§ 9. Аэронавигациялык маалыматтар

172. Ушул аэродромдун районундагы каттамдар тутумуна таасир этүүчү бардык аэродромдор көрсөтүлөт. Зарылдыгына жараша УКТнын жайгашуу индекси белгиленет.

173. Тыюу салынган аймактар, учууга чектөө коюлган аймактар жана коркунучтуу аймактар алардын белгилениши жана вертикалдык чек аралары көрсөтүлүү менен түшүрүлөт.

174. Аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиктери параллелдер жана меридиандар менен түзүлгөн квадраттардын чегинде көрсөтүлөт.

1-эскертүү. Параллелдер жана меридиандар менен түзүлгөн төрт бурчтуктар, эреже катары, кеңдиктин жана узундуктун бүтүн градусуна шайкеш келет. Колдонулган картанын масштабына карабастан, зонадагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги тиешелүү төрт бурчтукка таандык болот. 2-эскертүү. Аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктигин аныктоо ыкмасы «Аба кемелеринин учууларын жүзөгө ашыруу» Аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 2-бөлүмүнүн 1-главасынын 1.8-пунктунда баяндалган.

175. Картада тиешелүү белгиленген аба кыймылын тейлөө тутумунун компоненттери көрсөтүлөт. Мындай компоненттер төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) аба кыймылын тейлөө тутуму менен байланышкан радионавигациялык каражаттарды — алардын аталыштарын, белгиленишин, жыштыктарын жана градустардагы, минуттардагы жана секунддардагы географиялык координаттарын көрсөтүү менен;

б) DМЕге карата — кошумча DМЕ берүүчү антеннасынын деңгээлден жогору бийиктигин 30 мге (100 фут) чейинки тактык менен;

в) учуп чыгуу, учуп келүү жана күтүү аймагында учуу үчүн зарыл болгон аэродромдук радиокаражаттарды;

г) бардык белгиленген аба мейкиндигинин каптал жана вертикалдык чек араларын жана аба мейкиндигинин тиешелүү классын;

д) эгерде белгиленген болсо, каалагандай чектөөлөрдү кошо алганда, навигациялык спецификациянын (спецификациялардын) белгиленишин;

е) аэродром районунда күтүү схемаларын жана каттамдарды — каттам индекстери менен, ошондой эле белгиленген аба трассаларынын жана аэродром районундагы каттамдардын ар бир тилкесин бойлой жол бурчун жакынкы градуска чейинки тактык менен;

ж) аэродром районундагы каттамдарды аныктоочу жана радионавигациялык каражаттын турган жери боюнча белгиленбеген бардык негизги чекиттерди — алардын коддук аталыштарын жана градустардагы, минуттардагы жана секунддардагы географиялык координаттарын көрсөтүү менен;

з) VОR/DМЕ зоналык навигация каттамдарын аныктоочу каттам чекиттерине карата, кошумча:

1) таяныч VОR/DМЕнин турган жеринин белгиленишин жана радиожыштыгын;

2) эгерде каттам чекити анын турган жери менен дал келбесе, таяныч VОR/DМЕден 0,1º чейинки тактык менен пеленгди жана 0,2 кмге (0,1 деңиз мили) чейинки тактык менен аралыкты;

и) милдеттүү түрдө жана «сурам боюнча» кабарлоо берүү үчүн бардык контролдук пункттарды көрсөтүүнү;

к) бурулуш же контролдук пункттар болуп саналган негизги чекиттердин ортосундагы аралыктарды жакынкы километрге же деңиз милине чейинки тактык менен.

Эскертүү. Картада радионавигациялык каражаттардын ортосундагы жалпы аралыктар көрсөтүлөт;

л) радиомаяктар ортосундагы аралыктарды жакынкы километрге же деңиз милине чейинки тактык менен көрсөтүү менен, бардык тарапка багытталган УКТО радиомаяктарынын жардамы менен аныкталуучу каттам тилкелеринде которулуу чекиттерин.

Эскертүү. Эгерде картада эки навигациялык каражаттын ортосундагы ортоңку чекитте же ушул каражаттардын ортосунда каттамдын багыты өзгөргөндө эки радиалдын кесилишинде белгиленген которулуу чекиттеринин бар экендиги жөнүндө жалпы көрсөтмө болсо, аларды каттамдын ар бир тилкеси үчүн белгилөө милдеттүү эмес;

м) АКТ каттамдарында каттам боюнча учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиктерин жана тоскоолдуктардан өтүүнүн минималдуу абсолюттук бийиктиктерин чоңураак мааниге чейин тегеректөө менен жакынкы 50 мге же 100 футка чейинки тактык менен (АПКР-11ди караңыз);

н) чоңураак мааниге чейин тегеректөө менен жакынкы 50 мге же 100 футка чейинки тактык менен так белгиленген, векторациялоонун белгиленген минималдуу абсолюттук бийиктиктерин.

1-эскертүү. Эгерде жарыяланган стандарттуу учуп чыгуу же учуп келүү каттамынын негизги чекиттерине же алардан багыттоо үчүн, же болбосо сектордогу минималдуу абсолюттук бийиктиктен төмөн төмөндөөгө диспетчердик уруксат берүү үчүн АКТ байкоо жүргүзүү тутумдары колдонулса, эгерде бул картанын ашыкча каныгуусуна алып келбесе, тиешелүү схемалар райондун картасында (ИКАО) көрсөтүлүшү мүмкүн. 2-эскертүү. Карта ашыкча каныккан учурда АКТ минималдуу абсолюттук бийиктиктердин серептик картасы (ИКАО) берилиши мүмкүн (17-главаны караңыз); бул учурда 175 м) пунктунда көрсөтүлгөн элементтер райондун картасында (ИКАО) кайталанбашы керек;

о) эгерде белгиленген болсо, зонадагы ылдамдык жана деңгээл/абсолюттук бийиктик боюнча чектөөлөрдү;

п) байланыш каражаттарын — алардын каналдарын/жыштыктарын жана, зарыл болгон учурда, туташуу дарегин жана SATVOICE номерин көрсөтүү менен;

р) «флайовер» негизги чекиттерин көрсөтүүнү.

8 Бөлүм. Аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу картасы (SID) (ИКАО)

§ 1. Максаты

176. Бул карта учуу экипажын учуп чыгуу этабынан баштап каттам боюнча учуу этабына чейин белгиленген аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу каттамынын жоболорун аткарууга мүмкүнчүлүк берүүчү маалымат менен камсыз кылат.

1-эскертүү. Стандарттуу учуп чыгуу каттамдарынын белгиленишин аныктоочу жоболор КРАЭ-11де келтирилген; мындай каттамдарды белгилөөгө байланыштуу нускамалык материал Аба кыймылын тейлөөнү пландаштыруу боюнча колдонмодо (Doc 9426) камтылган. 2-эскертүү. Тоскоолдуктардан өтүү бийиктигинин критерийлерин аныктоочу жоболор, ошондой эле жарыяланууга тийиш болгон минималдуу маалыматтын кеңири сүрөттөлүшү «Аба кемелеринин учууларын жүзөгө ашыруу» Аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун II бөлүгүндө камтылган.

§ 2. Болушу

177. Аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу картасы (SID) (ИКАО) аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу каттамы белгиленген жана аны райондун картасында (ИКАО) жетишээрлик так көрсөтүү мүмкүн болбогон бардык учурларда берилет.

§ 3. Картага түшүрүлүүчү район жана масштаб

178. Картага түшүрүлүүчү район учуп чыгуу каттамы баштала турган чекитти жана белгиленген АКТ каттамын бойлой каттам боюнча учуу этабы башталышы мүмкүн болгон эскертилген негизги чекитти көрсөтүү үчүн жетиштүү болуп саналат.

Эскертүү. Учуп чыгуу каттамы, эреже катары, УКТнын аягында башталат. Карта масштабда аткарылуусу керек.

180. Эгерде карта масштабда аткарылса, графикалык масштаб көрсөтүлөт.

181. Эгерде карта масштабда аткарылбаса, «МАСШТАБДА ЭМЕС» деген эскертүү жана масштабда көрсөтүү үчүн өтө чоң өлчөмдөргө ээ болгон жол сызыктарында же картанын башка деталдарында масштабдын жоктугун билдирүүчү шарттуу белги келтирилет.

§ 4. Проекция

182. Картаны түз сызык болжол менен ортодромияга шайкеш келген бирдей бурчтук проекцияда түзүү керек.

183. Карта масштабда аткарылган учурларда параллелдерди жана меридиандарды картага алгылыктуу интервалдар менен түшүрүү керек.

184. Градуировкалык штрихтер ички алкактын сызыктарын бойлой тиешелүү жерлерде туруктуу интервалдар менен түшүрүлөт.

§ 5. Белгилөөлөр

185. Картада ушул аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын, калктуу конуштун же райондун аталышы, аэродромдун аталышы жана «Аба кемелеринин учууларын жүзөгө ашыруу» Аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 3-бөлүмүнүн 5-главасынын талаптарына ылайык аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу каттамынын (каттамдарынын) белгилениши көрсөтүлөт.

Эскертүү. Аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу каттамынын (каттамдарынын) белгилениши схемаларды иштеп чыгуу боюнча адис тарабынан берилет.

§ 6. Техногендик чөйрө жана топография

186. Эгерде карта масштабда аткарылса, эгерде картанын багытына мүнөздүүрөөк болгон башка маалыматты түшүнүүнү татаалдаштырбаса, ага бардык ачык суу мейкиндиктеринин, ири көлдөрдүн жана дарыялардын жээк сызыктарынын жалпы контурлары түшүрүлөт.

187. Эксплуатациялоо көз карашынан алганда маанилүү болгон рельефтин өзгөчөлүктөрү бар райондордо кырдаалдан кабардарлуулукту жогорулатуу үчүн карта масштабда аткарылышы керек, ал эми аэродромдун деңгээлинен жогору бийиктиги 300 мден (1000 фут) ашкан рельефтин бардык элементтерин алардын маанилерин көрсөтүү жана күрөң түстөгү тоналдык гипсометрияны пайдалануу менен жылмаланган горизонтальдар аркылуу чагылдыруу керек.

Жогорку горизонталь менен курчалган ар бир райондун чегиндеги максималдуу деңгээлден жогору бийиктикти кошо алганда, тиешелүү бийиктик белгилерин кара түстө көрсөтүү керек. Мындан тышкары, тоскоолдуктарды да көрсөтүү керек. 1-эскертүү. Тоналдык гипсометрияны пайдаланууну баштоо үчүн аэродромдун деңгээлинен жогору бийиктиги 300 м болгон (1000 фут) рельефтин элементтерин белгилеген, негизги топографиялык карталарга түшүрүлгөн, чоңураак маанидеги кийинки алгылыктуу горизонталь тандалышы мүмкүн. 2-эскертүү. Жарым тоналдык гипсометрия негизделиши керек болгон күрөң түстүн тиешелүү реңки 3-тиркемеде («Горизонтальдар жана топографиялык элементтер үчүн түстөрдүн шкаласы») көрсөтүлгөн. 3-эскертүү. Тиешелүү бийиктик белгилери жана тоскоолдуктар жөнүндө маалымат карталарды түзүү боюнча адистер тарабынан берилет.

§ 7. Магниттик кыйшайуу

188. Картада магниттик пеленгдерди, жол сызыктарын жана радиалдарды аныктоодо пайдаланылуучу магниттик агуу жакынкы градуска чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

§ 8. Пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар

189. 190-пунктта каралган учурларды кошпогондо, пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар магниттик болуп саналат. PBN тилкелери үчүн пеленгдердин жана жол сызыктарынын чыныгы маанилери кошумча келтирилген учурда, алар 0,1° чейинки тактык менен кашаада көрсөтүлөт, мисалы: 290° (294,9°Т).

Эскертүү. Бул максат үчүн картада эскертүү келтирилиши мүмкүн.

190. Магниттик меридиандын түндүк багыты боюнча багыттоо мүмкүн эместиги тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген жогорку кеңдиктердеги райондордо башка ылайыктуу ориентирди, мисалы, чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытын пайдалануу керек.

191. Пеленгдер, жол сызыктары же радиалдар чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытына карата багыттоо менен келтирилген учурларда, бул картада так көрсөтүлөт. Шарттуу меридиандын түндүк багыты колдонулган учурда таяныч шарттуу меридиан келтирилет.

§ 9. Аэронавигациялык маалыматтар

192. Учуп чыгуу аэродрому УКТнын жайгашуу схемасынын сүрөттөлүшү менен белгиленет.

193. Белгиленген аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу каттамына таасир этүүчү бардык аэродромдор көрсөтүлөт же белгиленет. Зарыл болгон учурда, аэродромдогу УКТнын жайгашуусу көрсөтүлөт.

194. Учуу схемаларын аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тыюу салынган зоналар, учууга чектөө коюлган зоналар же коркунучтуу зоналар өздөрүнүн белгилениши жана вертикалдык чек аралары менен көрсөтүлөт.

195. Картага ал тиешелүү болгон секторду так көрсөтүү менен, сектордогу белгиленген минималдуу абсолюттук бийиктик түшүрүлөт.

196. Эгерде сектордогу минималдуу абсолюттук бийиктик белгиленбесе, карта масштабда аткарылат жана зонадагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиктери параллелдер жана меридиандар менен түзүлгөн квадраттардын чегинде көрсөтүлөт. Зонадагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиктери минималдуу абсолюттук бийиктик белгиленген сектор камтыбаган картанын бөлүктөрүндө да көрсөтүлөт.

1-эскертүү. Параллелдер жана меридиандар менен түзүлгөн төрт бурчтуктар, эреже катары, кеңдиктин жана узундуктун жарым градусуна шайкеш келет. Колдонулган картанын масштабына карабастан, зонадагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги тиешелүү төрт бурчтукка таандык болот. 2-эскертүү. Аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктигин аныктоо ыкмасы «Аба кемелеринин учууларын жүзөгө ашыруу» Аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 2-бөлүмүнүн 1-бөлүмүнүн 1.8-пунктунда баяндалган.

197. Картада тиешелүү белгиленген АКТ тутумунун компоненттери көрсөтүлөт. Мындай компоненттер төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) ар бир аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу каттамынын графикалык сүрөттөлүшүн, анын ичинде:

1) атайын тик учактар үчүн иштелип чыккан учуп чыгуу схемалары үчүн «кат. H» белгилениши учуп чыгуу картасынын горизонталдык проекциясына түшүрүлөт;

10. каттам индексин;

11. каттамды аныктоочу негизги чекиттерди;

4) каттамдын ар бир тилкесин бойлой жол сызыгын же радиалды жакынкы градуска чейинки тактык менен;

5) негизги чекиттердин ортосундагы аралыкты жакынкы километрге же деңиз милине чейинки тактык менен;

6) чоңураак мааниге чейин тегеректөө менен жакынкы 50 мге же 100 футка чейинки тактык менен каттамдагы же каттамдын тилкелериндеги тоскоолдуктардан өтүүнүн минималдуу абсолюттук бийиктиктерин жана схемада каралган абсолюттук бийиктиктерди, эгерде алар белгиленген болсо, учуу эшелондоруна карата чектөөлөрдү;

7) эгерде карта масштабда аткарылса жана учуп чыгууда радиолокациялык багыттоо камсыз кылынса, чоңураак мааниге чейин тегеректөө менен жакынкы 50 мге же 100 футка чейинки тактык менен так белгиленген, векторациялоонун белгиленген минималдуу абсолюттук бийиктиктерин.

1-эскертүү. Эгерде жарыяланган стандарттуу учуп чыгуу каттамынын негизги чекиттерине же алардан аба кемесин багыттоо үчүн АКТ байкоо жүргүзүү тутумдары колдонулса, эгерде бул картанын ашыкча каныгуусуна алып келбесе, тиешелүү схемалар аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу картасында (SID) (ИКАО) көрсөтүлүшү мүмкүн. 2-эскертүү. Карта ашыкча каныккан учурда АКТ минималдуу абсолюттук бийиктиктердин серептик картасы (ИКАО) берилиши мүмкүн (17-главаны караңыз); бул учурда 197-пункттун а) 6) подпунктунда көрсөтүлгөн элементтер аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу картасында (SID) (ИКАО) кайталанбашы керек;

б) каттам(дар) менен байланышкан радионавигациялык каражатты (каражаттарды), анын ичинде:

1) эгерде радионавигациялык каражат кадимки навигация үчүн пайдаланылса:

- ачык тексттеги аталышын;

- белгиленишин;

- Морзе кодун;

- жыштыгын;

- градустардагы, минуттардагы жана секунддардагы географиялык координаттарын;

- DМЕ үчүн, каналды жана DМЕ берүүчү антеннасынын деңгээлден жогору бийиктигин 30 мге (100 фут) чейинки тактык менен;

2) эгерде радионавигациялык каражат зоналык навигация үчүн негизги чекит катары пайдаланылса:

- ачык тексттеги аталышын;

- белгиленишин;

в) радионавигациялык каражаттын турган жери боюнча белгиленбеген негизги чекиттерди, анын ичинде:

12. эгерде негизги чекит кадимки навигация үчүн пайдаланылса:

· коддук аталышын;

- градустардагы, минуттардагы жана секунддардагы географиялык координаттарын;

- таяныч радионавигациялык каражатынан 0,1º чейинки тактык менен пеленгди;

- таяныч радионавигациялык каражатынан 0,2 кмге (0,1 деңиз мили) чейинки тактык менен аралыкты;

- таяныч радионавигациялык каражатынын белгиленишин;

· эгерде негизги чекит зоналык навигация үчүн пайдаланылса:

· коддук аталышын;

г)күтүү аймагында колдонулуучу учуу схемаларын;

д) чоңураак мааниге чейин тегеректөө менен жакынкы 300 мге же 1000 футка чейинки тактык менен өтүү абсолюттук/салыштырмалуу бийиктигин;

е) тоскоолдуктарды белгилөө беттеринен (OIS) ашып чыккан, жакын жайгашкан тоскоолдуктардын турган жерин жана салыштырмалуу бийиктигин. Жарыяланган схеманын градиентин эсептөөдө эске алынбаган, OISтен ашып чыккан жакын жайгашкан тоскоолдуктар болгон учурда тиешелүү эскертүү берилет.

Эскертүү. PANS-OPS II томунун жоболоруна ылайык, жакын жайгашкан тоскоолдуктар жөнүндө маалымат схемаларды түзүү боюнча адистер тарабынан берилет;

ж) эгерде белгиленген болсо, зонадагы ылдамдык боюнча чектөөлөрдү;

з) PBN бар схемалар болгон учурда — PBN талаптары жөнүндө маалымат камтылган алкакты.

Эскертүү. PBN талаптары жөнүндө маалымат камтылган алкак тууралуу маалымат «Аба кемелеринин учууларын жүзөгө ашыруу» Аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун III бөлүгүнүн 5-бөлүмүндө келтирилген;

и) милдеттүү түрдө жана «сурам боюнча» кабарлоо берүү үчүн бардык контролдук пункттарды;

к) радиобайланыш эрежелерин, анын ичинде:

1) АКТ органынын (органдарынын) чакыруу сигналын (сигналдарын),

2) жыштыгын жана, эгерде колдонулса, SATVOICE номерин,

· зарыл болгон учурда, жооп бергичтердин маалыматтарын киргизүүнү;

л) «флайовер» негизги чекиттерин көрсөтүүнү.

198. Аспаптар боюнча стандарттуу учуп чыгуу каттамынын (SID) тексттик сүрөттөлүшү жана байланыш бузулган учурда колдонулуучу тиешелүү эрежелер камсыз кылынышы керек жана мүмкүн болушунча алар картада же карта келтирилген баракта көрсөтүлүшү керек.

199. Навигациялык маалымат базасын кодировкалоону камсыз кылуучу тиешелүү маалыматтар «Аба кемелеринин учууларын жүзөгө ашыруу» Аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун III бөлүгүнүн 5-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык картанын арка бетинде же тиешелүү шилтемелер менен өзүнчө баракта жарыяланат.

Эскертүү. Тиешелүү маалыматтар схемалар боюнча адис тарабынан берилет.

## 9-Бөлүм. Аспаптар боюнча стандарттык учуп келүү картасы (STAR) (ИКАО)

§ 1. Максаты

200. Бул карта учуу экипажын каттам боюнча учуу этабынан тартып конууга кирүү этабына чейин белгиленген стандарттык аспаптык учуп келүү каттамынын жоболорун аткарууга мүмкүнчүлүк берүүчү маалымат менен камсыздайт.

1-эскертүү. Стандарттык аспаптык учуп келүү каттамдары өзүнө "төмөндөөнүн стандарттык профилдерин", "үзгүлтүксүз төмөндөө режиминде конууга кирүүнү" жана башка стандарттык эмес сүрөттөмөлөрдү камтыйт деп түшүнүлөт. Төмөндөөнүн стандарттык профили болгон учурда туурасынан кесилишинин сүрөттөлүшү талап кылынбайт. 2-эскертүү. Стандарттык учуп келүү стандарттарынын белгиленишин аныктоочу шарттар КРАЭ-11де (Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде) келтирилген; мындай каттамдарды белгилөөгө тиешелүү нускамалык материал Аба кыймылын тейлөөнү пландаштыруу боюнча колдонмодо (Doc 9426) келтирилген.

§ 2. Болушу

201. Аспаптар боюнча стандарттык учуп келүү картасы (STAR) (ИКАО) стандарттык аспаптык учуп келүү каттамы белгиленген жана аны аймак картасында (ИКАО) жетиштүү айкын көрсөтүү мүмкүн болбогон бардык учурларда берилет.

§ 3. Картографиялык аймак жана масштаб

202. Картага түшүрүлүүчү аймак каттам боюнча учуу этабы аяктаган жана конууга кирүү этабы башталган чекиттерди көрсөтүү үчүн жетиштүү болуп саналат.

203. Карта масштабда аткарылууга тийиш.

204. Эгерде карта масштабда аткарылган болсо, графикалык масштаб көрсөтүлөт.

205. Эгерде карта масштабда аткарылбаса, «МАШШТАБДА ЭМЕС» деген эскертүү жана масштабда көрсөтүү үчүн өтө чоң өлчөмдөргө ээ болгон жол сызыктарында (каттамдык сызыктарда) жана картанын башка деталдарында масштабдын жоктугунун шарттуу белгиси келтирилет.

§ 4. Проекция

206. Картаны тең бурчтуу проекцияда түзүү керек, мында түз сызык болжол менен ортодромияга туура келет.

207. Карта масштабда аткарылган учурларда, параллелдерди жана меридиандарды картага алгылыктуу интервалдар менен түшүрүү керек.

208. Градуировкалык штрихтер ички рамканын сызыктарын бойлото тийиштүү жерлерде туруктуу интервалдар менен түшүрүлөт.

§ 5. Белгилөөлөр

209. Картада ушул аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын, калктуу конуштун же аймактын аталышы, аэродромдун аталышы жана «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 4-бөлүмүнүн 2-главасынын талаптарына ылайык стандарттык аспаптык учуп келүү каттамынын (каттамдарынын) белгилениши (белгилеништери) көрсөтүлөт.

Эскертүү. Стандарттык аспаптык учуп келүү каттамынын (каттамдарынын) белгилениши (белгилеништери) схемаларды иштеп чыгуу боюнча адис тарабынан берилет.

§ 6. Техногендик чөйрө жана топография

210. Эгерде карта масштабда аткарылган болсо, анда бардык ачык суу мейкиндиктеринин, ири көлдөрдүн жана дарыялардын жээк сызыктарынын жалпы контурлары, эгерде алар картанын багытына мүнөздүү болгон башка маалыматты түшүнүүнү кыйындатпаса, ага түшүрүлөт.

211. Пайдалануу (эксплуатациялоо) көз карашынан алганда рельефтин маанилүү өзгөчөлүктөрү бар аймактардагы кырдаал тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу үчүн карта масштабда аткарылууга тийиш, ал эми аэродромдун превышениесинен (бийиктигинен) 300 м (1000 фут) жогору болгон рельефтин бардык элементтери алардын маанилерин көрсөтүү менен жана күрөң түстөгү тоналдык гипсометрияны пайдалануу аркылуу жылмаланган горизонтальдар менен сүрөттөлүшү керек. Тиешелүү бийиктик белгилери, анын ичинде жогорку горизонталь менен чектелген ар бир аймактын чегиндеги максималдуу аша чабуусу (превышение) кара түстө көрсөтүлүшү керек. Мындан тышкары, тоскоолдуктар да көрсөтүлүшү тийиш.

1-эскертүү. Тоналдык гипсометрияны колдонууну баштоо үчүн негизги топографиялык карталарга түшүрүлгөн, аэродромдун аша чабуусу (превышениесинен) 300 м (1000 фут) жогору болгон рельефтин элементтерин белгилеген чоңураак маанидеги алгылыктуу кийинки горизонталь тандалып алынышы мүмкүн. 2-эскертүү. Жарым тондук гипсометрия негизделүүгө тийиш болгон күрөң түстүн тиешелүү өңү 3-тиркемеде — «Горизонталдар жана топографиялык элементтер үчүн түстөрдүн шкаласында» көрсөтүлгөн. 3-эскертүү. Тиешелүү бийиктик белгилери жана тоскоолдуктар жөнүндө маалымат карталарды түзүү боюнча адистер тарабынан берилет.

§ 7. Магниттик кыйшаюу

212. Картада магниттик пеленгдерди, жол сызыктарын жана радиалдарды аныктоодо колдонулуучу магниттик кыйшаюу (склонение) эң жакын градуска чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

§ 8. Пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар

213. 214-пунктта каралган учурларды кошпогондо, пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар магниттик болуп саналат. Эгерде PBN тилкелери үчүн пеленгдердин жана жол сызыктарынын чыныгы маанилери кошумча берилсе, алар кашаанын ичинде 0,1° чейинки тактык менен көрсөтүлөт, мисалы 290° (294,9°Т).

Эскертүү. Бул максат үчүн картада эскертүү келтирилиши мүмкүн.

214. Жогорку кеңдиктердеги аймактарда, тиешелүү ыйгарым укуктуу орган магниттик меридиандын түндүк багыты боюнча багыт алуу мүмкүн эмес деп аныктаган учурларда, башка ылайыктуу ориентирди, мисалы, чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытын пайдалануу керек.

215. Пеленгдер, жол сызыктары же радиалдар чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытына ориентирленүү менен берилген учурларда, бул картада айкын көрсөтүлөт. Шарттуу меридиандын түндүк багыты пайдаланылган учурда таяныч шарттуу меридиан келтирилет.

§ 9. Аэронавигациялык маалыматтар

216. Конуу аэродрому учуп-конуу тилкесинин (УКТ) жайгашуу схемасынын сүрөттөлүшү менен белгиленет.

217. Белгиленген стандарттык аспаптык учуп келүү каттамына таасир этүүчү бардык аэродромдор көрсөтүлөт же белгиленет. Зарылчылык болгон учурда, аэродромдогу УКТнын жайгашуусу көрсөтүлөт.

218. Учуу схемаларын аткарууга таасир этиши мүмкүн болгон тыюу салынган аймактар, учуулар чектелген аймактар же коркунучтуу аймактар өздөрүнүн белгилеништери жана вертикалдык чектери менен көрсөтүлөт.

219. Картага ал тиешелүү болгон секторду так көрсөтүү менен белгиленген сектордогу минималдуу абсолюттук бийиктик түшүрүлөт.

220. Эгерде сектордогу минималдуу абсолюттук бийиктик белгиленбесе, карта масштабда аткарылат жана аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиктери параллелдер жана меридиандар тарабынан түзүлгөн квадраттардын чегинде көрсөтүлөт. Аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиктери ошондой эле минималдуу абсолюттук бийиктик белгиленген сектор менен камтылбаган картанын бөлүктөрүндө да көрсөтүлөт.

1-эскертүү. Параллелдер жана меридиандар тарабынан түзүлгөн төрт бурчтуктар, эреже катары, кеңдик менен узундуктун жарым градусуна шайкеш келет. Колдонулган картанын масштабына карабастан, аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктиги тиешелүү төрт бурчтукка тиешелүү болот. 2-эскертүү. Аймактагы учуунун минималдуу абсолюттук бийиктигин аныктоо ыкмасы «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 2-бөлүмүнүн 1-главасынын 1.8-пунктунда сүрөттөлгөн.

221. Картада тиешелүү белгиленген АКТ (Аба кыймылын тейлөө) тутумунун компоненттери көрсөтүлөт. Мындай компоненттерге төмөнкүлөр кирет:

а) ар бир стандарттык аспаптык учуп келүү каттамынын графикалык сүрөттөлүшү, анын ичинде:

каттамдын индекси; каттамды аныктоочу негизги чекиттер;

3. каттамдын (каттамдардын) ар бир тилкесин бойлой эң жакын градуска чейинки тактык менен жол сызыгы же радиал;

4. негизги чекиттердин ортосундагы эң жакын километрге же деңиз милине чейинки тактык менен аралык;

5. каттамдагы же каттамдын тилкелериндеги тоскоолдуктардан өтүүнүн минималдуу абсолюттук бийиктиктери жана схемада каралган абсолюттук бийиктиктер чоңураак мааниге чейин тегеректөө менен эң жакын 50 м же 100 футка чейинки тактык менен, ошондой эле эгерде алар белгиленген болсо, учуу эшелондоруна карата чектөөлөр;

6. карта масштабда түзүлүп, келүү учурунда радиолокациялык жетектөө камсыз кылынса, векторлоштуруунун белгиленген минималдуу абсолюттук бийиктиктери жакынкы 50 м же 100 футка чейинки тактыкта, чоң мааниге чейин тегеректөө менен так көрсөтүлөт.

1-эскертүү. Эгерде аба кемесин жарыяланган стандарттык учуп келүү каттамынын негизги чекиттерине же алардан багыттоо үчүн АКТ байкоо тутумдары колдонулса, эгерде бул картанын ашыкча жүктөлүшүнө алып келбесе, тиешелүү схемалар стандарттык аспаптык учуп келүү картасында (STAR) (ИКАО) көрсөтүлүшү мүмкүн. 2-эскертүү. Карта ашыкча жүктөлгөн учурда АКБ (Аба кыймылын башкаруу) минималдуу абсолюттук бийиктиктеринин серептөө картасы (ИКАО) берилиши мүмкүн (17-главаны караңыз); бул учурда 221 а) 6) пунктунда көрсөтүлгөн элементтер стандарттык аспаптык учуп келүү картасында (STAR) (ИКАО) кайталанбоого тийиш;

б) каттам (каттамдар) менен байланышкан радионавигациялык каражат(тар), анын ичинде:

· эгерде радионавигациялык каражат адаттагы навигация үчүн колдонулса:

· ачык текст менен аталышы;

· белгилениши;

· Морзе коду;

· жыштыгы;

· градустарда, минуттарда жана секунддарда географиялык координаттар;

0. DME үчүн, каналы жана DME берүүчү антеннасынын превышениеси 30 м (100 фут) чейинки тактык менен;

2. эгерде радионавигациялык каражат зоналык навигация үчүн негизги чекит катары колдонулса:

- ачык текст менен аталышы;

- белгилениши;

в) радионавигациялык каражаттын жайгашкан жери боюнча белгиленбеген негизги чекиттер, анын ичинде:

1. эгерде негизги чекит адаттагы навигация үчүн колдонулса:

2. коддук аталышы;

3. градустарда, минуттарда жана секунддарда географиялык координаттар;

4. таяныч радионавигациялык каражаттан 0,1º чейинки тактык менен пеленг;

5. таяныч радионавигациялык каражаттан 0,2 км (0,1 д. миля) чейинки тактык менен аралык;

6. таяныч радионавигациялык каражаттын белгилениши;

эгерде негизги чекит аймактык навигация үчүн колдонулса:

7. коддук аталышы;

г) күтүү аймагында колдонулуучу учуу схемалары;

д) абсолюттук/салыштырмалуу өтүү бийиктигин 300 метрге же 1000 футка чейинки тактыкта, чоң мааниге чейин тегеректөө менен көрсөтүү;

е) эгерде алар белгиленген болсо, аймактагы ылдамдык боюнча чектөөлөр;

ж) PBN менен схемалар болгон учурда – талаптар жөнүндө маалымат камтылган алкак (рамка).

Эскертүү. PBN талаптары жөнүндө маалымат камтылган алкак (рамка) тууралуу маалыматтар «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун III бөлүгүнүн 5-бөлүмүндө келтирилген;

з) милдеттүү түрдө кабарлоону берүү үчүн бардык контролдук пункттар жана «суроо-талап боюнча» кабарлоолор;

и) радиобайланыш эрежелери, анын ичинде:

АКТ органын (гандарынын) чакыруу белгиси (белгилери), жыштык жана, эгерде колдонулса, SATVOICE номери, зарылчылык болгон учурда, кабыл алгыч-жооп бергичтердин маалыматтарын киргизүү;

к) «флайовер» негизги чекиттерин көрсөтүү;

л) атайын тик учактар үчүн иштелип чыккан аспаптык учуп келүү жана конууга кирүү схемалары үчүн «кат. H» белгилениши учуп келүү картасынын горизонтальдык проекциясына түшүрүлөт.

222. Стандарттык аспаптык учуп келүү каттамынын (STAR) тексттик сүрөттөлүшү жана радиобайланыш иштен чыккан учурда колдонулуучу тиешелүү эрежелер камсыз кылынышы керек жана мүмкүндүккө жараша алар картада же карта келтирилген ошол эле баракта көрсөтүлүүгө тийиш.

223. Навигациялык маалымат базасын кодификациялоону камсыз кылуучу тиешелүү маалыматтар «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун III бөлүгүнүн 5-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык картанын арткы бетинде же тиешелүү шилтемелер менен өзүнчө баракта жарыяланат.

Эскертүү. Тиешелүү маалыматтар схемалар боюнча адис тарабынан берилет.

10 Бөлүм. Аспаптар боюнча конууга кирүү картасы (ИКАО)

§ 1. Максаты

224. Мындай типтеги карта учуу экипаждарын дайындалган учуп-конуу тилкесине бекитилген аспаптык конууга кирүү схемасына ылайык учууну аткарууга мүмкүнчүлүк берүүчү маалымат менен камсыздайт; мунун ичине экинчи айлампага кетүү жана тийиштүү учурларда күтүү аймагындагы белгиленген учуу схемасы кирет.

Эскертүү. «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринде (PANS-OPS, Doc 8168) аспаптык конууга кирүү схемаларын белгилөөнүн толук критерийлери жана тиешелүү абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктер боюнча уруксат берилүүчү жөндөмдүүлүк тууралуу маалымат камтылган.

§ 2. Болушу

225. Аспаптык конууга кирүү карталары (ИКАО) эл аралык жарандык авиация тарабынан пайдаланылуучу жана аспаптык конууга кирүү тартиби белгиленген бардык аэродромдор үчүн берилет.

226. Өзүнчө аспаптык конууга кирүү картасы (ИКАО), эреже катары, ар бир так конууга кирүү схемасы үчүн каралат.

227. Өзүнчө аспаптык конууга кирүү картасы (ИКАО), эреже катары, ар бир так эмес конууга кирүү схемасы үчүн каралат.

Эскертүү. Эгерде аралык конууга кирүү, акыркы конууга кирүү жана экинчи айлампага кетүү тилкелериндеги схемалар бирдей (окшош) болсо, так же так эмес конууга кирүү схемасынын бир картасы анда бирден ашык конууга кирүү схемасынын сүрөттөлүшү менен каралышы мүмкүн.

228. Эгерде жол сызыгынын, убакыттын же абсолюттук бийиктиктин маанилери аба кемелеринин категорияларына карата айырмаланса, бирок аспаптык конууга кирүү схемасынын акыркы тилкесинде эмес болсо, жана мындай айырмачылыктарды бир картада саноо башаламандыкка же түшүнүксүздүккө алып келиши мүмкүн болсо, бирден ашык карта каралат.

Эскертүү. Аба кемелеринин категориялары «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 4-бөлүмүнүн 9-главасында көрсөтүлгөн.

229. Аспаптык конууга кирүү карталары (ИКАО) учууларды коопсуз аткаруу үчүн негизги маалымат эскирген ар бир учурда жаңыртылып турат.

§ 3. Картага түшүрүлүүчү аймак жана масштаб

230. Картага түшүрүлүүчү аймак аспаптык конууга кирүү схемасынын бардык тилкелерин жана конууга кирүүнүн ушул түрү үчүн зарыл болушу мүмкүн болгон кошумча аймактарды камтыйт.

231. Тандалган масштаб картанын төмөнкүлөргө шайкеш оптималдуу окулушун камсыз кылат:

а) анда көрсөтүлгөн конууга кирүү тартибине,

б) барактын өлчөмүнө.

Картада масштаб көрсөтүлөт:

1) муну ишке ашыруу мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, аэродромдо же ага жакын жайгашкан DMEге туура келген борбору бар же, эгерде тиешелүү DME болбосо, аэродромдун контролдук чекитинде жайгашкан борбору бар радиусу 20 км (10 д. миля) болгон аралык айланасы көрсөтүлөт; анын радиусу айланада көрсөтүлөт;

2) аралык масштабы түздөн-түз профилдин төмөн жагында көрсөтүлүшү керек.

§ 4. Проекция

233. Түз сызык болжолдуу түрдө ортодромияга шайкеш келген тең бурчтуу проекция колдонулат.

234. Градуировкалык штрихтер ички рамканын сызыктарын бойлото туруктуу интервалдар менен түшүрүлүшү керек.

§ 5. Белгилөөлөр

235. Картада ушул аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын, калктуу конуштун же аймактын аталышы, аэродромдун аталышы жана «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 4-бөлүмүнүн 9-главасынын талаптарына ылайык аспаптык конууга кирүү схемасынын белгилениши көрсөтүлөт.

Эскертүү. Аспаптык конууга кирүү схемасынын белгилениши схемаларды иштеп чыгуу боюнча адис тарабынан берилет.

§ 6. Техногендик чөйрө жана топография

236. Картага, эгерде аныкталган болсо, аспаптык конууга кирүү схемасын, анын ичинде экинчи айлампага кетүүнү, тийиштүү күтүү схемасындагы учууну жана визуалдык маневрлөө (айлампа боюнча учуу) схемасын коопсуз аткаруу үчүн зарыл болгон жасалма курулмалар жана топография жөнүндө маалымат түшүрүлөт. Топографиялык маалымат зарылчылык болгон учурда гана түшүндүрмө жазуулар менен коштолот жана аны түшүнүүнү жеңилдетүү үчүн, эң аз дегенде, жер бетинин тилкелеринин чектери жана ири көлдөрдүн жана дарыялардын контурлары кайра чагылдырылат.

237. Рельефтин элементтери конкреттүү аймактагы бийиктиктердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эң ылайыктуу ыкмада сүрөттөлөт. Картага түшүрүлүүчү аймактын чегинде рельефтин элементтеринин бийиктиги аэродромдун абсолюттук бийиктигинен 1200 м (4000 фут) ашкан же аэродромдун контролдук чекитинен 11 км (6 деңиз мили) аралыкта 600 м (2000 фут) ашкан райондордо, ошондой эле жер шартына байланыштуу конууга жакындашуунун акыркы этабынын же экинчи айлампага чыгуунун схемасынын градиенти оптималдуу мааниден тик болгон учурларда, аэродромдун абсолюттук бийиктигинен 150 м (500 фут) ашкан рельефтин бардык элементтери алардын маанилери көрсөтүлгөн тегизделген горизонталдар жана күрөң түстөгү тондук гипсометрия аркылуу сүрөттөлөт. Мындан тышкары, ар бир жогорку горизонталь менен чектелген райондун ичиндеги тиешелүү бийиктик белгилери, анын ичинде эң жогорку абсолюттук бийиктик, кара түстө көрсөтүлөт.

1-эскертүү. Тоналдык гипсометрияны колдонууну баштоо үчүн негизги топографиялык карталарга түшүрүлгөн, аэродромдун превышениесинен 150 м (500 фут) жогору болгон рельефтин элементтерин белгилеген чоңураак маанидеги алгылыктуу кийинки горизонталь тандалып алынышы мүмкүн. 2-эскертүү. Жарым тоналдык гипсометрия негизделиши керек болгон күрөң түстүн тиешелүү өңү горизонтальдар жана топографиялык элементтер үчүн 3-тиркемеде («Түстөр шкаласы») көрсөтүлгөн. 3-эскертүү. Тиешелүү бийиктик белгилери жөнүндө маалымат схемаларды иштеп чыгуу боюнча адис тарабынан берилет.

238. Рельеф элементтеринин бийиктиги 237-пунктта көрсөтүлгөндөн азыраак болгон же конууга кирүүнүн акыркы этабынын же экинчи айлампага кетүүнүн схемасынын градиенти оптималдуудан чоңураак болгон аймактарда, аэродромдун превышениесинен 150 м (500 фут) жогору болгон рельефтин бардык элементтери алардын маанилерин көрсөтүү менен жана күрөң түстөгү тоналдык гипсометрияны пайдалануу аркылуу жылмаланган горизонтальдар менен сүрөттөлүшү керек. Мындан тышкары, жогорку горизонталь менен чектелген ар бир аймактын чегиндеги максималдуу превышениени камтуу менен тиешелүү бийиктик белгилерин да кара түстө көрсөтүү керек.

1-эскертүү. Тоналдык гипсометрияны колдонууну баштоо үчүн негизги топографиялык карталарга түшүрүлгөн, аэродромдун превышениесинен 150 м (500 фут) жогору болгон рельефтин элементтерин белгилеген чоңураак маанидеги алгылыктуу кийинки горизонталь тандалып алынышы мүмкүн. 2-эскертүү. Жарым тоналдык гипсометрия негизделиши керек болгон күрөң түстүн тиешелүү реңки (оттенги) горизонтальдар жана топографиялык элементтер үчүн 3-тиркемеде («Түстөр шкаласы») көрсөтүлгөн. 3-эскертүү. Тиешелүү бийиктик белгилери жөнүндө маалымат схемаларды иштеп чыгуу боюнча адис тарабынан берилет.

§ 7. Магниттик кыйшаюу (склонение)

Картада магниттик кыйшаюу (склонение) көрсөтүлөт.

240. Эң жакын градуска чейинки тактык менен көрсөтүлүүчү магниттик кыйшаюунун чоңдугу магниттик пеленгдерди, жол сызыктарын жана радиалдарды аныктоо үчүн колдонулуучу чоңдукка шайкеш келет.

§ 8. Пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар

241. 242-пунктта каралган учурларды кошпогондо, картада магниттик пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар белгиленет. Эгерде PBN тилкелери үчүн пеленгдердин жана жол сызыктарынын чыныгы маанилери кошумча берилсе, алар кашаанын ичинде 0,1° чейинки тактык менен көрсөтүлөт, мисалы 290° (294,9°Т).

Эскертүү. Бул максат үчүн картада эскертүү келтирилиши мүмкүн.

242. Тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан магниттик түндүккө шилтеме жасоо мүмкүн эмес деп аныкталган жогорку кеңдиктердеги аймактарда башка ылайыктуу эсептөө башталмасын, б.а. чыныгы түндүктү же координаттар тармагы боюнча түндүк багытты пайдалануу керек.

243. Пеленгдер, жол сызыктары же радиалдар чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытына ориентирленүү менен берилген учурларда, бул картада айкын көрсөтүлөт. Шарттуу меридиандын түндүк багыты пайдаланылган учурда таянч шарттуу меридиан келтирилет.

§ 9. Аэронавигациялык маалыматтар

244. Абадан мүнөздүү белгилери жакшы көрүнгөн бардык аэродромдор тиешелүү шарттуу белги менен белгиленет. Кароосуз калган аэродромдордун белгилениши «кароосуз калган» деген жазуу менен коштолот.

245. УКТнын схемасы (көргөзмөлүүлүк үчүн жетиштүү чоң масштабда) төмөнкүлөр үчүн келтирилет:

а) ушул тартип колдонулган аэродром;

б) аба кыймылынын схемасына таасирин тийгизген же аба ырайынын жагымсыз шарттарында аларды дайындалган аэродром катары кабыл алууга мүмкүн болгудай жайгашкан аэродромдор.

246. Аэродромдун превышениеси картанын көрүнүктүү жеринде эң жакын метрге же футка чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

247. Картада УКТ босогосунун бийиктиги (превышениеси) же, тийиштүү учурларда, эң жакын метрге же футка чейинки тактык менен тийүү аймагынын эң жогорку абсолюттук бийиктиги (превышениесинин) эң чоң мааниси көрсөтүлөт.

Картанын пландагы көрүнүшүндө тоскоолдуктар көрсөтүлөт. Эскертүү. Тиешелүү тоскоолдуктар жөнүндө маалымат схемаларды иштеп чыгуу боюнча адис тарабынан берилет.

249. Эгерде бир же бир нече тоскоолдук тоскоолдуктардан өтүүнүн абсолюттук/салыштырмалуу бийиктигин тандоонун аныктоочу фактору болуп саналса, бул тоскоолдуктар белгилениши тийиш.

250. Тоскоолдуктардын жогорку чекитинин бийитиги (превышениеси) бир метрге же бир футка чейинки тактык менен көрсөтүлөт (тегеректөө жогорулатуу тарапка жүргүзүлөт).

251. Тоскоолдуктардын бийиктигин деңиздин орточо деңгээлине карата эмес, башка баштапкы деңгээлге карата белгилөө керек (252-пунктту караңыз). Картада тоскоолдуктардын бийиктиктерин белгилөөдө алардын чоңдуктары кашаанын ичинде көрсөтүлүшү керек.

252. Деңиздин орточо деңгээлине карата эмес, башка баштапкы деңгээлге карата тоскоолдуктардын бийиктиктерин белгилөөдө аэродромдун превышениеси эсептөөнүн баштапкы деңгээли катары кабыл алынат; жабдылган УКТлары бар аэродромдордо босогонун превышениесинин чоңдугу аэродромдун превышениесинин чоңдугунан 2 мден (7 футтан) ашыкка аз болгон учурларда, аспаптык конууга кирүү жүргүзүлүп жаткан УКТ босогосунун превышениеси эсептөөнүн баштапкы деңгээли катары кабыл алынат.

253. Деңиздин орточо деңгээлинен бөлөк башка баштапкы деңгээл колдонулган учурда, картанын көрүнүктүү жеринде бул тууралуу тиешелүү көрсөтмө жайгаштырылат.

254. 1-категория боюнча дак конууга кирүү үчүн жабдылган УКТ үчүн тоскоолдуктардан бош аймак (зона) белгиленбеген учурларда, бул тууралуу көрсөтүлөт.

255. Учуу схемаларын аткарууга таасир этиши мүмкүн болгон тыюу салынган аймактар, учуулар чектелген аймактар жана коркунучтуу аймактар өздөрүнүн белгилеништери жана вертикалдык чектери менен көрсөтүлөт.

256. Картада аспаптык конууга кирүү үчүн зарыл болгон радионавигациялык каражаттар алардын жыштыктарын, белгилеништерин жана эгерде бар болсо, жол сызыгы боюнча багыттоо мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен белгиленет. Конууга кирүүнүн акыркы тилкесинин жол сызыгында бир нече станция жайгашкан схема болгон учурда, картада жол сызыгы боюнча багыттоо үчүн колдонулууга тийиш болгон каражат так белгиленет. Мындан тышкары, мүмкүндүккө жараша конууга кирүү картасынан схема үчүн колдонулбаган каражаттар чыгарылат.

257. Эгерде радионавигациялык каражат аймактык навигация үчүн негизги чекит катары колдонулса, анын ачык текст менен аталышы жана белгилениши гана көрсөтүлөт.

258. Картага конууга кирүүнүн баштапкы этабынын контролдук чекити (IAF), конууга кирүүнүн аралык этабынын контролдук чекити (IF), конууга кирүүнүн акыркы этабынын контролдук чекити (FAF) (же ILS боюнча конууга кирүү схемасы үчүн конууга кирүүнүн акыркы этабынын чекити (FAP)), эгерде белгиленген болсо, экинчи айлампага кетүү чекити (MAPt) жана башка зарыл контролдук чекиттер же схемага кирүүчү чекиттер түшүрүлөт жана көрсөтүлөт.

259. Эгерде конууга кирүүнүн акыркы этабынын контролдук чекити (же ILS боюнча конууга кирүү схемасы үчүн конууга кирүүнүн акыркы этабынын чекити) адаттагы навигация үчүн колдонулса, ал градустарда, минуттарда жана секунддарда анын географиялык координаттары менен көрсөтүлүшү тийиш.

260. Картага запастагы аэродромго кетүүдө колдонулушу мүмкүн болгон радионавигациялык каражаттар, эгерде бар болсо, алардын жол сызыгы боюнча багыттоо мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен түшүрүлөт же көрсөтүлөт.

261. Картада аспаптык конууга кирүүнү аткаруу үчүн зарыл болгон радиобайланыш каражатынын жыштыктары жана чакыруу белгилери көрсөтүлөт.

262. Эгерде бул маалыматтар аспаптык конууга кирүү үчүн зарыл болсо, картада конууга кирүүнүн акыркы этабында колдонулуучу ар бир радионавигациялык каражаттан аэродромго чейинки аралык эң жакын километрге же деңиз милине чейинки тактык менен көрсөтүлөт. Эгерде жол сызыгы боюнча багыттоо каражаттарынын бири да аэродромго пеленгди көрсөтпөсө, ал дагы картада эң жакын градуска чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

263. Картада ал тиешелүү болгон секторду так көрсөтүү менен сектордогу минималдуу абсолюттук бийиктик же ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган аэродром аймагына учуп келүүнүн абсолюттук бийиктиги көрсөтүлөт.

264. Пландагы көрүнүш төмөнкү жолдор менен сүрөттөлүүчү төмөндө аталган маалыматтарды камтыйт:

а) конууга кирүүдөгү жол сызыгы – учуу багытын көрсөтүүчү жебелери бар туташ сызык аркылуу;

б) экинчи айлампага кетүүдөгү жол сызыгы – жебелери бар пунктирдик сызык аркылуу;

в) а) жана б) пунктчаларында көрсөтүлбөгөн схеманын ар кандай кошумча жол сызыгы – чекиттүү пунктир жана жебелер аркылуу;

г) пеленгдер, жол сызыгы, радиалдар эң жакын градуска чейинки тактык менен жана ушул схема үчүн зарыл болгон аралыктар километрдин эң жакын ондон эки үлүшүнө же деңиз милинин ондон бир үлүшүнө чейинки тактык менен же убакыт;

д) жол сызыгы боюнча багыттоонун радиокаражаттары жок болгон учурда, конууга кирүүнүн акыркы этабында колдонулуучу радионавигациялык каражаттардан аэродромго магниттик пеленг эң жакын градуска чейинки тактык менен көрсөтүлөт;

е) визуалдык маневрлөө (айлампа боюнча учуу) тыюу салынган каалаган сектордун чектери;

ж) белгилүү бир учурларда, конууга кирүү жана экинчи айлампага кетүү менен байланышкан күтүү аймагындагы учуу схемасы жана күтүү аймагында учуунун минималдуу абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиги;

з) зарылчылыкка жараша картанын бет жагынын көрүнүктүү жеринде көрсөтүлүүчү тиешелүү эскертүүлөр;

и) «флайовер» негизги чекиттерин көрсөтүү.

265. Пландагы көрүнүштү конууга кирүүнүн акыркы этабында колдонулуучу ар бир радионавигациялык каражаттан аэродромго чейинки аралык жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылуу керек.

266. Профиль, эреже катары, пландагы көрүнүштөн төмөн сүрөттөлөт жана төмөнкү маалыматтар менен коштолот:

а) аэродром – аэродромдун превышениесинин деңгээлинде туташ тик бурчтук түрүндө;

б) конууга кирүү схемасынын тилкесинин профили – учуу багытын көрсөтүүчү жебелери бар туташ сызык менен;

в) экинчи айлампага кетүү схемасынын тилкесинин профили – жебелери жана схеманын сүрөттөлүшү бар сынган сызык менен;

г) б) жана в) пунктчаларында көрсөтүлбөгөн схеманын ар кандай кошумча тилкесинин профили – жебелери бар пунктирдик сызык менен;

д) пеленгдер, жол сызыгы, радиалдар эң жакын градуска чейинки тактык менен жана ушул схема үчүн зарыл болгон аралыктар километрдин эң жакын ондон эки үлүшүнө же деңиз милинин ондон бир үлүшүнө чейинки тактык менен же убакыт;

е) бул схемалар үчүн зарыл болгон абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктер, анын ичинде өтүү абсолюттук бийиктиги, схеманын абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктери жана алар белгиленген жерлерде вертодромдон өтүү салыштырмалуу бийиктиги (HCH);

ж) эскертилген учурларда, стандарттык бурулушту аткаруудагы чектелген аралык эң жакын километрге же деңиз милине чейинки тактык менен;

з) 180º бурулууга уруксат берилбеген схемалар үчүн, конууга кирүүнүн аралык этабынын чекити же контролдук чекити жөнүндө маалыматтар;

и) тийиштүү учурларда аэродромдун бийиктигин (превышениесин) же УКТ босогосунун бийиктигин (превышениесин) чагылдырган, УКТ босогосу жайгашкан чекитте башталган узундук масштабын камтуу менен картанын бүткүл туурасы боюнча өтүүчү сызык.

267. Учуу схемалары үчүн белгилениши зарыл болгон салыштырмалуу бийиктиктерди кашаанын ичинде көрсөтүү керек, мында бул бийиктиктердин эсептөө боюнча баштапкы деңгээли 252-пунктка ылайык белгиленет.

268. Профильдеги көрүнүшкө жергиликтүү жердин профилинин же минималдуу абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктин сүрөттөлүшүн төмөнкүдөй түшүрүү керек:

а) жергиликтүү жердин профили конууга кирүүнүн акыркы тилкесинин негизги аймагында жайгашкан анын эң жогорку превышениелерин көрсөтүү менен туташ сызык аркылуу белгиленет. Конууга кирүүнүн акыркы тилкесинин экинчи даражадагы аймагындагы профилдин эң жогорку превышениелери пунктирдик сызык аркылуу сүрөттөлөт; же

б) конууга кирүүнүн аралык жана акыркы тилкелериндеги минималдуу абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктер жээктелген көлөкөлөнгөн ичине коюлмаларда көрсөтүлөт.

1-эскертүү. Жергиликтүү жердин профилин сүрөттөө үчүн конууга кирүүнүн акыркы тилкесинин негизги жана экинчи даражадагы аймактарынын иш жүзүндөгү шаблондору схемаларды түзүү боюнча адис тарабынан картографка берилет. 2-эскертүү. Минималдуу абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктердин сүрөттөлүшү конууга кирүүнүн акыркы тилкесинин контролдук чекити бар дак эмес конууга кирүү карталарында колдонуу үчүн дайындалган.

269. Эгерде алар Жарандык авиация органы тарабынан белгиленген болсо, картада аэродромдун эксплуатациялык минимумдары көрсөтүлөт.

270. Схема эсептелген аба кемелеринин категориялары үчүн тоскоолдуктардан өтүүнүн абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктери көрсөтүлөт; так конууга кирүү схемалары болгон учурда, зарыл болсо, DL категориясындагы аба кемелери үчүн (канаттарынын кулачы 65–80 м жана/же дөңгөлөктөрдүн траекториясы менен глиссадалык антеннанын ортосундагы вертикалдык аралык 7–8 м) кошумча OCA/H жарыяланат.

271. Экинчи айлампага кетүүнү баштоо чекити төмөнкүлөр менен аныкталган учурда: – конууга кирүүнүн акыркы этабынын контролдук чекитинен аралык менен же – каражат же контролдук чекит жана конууга кирүүнүн акыркы этабынын контролдук чекитинен тиешелүү аралык менен, километрдин эң жакын ондон эки үлүшүнө же деңиз милинин ондон бир үлүшүнө чейинки тактык менен аралык жана конууга кирүүнүн акыркы этабынын контролдук чекитинен экинчи айлампага кетүү чекитине чейинки жол ылдамдыктарынын жана учуу убактысынын таблицасы көрсөтүлөт.

272. Конууга кирүүнүн акыркы тилкесинде DME колдонулууга тийиш болгон учурларда, тиешелүүлүгүнө жараша ар бир 2 км же 1 д. миля үчүн абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктердин таблицасы келтирилет. Таблица OCA/Hден төмөн абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктерге туура келүүчү аралыктарды камтыбайт.

273. Эгерде схемаларда DME колдонуу талап кылынбаса, бирок төмөндөө профили жөнүндө кеңеш берүүчү маалыматтарды камсыз кылуучу ыңгайлуу жайгашкан DME каражаттары бар болсо, анда картада абсолюттук/салыштырмалуу бийиктиктер жөнүндө маалыматтарды камтыган таблица келтирилиши керек.

274. Картада төмөндөөнүн вертикалдык ылдамдыгынын таблицасын келтирүү керек.

275. Конууга кирүүнүн акыркы этабынын контролдук чекити бар так эмес конууга кирүү схемаларында конууга кирүүнүн акыркы тилкесинде колдонулуучу төмөндөө градиенти пайыздардын эң жакын ондон бир үлүшүнө чейинки тактык менен жана кашаада – төмөндөө бурчу градустун эң жакын ондон бир үлүшүнө чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

276. Так конууга кирүү схемаларында жана вертикалдык багыттоо менен конууга кирүү схемаларында таяныч чекитинин бийиктиги эң жакын жарым метрге же футка чейинки тактык менен жана глиссаданын жантык бурчу/орун бурчу/вертикалдык тегиздиктеги траектория бурчу градустун эң жакын ондон бир үлүшүнө чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

277. Эгерде конууга кирүүнүн акыркы этабынын контролдук чекити ILS үчүн конууга кирүүнүн акыркы этабынын чекити менен аныкталса, анда ал ILSке, ILSтин курстук радиомаягынын гана негизиндеги тиешелүү схемага же экөөнө тең колдонулабы, ачык-айкын эскертилет. MLSке катыштуу, эгерде FAF конууга кирүүнүн акыркы этабынын чекитинде көрсөтүлсө, так көрсөтмө берилет.

278. Аспаптык конууга кирүү схемасынын каалаган түрүнүн акыркы тилкесиндеги төмөндөө градиенти/бурчу «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунда көрсөтүлгөн максималдуу мааниден ашып кеткен учурларда, эскертүүчү эскертүү киргизилет.

279. Картада бир убактагы көз карандысыз же көз каранды операциялар үчүн санкцияланган конууга кирүү схемалары көрсөтүлгөн эскертүү келтирилет. Эскертүү колдонулуучу УКТларды жана алардын бири-бирине жакын жайгашкандыгы жөнүндө маалыматты камтыйт.

280. PBN тилкелери бар конууга кирүү схемалары болгон учурда, PBN талаптары жөнүндө маалымат камтылган алкак (рамка) келтирилет.

Эскертүү. PBN талаптары жөнүндө маалымат камтылган алкак (рамка) тууралуу маалыматтар «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун III бөлүгүнүн 5-бөлүмүндө келтирилген.

281. Навигациялык маалымат базасын кодификациялоону камсыз кылуучу тиешелүү маалыматтар PBN колдонуу менен учуу схемалары үчүн II томдун III бөлүгүнүн 5-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.3-пунктуна ылайык жана PBN колдонуусуз учуу схемалары үчүн «Аба кемелеринин учууларын аткаруу» аэронавигациялык тейлөө эрежелеринин (PANS-OPS, Doc 8168) II томунун I бөлүгүнүн 4-бөлүмүнүн 9-главасынын 9.4.1.3-пунктуна ылайык картанын арткы бетинде же тиешелүү шилтемелер менен өзүнчө баракта жарыяланат.

Эскертүү. Тиешелүү маалыматтар схемалар боюнча адис тарабынан берилет.

11 Бөлүм. Көрүнүү шартында (визуалдык) конууга кирүү картасы (ИКАО)

§ 1. Максаты

282.Бул картада учуу экипаждарына каттам боюнча учуу же төмөндөө этабынан белгиленген учуп-конуу тилкесине (УКТ) визуалдык ориентирлер боюнча конууга кирүү этабына өтүүнү аткарууга жардам берүүчү маалыматтар камтылат.

§ 2. Болушу

283. Визуалдык конууга кирүү картасы (ИКАО) 7-пункттун жоболоруна ылайык эл аралык жарандык авиация тарабынан пайдаланылуучу төмөнкүдөй бардык аэродромдор үчүн каралат:

а) чектелген гана навигациялык каражаттар бар болгон; же

б) радиобайланыш каражаттары жок болгон; же

в) 1:500 000 масштабындагы же андан кыйла ири масштабдагы ушундай аэродромдун жана анын айланасынын тиешелүү аэронавигациялык карталары жок болгон; же

г) визуалдык конууга кирүү эрежелери белгиленген.

§ 3. Масштаб

284. Рельефтин жана аэродромдун пландагы маанилүү элементтеринин сүрөттөлүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү ири масштаб колдонулат.

1:500 000ден майда масштабды колдонууга жол берилбейт. Эскертүү. 1:250 000 же 1:200 000 масштабын пайдалануу максатка ылайыктуу.

§ 4. Формат

286. Барактын стандарттуу 210 × 297 мм (8,27 × 11,69 дюйм) өлчөмүн пайдалануу керек.

Эскертүү. Карта үчүн түрдүү жарыктандыруу шарттарында картанын эң жакшы окулушун камсыз кыла тургандай тандалып алынган бир нече түстү пайдалануу максатка ылайыктуу.

§ 5. Проекция

287. Түз сызык ортодромияга болжол менен шайкеш келген бирдей бурчтуу (равноугольная) проекция колдонулат.

288. Градуировкалык штрихтер ички алкактын сызыктарын бойлото туруктуу интервалдар менен түшүрүлүшү керек.

§ 6. Белгилөөлөр

289. Картада аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын же калктуу пункттун аталышы жана ушул аэродромдун аталышы көрсөтүлөт.

§ 7. Техногендик чөйрө жана топография

290. Картада жергиликтүү жердин табигый жана жасалма объекттери (мисалы, аска-зоолор, аскалар, кум дөбөлөрү, шаарлар, калктуу пункттар, жолдор, темир жолдор, айрым маяктар) көрсөтүлөт.

291. Географиялык пункттардын аталыштары башаламандыкты же эки маанилүүлүктү жоюу үчүн гана көрсөтүлүшү керек.

292. Жээк сызыктары, көлдөр, дарыялар жана булактар көрсөтүлөт.

293. Рельеф картага түшүрүлүүчү аймактагы бийиктиктердин (превышениелердин) жана тоскоолдуктардын өзгөчө мүнөздөмөлөрүн эң жакшы чагылдыра тургандай ыкма менен белгиленет.

294. Эгерде бийиктик белгилери көрсөтүлсө, аларды кылдаттык менен тандоо керек.

Эскертүү. Деңиздин орточо деңгээлине жана аэродромдун бийиктигине (превышениесине) карата айрым бийиктик белгилеринин/салыштырмалуу бийиктиктеринин маанилери көрсөтүлүшү мүмкүн.

295. Ар кандай эсептөө баштапкы деңгээлдеринин сандык маанилери дифференциацияланган ыкма менен белгиленет.

§ 8. Магниттик кыйшаюу

8. Магниттик кыйшаюу (склонение) көрсөтүлөт.

§ 9. Пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар

297. 298-пунктта каралган учурларды кошпогондо, картада магниттик пеленгдер, жол сызыктары жана радиалдар белгиленет.

298. Тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан магниттик түндүк боюнча багыт алуу мүмкүн эмес деп аныкталган жогорку кеңдиктердеги аймактарда башка ылайыктуу ориентирди, б.а. чыныгы түндүктү же координаттар тармагы боюнча түндүк багытты пайдалануу керек.

299. Пеленгдер, жол сызыктары же радиалдар чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытына ориентирленүү менен берилген учурларда, бул картада айкын көрсөтүлөт. Шарттуу меридиандын түндүк багыты пайдаланылган учурда таянч шарттуу меридиан келтирилет.

§ 10. Аэронавигациялык маалыматтар

300. Бардык аэродромдор УКТнын жайгашуусу боюнча белгиленет. Конуу багытына карата чектөөлөр көрсөтүлөт. Эгерде жанаша жайгашкан эки аэродромду чаташтыруу коркунучу кичине болсо да бар болсо, бул картада көрсөтүлөт. «Кароосуз калган» аэродромдор «кароосуз калган» деп белгиленет.

301. Аэродромдун бийиктиги (превышениеси) картанын көрүнүктүү жеринде белгиленет.

Картада тоскоолдуктар көрсөтүлөт жана белгиленет.

303. Тоскоолдуктардын жогорку чекитинин бийиктиги (превышениеси) эң жакын чоңураак метр же фут маанисине чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

304. Аэродромдун бийиктигинен (превышениесинен) жогору тоскоолдуктардын салыштырмалуу бийиктигин көрсөтүү керек.

305. Тоскоолдуктардын салыштырмалуу бийиктигин белгилөөдө картанын көрүнүктүү жеринде бийиктикти эсептөө чекити көрсөтүлөт, ал эми салыштырмалуу бийиктиктин маанилери картада кашаанын ичинде берилет.

306. Тыюу салынган аймактар, учуулар чектелген аймактар жана коркунучтуу аймактар өздөрүнүн белгилеништери жана вертикалдык чектери менен көрсөтүлөт.

307. Зарылчылыкка жараша диспетчердик аймактар жана аэродромдук кыймыл аймактары алардын вертикалдык чектерин жана аба мейкиндигинин тиешелүү классын көрсөтүү менен түшүрүлөт.

308. Эгерде алар колдонулса, визуалдык конууга кирүү схемалары көрсөтүлөт.

309. Зарылчылыкка жараша визуалдык навигациялык каражаттар көрсөтүлөт.

310.Глиссаданын номиналдуу бурчу (бурчтары), учкуч «глиссадада» сигналын (сигналдарын) көргөндө УКТ босогосунун үстүндөгү анын көзүнүн деңгээлинин минималдуу бийиктиги (бийиктиктери) менен глиссаданы визуалдык индикациялоо тутумдарынын жайгашкан жери жана тиби, ал эми эгерде тутумдун огу УКТнын октогу сызыгына жарыш (параллель) болбосо – жылышуу бурчу жана багыты, б.а. солго же оңго көрсөтүлөт.

311. Зарылчылыкка жараша радионавигациялык каражаттар, ошондой эле алардын жыштыктары жана белгилеништери көрсөтүлөт.

312. Зарылчылыкка жараша радиобайланыш каражаттары жана алардын жыштыктары көрсөтүлөт.

12 Бөлүм. Аэродромдун/вертодромдун картасы (ИКАО)

§ 1. Максаты

313. Бул картада учуу экипаждары үчүн аба кемелеринин жерде кыймылын:

а) токтоп туруучу орундан УКТга чейин жана

б) УКТдан токтоп туруучу орунга чейин

жана тик учактардын кыймылын:

а) тик учактын токтоп туруучу ордунан тийүү жана ажыроо аймагына чейин жана конууга кирүүнүн жана учуп чыгуунун акыркы этабынын аймагына чейин;

б) конууга кирүүнүн жана учуп чыгуунун акыркы этабынын аймагынан тийүү жана ажыроо аймагына жана тик учактын токтоп туруучу ордуна чейин;

в) жердеги РТлар (руль тилкелери) жана тик учактар үчүн абада руль менен жүрүү РТлары боюнча;

г) абада которулуу каттамдары боюнча аткарууга жардам берүүчү маалыматтар камтылат;

анда ошондой эле аэродром/вертодром боюнча маанилүү эксплуатациялык маалыматтар камтылат. § 2. Болушу

314. Аэродромдун/вертодромдун картасы (ИКАО) эл аралык жарандык авиация тарабынан регулярдуу пайдаланылуучу бардык аэродромдор/вертодромдор үчүн 7-пункттун жоболоруна ылайык берилет.

315. Аэродромдун/вертодромдун картасы (ИКАО) эл аралык жарандык авиациянын пайдалануусуна берилүүчү башка бардык аэродромдор/вертодромдор үчүн дагы 7-пункттун жоболоруна ылайык камсыз кылынышы керек.

Эскертүү. Белгилүү бир шарттарда аэродромдук жерде кыймылдоо картасын (ИКАО) жана аба кемелерин токтотуу/токтоп туруучу орундардын картасын (ИКАО) берүү талап кылынышы мүмкүн (13 жана 14-главаларды караңыз); мындай учурда аэродромдун/вертодромдун картасында (ИКАО) бул кошумча карталарга түшүрүлүүчү элементтерди кайталоонун зарылдыгы жок.

§ 3. Картага түшүрүлүүчү аймак жана масштаб

316. Картага түшүрүлүүчү аймактын өлчөмдөрү жана картанын масштабы ушул главанын §6сында саналып өткөн бардык элементтердин даана чагылдырылышын камсыз кылат.

Картада сызыктуу масштаб көрсөтүлөт.

§ 4. Белгилөөлөр

318. Картада ушул аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын, калктуу пункттун же аймактын аталышы жана ушул аэродромдун/вертодромдун аталышы көрсөтүлөт.

§ 5. Магниттик кыйшаюу

319. Чыныгы жана магниттик түндүктүн жебелери, эң жакын градуска чейинки тактык менен магниттик кыйшаюу, ошондой эле магниттик кыйшаюунун жылдык өзгөрүүсү көрсөтүлөт.

§ 6. Аэродром/вертодром жөнүндө маалыматтар

320. Бул картада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) аэродромдун/вертодромдун контролдук чекитинин географиялык координаттары градустарда, минуттарда жана секунддарда;

б) эң жакын метрге же футка чейинки тактык менен аэродромдун/вертодромдун жана тийиштүү учурларда перрондун (бийиктик ченегичтерди текшерүү чекиттеринин) бийиктиктери (превышениелери); ал эми так эмес конууга кирүүлөр үчүн – УКТ босоголорунун жана тийүү жана ажыроо аймагынын геометриялык борборунун бийиктиктери (превышениелери) жана геоид толкуну;

в) так конууга кирүү үчүн жабдылган УКТ босогосунун, тийүү жана ажыроо аймагынын геометриялык борборунун жана так конууга кирүү үчүн жабдылган УКТдагы тийүү аймагынын эң жогорку чекитинин бийиктиги (превышениеси) жана геоид толкуну эң жакын жарым метрге же футка чейинки тактык менен;

г) курулуп жаткандарды кошо алганда, номерин, эң жакын метрге чейинки тактык менен узундугун жана туурасын, көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүн, жылдырылган босоголорду, тормоздоонун акыркы тилкелерин, тоскоолдуктардан бош тилкелерди, магниттик меридианга карата градустун эң жакын маанисине чейинки тактык менен УКТ багыттарын, УКТ бетинин тибин жана маркировкасын көрсөтүү менен бардык УКТлар.

Эскертүү. Жүк көтөрүмдүүлүгү картанын алдыңкы же арткы бетинде таблица түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн;

д) аба кемелеринин/тик учактардын токтоп туруучу орундары бар бардык перрондор жана тийиштүү учурларда жарык берүүчү-сигналдык каражаттар, маркировка жана визуалдык багыттоо менен башкаруунун башка каражаттары, анын ичинде токтоп туруучу орунга визуалдык коюу тутумдарынын жайгашкан жери жана тиби, вертодромдор үчүн беттин тиби жана эгерде көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү тиешелүү УКТлардын көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүнөн аз болсо, көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү же аба кемелеринин типтери боюнча чектөөлөр.

Эскертүү. Жүк көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү же аба кемелеринин типтери боюнча чектөөлөр картанын бет жагында же арткы бетинде таблица түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн;

е) УКТ босоголору, тийүү жана ажыроо аймагынын геометриялык борбору жана/же конууга кирүүнүн жана учуп чыгуунун акыркы этабынын аймагынын босоголору үчүн (зарылчылыкка жараша) градустарда, минуттарда жана секунддарда географиялык координаттар; ж) беттин тибин көрсөтүү менен бардык руль тилкелери, тик учактар үчүн абадагы жана жердеги РТлар, белгилеништерин, туурасын, жарык берүүчү-сигналдык каражаттарын, маркировкасын, анын ичинде УКТ жанындагы күтүү орундарын (эгерде аралык күтүү орундары белгиленген болсо) жана "стоп" сызыгынын отторун көрсөтүү менен тик учактардын абада которулуу каттамдары, визуалдык багыттоо менен башкаруунун башка каражаттары, жана эгерде көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү тиешелүү УКТлардын көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүнөн аз болсо, көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү же аба кемелеринин типтери боюнча чектөөлөр.

Эскертүү. Көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү же аба кемелеринин типтери боюнча чектөөлөр картанын бет жагында же арткы бетинде таблица түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн;

з) эгерде мындай тилкелер белгиленген болсо, кошумча маалыматтарды тийиштүү түрдө түшүрүү менен коркунучтуу участоктордун жайгашкан жерлери.

Эскертүү. Коркунучтуу участокторго тиешелүү кошумча маалымат картанын бет жагында же арткы бетинде таблица түрүндө түшүрүлүшү мүмкүн;

и) РТнын тиешелүү октогу сызыгынын чекиттери жана аба кемелеринин токтоп туруучу орундары үчүн градустарда, минуттарда, секунддарда жана секунддун жүздөн бир үлүштөрүндө географиялык координаттар;

к) эгерде ушундай каттамдар белгиленген болсо, руль менен бара жаткан аба кемелери үчүн көрсөткүчтөрү бар стандарттык каттамдар;

л) аба кыймылын диспетчердик тейлөөнүн чектери;

м) УКТдагы көрүү алыстыгына (RVR) байкоо жүргүзүү чекиттеринин жайгашуусу;

н) конууга жакындашуу отторунун жана УКТ отторунун тутуму;

о) глиссаданын номиналдуу бурчу (бурчтары), учкуч "глиссадада" сигналын (сигналдарын) көргөндө УКТ босогосунун үстүндөгү анын көзүнүн деңгээлинин минималдуу бийиктиги (бийиктиктери) менен глиссаданы визуалдык индикациялоо тутумдарынын жайгашкан жери жана тиби, ал эми эгерде тутумдун огу УКТнын октогу сызыгына жарыш (параллель) болбосо – жылышуу бурчу жана багыты, б.а. солго же оңго;

п) алардын каналдарын жана зарылчылыкка жараша кошулуу дарегин жана SATVOICE номерин көрсөтүү менен тиешелүү байланыш каражаттары;

р) руль менен жүрүүдөгү тоскоолдуктар;

с) аба кемелерине тейлөө көрсөтүү аянтчалары жана эксплуатациялык максаттар үчүн дайындалган курулмалар;

т) VORду текшерүү чекити жана ушул каражаттын радиожыштыгы;

у) сүрөттөлүүчү жумушчу аянтынын аба кемелери тарабынан пайдалануу үчүн дайыма жараксыз болгон каалаган бөлүгү так белгиленет.

321. Канаттарынын бүктөлмө учтары бар учактарды кабыл алуучу аэродромдорго карата картада канаттарынын бүктөлмө учтары бар учактар канаттардын ачылган учтары менен коопсуз эксплуатацияланышы мүмкүн болгон участокторду көрсөтүү керек.

322. Вертодромдорго карата көрсөтүлгөн элементтерден тышкары, картада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) вертодромдун тиби.

Эскертүү. КРАЭ-14 аныктамасына ылайык вертодромдор үч типте болот: жер бетинин деңгээлиндеги вертодром, жер бетинен көтөрүлгөн вертодром жана вертопалуба;

b) эң жакын метрге чейинки тактык менен өлчөмдөрүн, эңкейишин (жантаюусун), беттин тибин, тоннадагы көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү менен тийүү жана ажыроо аймагы;

с) тибин, эң жакын градуска чейинки тактык менен чыныгы пеленгди, белгилөөчү номерин (эгерде каралса), эң жакын метрге чейинки тактык менен узундугун жана туурасын, эңкейишин жана беттин тибин көрсөтүү менен конууга кирүүнүн жана учуп чыгуунун акыркы этабынын аймагы;

d) узундугун, туурасын жана беттин тибин көрсөтүү менен коопсуздук аймагы;

е) узундугун жана жер бетинин профилин көрсөтүү менен тик учактар үчүн тоскоолдуктардан бош тилке;

f) алардын тибин жана эң жакын чоңураак метр же фут маанисине чейинки тактык менен максималдуу превышениесин көрсөтүү менен тоскоолдуктар;

g) конууга кирүү схемалары үчүн визуалдык каражаттар, конууга кирүүнүн жана учуп чыгуунун акыркы этабынын зонасынын, ошондой эле тийүү жана ажыроо аймагынын маркировкасы жана оттору;

h) вертодромдор үчүн жарыяланган аралыктар (тийиштүү учурларда эң жакын метрге чейинки тактык менен), анын ичинде:

пайдаланууга мүмкүн болгон учуп чыгуу аралыгы, пайдаланууга мүмкүн болгон токтотулган учуп чыгуу аралыгы, пайдаланууга мүмкүн болгон конуу аралыгы.

## 13-Бөлүм. Аэродромдун жер үстүндөгү кыймылынын картасы (ИКАО)

§ 1. Максаты

323. Ушул кошумча картада учуу экипаждары үчүн аба кемелерин жер үстүндө токтотуп коюучу жайларга жана токтотуп коюучу жайлардан, ошондой эле аба кемелерин токтотуп коюучу жайларга жайгаштыруу/токтотуп коюу иштерин жүргүзүүгө жардам берүүчү маалыматтар камтылат.

§ 2. Болушу

324. Эгер маалыматтардын көптүгүнөн улам аэродромдун/вертодромдун картасында (ИКАО) аба кемелеринин рулеждик жолдор боюнча токтотуп коюучу жайларга жана токтотуп коюучу жайлардан жүрүүсү үчүн зарыл болгон толук маалыматтарды жетиштүү деңгээлде так көрсөтүү мүмкүн болбосо, аэродромдун жер үстүндөгү кыймылынын картасы (ИКАО) 7-пункттун жоболоруна ылайык берилүүгө тийиш.

§ 3. Картага түшүрүлүүчү аймак жана масштаб

325. Картага түшүрүлүүчү аймак жана картанын масштабы ушул главанын §6сында саналып өткөн бардык элементтердин даана чагылдырылышын камсыз кылат.

Сызыктуу масштабды көрсөтүү керек.

§ 4. Белгилөөлөр

Картада аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын же калктуу пункттун аталышы жана ушул аэродромдун аталышы көрсөтүлөт.

§ 5. Магниттик кыйшаюу

Чыныгы түндүк тараптын жебеси көрсөтүлөт.

329. Эң жакын градуска чейинки тактык менен магниттик кыйшаюу жана анын жылдык өзгөрүүсү көрсөтүлүшү керек.

Эскертүү. Бул картаны чыныгы түндүк боюнча ориентирлөөнүн зарылдыгы жок.

§ 6. Аэродром жөнүндө маалыматтар

330. Бул картада сүрөттөлүүчү аймакка тиешелүү, аэродромдун/вертодромдун картасында (ИКАО) камтылган бардык маалымат окшош түрдө көрсөтүлөт, анын ичинде:

а) эң жакын метрге же футка чейинки тактык менен перрондун бийиктиги (превышениеси);

б) аба кемелеринин токтоп туруучу орундары бар перрондор жана тийиштүү учурларда көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү же аба кемелеринин типтери боюнча чектөөлөр, жарык берүүчү-сигналдык каражаттар, маркировка жана визуалдык багыттоо менен башкаруунун башка каражаттары, анын ичинде токтоп туруучу орунга визуалдык коюу тутумдарынын жайгашкан жери жана тиби;

в) градустарда, минуттарда, секунддарда жана секунддун жүздөн бир үлүштөрүндө токтоп туруучу орундардын географиялык координаттары;

г) белгилеништерин, эң жакын метрге чейинки тактык менен туурасын, көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүн же зарылчылыкка жараша аба кемелеринин типтери боюнча чектөөлөрдү, жарык берүүчү-сигналдык каражаттарды, маркировканы, анын ичинде УКТ жанындагы күтүү орундарын (эгерде аралык күтүү орундары белгиленген болсо) жана "стоп" сызыгынын отторун көрсөтүү менен руль тилкелери, жана визуалдык багыттоо менен башкаруунун башка каражаттары;

д) эгерде мындай тилкелер белгиленген болсо, кошумча маалыматтарды тийиштүү түрдө түшүрүү менен коркунучтуу участоктордун жайгашкан жерлери.

Эскертүү. Коркунучтуу участокторго тиешелүү кошумча маалымат картанын бет жагында же арткы бетинде таблица түрүндө түшүрүлүшү мүмкүн;

е) эгерде ушундай каттамдар белгиленген болсо, руль менен бара жаткан аба кемелери үчүн көрсөткүчтөрү бар стандарттык каттамдар;

ж) РТнын тиешелүү октогу сызыгынын чекиттери үчүн градустарда, минуттарда, секунддарда жана секунддун жүздөн бир үлүштөрүндө географиялык координаттар;

з) аба кыймылын диспетчердик тейлөөнүн чектери;

и) алардын каналдарын жана зарылчылыкка жараша кошулуу дарегин көрсөтүү менен тиешелүү байланыш каражаттары;

к) руль менен жүрүүдөгү тоскоолдуктар;

л) аба кемелерине тейлөө көрсөтүү аянтчалары жана эксплуатациялык максаттар үчүн дайындалган курулмалар;

м) VORду текшерүү чекити жана ушул каражаттын радиожыштыгы;

н) сүрөттөлүүчү жумушчу аянтынын аба кемелери тарабынан пайдалануу үчүн дайыма жараксыз болгон каалаган бөлүгү так белгиленет.

331. Канаттарынын бүктөлмө учтары бар учактарды кабыл алуучу аэродромдорго карата картада канаттарынын бүктөлмө учтары бар учактар канаттардын ачылган учтары менен коопсуз эксплуатацияланышы мүмкүн болгон участокторду көрсөтүү керек.

14 Бөлүм. Аба кемесин токтотуу/токтоп туруучу орунга коюу картасы (ИКАО)

§ 1. Максаты

332. Учуу экипаждары үчүн ушул кошумча картада аба кемелеринин руль тилкелеринен токтоп туруучу орундарга карай жана кайра артка жердеги кыймылын, ошондой эле аба кемелерин токтоп туруучу орундарга жайгаштырууну/токтотууну аткарууга жардам берүүчү деталдуу маалымат камтылат.

§ 2. Болушу

333. Эгерде аэродромдук каражаттардын татаал тутумунан улам ушундай маалыматты аэродромдун/вертодромдун картасында (ИКАО) же аэродромдо жерде кыймылдоо картасында (ИКАО) жетиштүү даана көрсөтүү мүмкүн болбосо, аба кемесин токтотуу/токтоп туруучу орунга коюу картасы (ИКАО) 7-пункттун жоболоруна ылайык берилиши керек.

§ 3. Картага түшүрүлүүчү аймак жана масштаб

334. Картага түшүрүлүүчү аймак жана картанын масштабы ушул главанын §6сында саналып өткөн бардык элементтердин даана чагылдырылышын камсыз кылат.

Сызыктуу масштабды көрсөтүү керек.

§ 4. Белгилөөлөр

Картада аэродром тарабынан тейленүүчү шаардын же калктуу пункттун аталышы жана ушул аэродромдун аталышы көрсөтүлөт.

§ 5. Магниттик кыйшаюу

Чыныгы түндүк тараптын жебеси көрсөтүлөт.

338. Эң жакын градуска чейинки тактык менен магниттик кыйшаюу жана анын жылдык өзгөрүүсү көрсөтүлүшү керек.

Эскертүү. Бул картаны чыныгы түндүк боюнча ориентирлөөнүн зарылдыгы жок.

§ 6. Аэродром жөнүндө маалыматтар

339. Бул картада сүрөттөлүүчү аймакка тиешелүү, аэродромдун/вертодромдун картасында (ИКАО) жана аэродромдо жерде кыймылдоо картасында (ИКАО) камтылган бардык маалымат окшош түрдө көрсөтүлөт, анын ичинде:

а) эң жакын метрге же футка чейинки тактык менен перрондун бийиктиги (превышениеси);

б) аба кемелеринин токтоп туруучу орундары бар перрондор жана тийиштүү учурларда көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү же аба кемелеринин типтери боюнча чектөөлөр, жарык берүүчү-сигналдык каражаттар, маркировка жана визуалдык багыттоо менен башкаруунун башка каражаттары, анын ичинде токтоп туруучу орунга визуалдык коюу тутумдарынын жайгашкан жери жана тиби;

в) градустарда, минуттарда, секунддарда жана секунддун жүздөн бир үлүштөрүндө токтоп туруучу орундардын географиялык координаттары;

г) белгилеништерин көрсөтүү менен руль тилкелерине кире бериштер, анын ичинде УКТ жанындагы күтүү орундары жана, эгерде белгиленген болсо, аралык күтүү орундары, ошондой эле "стоп" сызыгынын оттору;

д) эгерде мындай тилкелер белгиленген болсо, кошумча маалыматтарды тийиштүү түрдө түшүрүү менен коркунучтуу участоктордун жайгашкан жерлери.

Эскертүү. Коркунучтуу участокторго тиешелүү кошумча маалымат картанын бет жагында же арткы бетинде таблица түрүндө түшүрүлүшү мүмкүн;

е) РТнын тиешелүү октогу сызыгынын чекиттери үчүн градустарда, минуттарда, секунддарда жана секунддун жүздөн бир үлүштөрүндө географиялык координаттар;

ж) аба кыймылын диспетчердик тейлөөнүн чектери;

з) алардын каналдарын жана зарылчылыкка жараша кошулуу дарегин көрсөтүү менен тиешелүү байланыш каражаттары;

и) руль менен жүрүүдөгү тоскоолдуктар;

к) аба кемелерине тейлөө көрсөтүү аянтчалары жана эксплуатациялык максаттар үчүн дайындалган курулмалар;

л) VORду текшерүү чекити жана ушул каражаттын радиожыштыгы;

м) сүрөттөлүүчү жумушчу аянтынын аба кемелери тарабынан пайдалануу үчүн дайыма жараксыз болгон каалаган бөлүгү так белгиленет.

15 Бөлүм. 1:500 000 масштабындагы аэронавигациялык карта (ИКАО)

§ 1. Максаты

340. Бул картада төмөнкү жана орто бийиктиктерде чакан жана орто аралыктарга төмөнкү ылдамдыкта учууларда визуалдык аэронавигациянын талаптарын сактоо үчүн зарыл болгон маалымат камтылат.

Эскертүү 1. Бул карта төмөндөгүлөр үчүн да пайдаланылышы мүмкүн: а) негизги аэронавигациялык карта катары;

б) учуу-штурмандык курамды негизги даярдоо үчүн;

в) маанилүү визуалдык маалыматты камтыбаган атайын CAR/SAM карталарына кошумча катары;

г) учууну пландаштыруу үчүн.

Эскертүү 2. Бул карталар жарандык аба кемелеринин визуалдык навигация ыкмасы менен учууларын түздөн-түз аткаруу үчүн же аэронавигацияны камсыз кылуунун башка каражаттарын толуктоо үчүн ушундай масштабдагы карталар талап кылынган кургактык аймактары үчүн түзүлөт деп болжолдонот. Эскертүү 3. Мамлекеттер өздөрүнүн улуттук аймактарын камтыган ушундай сериядагы карталарды басып чыгарган учурларда, картада сүрөттөлүүчү бүткүл аймак адатта регионалдык негизде каралат.

§ 2. Болушу

341. 1:500 000 масштабындагы аэронавигациялык карта (ИКАО) 5-тиркемеде аныкталган бардык аймактар үчүн 7-пунктта камтылган жоболорго ылайык берилиши керек.

§ 3. Масштабдар

342. Алкакта (рамкада) кийинки тартипте жайгашкан километрлердеги жана деңиз миляларындагы сызыктуу масштабдар көрсөтүлөт:

– километрлер,

– деңиз милялары,

мында алардын нөлдүк маанилери бир вертикалдык сызыкта жайгашат.

343. Сызыктуу масштабдын узундугу 200 ммден (8 дюйм) кем эмес болушу керек.

344. Алкакта өлчөө бирдиктерин которуу таблицасы (метрлер/футтар) көрсөтүлөт.

§ 4. Формат

345. Картанын аталышы жана алкактан тышкары түшүндүрмөлөр ИКАОнун жумушчу тилдеринин биринде берилет.

Эскертүү. ИКАОнун жумушчу тилине кошумча катары картаны басып чыгаруучу өлкөнүн тили же башка кандайдыр бир тил пайдаланылышы мүмкүн.

346. Жанаша жайгашкан барактардын номенклатурасы жана бийиктиктерди (превышениелерди) белгилөө үчүн колдонулуучу өлчөө бирдиктери жөнүндө маалыматтар картанын бүктөлгөн барагында даана көрүнүп тургандай жайгаштырылат.

347. Карталарды төмөнкүдөй тартипте бүктөө керек:

Картаны ортоңку параллель менен болжол менен дал келген чоң огу боюнча, анын төмөнкү жарымынын бет жагын өйдө каратып, бет жагын сыртка чыгарып бүктөө керек. Аны меридиан боюнча ичкери көздөй бүктөп, андан соң эки жарымын тең гармошка түрүндө бүктөө керек.

348. Мүмкүнчүлүккө жараша бул масштабдагы картанын барактары 1:1 000 000 масштабындагы Дүйнөнүн аэронавигациялык картасынын (ИКАО) барагынын 1/4 бөлүгүнө барабар болушу керек. Картанын бет жагында жана арткы бетинде эки сериядагы карталардын ортосундагы өз ара байланышты чагылдырган жанаша барактардын стандарттуу разграфкасынын тиешелүү схемасы жайгаштырылышы керек.

Эскертүү. Барактардын алкактары конкреттүү талаптарга жараша түрдүүчө болушу мүмкүн.

349. Картада стандарттуу разграфка схемасында көрсөтүлгөн аймактын чегинен тышкары барактын жогорку жана оң тарабынан сүрөттөлүүчү аймакты улантуу жолу менен кайталануучу (жабуу) аймагы каралышы керек. Кайталануучу тилкелерге бардык аэронавигациялык, топографиялык жана гидрографиялык маалыматтар, ошондой эле жасалма курулмалар жөнүндө маалыматтар түшүрүлөт. Кайталануу тилкеси мүмкүн болушунча 15 кмге (8 деңиз милясы) чейинки участокту камтышы керек жана кандай болбосун ар бир картанын чектөөчү параллелдеринен жана меридиандарынан анын ички алкагына чейинки участокту камтышы керек.

§ 5. Проекция

Карта үчүн конформдык (бирдей бурчтуу) проекция колдонулат. Параллелдер 30′ интервалы менен түшүрүлөт. Меридиандар, эреже катары, 30′ интервалы менен түшүрүлөт. Эскертүү. Жогорку кеңдиктер үчүн мындай интервал көбөйтүлүшү мүмкүн.

353. 1′ интервалы бар градуировкалык штрихтер бүтүн градус маанисине ээ ар бир меридианды жана параллелди бойлото түшүрүлөт жана Гринвич меридианына же экваторго карама-каршы тарапка багытталат. 10′ интервалы бар штрихтер картографиялык тармак сызыгынын эки тарабына тең түшүрүлөт.

354. 1′ интервалы менен түшүрүлгөн штрихтер картографиялык тармак сызыгынын ар бир тарабынан болжол менен 1,3 мм (0,05 дюйм), 5′ интервалы менен – 2 мм (0,08 дюйм) жана 10′ интервалы менен – 2 мм (0,08 дюйм) узундукта болушу керек.

355. Бардык меридиандар жана параллелдер картанын алкагынын ичинде сандар менен белгиленет (оцифровкаланат). Эгерде бул маалыматтар эксплуатациялык максаттар үчүн талап кылынса, ар бир меридианды жана ар бир параллелди сандар менен белгилөөнү картанын талаасына түшүрүү керек.

356. Алкакта проекциянын аталышы жана негизги параметрлери көрсөтүлөт.

§ 6. Белгилөөлөр

357. Картанын ар бир барагы ушул баракта сүрөттөлгөн негизги калктуу пункттун же мүнөздүү географиялык элементтин аталышына ылайык келген аталышка ээ болот.

358. Каралган жерлерде, карта барактарында квадратты же квадраттарды белгилөөчү төмөнкү тамгалардын бирин же бир нечесин кошуу менен 1:100 000 масштабындагы тиешелүү Дүйнөнүн аэронавигациялык картасынын (ИКАО) номенклатурасы да көрсөтүлүшү керек:

| Тамга | Картанын квадраты |
| --- | --- |
| A | түндүк-батыш |
| B | түндүк-чыгыш |
| C | түштүк-чыгыш |
| D | түштүк-батыш |

§ 7. Техногендик чөйрө жана топография: курулуш жүргүзүлгөн аймактар

359. Картада белгилөө үчүн шаарларды, шаар тибиндеги кыштактарды жана айылдарды тандоо алардын визуалдык аэронавигация үчүн салыштырмалуу маанилүүлүгүнө жараша болот.

360. Олуттуу өлчөмдөгү шаарлар жана поселкалар белгиленген шаардык чек аралары боюнча эмес, алардын курулуш жүргүзүлгөн аймагынын чек аралары боюнча белгилениши керек.

§ 8. Техногендик чөйрө жана топография: темир жолдор

361. Картада мүнөздүү жердеги ориентир катары кызмат кылган бардык темир жолдор белгиленет.

Эскертүү 1. Темир жол тармагы жыш жайгашкан аймактарда, картаны окууну жеңилдетүү кызыкчылыгында алардын айрымдары белгиленбей калышы мүмкүн. Эскертүү 2. Темир жолдордун аталыштарын көрсөтүүгө болот. Эскертүү 3. Темир жол станцияларын белгилөөгө болот.

362. Эгерде тоннелдер мүнөздүү жердеги ориентирди билдирсе, картада белгиленет.

Эскертүү. Зарыл болгон учурда бул элементти бөлүп көрсөтүү үчүн түшүндүрүүчү жазууну кошууга болот.

§ 9. Техногендик чөйрө жана топография: шоссе жана башка жолдор

363. Жол тармагы анын жайгашуусунун маанилүү өзгөчөлүктөрү абадан көрүнүп тургандай даражада жетиштүү деталдуулук менен картада белгиленет.

Эскертүү. Картада курулуп жаткан жолдор белгилениши мүмкүн.

364. Курулуш жүргүзүлгөн аймактарда, алар абадан мүнөздүү ориентир катары айырмаланып турган учурларды кошпогондо, жолдор белгиленбеши керек.

Эскертүү. Картада маанилүү шоссе жолдорунун номерлери же аталыштары көрсөтүлүшү мүмкүн.

§ 10. Техногендик чөйрө жана топография: жердеги ориентирлер

365. Картада визуалдык аэронавигация үчүн маанилүү ориентир катары кызмат кылган учурда табигый жана жасалма жердеги ориентирлерди, мисалы, көпүрөлөрдү, ири электр өткөрүү линияларын, стационардык фуникулерлорду, шамал турбиналарын, тоо-кен казып алуу курулмаларын, фортторду, урандыларды, дамбаларды, түтүк өткөргүчтөрдү, аскаларды, тик аскаларды, кум дөбөлөрүн, өзүнчө турган маяктарды жана калкыма маяктарды белгилөө керек.

Эскертүү. Жердеги ориентирлер түшүндүрмө жазуулар менен коштолушу мүмкүн.

§ 11. Техногендик чөйрө жана топография: мамлекеттик чек аралар

366. Картада мамлекеттик чек аралар белгиленет. Демаркацияланбаган жана белгиленбеген чек аралар түшүндүрмө жазуулар менен коштолот.

Эскертүү. Картада башка чек аралар да белгилениши мүмкүн.

§ 12. Техногендик чөйрө жана топография: гидрография

367. Картага анын масштабына ылайык гидрографиянын бардык элементтери, анын ичинде жээк сызыктары, көлдөр, дарыялар жана булактар (анын ичинде соолуп калуучулар), туздуу көлдөр, мөңгүлөр жана мөңгү кыртыштары түшүрүлөт.

Чоң суу мейкиндиктери абдан ачык түстөр менен боёлушу керек. Эскертүү. Жээк сызыгын кыйла кочкул тондогу ичке тилке менен бөлүп көрсөтүүгө болот.

369. Эгерде алар берилген жергиликтүү жерди мүнөздөө үчүн олуттуу мааниге ээ болсо, рифтерди жана тайыздыктарды, ошондой эле суу астындагы аскалуу жээк эңкейиштерин, тартылуу-ташуу чөгүндүлөрүн, өзүнчө аскаларды, кумдуу, шагылдуу, таштуу жана ушуга окшош башка участокторду шарттуу белгилер менен белгилөө керек.

Эскертүү. Аскалар тобу тиешелүү аймактын чегинде аскалардын бир нече мүнөздүү шарттуу белгилери менен белгилениши мүмкүн.

§ 13. Техногендик чөйрө жана топография: горизонталь сызыктары

370. Картага горизонталь сызыктары түшүрүлөт. Рельефтин кесилиш бийиктигин тандоо аэронавигация керектөөлөрүн эске алуу менен рельеф элементтеринин даана сүрөттөлүшүн камсыз кылуучу талапка ылайык аныкталат.

371. Картада кабыл алынган рельефтин кесилиш бийиктигинин чоңдуктары көрсөтүлөт.

§ 14. Техногендик чөйрө жана топография: тоналдык гипсометрия

371. Тоналдык гипсометрияны пайдаланууда картада бийиктиктердин тоналдык гипсометрикалык шкаласы келтирилет.

372. Алкакта картада колдонулуучу бийиктиктердин тоналдык гипсометрикалык шкаласы көрсөтүлөт.

§ 15. Техногендик чөйрө жана топография: бийиктик белгилери

374. Айрым критикалык чекиттер бийиктик белгилери менен белгиленет. Тандалган бийиктиктер (превышениелер) ар дайым курчап турган жердин чегиндеги эң чоңу болуп саналат жана, эреже катары, чокуга, кырка тоого ж. б. тиешелүү болот.

Картада ошондой эле аэронавигация үчүн маанилүү мааниге ээ болгон өрөөндөрдөгү превышениелер жана көл беттеринин деңгээлинин белгилери белгиленет. Ар бир өзүнчө превышениенин жайгашкан жери чекит менен белгиленет.

375. Алкакта картадагы эң жогорку чекиттин бийиктиги (превышениеси (метрде же футта)) жана анын географиялык координаттары 5 минутка чейинки тактык менен көрсөтүлөт.

376. Каалаган карта барагындагы эң жогорку чекиттин бийиктик белгисин гипсометриялык боёксуз калтыруу керек.

§ 16. Техногендик чөйрө жана топография: рельеф жөнүндө толук эмес же ишенимсиз маалымат

377. Рельефти тартуу жүргүзүлбөгөн аймактар "Рельеф жөнүндө маалыматтар толук эмес" деген жазуу менен белгиленет.

378. Бийиктик белгилери толук такталбаган карталар картанын талаасында даана бөлүп көрсөтүлгөн жана аэронавигациялык маалыматтарды түшүрүү үчүн колдонулуучу түстө басып чыгарылган эскертүүчү жазуу менен коштолот, мисалы: «Көңүл буруңуздар. Бул картадагы рельеф жөнүндө маалымат жетиштүү деңгээлде так эмес, бийиктиктер (превышениелер) жөнүндө маалыматтарды этияттык менен пайдалануу керек.»

§ 17. Техногендик чөйрө жана топография: жарлар

379. Жарлар жергиликтүү жерде байкалаарлык ориентирди билдирген учурда же жасалма курулмалар жөнүндө маалыматтар өтө аз болгон учурда белгилениши керек.

§ 18. Техногендик чөйрө жана топография: токой массивдери

Картада токой массивдери белгилениши керек. Эскертүү. Жогорку кеңдиктердин карталарында токойдун өсүшүнүн болжолдуу түндүк же түштүк чек аралары белгилениши мүмкүн. Белгиленген учурда, токойдун өсүшүнүн болжолдуу түндүк же түштүк чек аралары кара штрихтүү пунктир менен сүрөттөлөт жана тиешелүү түшүндүрмө менен коштолот.

§ 19. Техногендик чөйрө жана топография: топографиялык маалыматтын датасы

382. Алкакта топографиялык негизге түшүрүлгөн акыркы маалыматтын датасы көрсөтүлөт.

§ 20. Магниттик кыйшаюу

383. Картада изогоналар көрсөтүлөт.

Алкакта изогоналар жөнүндө маалыматтын датасы көрсөтүлөт.

§ 21. Аэронавигациялык маалыматтар

385. Картага картанын дайындалышына жараша жана жаңыртуу мезгилдүүлүгүн эске алуу менен аэронавигациялык маалымат түшүрүлөт.

386. Аэродромдор, гидроаэродромдор жана вертодромдор өздөрүнүн аталыштары менен картаны ашыкча жүктөбөй тургандай көлөмдө көрсөтүлөт, мында белгилөөдө аэронавигация үчүн эң маанилүү мааниге ээ болгондорго артыкчылык берилет.

387. Картада аэродромдун превышениеси, анын жарык берүүчү-сигналдык тутуму, УКТ покрытийинин тиби жана эң узун УКТнын же гидроаэродромдун учуу тилкесинин узундугу, эгерде бул маалыматтар картаны ашыкча жүктөбөсө, 2-тиркемеде келтирилген мисалга ылайык ар бир аэродром үчүн кыскартылган түрдө чагылдырылат.

388. Картада абадан дагы эле аэродром катары кабыл алынышы мүмкүн болгон "кароосуз калган" аэродромдор чагылдырылат жана жазуу менен белгиленет.

Картада тоскоолдуктар көрсөтүлөт. Эскертүү. Жер бетинен 100 м (300 фут) жана андан жогору бийиктиктеги объекттер, эреже катары, тоскоолдуктар катары эсептелет.

390. Визуалдык учуу үчүн маанилүү деп эсептелген учурларда, тоскоолдук болуп саналган ири электр өткөрүү линиялары, стационардык асма аспаптуу канат жолдору жана шамал турбиналары көрсөтүлөт.

391. Картада тыюу салынган аймактар, учуулар чектелген аймактар жана коркунучтуу аймактар көрсөтүлөт.

392. Картада аба кыймылын тейлөө тутумунун маанилүү элементтери, анын ичинде мүмкүн болушунча диспетчердик зоналар, аэродромдук кыймыл зоналары, диспетчердик райондор, учуу маалымат райондору жана ВУЭ (ПВП) боюнча учуулар аткарылуучу аба мейкиндигинин башка түрлөрү көрсөтүлөт жана мында аба мейкиндигинин тиешелүү классы көрсөтүлөт.

393. Абадан коргонуунун өздүк-жаттык таануу (ADIZ) зонасы тийиштүү түрдө түшүрүлөт жана зарыл болгон жерлерде белгиленет.

Эскертүү. ADIZ процедураларынын сүрөттөлүшү картанын шарттуу белгилерине киргизилиши мүмкүн.

394. Картада радионавигациялык каражаттар тиешелүү шарттуу белги менен алардын аталыштарын көрсөтүү менен көрсөтүлөт, бирок, эгерде картага түшүрүлүүчү мындай маалыматтын бардыгы же бир бөлүгү картанын жаңы басылыштарын чыгаруу жолу менен жаңыртылбаса, алардын жыштыктары, коддолгон индекстери, иштөө сааттары жана башка мүнөздөмөлөрү көрсөтүлбөйт.

395. Картада алардын мүнөздөмөлөрүн, же белгилеништерин, же экөөнү тең көрсөтүү менен жердеги аэронавигациялык оттор белгиленет.

396. Жээк сызыгынын чыгып турган участокторундагы же өзүнчө объекттердеги көрүү алыстыгы 28 кмден (15 деңиз милясы) кем эмес болгон деңиз оттору картада белгиленет, эгерде:

a) алар ушул аймактагы кыйла кубаттуу деңиз отторунан кем эмес айырмаланса;

b) аларды жээк курулуш аймактарынын жанындагы башка типтеги деңиз отторунан оңой айырмалоого мүмкүн болсо;

c) алар олуттуу мааниге ээ болгон жалгыз оттор болуп саналса.

16 Бөлүм. Майда масштабдагы аэронавигациялык карта (ИКАО)

§ 1. Максаты

397. Бул карта төмөнкү максаттар үчүн арналат:

a) алыскы аралыкка учуучу аба кемелеринин экипаждары тарабынан бийик эшелондордо учууларды аткарууда аэронавигациялык каражат катары пайдалануу үчүн;

b) узак аралыктагы каттамдардагы айрым контролдук пункттарды белгилөө үчүн, алар бийик эшелондордо жана жогорку ылдамдыктарда учууларды аткарууда таануу жана өзүнүн жайгашкан жерин визуалдык түрдө ырастоо үчүн зарыл;

c) радионавигациялык же башка электрондук навигациялык каражаттар жок болгон райондордун үстүнөн алыскы аралыкка учууларды аткарууда, же визуалдык навигация максатка ылайыктуу же зарыл болгон райондордо учуунун бардык мезгилинде туруктуу визуалдык багыт алууну камсыз кылуу үчүн;

d) экипаждарды алыскы аралыкка учууларды пландаштыруу жана курс чийүү үчүн жалпы багыттагы карталардын сериясы менен камсыз кылуу үчүн.

§ 2. Жеткиликтүүлүгү

398. Майда масштабдуу аэронавигациялык карта (ИКАО) 7-пунктта камтылган жоболорго ылайык, 5-тиркемеде аныкталган бардык райондор үчүн берилүүгө тийиш.

§ 3. Картографиялануучу район жана масштаб

399. Майда масштабдуу аэронавигациялык картада (ИКАО) Жер шарынын негизги материктери кеминде толугу менен көрсөтүлүүгө тийиш.

Эскертүү 1. Бул сериядагы карта барактарынын бөлүнүшү (разграфкасы) боюнча көрсөтмөлөр Аэронавигациялык карталар боюнча колдонмодо (Doc 8697) камтылган. Эскертүү 2. Барактын өлчөмү картаны чыгаруучу мекемеде болгон басма станогунун максималдуу өлчөмүнө ылайык келиши мүмкүн.

400. Картанын масштабы 1:2 000 000ден 1:5 000 000ге чейинки диапазондо тандалат.

401. Картанын аталышында «майда масштабдуу» деген сөздөрдүн ордуна сандык масштаб көрсөтүлөт.

402. Рамкада километр жана деңиз милдери менен берилген сызыктуу масштабдар төмөнкү тартипте көрсөтүлөт:

– километрлер;

– деңиз милдери,

мында алардын нөлдүк белгилери бир вертикалдык сызыкта жайгаштырылат.

403. Сызыктуу масштабдын узундугу кеминде 200 мм (8 дюйм) болууга тийиш.

404. Рамкада өлчөө бирдиктерин которуу таблицасы (метр/фут) көрсөтүлөт.

§ 4. Форматы

405. Картанын аталышы жана рамкадан тышкаркы түшүндүрмөлөр ИКАОнун жумушчу тилдеринин биринде берилет.

Эскертүү. ИКАОнун жумушчу тилинен тышкары, картаны чыгаруучу өлкөнүн тили же башка кандайдыр бир тил да колдонулушу мүмкүн.

406. Жанаша жайгашкан барактардын номенклатурасы жана бийиктиктерди белгилөөдө колдонулган өлчөө бирдиктери жөнүндө маалыматтар бүктөлгөн картадан жакшы көрүнүп тургандай жайгаштырылат.

Эскертүү. Карталардын барактарын номенклатуралоонун эл аралык системасы жок.

§ 5. Проекция

407. Карта үчүн тең бурчтуу конформдук проекция колдонулат. Рамкада проекциянын аталышы жана негизги параметрлери көрсөтүлөт.

408. Параллелдер 1° интервал менен түшүрүлөт. Параллелдердин градустук белгилери картанын кеңдигине жана масштабына ылайык келген майда интервалдар менен түшүрүлөт.

409. Меридиандар кеңдикке жана картанын масштабына ылайык келген интервалдар менен түшүрүлөт. Меридиандардын градустук белгилери 5′тен ашпаган интервал менен түшүрүлөт.

410. Градустук белгилер Гринвич меридианына жана экваторго карама-каршы багытталат.

411. Картага түшүрүлгөн бардык меридиандар жана параллелдер картанын рамкасынан тышкары цифралар менен белгиленет. Мындан тышкары, зарылчылыкка жараша, меридиандар менен параллелдердин номерлерин бүктөлгөн картадан оңой аныктоого мүмкүн болушу үчүн, алар картанын талаасында да цифралар менен белгиленет.

§ 6. Техногендик чөйрө жана топография: курулган райондор

412. Картада көрсөтүлүүчү шаарларды, шаарчаларды жана айылдарды тандоо алардын визуалдык аэронавигация үчүн салыштырмалуу маанилүүлүгүнө жараша жүргүзүлөт.

413. Ири шаарлар жана шаарчалар белгиленген административдик же шаардык чектер боюнча эмес, алардын курулган аймагынын чек аралары боюнча көрсөтүлүүгө тийиш.

§ 7. Техногендик чөйрө жана топография: темир жолдор

414. Картада жер үстүндөгү мүнөздүү багыт берүүчү ориентирлер катары кызмат кылган бардык темир жолдор көрсөтүлөт.

Эскертүү. Темир жолдордун тармагы жыш жайгашкан райондордо картаны окууну жеңилдетүү максатында алардын айрымдары көрсөтүлбөшү мүмкүн.

415. Картада маанилүү тоннелдер көрсөтүлүүгө тийиш.

Эскертүү. Зарыл болгон учурда түшүндүрмө жазуу кошулушу мүмкүн.

§ 8. Техногендик чөйрө жана топография: автомобиль жана башка жолдор

416. Жол тармагы абадан анын жайгашуусунун маанилүү өзгөчөлүктөрүн көрүүгө мүмкүн болгудай деңгээлде жетиштүү деталдуулук менен көрсөтүлөт.

417. Курулган райондордо жолдор көрсөтүлбөйт, абадан аларды мүнөздүү ориентирлер катары айырмалоого мүмкүн болгон учурлар буга кирбейт.

§ 9. Техногендик чөйрө жана топография: жер үстүндөгү ориентирлер

418. Картада визуалдык аэронавигация үчүн маанилүү ориентир катары кызмат кылган табигый жана жасалма жер үстүндөгү ориентирлер, мисалы, көпүрөлөр, ири электр берүү линиялары, стационардык фуникулёрлор, тоо-кен өндүрүшүнүн курулмалары, чептер, урандылар, дамбалар, түтүк өткөргүчтөр, аскалар, тик жээктер, жарлар, кум дөбөлөр, айрым маяктар жана сүзүүчү маяктар көрсөтүлүүгө тийиш.

Эскертүү. Жер үстүндөгү ориентирлер түшүндүрмө жазуулар менен коштолушу мүмкүн.

§ 10. Техногендик чөйрө жана топография: мамлекеттик чек аралар

419. Картада мамлекеттик чек аралар көрсөтүлөт. Белгиленбеген же так аныкталбаган чек аралар түшүндүрмө жазуулар менен коштолот.

§ 11. Техногендик чөйрө жана топография: гидрография

420. Картага анын масштабына ылайык гидрографиянын бардык элементтери, анын ичинде жээк сызыктары, көлдөр, дарыялар жана сайлар (анын ичинде мезгил-мезгили менен соолуп калуучу), туздуу көлдөр, мөңгүлөр жана мөңгү жабындылары түшүрүлөт.

421. Ири суу мейкиндиктери өтө ачык түстөргө боёлууга тийиш.

Эскертүү. Жээк сызыгын күңүрт түстөгү ичке тилке менен айырмалап көрсөтүүгө болот.

422. Рифтер жана тайыз жерлер, анын ичинде суу алдындагы аскалуу жээк капталдары, суунун тартылышынан пайда болгон чөкмөлөр, айрым аскалар, кумдуу, шагылдуу, таштуу жана башка ушул сыяктуу участоктор, эгерде алар ошол жердин мүнөздөмөсү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо, шарттуу белгилер менен көрсөтүлүүгө тийиш.

§ 12. Техногендик чөйрө жана топография: горизонталдар

423. Картага горизонталдар түшүрүлөт. Рельефтин кесилиш бийиктигин тандоо аэронавигациянын талаптарын эске алуу менен рельефтин элементтерин так көрсөтүүнү камсыз кылган талаптарга ылайык аныкталат.

424. Картада кабыл алынган рельефтин кесилиш бийиктигинин маанилери көрсөтүлөт.

§ 13. Техногендик чөйрө жана топография: тоналдык гипсометрия

425. Тоналдык гипсометрия колдонулган учурда картада бийиктиктердин тоналдык гипсометриялык шкаласы берилет.

426. Рамкада картада колдонулган бийиктиктердин тоналдык гипсометриялык шкаласы көрсөтүлөт.

§ 14. Техногендик чөйрө жана топография: бийиктик белгилери

427. Айрым маанилүү чекиттер бийиктик белгилери менен көрсөтүлөт. Тандалган абсолюттук бийиктиктер ар дайым айлана-чөйрөдөгү жерлердин ичиндеги эң жогорку бийиктиктер болуп саналат жана, эреже катары, чокунун, кырка тоонун жана башка ушул сыяктуу жерлердин эң жогорку чекитине тиешелүү болот.

Картада ошондой эле визуалдык аэронавигация үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон өрөөндөрдөгү бийиктиктер жана көлдөрдүн суу бетинин деңгээлинин белгилери көрсөтүлөт. Ар бир өзүнчө бийиктиктин жайгашкан жери чекит менен белгиленет.

428. Рамкада картадагы эң бийик чекиттин абсолюттук бийиктиги (метр же фут менен) жана анын географиялык координаттары 5 мүнөттүк тактыкта көрсөтүлөт.

429. Картанын каалаган барагындагы эң бийик чекиттин бийиктик белгиси гипсометриялык боёктон бош калтырылууга тийиш.

§ 15. Техногендик чөйрө жана топография: рельеф жөнүндө толук эмес же так эмес маалымат

430. Рельефке түшүрүү иштери жүргүзүлбөгөн райондор «Рельеф жөнүндө маалыматтар толук эмес» деген жазуу менен белгиленет.

431. Бийиктик белгилери толук такталбаган карталар карта талаасында даана көрүнүп турган жана аэронавигациялык маалыматтарды түшүрүүдө колдонулган түс менен басылган эскертүү жазуусу менен коштолот, мисалы:

«Көңүл буруңуз. Бул картадагы рельеф жөнүндө маалымат жетиштүү так эмес, бийиктиктер жөнүндө маалыматтарды этияттык менен пайдалануу керек.»

432. Жарлар жергиликтүү жерде көзгө даана көрүнгөн ориентирлер болуп саналган учурда же жасалма курулмалар жөнүндө маалыматтар өтө чектелүү болгон учурда көрсөтүлүүгө тийиш.

§ 16. Техногендик чөйрө жана топография: токой массивдери

433. Картада чоң аянтты ээлеген токой массивдери көрсөтүлүүгө тийиш.

§ 17. Техногендик чөйрө жана топография: топографиялык маалыматтын датасы

434. Рамкада топографиялык негизге акыркы жолу түшүрүлгөн маалыматтын датасы көрсөтүлөт.

§ 18. Техногендик чөйрө жана топография: түстөр

435. Курсту чийүүнү жеңилдетүү максатында картанын фону жарым тондуу түстөрдө берилүүгө тийиш.

436. Визуалдык аэронавигация үчүн маанилүү болгон элементтерди айырмалап көрсөтүү максатында түстөрдүн так контрастын камсыз кылуу керек.

§ 19. Магниттик кыйшаюу

437. Картада изогондор көрсөтүлөт.

438. Рамкада изогондор жөнүндө маалыматтын датасы көрсөтүлөт.

§ 20. Аэронавигациялык маалыматтар

439. Аэродромдор, гидроаэродромдор жана вертодромдор алардын аталыштары менен картаны ашыкча маалыматтарга толтурбай тургандай көлөмдө көрсөтүлөт. Мында аэронавигация үчүн эң маанилүү болгон объекттерди көрсөтүүгө артыкчылык берилет.

440. Картада тоскоолдуктар көрсөтүлөт.

441. Тыюу салынган аймактар, учууларды чектөө аймактары жана кооптуу аймактар аэронавигация үчүн маанилүү деп эсептелген учурда көрсөтүлүүгө тийиш.

442. Аба кыймылын тейлөө системасынын маанилүү элементтери аэронавигация үчүн маанилүү деп эсептелген учурда көрсөтүлүүгө тийиш.

443. Зарыл болгон жерлерде абадан коргонуу күчтөрүнүн идентификациялык аймагы (ADIZ) картага түшүрүлөт жана тиешелүү түрдө белгиленет.

Эскертүү. ADIZ боюнча жол-жоболордун сүрөттөлүшү картанын шарттуу белгилерине киргизилиши мүмкүн.

444. Эскертүү. Картада радионавигациялык каражаттар тиешелүү шарттуу белгилер менен көрсөтүлүп, алардын аталыштары берилиши мүмкүн.

17 Бөлүм. Аба кыймылын башкаруунун минималдуу абсолюттук бийиктиктеринин обзордук картасы (ИКАО)

§ 1. Максаты

445. Бул кошумча карта учуу экипаждарына аба кйымылын башкаруу байкоо жүргүзүү тутумун пайдалануу менен диспетчер тарабынан дайындалган абсолюттук бийиктиктерди контролдоого жана аларды кайчылаш текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды камтыйт.

Эскертүү. КРАЭ-11де каралган аба кыймылын башкаруу кызматынын милдеттерине жер менен кагылышууну болтурбоо кирбейт. «Аба кыймылын уюштуруу» Аэронавигациялык тейлөө боюнча жол-жоболордун эрежелеринде (PANS-ATM, Doc 4444) каралган талаптар аба кыймылын башкаруу органдары тарабынан берилген диспетчердик уруксаттардын ушул жагынан коопсуз болушун камсыз кылуу жоопкерчилигин пилоттордон алып салбайт. Аспаптар боюнча учуу эрежелери боюнча учуу аткарылып жаткан учурда векторлоо камсыз кылынганда же аба кемесин аба кыймылын башкаруу каттамы боюнча багыттан четтетүүнү караган түздөлгөн каттам берилген учурда PANS-ATMнин 8-главасынын 8.6.5.2-пунктунун жоболору колдонулат.

446. Картанын алдыңкы бетинде бул карта аба кемеси идентификацияланганда гана дайындалган абсолюттук бийиктиктерди кайчылаш текшерүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн экендиги жөнүндө эскертүү так көрүнүктүү түрдө көрсөтүлөт.

§ 2. Болушу

447. Аба кыймылын башкаруу минималдуу абсолюттук бийиктиктеринин обзордук картасы (ИКАО) 7-пункттун жоболоруна ылайык, векторлоо схемалары белгиленген жана векторлоонун минималдуу абсолюттук бийиктиктерин район картасында (ИКАО), аспаптар боюнча стандарттык учуп чыгуу картасында (SID) (ИКАО) же аспаптар боюнча стандарттык келүү картасында (STAR) (ИКАО) жетиштүү так көрсөтүү мүмкүн болбогон учурларда берилүүгө тийиш.

§ 3. Картографиялануучу район жана масштаб

448. Картографиялануучу район векторлоо схемаларына тиешелүү маалыматтарды көрнөк-жарнак түрүндө так көрсөтүүгө жетиштүү болууга тийиш.

449. Карта масштабда аткарылат.

450.Карта тиешелүү район картасы (ИКАО) менен бирдей масштабда аткарылууга тийиш.

§ 4. Проекция

451. Карта түз сызык болжол менен ортодромияга туура келген тең бурчтуу проекцияда түзүлүүгө тийиш.

452.Градустук белгилер ички рамканын сызыктары боюнча туруктуу интервалдар менен түшүрүлөт.

§ 5. Белгилөөлөр

453. Ар бир картада векторлоо схемалары белгиленген аэродромдун аталышы көрсөтүлөт же схемалар бир нече аэродромго тиешелүү болгон учурда, картада көрсөтүлгөн аба мейкиндигине байланыштуу аталыш берилет.

Эскертүү. Мындай аталыш катары аэродром тейлеген шаардын аталышы же схемалар бир нече аэродромго тиешелүү болгон учурда аба кыймылын тейлөө борборунун, же картада көрсөтүлгөн райондо жайгашкан эң ири шаардын же калктуу конуштун аталышы колдонулушу мүмкүн.

§ 6. Техногендик чөйрө жана топография

454. Картага ачык суу мейкиндиктеринин, ири көлдөрдүн жана дарыялардын жээк сызыктарынын жалпы контурлары түшүрүлөт, эгерде алар картанын багытына көбүрөөк мүнөздүү болгон башка маалыматтарды түшүнүүгө тоскоолдук кылбаса.

455. Тиешелүү бийиктик белгилери жана тоскоолдуктар көрсөтүлөт.

Эскертүү. Тиешелүү бийиктик белгилери жана тоскоолдуктар жөнүндө маалымат схемаларды иштеп чыгуу боюнча адистер тарабынан берилет.

§ 7. Магниттик кыйшаюу

456. Картада көрсөтүлгөн райондун орточо магниттик кыйшаюусу жакынкы бүтүн градуска чейин тактыкта көрсөтүлөт.

§ 8. Пеленгдер, учуу багыттары жана радиалдар

457. Картада магниттик пеленгдер, учуу багыттары жана радиалдар көрсөтүлөт, 458-пунктта каралган учурлар буга кирбейт.

458. Магниттик түндүк боюнча багыт алуу мүмкүн эмес деп тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган жогорку кеңдиктеги райондордо башка ылайыктуу багыт — башкача айтканда, чыныгы түндүк же координаттар торунун түндүк багыты колдонулууга тийиш.

459. Пеленгдер, учуу багыттары же радиалдар чыныгы же шарттуу меридиандын түндүк багытына багытталып берилген учурларда, бул картада так көрсөтүлөт. Шарттуу меридиандын түндүк багыты колдонулган учурда, таяныч катары алынган шарттуу меридиан көрсөтүлөт.

§ 9. Аэронавигациялык маалыматтар

460. Тиешелүү аэродромдун районундагы маршруттар системасына таасир этүүчү бардык аэродромдор көрсөтүлөт. Зарыл болгон учурда учуп-конуу тилкесинин жайгашкан жеринин индекси колдонулат.

461. Негизги аэродромдун абсолюттук бийиктиги жакынкы метрге же футка чейин тактыкта көрсөтүлөт.

462. Тыюу салынган зоналар, учууларды чектөө зоналары жана кооптуу зоналар алардын белгилеништери көрсөтүлүү менен картага түшүрүлөт.

463. Картада белгиленген аба кыймылын тейлөө системасынын компоненттери, анын ичинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

a) радионавигациялык каражаттар, алардын белгилеништери көрсөтүлүү менен;

б) тиешелүү белгиленген аба мейкиндигинин каптал чектери;

в) аспаптар боюнча стандарттык учуп чыгуу жана келүү схемаларындагы маршруттук чекиттер.

Эскертүү. Аба кемесин маршруттук чекиттерге жана алардан багыттоо үчүн пайдаланылган маршруттар көрсөтүлүшү мүмкүн;

г) эгерде белгиленген болсо, өтүү абсолюттук бийиктиги;

д) векторлоого байланыштуу маалыматтар, анын ичинде:

1) векторлоонун минималдуу абсолюттук бийиктиктери так көрсөтүлүп, жакынкы 50 м же 100 футка чейин жогору карай тегеректөө менен белгиленет;

2) векторлоонун минималдуу абсолюттук бийиктиктери белгиленген секторлордун каптал чектери. Алар, адатта, радионавигациялык каражаттарга же алардан алынган пеленгдер жана радиалдар менен жакынкы бүтүн градуска чейин тактыкта аныкталат же, эгерде бул колдонулбаса, градус, мүнөт жана секунд менен берилген географиялык координаттар аркылуу аныкталат. Белгиленген секторлорду так ажыратуу үчүн алар калың сызыктар менен көрсөтүлөт.

Эскертүү. Маалыматтар өтө көп топтолгон райондордо картанын окулушун жеңилдетүү максатында географиялык координаттар көрсөтүлбөшү мүмкүн;

3) бирдей аралыктагы айланалар 20 км же 10 деңиз мили интервалдары менен, же колдонулган учурда 10 км же 5 деңиз мили интервалдары менен көрсөтүлөт. Алар жука үзүк сызыктар менен белгиленип, радиусу айлананын өзүндө көрсөтүлөт. Борбору белгиленген аэродромдун негизги VOR радионавигациялык каражаты жайгашкан жерде же ал жок болсо, аэродромдун же вертодромдун контролдук чекитинде жайгаштырылат;

4) тиешелүү учурларда төмөнкү температуранын таасирине байланыштуу оңдоо жөнүндө эскертүү;

е) радио байланыш эрежелери, анын ичинде тиешелүү УВД органынын (органдарынын) чакыруу белгилери жана каналдары.

464. Байланыш үзгүлтүккө учураган учурда колдонулуучу тиешелүү эрежелердин тексттик сүрөттөлүшү берилүүгө тийиш жана мүмкүн болушунча алар картада же карта жайгаштырылган ошол эле бетте көрсөтүлүүгө тийиш.

1-Тиркеме

Карта рамкасынан тышкаркы түшүндүрмөлөрдүн жайгашуу схемасы

2-Тиркеме

ИКАО карталарындагы шарттуу белгилер

1.

|  | Белгилөө № |
| --- | --- |
| ТОПОГРАФИЯ (1-18) |  |
| Бийиктик белгиси | 13 |
| Бийиктик белгиси (так эмес белгиси) | 14 |
| Шагылдуу жер (Галечник) | 8 |
| Болжолдуу горизанталдар (Гипотетические горизонтали) | 2 |
| Горизонталдар | 1 |
| Дамба же эскер | 9 |
| Картадагы эң чоң бийиктик айырмасы | 12 |
| Тик жээк, аска же жар | 4 |
| Пальмлар | 17 |
| Ашуу | 11 |
| Кум дөбөлөрү | 6 |
| Кумдуу тилке (участок) | 7 |
| Лава агымы | 5 |
| Башка дарактар | 16 |
| Топографиялык съёмка жүргүзүлбөгөн же рельеф жөнүндө маалыматтары толук эмес райондор | 18 |
| Түшүндүрмө жазуусу менен көрсөтүлгөн өзгөчө рельеф элементтери | 10 |
| Ийне жалбырактуу дарактар | 15 |
| Штрихтер менен белгиленүүчү рельеф элементтери | 3 |
| ГИДРОГРАФИЯ (19-46) |  |
| Жээк сызыгы (так аныкталган) | 19 |
| Жээк сызыгы (так эмес) | 20 |
| Саз | 35 |
| Шаркыратмалар | 28 |
| Суу сактагыч | 38 |
| Кооптуу тереңдиктин чек арасы (2 м же 1 фатомдук изобата менен белгиленет) | 43 |
| Куурап калган көлдүн түбү | 39 |
| Кароосуз калган канал | 30 |
| Канал | 29 |
| Коралл рифтери жана суу алдындагы аскалуу жээк капталдары | 22 |
| Ири дарыя (соолубаган) | 23 |
| Мөңгүлөр жана мөңгү калкандары) | 42 |
| Картага түшүрүлгөн өзүнчө аска | 44 |
| Чоң эмес (чакан) дарыя (соолубаган) | 24 |
| Көлдөр (соолубаган) | 31 |
| Көлдөр (соолуп калуучу) | 32 |
| Тайыз жерлер (Отмели) | 41 |
| Ташкын учурундагы чөкмөлөр | 21 |
| Дарыялар жана булактар (картага түшүрүлбөгөн) | 26 |
| Дарыялар жана булактар (соолуп калуучу) | 25 |
| Күрүч талаасы | 36 |
| Булак, кайнар же суу башаты | 37 |
| Суудан чыгып турган аска | 45 |
| Туздуу көл | 33 |
| Туздуу көлдөр (бууландыргычтар) | 34 |
| Түшүндүрмө жазуусу менен көрсөтүлгөн өзгөчө гидрографиялык элементтер | 46 |
| Дарыянын эски нугу | 40 |
| Катуу агым (шар аккан жер) | 27 |
| ЖАСАЛМА КУРУЛУШТАР (47-83) Курулуш салынган райондор (же курулуш аймактары) (47-50) |  |
| Шаар же ири калктуу конуш | 47 |
| Айыл | 49 |
| Имараттар | 50 |
| Кыштак | 48 |
| Темир жолдор (51-56) |  |
| Темир жол (эки же андан көп жолдуу) | 52 |
| Темир жол (бир жолдуу) | 51 |
| Темир жол (курулуп жаткан) | 53 |
| Темир жол станциясы | 56 |
| Темир жол көпүрөсү | 54 |
| Темир жол туннели | 55 |
| Автожолдор (автострады) жана жолдор (57-62) |  |
| Автожолунун көпүрөсү | 61 |
| Автожолунун туннели | 62 |
| Эки тилкелүү автожол | 57 |
| Экинчи даражадагы автожол | 59 |
| Магистраль жолу | 58 |
| Жөө жол | 60 |
| Башка шарттуу белгилер (63-83) |  |
| Атом электростанциясы | 72 |
| Чек аралар (мамлекеттик) | 63 |
| Токой чарбасынын үйү | 76 |
| Ипподром же стадион | 77 |
| Мунай же жаратылыш газынын кени | 70 |
| Мечит | 81 |
| Байкоо мунарасы | 74 |
| Тосмо | 65 |
| Пагода | 82 |
| Паром | 68 |
| Плотина | 67 |
| Жээкти кайтаруу посту | 73 |
| Башка чек аралар | 64 |
| Кен | 75 |
| Урандылар | 78 |
| Күйүүчү-майлоочу материалдардын кампалары | 71 |
| Телеграфдык же телефон чубалгысы (линиясы) (жердеги багыт(ориентир)) | 66 |
| Түтүк өткөгүч | 69 |
| Форт | 79 |
| Храм | 83 |
| Чиркөө | 80 |
| АЭРОДРОМДОР (84-95) |  |
| Вертодром | 94 |
| Аскердик гидроаэродром | 87 |
| Аскердик кургактык аэродрому | 86 |
| Жарандык гидроаэродром | 85 |
| Жарандык кургак аэродрому | 84 |
| Запастагы же жабдуулары жок аэродром | 90 |
| Жабык якордук токтоочу жай | 92 |
| Аэродромдорду классификациялоо талап кылынбаган карталарда, мисалы, каттамдык карталарда колдонулуучу аэродромдун шарттуу белгиси | 93 |
| Колдонулбай калган же жабык аэродром | 91 |
| Жарандык жана аскердик учактар биргелешип пайдалануучу гидроаэродром | 89 |
| Жарандык жана аскердик учактар биргелешип пайдалануучу кургактык аэродрому | 88 |
| Аэродромдун шарттуу белгисинин ордуна учуп-конуу тилкесинин схемасы | 95 |
| Аэродромдун шарттуу белгилери менен бирге көрсөтүлүшү мүмкүн болгон аэродром жөнүндө кыскартылган маалымат | 96 |
| Конууга кирүү карталарындагы аэродромдордун шарттуу белгилери (97 и 98) |  |
| Ушул тартип колдонулуучу аэродром | 98 |
| Схемасы түзүлүп жаткан аэродромдогу аба кыймылынын схемасына таасир этүүчү аэродромдор | 97 |
| РАДИОНАВИГАЦИЯЛЫК КАРАЖАТТАР (99-110) |  |
| Жакын аралыктагы аэронавигациялык ультра жогорку жыштыктагы каражаты — TACAN | 106 |
| Баардык багыттуу жогорку жыштыктагы радиомаягы – VOR | 101 |
| Аралыкты өлчөөчү жабдуу – DME | 102 |
| Компас розасы | 110 |
| Маркердик радиомаяк | 109 |
| Бардык багыттуу эмес радиомаяк - NDB | 100 |
| VOR радиалдары | 105 |
| DME боюнча аралык | 104 |
| ILS аспаптары боюнча кондуруу системасы | 108 |
| VOR жана DME бириктирилген радионавигациялык каражаттары – VOR/DME | 103 |
| VOR жана TACAN бириктирилген радионавигациялык каражаттары – VORTAC | 107 |
| Негизги радионавигациялык каражаттын шарттуу белгиси | 99 |
| АБА КЫЙМЫЛЫН ТЕЙЛӨӨ (111-144) |  |
| Абсолюттук бийиктиктер/учуу эшелондору | 125 |
| Диспетчердик аймак – CTR | 116 |
| Диспетчердик район, аба трассасы, көзөмөлдөнүүчү каттам | 113 |
| Аэродром районундагы учуулар аймагы – ATZ | 112 |
| Консультациялык аба мейкиндиги – ADA | 115 |
| Консультативдик каттам – ADR | 118 |
| Конууга кирүүнүн акыркы этабынын көзөмөлдөө чекити – FAF | 124 |
| Контролдук пункт ОВД/MET – MRP | 123 |
| Көзомөлдөнбөгөн каттам | 114 |
| Таанылбаган аймак (Аба чабуулунан коргонуу үчүн идентификациялоо зонасы) – ADIZ | 117 |
| Учуу маалыматынын району - FIR | 111 |
| Которуу чекити - COP | 122 |
| Визуалдык учуу траекториясы | 119 |
| Масштабга туура келбеген участок (аба кыймылын тейлөө маршрутунда) | 120 |
| Баяндама берүү пунктунун жана «fly-by»/«fly-over» маршруттук чекиттеринин функциялары | 121 |
| Аба мейкиндигин классификациялоо (126-127) |  |
| Аба мейкиндигинин классификациясынын символдору менен бирге колдонулуучу кыскартылган аэронавигациялык маалыматтар | 127 |
| Аба мейкиндигинин классификациясы | 126 |
| Аба мейкиндигине коюлган чектөөлөр (128-129) |  |
| Аба кемелери белгиленген коридор аркылуу гана кесип өтүүгө уруксат берилген мамлекеттик чек ара | 129 |
| Чектелген аба мейкиндиги (тыюу салынган аймак, учууларды чектөө аймагы же кооптуу аймак) | 128 |
| Тоскоолдуктар (130-136) |  |
| Жарыктандырылган тоскоолдуктардын тобу | 133 |
| Тоскоолдуктардын тобу | 132 |
| Жарыктандырылган тоскоолдук | 131 |
| Өтө бийик, жарыктандырылган тоскоолдук (мүмкүн болгон шарттуу белги) | 131 |
| Өтө бийик тоскоолдук (мүмкүн болгон шарттуу белги) | 134 |
| Жогорку чекиттин белгиленген деңгээлден ашуусу/бийиктиги | 136 |
| Тоскоолдук | 130 |
| Башка шарттуу белгилер (137-141) |  |
| Шамал турбиналары — чакан топ жана кеңири аймактагы топ, жарыктандырылган | 141 |
| Шамал турбинасы — жарыктандырылбаган жана жарыктандырылган | 140 |
| Негизги электр берүү линиясы | 137 |
| Магниттик кыйшаюусу бирдей чекиттердин линиясы — изогона | 138 |
| Океандык станция — кеме (кадимки жайгашкан орду) | 139 |
| Визуалдык каражаттар (142-144) |  |
| Деңиздеги жарык берүүчү белги | 142 |
| Жердеги аэронавигациялык жарык | 143 |
| Калкып жүрүүчү маяк | 144 |
| АЭРОДРОМДОРДУН/ВЕРТОДРОМДОРДУН КАРТАЛАРЫНДАГЫ ШАРТТУУ БЕЛГИЛЕР (145-161) |  |
| Перфорацияланган болот плиталардан же болот тордон жасалган жабуусу бар учуп-конуу тилкеси | 146 |
| Катуу жабуусу бар учуп-конуу тилкеси | 145 |
| Тоскоолдуктарды белгилөөчү жарык | 155 |
| Аэродромдун контролдук чекити | 151 |
| Тормоздук тилке | 148 |
| Учуп-конуу тилкесинин жанындагы күтүү орду | 159 |
| Жабуусу жок учуп-конуу тилкеси | 147 |
| «Стоп» сызыгынын жарыгы | 185 |
| Кооптуу участок | 161 |
| Аэродромдогу тик учактар үчүн конуу аянтчасы | 150 |
| Аралык күтүү орду | 160 |
| Рулдоо жолдору жана токтотуучу жайлар | 149 |
| Чекиттик жарык | 154 |
| Учуп-конуу тилкесиндеги көрүнүү аралыгын байкоо чекити — RVR | 153 |
| Радиомаякты текшерүү чекити | 152 |
| Конуу багытын көрсөткүч (жарыктандырылбаган) | 157 |
| Конуу багытын көрсөткүч (жарыктандырылган) | 156 |
| АЭРОДРОМДУК ТОСКООЛДУКТАРДЫН A, B ЖАНА C ТИБИНДЕГИ КАРТАЛАРЫНДАГЫ ШАРТТУУ БЕЛГИЛЕР (162-170) |  |
| Дарак же бадал | 162 |
| Темир жол | 165 |
| Имарат же ири курулуш | 164 |
| Тоскоолдуктардан эркин аяккы тилке | 170 |
| Тормоздук аяккы тилке | 169 |
| Электр берүү линиясы же асма аркан жол | 166 |
| Мамыча, мунара, шпиль, антенна ж.б. | 163 |
| Жар | 168 |
| Тоскоолдуктарды чектөөчү тегиздиктен ашып турган жердин участогу | 167 |
| КАГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК КАРТАЛАРДА КОЛДОНУУ ҮЧҮН КОШУМЧА ШАРТТУУ БЕЛГИЛЕР (171-180) |  |
| Аэродром районуна келүүнүн абсолюттук бийиктиги — TAA | 172 |
| Учуп-конуу тилкеси — ВПП | 175 |
| DME контролдук чекити | 179 |
| Кайра айланып конуу траекториясынын линиясы | 174 |
| Маркердик радиомаяк | 177 |
| Сектордогу минималдуу абсолюттук бийиктик — MSA | 171 |
| Радионавигациялык каражат | 176 |
| DME контролдук чекити менен маркердик маяктын бириктирилген белгиси | 180 |
| Радионавигациялык каражат менен маркердик радиомаяктын бириктирилген белгиси | 178 |
| Күтүү аймагындагы учуу схемасы | 173 |

9. Алфавиттик көрсөткүч

| А |  |
| --- | --- |
| Абсолюттук бийиктик |  |
| Сектордогу минималдуу | 171 |
| Аэродром районуна келүү | 172 |
| Аэродром районуна келүү абсолюттук бийиктик - ТАА | 172 |
| Абсолюттук бийиктик/учуу эшелондору | 125 |
| Автожол көпүрөсү | 61 |
| Автожолунун туннели | 62 |
| Эки тилкелүү автожол | 57 |
| Автостраддар жана жолдор | 57-62 |
| Антенна | 163 |
| Атомдук электр станциясы | 72 |
| Аэродромы | 84-98 |
| Запаскадагы же жабдуулары жок аэродром | 90 |
| Колдонулбай калган же жабык аэродром | 91 |
| Жакын аралыктагы аэронавигациялык ультра жогорку жыштыктагы каражат- ТАСАN | 106,110 |
| Б |  |
| Жээк сызыгы |  |
| Так аныкталган | 19 |
| Так эмес | 20 |
| Саз | 35 |
| В |  |
| Вертодром | 94 |
| Шамал турбинасы, жарыктандырылбаган жана жарыктандырылган | 140 |
| Шамал турбиналары, чакан топ жана кеңири аймактагы топ, жарыктандырылган | 141 |
| Визуалдык каражаттар | 142-144 |
| Шаркыратмалар | 28 |
| Суу сктагыч | 38 |
| Аба трассасы - AWY | 113 |
| Аба мейкиндиги (учууга тыюу салынган аймак, учуулар чектелген аймак же кооптуу аймак), чектелген аймак жана эки аймактын жалпы чек арасы. | 128 |
| Консультативдик аба мейкиндиги - АDA | 115 |
| Учуп конуу тилкеси (ВПП) | 175 |
| Бетон төшөлбөгөн | 147 |
| Катуу жабуусу бар | 145 |
| Тешиктүү болот плиталар же болот тор менен жабылган учуп-конуу тилкеси (УКТ) | 146 |
| Болот тор менен жабылган учуп-конуу тилкеси | 146 |
| Бардык багыттуу жогорку жыштыктуу радиомаяк — VORT | 101, 110 |
| Бийиктик белгиси | 13 |
| Бийиктик белгиси (так эмес мааниси) | 14 |
| Мунара |  |
| Байкоочу мунара | 74 |
| Аэродромдук тоскоолдуктардын карталарында | 163 |
| Г |  |
| Шагылдуу жер (Галечник) | 8 |
| Гидроаэродром |  |
| Жарандык | 85 |
| Аскердик | 87 |
| Жарандык жана аскердик учактар биргелешип пайдалануучу | 89 |
| Гидрография | 19-46 |
| Горизонталдар | 1 |
| Болжолдуу горизонталдар | 2 |
| Шаар же ири калктуу конуш | 47 |
| Аба кемелеринин өтүүсүнө белгиленген аба коридору аркылуу гана уруксат берилген мамлекеттик чек ара | 129 |
| Кооптуу аймактын чек арасы | 43 |
| Чек аралар |  |
| Мамлекеттик | 63 |
| Башка | 64 |
| Д |  |
| Аралыкты өлчөөчү жабдуу - DME | 102,110,176.177 |
| Дамба | 9 |
| Рельеф жөнүндө маалыматтар толук эмес | 18 |
| Эки тилкелүү автомобиль жолу | 57 |
| Айыл | 49 |
| Дарактар |  |
| Аэродромдук тоскоолдуктардын карталарында | 162 |
| Башка | 16 |
| Ийне жалбырактуу дарактар | 15 |
| Диспетчердик аймак - СТR | 116 |
| Диспетчердик район - СТА | 113 |
| Куурап калган көлдүн түбү | 39 |
| Токойчунун үйү | 76 |
| Негизги электр берүү линиясы | 137 |
| Экинчи даражадагы жол | 59 |
| Магистралдык жол | 58 |
| Жолдор (магистралдар жана жолдор) | 57-62 |
| Кум дөбөлөр, кумдуу дөбөлөр | 6 |
| Ж |  |
| Темир жол (аэродромдук тоскоолдуктардын карталарында) | 165 |
| Темир жолдор (жасалма курулмалар) | 51-56 |
| З |  |
| Кароосуз калган канал | 30 |
| Тоскоолдукту белгилөөчү от | 155 |
| Учууга тыюу салынган аймак | 128 |
| Имарат (аэродромдук тоскоолдуктардын картасында) | 164 |
| Имараттар | 50 |
| Учуу чектелген аймак | 128 |
| Аэродром районундагы учуулар аймагы- АТZ | 112 |
| Аймактар |  |
| Тыюу салынган | 128 |
| Учууга чектөөлөр | 128 |
| И |  |
| Ипподром | 77 |
| Жасалма курулмалар | 47-83 |
| Жасалма курулмалар, башка шарттуу белгилер | 63-83 |
| Булак (соолубаган же мезгилдүү агымдагы) | 37 |
| К |  |
| Канал | 29 |
| Канал, кароосуз калган | 30 |
| Асма аркан жол (гканатная дорога) | 166 |
| Карта, эң чоң абсолюттук бийиктик айырмасы (картада) | 12 |
| Аэродромдук тоскоолдуктардын карталары | 162-170 |
| Аба мейкиндигинин классификациясы | 126,127 |
| Булак (соолубаган же мезгилдүү агымдагы) | 37 |
| Компас розасы | 110 |
| Консультативдик аба мейкиндиги -ADA | 115 |
| Консультативдик маршрут - ADR | 118 |
| Көзөмөлдөнүүчү маршрут | 113 |
| Аэродромдуун таяныч чекити | 151 |
| Кондурууга жакындоонун акыркы этабынын таяныч чекити- FAF | 124 |
| DME таяныч чекити | 179 |
| Айкалыштырылган DME таяныч чекити жана маркердик радиомаяк | 180 |
| АБК/МЕТ боюнча контролдук пункт — MRP (милдеттүү билдирүү, суроо-талап боюнча) | 123 |
| Тоскоолдуктардан бош акыркы тилке — CWY |  |
| Токтотуу (тормоздоо) үчүн акыркы тилке — SWY (аэродромдук тоскоолдуктардын карталарында) | 169 |
| Токтотуу (тормоздоо) үчүн акыркы тилке — SWY (аэродромдордун/вертодромдордун карталарында) | 148 |
| Коралл рифтери жана суу алдындагы аскалуу жээк боорлору | 22 |
| Ири дарыя (соолубаган) | 23 |
| Ири курулмалар | 164 |
| Жабык анкердик токтотмо | 92 |
| Бадал | 162 |
| Л |  |
| Мөңгүлөр | 42 |
| Мөңгү катмарлары | 42 |
| Экинчи айлампага чыгуу траекториясынын сызыгы | 174 |
| Магниттик кыйшаюусу бирдей чекиттерди бириктирүүчү сызык, же изогона | 138 |
| Электр берүү линиясы |  |
| Негизги (башкы) | 137 |
| Аэродромдук тоскоолдуктардын карталарында | 166 |
| М |  |
| Магистралдык жол | 58 |
| Маркердик радиомаяк | 109,177 |
| Маршрут |  |
| Консультативный - ADR | 118 |
| Көзөмөлдөнүүчү | 113 |
| Көзомөлдөнбөгөн | 114 |
| Мачта | 163 |
| Токтотуучу жай | 149 |
| Учуп конуу тилкесинин жанындагы күтүү жайы | 159 |
| Мунайдын жайгашкан жери | 70 |
| Жаратылыш газынын жайгашкан жери | 70 |
| Мечит | 81 |
| Сектордогу максималдуу абсолюттук бийиктик — MSA | 171 |
| Деңиздеги от | 142 |
| Н |  |
| Байкоочу мунара | 74 |
| Жер үстүндөгү аэронавигациялык жарык | 143 |
| Картадагы эң чоң бийиктик айырмасы | 12 |
| Картада көрсөтүлгөн өзүнчө аска | 44 |
| Бетон төшөлбөгөн учуп конуу тилкеси | 147 |
| Чоң эмес дарыя (соолубаган) | 24 |
| Көзөмөлдөнбөгөн маршрут | 114 |
| Багыт берүүчү радиомаяк — NDB | 100 |
| О |  |
| Обрыв | 4 |
| Обрыв (на картах аэродромных препятствий) | 168 |
| Обслуживание воздушного движения | 111-144 |
| Огонь линий «стоп» | 158 |
| Ограждение | 65 |
| Ограничение воздушного пространства | 128,129 |
| Ограниченное воздушное пространство (запретная зона, зона ограничения полетов или опасная зона) и общая граница двух зон | 128 |
| Озера |  |
| Непересыхающие | 31 |
| Контрольная точка DME | 179 |
| Совмещенные контрольная точка DME и маркерный маяк | 180 |
| Контрольный пункт ОВД/МЕТ – MRP (обязательный доклад, по запросу) | 123 |
| Концевая полоса, свободная от препятствий - CWY |  |
| Концевая полоса торможения – SWY (на картах аэродромных препятствий) | 169 |
| Концевая полоса торможения – SWY (на картах аэродромов/вертодромов) | 148 |
| Коралловые рифы и подводные скалистые береговые склоны | 22 |
| Крупная река (непересыхающая) | 23 |
| Крупные сооружения | 164 |
| Крытая якорная стоянка | 92 |
| Куст | 162 |
| Л |  |
| Ледники | 42 |
| Ледниковые покровы | 42 |
| Линия пути ухода на второй круг | 174 |
| Линия точек с одинаковым магнитным склонением, или изогона | 138 |
| Линия электропередачи |  |
| Доминирующая | 137 |
| На картах аэродромных препятствий | 166 |
| М |  |
| Магистральная дорога | 58 |
| Маркерный радиомаяк | 109,177 |
| Маршрут |  |
| Консультативный - ADR | 118 |
| Контролируемый | 113 |
| Неконтролируемый | 114 |
| Мачта | 163 |
| Места стоянки | 149 |
| Место ожидания у ВПП | 159 |
| Местоположение нефти | 70 |
| Местоположение природного газа | 70 |
| Мечеть | 81 |
| Максимально абсолютная высота в секторе - MSA | 171 |
| Морской огонь | 142 |
| Н |  |
| Наблюдательная вышка | 74 |
| Наземный аэронавигационный огонь | 143 |
| Наибольшее превышение на карте | 12 |
| Нанесенная на карту отдельная скала | 44 |
| Не бетонированная ВПП | 147 |
| Небольшая река (непересыхающая) | 24 |
| Неконтролируемый маршрут | 114 |
| Неправильный радиомаяк - NDB | 100 |
| О |  |
| Жар | 4 |
| Жар (аэродромдук тоскоолдуктар карталарында) | 168 |
| Аба кыймылын тейлөө | 111-144 |
| «Стоп» сызыктарынын жарыгы | 158 |
| Тосмо | 65 |
| Аба мейкиндигин чектөө | 128,129 |
| Чектелген аба мейкиндиги (учууга тыюу салынган аймак, учууну чектөө аймагы же коркунучтуу аймагы) жана эки аймактын жалпы чек арасы | 128 |
| Көлдөр |  |
| Соолубаган | 31 |
| Соолуп калуучу (мезгил-мезгили менен соолуп калуучу) | 32 |
| Көл, кургап калган көлдүн түбү | 39 |
| Океандык станция - кеме | 139 |
| Коркунучтуу аймак | 128 |
| Коркунучтуу тилке (участок) | 161 |
| Абадан коргонуунун таанып-билүү (окшоштукту аныктоо) аймагы— ADIZ | 117 |
| Тике жээк | 4 |
| Тайыз жерлер | 41 |
| Бийиктик белгиси | 13 |
| Бийиктик белгиси (так эмес мааниси) | 14 |
| П |  |
| Пагода | 82 |
| Пальмалар | 17 |
| Паром | 68 |
| Ашуу | 11 |
| Кесилиш - INT | 121 |
| Кум дөбөлөрү | 6 |
| Кумдуу тилке (участок) | 7 |
| Калкыма жарык маягы | 144 |
| Бөгөт (Плотина) | 67 |
| Асма канат жолу | 166 |
| Суу астындагы жээк аскалары | 22 |
| Аэродромдогу тик учактар конуучу аянтча | 150 |
| Конуш (айыл) | 48 |
| Чоң конуш (чоң айыл) | 47 |
| Жээк кайтаруу посту | 73 |
| Лава агымы | 5 |
| Тоскоолдуктар | 130-136 |
| Ташкындоо насостору | 21 |
| Аралыктагы күтүү орду | 160 |
| Башка шарттуу белгилер |  |
| Жасалма курулмалар | 63-83 |
| Аба кыймылын тейлөө | 137-141 |
| Билдирүүлөрдү өткөрүү пункту (ПВП) | 121 |
| Р |  |
| VOR радиалы | 105 |
| Радионавигациялык каражат | 176 |
| Негизги | 99 |
| Айкалыштырылган радионавигациялык каражат жана маркердик радиомаяк | 178 |
| Айкалыштырылган VOR жана DME | 103 |
| Айкалыштырылган VOR жана TACAN | 107 |
| Радионавигациялык каражаттар | 99-110 176,178 |
| Учуу маалыматынын району — FIR | 111 |
| Райондор (аймактар) |  |
| Курулуш түшкөн аймактар | 47-50 |
| Топографиялык тартуу жүргүзүлбөгөн же рельефи жөнүндө маалыматтар толук эмес аймактар | 18 |
| DME боюнча аралык | 104 |
| Дарыя |  |
| (Соолубаган), чоң | 23 |
| (Соолубаган), чакан | 24 |
| Дарыялар жана жылгалар (сайлар) |  |
| Сүрөткө/картага түшүрүлбөгөн | 26 |
| Соолуучу (мезгил-мезгили менен соолуп калуучу) | 25 |
| Шалы талаасы (күрүч талаасы) | 36 |
| Булак (соолубаган же ритмдүү режимдеги) | 37 |
| Рудник | 75 |
| Урандылар | 78 |
| Рулдоо жолдору | 149 |
| Жылгалар (Ручьи) | 25,26 |
| С |  |
| Аэродром жөнүндө кыскартылган маалыматтар | 96 |
| ILS-аспабы боюнча конуу системасы | 108 |
| Суудан чыгып турган аска | 45 |
| Картага түшүрүлгөн өзүнчө аска | 44 |
| Күйүүчу-майлоочу материалдар (КММ) кампалары | 71 |
| Айкалыштырылган DME контролдук чекити жана маркердик маяк | 180 |
| Айкалыштырылган радионавигациялык каражаттар жана маркердик радиомаяк | 178 |
| Айкалыштырылган VOR жана DME радионавигациялык каражаттары — VOR/DME | 103,110 |
| Айкалыштырылган VOR жана TACAN радионавигациялык каражаттары — VORTAC | 107,110 |
| Туздуу көл | 33 |
| Туздуу көл (бууланткычтар) | 34 |
| Ири курулма | 164 |
| Түшүндүрмө жазуусу бар гидрографиянын өзгөчө элементтери | 46 |
| Түшүндүрмө жазуусу бар рельефтин өзгөчө элементтери | 10 |
| Стадион | 77 |
| Перфорацияланган (тешикчелүү) болот плита | 146 |
| Дарыянын эски нугу | 40 |
| Шар агым | 27 |
| Кургактагы аэродром |  |
| Аскердик | 86 |
| Жарандык | 84 |
| Жарандык жана аскердик учактар биргеликте пайдалануучу | 88 |
| Күтүү аймагында учуу схемасы | 173 |
| Т |  |
| Телеграф же телефон чубалгысы ( линия) (жердеги ориентир) | 66 |
| Топография | 1-18 |
| Чекиттик от (чырак/жарык) | 154 |
| Учуп-конуу тилкесиндеги (УКТ) көрүү алыстыгына байкоо жүргүзүү чекити — RVR | 153 |
| Кошуу-алмаштыруу чекити — COP | 122 |
| Радиомаякты текшерүү чекити | 152 |
| Жол чекити (маршрут чекити) — WPT | 121 |
| Визуалдык учуу траекториясы | 119 |
| Чыйыр (Тропа) | 60 |
| Тутүк өткөгүч (трубопровод) | 69 |
| У |  |
| Конуу багытын көрсөткүч |  |
| Жарыктандырылбаган | 157 |
| Жарыктандырылган | 156 |
| Конууга жакындап келүү карталарындагы аэродромдордун шарттуу белгилери | 97,98 |
| Аэродромдордун/вертодромдордун карталарындагы шарттуу белгилер | 145-161 |
| Электрондук карталардагы шарттуу белгилер | 108,143, 171-180 |
| Тик аска | 4 |
| Тоскоолдуктарды чектөө тегиздигинен чыгып турган жергиликтүү аймактын тилкеси (участогу) | 167 |
| Масштабка туура келбеген (ылайыкталбаган) тилке (АКТ маршрутунда) | 120 |
| Ф |  |
| Форт | 79 |
| Билдирүүлөрдү өткөрүү пунктунун жана «флай-бай» / «флайовер» жол чекиттеринин функциялары | 121 |
| Х |  |
| Ийне жалбырактуу дарактар | 15 |
| Храм | 83 |
| Ц |  |
| Чиркөө (Церковь) | 80 |
| Ш |  |
| Учтуу мунара (Шпиль) | 163 |
| Э |  |
| Электр станциясы, атомная | 72 |
| Түшүндүрмө жазуусу бар гидрографиянын өзгөчө элементтери | 46 |
| Штрихтер менен белгиленүүчү рельеф элементтери | 3 |
| Түшүндүрмө жазуусу бар рельефтин өзгөчө элементтери | 10 |
| Эскер | 9 |
| Учуу эшелондору | 125 |
| Я |  |
| Якордук токтоочу жай, жабык (калкаланган) | 92 |
| АНГЛИЙСКИЕ СОКРАЩЕНИЯ |  |
| NDB |  |
| TACAN |  |
| TACAN (ультражогорку жыштыктагы жакынкы аралыктагы аэронавигациялык каражат) |  |
| VOR |  |
| VOR (өтө жогорку жыштыктагы ар тараптуу радиомаяк) |  |
| VOR/DME |  |
| VOR/DME (айкалыштырылган VOR жана DME радионавигациялык каражаттары) |  |
| VOR/TAC |  |
| VOR/TAC (айкалыштырылган VOR жана TACAN радионавигациялык каражаттары) |  |

ЖАСАЛМА КУРУЛМАЛАР АЭРОДРОМДОР

3-Тиркеме

Түстөр шкаласы

4-Тиркеме

Тоналдыкгипсометриялык бийиктик шкаласы

5-Тиркеме

1:1 000 000 масштабындагы Дүйнөнүн аэронавигациялык картасынын барактарынын бөлүнүшү (ИКАО)
