# Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна 3-тиркеме)

- Толук аталышы: Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна 3-тиркеме)
- Актынын түрү: Приложение
- Номери: 704
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2026
- Редакциянын күнү: 16.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230052519/edition/60396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна 3-тиркеме) (16.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052519

---

Көңүл буруңуздар !

Ушул тизме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна ылайык 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет

|  |  | 3-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна) |

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмеси

1. Ден соолукка каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 20-главасы):

– ден соолукка жеңил залал келтирүү – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүгү.

2. Адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 27-главасы):

– жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси.

3. Менчикке каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-главасы):

– уурдоо – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүгү;

– ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 1-бөлүгү;

– автомототранспорт каражаттарын айдап качуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү;

– башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 1-бөлүгү.

4. Транспорттун жана магистралдык түтүк өткөрмөлөрүнүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-главасы):

– транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 1-бөлүгү.

Эскертүү. Ушул Тизме кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында, эгерде шектүү жана жабырлануучу аныкталган жана тараптар өз алдынча элдешпеген шартта гана колдонулат. Медиациялык маалыматтык жолугушууга багыттоо жана ага байланыштуу процессуалдык аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген тартипте ишке ашырылат. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн соттук баскычтарындагы соттун ыйгарым укуктары ушул Тизме менен жөнгө салынбайт.
