# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 13-21-17 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин "4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар" бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 13-21-17 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин "4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар" бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 13-21-17
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-2005/edition/60398/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 13-21-17 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин "4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар" бекитүү жөнүндө" буйругу (29.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052518

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ

2026-жылдын 29-сентябры № 13-21-17 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин «4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар» бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем чыгаруу укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Стандарттары жана Сунушталган практикасы менен максималдуу түрдө бирдейликти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери «4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар» тиркемеге ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:

- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;

- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;

- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» гезитине жарыялансын.

3. Кызыкдар министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар» Авиациялык эрежелерин аткарууга алышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын «4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар» авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругунун 1-пунктунун бешинчи абзацын күчүн жоготту деп таануу сунушталсын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Директор | | Д.К. Бостонов |
