# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-сентябры № 31 "Кара-Балта шаарынын № 11 орто мектебине Мукай Элебаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-сентябры № 31 "Кара-Балта шаарынын № 11 орто мектебине Мукай Элебаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052514>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58721/edition/60388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-сентябры № 31 "Кара-Балта шаарынын № 11 орто мектебине Мукай Элебаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (30.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052514

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-сентябры № 31

Кара-Балта шаарынын № 11 орто мектебине Мукай Элебаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 36, 39-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтомунун 1 жана 3-тиркемелерине ылайык, ошондой эле 2026-жылдын 23-май айындагы №3 ата-энелер комитетинин жалпы жыйынынын жана 2026-жылдын 22-апрель айындагы №5 педагогикалык кеңешинин «Кара-Балта шаарындагы №6 орто мектепке Мукай Элебаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө» протоколдорун эске алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын № 11 орто мектебине Мукай Элебаевдин ысымы ыйгарылсын.

2. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

| Кеңештин төрагасы | | М. Дуйшеналиев |
