# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-сентябры № 26 "Кара-Балта шаарынын № 1 орто мектебине Байтик Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-сентябры № 26 "Кара-Балта шаарынын № 1 орто мектебине Байтик Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58713/edition/60360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-сентябры № 26 "Кара-Балта шаарынын № 1 орто мектебине Байтик Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (30.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052490

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-сентябры № 26

Кара-Балта шаарынын № 1 орто мектебине Байтик Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат коюу жана аталыштарын өзгөртүү тартиби жөнүндө» жобонун 2-главасынын 4-пунктуна ылайык, № 6 ата-энелер комитетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 6 жалпы чогулушунун чечимин жана № 1 орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 8 чечимин эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы № 01-5/3479 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын № 1 орто мектебине Байтик Баатырдын ысымы ыйгарылсын.

2. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

| Кеңештин төрагасы | | М. Дуйшеналиев |
