Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын № 1 орто мектебине Байтик Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-сентябры № 26
Кара-Балта шаарынын № 1 орто мектебине Байтик Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат коюу жана аталыштарын өзгөртүү тартиби жөнүндө» жобонун 2-главасынын 4-пунктуна ылайык, № 6 ата-энелер комитетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 6 жалпы чогулушунун чечимин жана № 1 орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 8 чечимин эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы № 01-5/3479 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын № 1 орто мектебине Байтик Баатырдын ысымы ыйгарылсын.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
| Кеңештин төрагасы | | М. Дуйшеналиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-марты № 149 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана…Постановление · 25.03.2025 · № 149