# Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 токтому менен бекитилди)

- Толук аталышы: Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 токтому менен бекитилди)
- Актынын түрү: Перечень
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/43-204/edition/60353/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 токтому менен бекитилди) (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052487

---

| | | 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 токтому менен бекитилди) |

Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси (медициналык буюмдардын номенклатуралык түрлөрүнүн принциби боюнча түзүлгөн )

## 1-глава. Диагностикалык медициналык буюмдар

1. Механикалык тонометр.

2. Электрондук термометр.

3. Глюкометр.

4. Глюкометр үчүн тест тилкелери.

5. Бир жолу колдонулуучу ланцет.

6. Пульсоксиметр.

7. Стетоскоп.

8. Фонендоскоп.

9. Офтальмоскоп.

10. Отоскоп.

11. Офтальмологиялык тонометр.

12. Офтальмологиялык жылчыктуу лампа.

13. Оториноларингологиялык диагностикалык топтом.

14. Аналогдук жана санариптик рентген пленкасы, бекиткич, өңүнө чыгаргыч, люминесценттик экран.

15. Кургак учук инфекциясын аныктоо үчүн диагностикалык каражаттар: туберкулин (тазаланган белок дериваты, PPD) жана

ESAT-6 жана CFP-10 рекомбинанттык антигендеринин негизиндеги тери тести.

## 2-глава. Ымыркайлар үчүн медициналык буюмдар

16. Неонаталдык дем алдыруучу бет кап.

17. Неонаталдык дем алуу контуру.

18. Киндик веноздук катетери.

19. Киндик артериялык катетери.

20. Неонаталдык назогастралдык зонд.

21. Неонаталдык заара катетери.

22. Ымыркайлар үчүн инфузиялык система.

23. Ымыркайлар үчүн фототерапиялык система.

24. Неонаталдык пульсоксиметрия датчиги.

25. Ымыркайлар үчүн инкубатор.

26. Киндик кыскычы.

27. Кычкылтек маскасы.

## 3-глава. Контрацепция жана репродуктивдүү ден соолук

28. Жез камтылган жатын ичине салынуучу спираль.

29. Жатын ичиндеги гормоналдык система.

30. Жыныс кыны үчүн диафрагмасы.

31. Контрацептик имплантат.

32. Презерватив.

## 4-глава. Кычкылтек терапиясы жана респиратордук колдоо

33. Стационардык кычкылтек концентратору.

34. Портативдик кычкылтек концентратору.

35. Чоңдор үчүн кычкылтек бет кабы.

36. Балдар үчүн кычкылтек бет кабы.

37. Анестезиологиялык бет кап.

38. Мурунга кычкылтек канюлясы.

39. Кычкылтек нымдагычы.

40. Чоңдор үчүн кол менен дем алдыруучу кап.

41. Балдар үчүн кол менен дем алдыруучу кап.

42. Компрессордук небулайзер.

43. Ультраүн небулайзери.

44. Эндотрахеалдык түтүк.

45. Дем алуу контуру.

46. Респиратордук чыпка.

47. Мундштук.

48. Мурунга кыскыч.

## 5-глава. Жалпы медициналык керектелүүчү буюмдар

49. Перифериялык веноздук катетер.

50. Борбордук веноздук катетер.

51. Урологиялык катетер (Нелатон, Фолея).

52. Ооз-тамак аба өткөргүчү.

53. Мурун-тамак өткөргүчү.

54. Ашказан зонду.

55. Назогастралдык зонд.

56. Аспирациялык зонд.

57. Инфузиялык коннектор.

58. Медициналык жгут.

59. Бир жолу колдонулуучу скальпель.

60. Микрохирургиялык операциялар үчүн бир жолу колдонулуучу бычак.

61. Хирургиялык бычак.

62. Бир жолу колдонулуучу скарификатор.

63. Заара чогулткуч.

64. Медициналык бет кап.

65. Медициналык респиратор.

66. Гинекологиялык күзгү.

67. Бир жолу колдонулуучу шпатель.

68. Цервикалдык щетка.

69. Ийне (омуртка, эпидуралдык, кан алуу үчүн, инъекциялык).

70. Бир жолу колдонулуучу инъекциялык шприц.

71. Хирургиялык кол каптар, кароо үчүн кол каптар.

72. Дренаждык түтүктөр.

73. Эсмарх кружкасы.

74. Заң чогулткуч.

75. Уростома.

76. Жаненин шприци.

## 6-глава. Медициналык аспаптар

77. Хирургиялык кыскыч.

78. Хирургиялык кайчылар.

79. Хирургиялык пинцет.

80. Ийне кармагыч.

81. Хирургиялык ретрактор.

82. Хирургиялык кеңейткич.

83. Хирургиялык кюретка.

84. Хирургиялык троакар.

85. Хирургиялык степлер.

86. Хирургиялык скобкалар.

87. Микрокюветар.

## 7-глава. Инвазивдик кийлигишүүлөр үчүн буюмдар

88. Кан тамыр интродьюсери.

89. Кан тамыр өткөргүч.

90. Диагностикалык катетер.

91. Ангиопластика үчүн баллон катетери.

92. Аспирациялык катетер.

93. Өткөргүч катетер.

94. Артериялык канюля.

95. Веноздук канюля.

96. Хирургиялык дренаж.

97. Плевра дренажы.

98. Ич көңдөйүнүн дренажы.

99. Түтүкчө менен дренаждык баштык.

100. Биопсия үчүн ийне.

101. Порт-системасы.

102. Ийне-көпөлөк.

103. Эпидуралдык топтом.

104. Баш мээ кан тамырынын аневризмин эмболизациялоо үчүн спираль.

105. Суюк эмболиялык материал системасы.

106. Дисталдык эмболиядан коргоо системасы.

107. Шприц-манометр (индефлятор).

108. Инфузиялык магистраль (түтүкчөлөрдүн топтому).

109. Инфузиялык магистраль үчүн манифольд.

110. Микросфералар жана эмбосфералар.

111. Кан тамыр үчүн эмес стенттер (кызыл өңгөч, билиардык, заара чыгаруучу түтүк, пилорикалык, колоректалдык жана башкалар).

112. Аневризмди эндоваскулярдык дарылоо үчүн стент.

113. Механикалык тромбэктомия үчүн стент.

114. Аспирациялык насос.

115. Инсулин помпасы.

## 8-глава. Инфузиялык жана трансфузиялык терапия

116. Ички кан тамыр инфузиясы үчүн система.

117. Кан куюу үчүн система.

118. Трансфузиялык чыпка.

119. Инфузиялык узарткыч.

120. Үч жолдуу кран.

121. Кан сактоо үчүн контейнер.

122. Кан куюу үчүн топтомдор, эритмелер.

123. Донордук кан үчүн топтом.

124. Инфузиялык насос.

125. Инфузиялык помпа.

126. Аутотрансфузия үчүн канды кайра иштетүүчү топтом.

## 9-глава. Лабораториялык диагностика жана in vitro (ИВД) диагностикасы үчүн медициналык буюмдар

127. Иммуноферменттик анализ (ИФА) үчүн реагенттер топтому.

128. Полимераздык чынжыр реакциясы (ПЧР) үчүн реагенттер топтому.

129. Диагностикалык экспресс-тест.

130. Биохимиялык реагенттер.

131. Гематологиялык реагенттер.

132. Иммунологиялык реагенттер.

133. Иммуногистохимиялык изилдөө үчүн реагенттер.

134. Микробиологиялык азыктандыруучу чөйрө.

135. Сезгичтүүлүктү аныктоо үчүн дисктер.

136. Лабораториялык контролдук материал.

137. Лабораториялык калибратор.

138. Вакуумдук пробирка.

139. Биоматериалдар үчүн контейнер.

140. Предметтик айнек.

141. Жабуучу айнек.

142. Дозатор үчүн учтук.

143. Вакуумдук пробирка.

144. Тыгын менен пробирка.

145. Гистологиялык кесиндини боёо үчүн топтом.

146. Заңдагы жашыруун канды аныктоочу экспресс-тест үчүн топтом.

147. Куюу калыптары (ар кандай өлчөмдөрдө).

148. Боёгучтар.

149. Градуирленген цилиндр.

150. Куйгуч.

151. Градуирленген пипетка.

152. Пастер пипеткасы.

153. Мензурка.

154. Реактивдер үчүн флакон.

155. Жалпак түптүү дистирлөө үчүн колба.

156. Микропрепараттарды боёо, иммуногистохимиялык изилдөөлөр жана in situ гибриддештирүү үчүн автоматташтырылган системаларга реагенттер, керектелүүчү материалдар, буфердик жана көмөкчү эритмелер.

157. ABO системасы боюнча агглютинация методу менен кан тобун аныктоо үчүн реагенттер топтому.

158. Петри чашкасы.

## 10-глава. Хирургиялык буюмдар

159. Сиңүүчү хирургиялык жип.

160. Сиңбөөчү хирургиялык жип.

161. Хирургиялык тор.

162. Гемостатикалык губка.

163. Целлюлозага, табигый полимерлерге жана синтетикалык/жарым синтетикалык компоненттерге негизделген гемостатикалык материал.

164. Сөөк мому.

165. Офтальмологиялык вискоэластикалык эритме.

166. Глаукомага каршы имплант.

167. Капсулалык кысуучу шакек.

## 11-глава. Таңуучу материалдар

168. Марлиден бинт.

169. Эластикалык бинт.

170. Медициналык марли.

171. Медициналык кебез.

172. Стерилдүү салфетка.

173. Медициналык лейкопластырь.

174. Гипс бинти.

175. Заманбап жарат таңгыч.

## 12-глава. Диализ

176. Диализатор.

177. Гемодиализдик артериялык магистраль.

178. Гемодиализдик кан тамыр магистралы.

179. Гемодиализ үчүн катетер.

180. Гемодиализ үчүн эритме.

181. Перитонеалдык диализ үчүн топтом.

## 13-глава. Эндоскопия

182. Биопсиялык кыпчыткыч.

183. Полипэктомиялык илмек.

184. Эндоскопиялык клипс.

185. Эндоскопиялык катетер.

186. Эндоскопиялык өткөргүч.

## 14-глава. Энтералдык тамактандыруу

187. Гастростомиялык түтүк.

188. Энтералдык тамактандыруу үчүн система.

189. Энтералдык тамактандыруу үчүн помпа.

## 15-глава. Кардиология жана

жүрөк-кан тамыр хирургиясы

190. Коронардык металл стент.

191. Дары капталган коронардык стент.

192. Перифериялык кан тамыр стенти.

193. Кан тамыр протези.

194. Кава-чыпкасы.

195. Дүлөйчөлөр аралык тосмонун окклюдери.

196. Ачык артериалдык агымдын окклюдери.

197. Вальвулопластика үчүн баллон.

198. Жүрөк клапанынын механикалык протези.

199. Жүрөк клапанынын биологиялык протези.

200. Оксигенатор.

201. Бир камералуу электрокардиостимулятор.

202. Эки камералуу электрокардиостимулятор.

203. Үч камералуу кардиостимулятор (CRT-P).

204. Имплантациялануучу кардиовертер-дефибриллятору (ICD).

205. Ресинхронизациясы бар имплантациялануучу кардиовертер-дефибриллятору (CRT-D).

206. Бөйрөк стенти.

207. Эндоваскулярдык аорталык стент-графт.

208. Электрод.

209. Ткандарды турукташтыруучу.

210. Шунтирлөө системасы.

211. Гемоконцентратор.

## 16-глава. Иммобилизациялоо, коргоо

жана ташуу каражаттары

212. Транспорттук шина.

213. Вакуумдук шина.

214. Моюн жакасы.

215. Медициналык замбилдер.

216. Балдактар.

217. Тиреп баскыч.

218. Кресло-коляска.
