Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 673токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин (мындан ары – бюджеттик системанын бюджеттери) кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Кассалык пландоонун негизги максаты мамлекеттик акча каражаттарын пайдалануу жана потенциалдуу кассалык айырмаларды жабуу боюнча өз убагында чараларды көрүү максатында аларды аныктоо үчүн актуалдуу кассалык планды түзүү болуп саналат.
2. Кассалык планды түзүү
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүмдөр бюджеттик маалыматтардан алынган түшүүлөр боюнча такталган пландарды жана чыгашалар боюнча пландарды пайдалануу менен келерки айга кассалык планды түзөт.
4. Бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү боюнча планды түзүү келерки айга тиешелүү бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен биргеликте кирешелердин классификациясына ылайык бардык булактар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм тарабынан аткарылат.
5. Бюджеттик системанын бюджеттеринин чыгашалары боюнча планды түзүү бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр) жана ведомстволук классификациянын тиешелүү коддору боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылат.
Республикалык бюджеттен каржылоону жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелерди башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) болуп саналган бюджеттик каражаттарды алуучулар чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча каржылоого болгон айлык керектөөнү (өтүнмөлөрдү) тиешелүү негиздемелери жана түшүндүрмөлөрү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
6. Бюджеттик каражаттар боюнча аткаруунун кассалык планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бюджеттик жылдын башына бюджеттик системанын бюджеттеринин бюджеттик каражаттарынын калдыгын, ошондой эле келерки айдын башына каражаттардын калдыгын;
- республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү боюнча келерки айга планды;
- бюджеттик милдеттенмелерди аткарууга байланышкан бюджеттик системанын бюджеттеринин чыгашалары боюнча келерки айга планды.
7. Кассалык планды түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүмдөр бюджеттик маалыматтарга, бюджеттик системанын бюджеттеринин жалпы чыгашаларында алардын үлүштөрүнө ылайык бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр, тескөөчүлөр боюнча чыгашалардын жалпы суммаларын бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгашалардын жалпы суммасын бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр, тескөөчүлөр боюнча бөлүштүрүүдө алардын жеке эсептеринде пайдаланылбаган каражаттардын калдыктарынын бар экендигин эсепке алат.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм кассалык планды түзүүдө потенциалдуу кассалык айырмалардын өлчөмүн (б.а. төлөмдөрдүн болгон ресурстардан ашып кетүүсүн) аныктайт.
9. Каралуучу мезгилдин аягына республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыгы республикалык бюджеттин ресурстарынын пландалган түшүүлөрүнө жана чыгашаларына жараша терс мааниге ээ болушу мүмкүн.
Республикалык бюджеттин милдеттенмелерин аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсепке жайгаштырылган каражаттардын бош калдыктарын бюджеттик мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда пайдаланууга укуктуу. Бюджеттик жыл аяктагандан кийин республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыгы оң мааниге ээ болууга тийиш.
10. Бюджеттик комиссиянын курамы жана анын ишинин тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Бюджеттик комиссия келерки айга кассалык пландын долбоорун бекитет, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө укуктуу. Жергиликтүү бюджеттин кассалык планынын долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу жагы менен макулдашуу боюнча аймактык башкармалыктардын начальниктери тарабынан бекитилет.
11. Бекитилген жана макулдашылган кассалык планга зарыл болгон учурда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Такталган кассалык план ушул Жободо белгиленген тартипте түзүлөт жана тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендигине жараша бекитилет.
3. Кассалык планды аткаруу
12. Бекитилген кассалык пландын чыгаша бөлүгүн аткаруу бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр, тескөөчүлөр жана алуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр, тескөөчүлөр «Казына. Бюджет» АМСте авторизациялоону жүзөгө ашырат жана кассалык пландын жалпы суммасын бюджеттик каражаттарды алуучулар жана чыгашалардын экономикалык, ведомстволук, функционалдык жана программалык классификациясы жана активдер жана милдеттенмелер менен операцияларды классификациялоо боюнча бөлүштүрүүнү жүргүзөт. Мында социалдык жана башка милдеттүү чыгашаларды өз убагында жана толук пландоо, бөлүштүрүү жана каржылоо үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
14. Бюджеттик каражаттарды алуучулар боюнча пландык маалыматтарды, ошондой эле алардын өзгөртүүлөрүн каттоодо «Казына. Бюджет» АМС киргизилген маалыматтын тууралыгы жана пландалган чыгашалардын жалпы суммасынын бекитилген кассалык планга шайкештиги текшерилет.
15. Бюджеттик каражаттарды алуучулар кассалык чыгашаларды өз жеке эсептеринен учурдагы мезгилге бөлүнгөн жеткирилген кассалык пландын чегинде жана кабыл алынган (катталган) жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эске алуу менен жүзөгө ашырат.
16. Бюджеттик системанын бюджеттерин кассалык аткаруу процессинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу боюнча кассалык төлөмдөрдү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чаралар бюджеттин чыгашалары ресурстардын келип түшүү көлөмүнөн убактылуу ашып кеткен учурда киргизилет.
4. Кассалык пландын аткарылышына талдоо жүргүзүү
17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм төмөнкү иш жүзүндөгү маалыматтарды эске алуу менен күн сайын кассалык пландын аткарылышына мониторинг жүргүзөт:
- бюджеттик системанын бюджеттеринин келип түшкөн ресурстарын;
- бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан жүргүзүлгөн кассалык чыгашаларды;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казыналык эсебиндеги тиешелүү бюджеттин бюджеттик каражаттарынын калдыктарын.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүм отчеттук айдагы пландык жана иш жүзүндөгү маалыматтарды ведомстволук, функционалдык, экономикалык жана программалык классификациялоонун коддору боюнча келерки айга оптималдуу кассалык планды түзүү үчүн деталдаштыруунун тандалган деңгээли менен салыштырып талдоону жүргүзөт.
5. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр, бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөр ушул Жобонун ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.