# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 673
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58691/edition/60321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052457

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 6-октябры № 673

Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу процессин оптималдаштыруу, мамлекеттик акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу үчүн актуалдуу кассалык планды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 108-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 618 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 478 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
