Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жөнүндө жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| 4-тиркеме | ||
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жөнүндө жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү натыйжалуу уюштуруу максатында мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди (мындан ары - объекттер) алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү жол-жобосун жүзөгө ашыруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Объекттерди мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу объектке уникалдуу идентификациялык номерди ыйгаруу менен мамлекеттик санариптик реестрге маалыматтарды киргизүү боюнча, ошондой эле милдеттүү катталууга жатпаган контролго алынуучу субъекттер тууралуу маалыматтарды чогултуу жана белгилөө боюнча административдик жол-жоболордон турат.
3. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) объектти мамлекеттик каттоо - объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин текшерүүнү (изилдөөнү), ал жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик санариптик реестрге киргизүүнү жана уникалдуу идентификациялык номерди ыйгарууну камтыган административдик жол-жобо;
2) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объект - юридикалык жакка, жеке ишкерге же дыйкан (фермердик) чарбага таандык болгон, жаныбарларды кармоого, контролго алынуучу товарларды (продукцияны) өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга байланыштуу иш, ошондой эле ветеринария жаатындагы иш жүзөгө ашырылган имараттар, курулуштар, курулмалар, өндүрүш аянтчалары, цехтер, участоктор, жайлар;
3) объекттерди эсепке алуу - ветеринардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик катталууга тийиш эмес объекттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана белгилөө боюнча иши;
4) объекттин идентификациялык номери - объектке мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу жана товарларды (продукцияны) көзөмөлдөө, контролдоо жана байкоо жүргүзүү максатында аны бирдей мааниде идентификациялоо үчүн колдонулуучу белгиленген түзүмдөгү уникалдуу тамгалык-сандык коду;
5) арыз ээси - объектти мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн кайрылган юридикалык жак, жеке ишкер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлү;
6) объекттин эсепке алуу иши - конкреттүү объектке карата ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан түзүлүүчү документтердин жана санариптик маалыматтардын жыйындысы;
7) ветеринардык-санитардык корутунду - объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин ырастоочу документ (анын ичинде электрондук формада);
8) санариптик реестрден көчүрмө - объекттин мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу документ (анын ичинде санариптик формада).
2-глава. Объекттерди мамлекеттик каттоону жана эсепке алууну жүргүзүү тартиби
4. Объектти мамлекеттик каттоо ветеринардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттердин мамлекеттик санариптик реестрине (мындан ары - мамлекеттик санариптик реестр) маалыматтарды киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.
5. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген иштин түрлөрү жүзөгө ашырылуучу объекттер мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
6. Объектти мамлекеттик каттоо төмөнкү административдик жол-жоболорду камтыйт:
1) арыз ээсинин арызын жана документтерин кабыл алуу жана каттоо (мамлекеттик органдар жана мекемелер үчүн - коштомо каттын негизинде);
2) берилген маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүү;
3) объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин документтик жана жерине барып текшерүүнү жүргүзүү;
4) ветеринардык-санитардык корутундуну тариздөө;
5) объектти мамлекеттик каттоо же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) мамлекеттик санариптик реестрге маалыматтарды киргизүү жана объектке уникалдуу идентификациялык номерди ыйгаруу;
7) мамлекеттик санариптик реестрден көчүрмө берүү.
7. Объектти мамлекеттик каттоо анын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт. Арыз ээси бир нече аймактык обочолонгон объекттерде иш жүргүзгөн учурда мамлекеттик каттоо ар бир мындай объектке карата жүргүзүлөт.
8. Арыз ээси тарабынан объектти мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада төмөнкү ыкмалардын бири менен берилет:
1) арыз ээсинин санариптик кол тамгасы коюлган санариптик формада;
2) кагаз жүзүндө ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык бөлүмүнө жеке кайрылуу аркылуу.
9. Объектти мамлекеттик каттоо жөнүндө арызга төмөнкү документтер жана маалыматтар тиркелет:
1) юридикалык жак үчүн - мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, уставдын (жобонун) көчүрмөсү;
2) жеке ишкер үчүн - инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) кыймылсыз мүлк объектин пайдалануу укугун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (менчик укугу жөнүндө күбөлүк, ижара, субижара келишими);
4) өндүрүштүк, кампа, көмөкчү жана санитардык-тиричилик жайлар көрсөтүлгөн объекттин схемасы (планы);
5) ХАССП принциптерине негизделген өндүрүштүк контролдоо программасы (Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине ылайык иши көрсөтүлгөн принциптердин негизинде милдеттүү контролдонууга тийиш болгон объекттер үчүн).
10. Ыйгарым укуктуу орган иштин түрлөрү боюнча дифференцияланган арызга тиркелүүчү кошумча документтердин тизмегин бекитүүгө укуктуу. Аталган тизмек ыйгарым укуктуу органдын сайтына расмий жарыяланууга тийиш.
11. Объектти изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүм төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) объект белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда эки жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга объектке идентификациялык номерди ыйгаруу жана аны мамлекеттик санариптик реестрге киргизүү үчүн изилдөө материалдарын жана ветеринардык-санитардык корутундуну тиркөө менен суроо-талапты жиберет;
2) ветеринардык-санитардык талаптарды бузуу аныкталган учурда арыз ээсине аларды жоюу жөнүндө жазма буйрук берет. Жазма буйрукта белгиленген бузууларды жоюу мөөнөтү алардын мүнөзүн эске алуу менен аныкталат, бирок жыйырма календардык күндөн ашпайт.
12. Аймактык бөлүм тарабынан арызды кароонун жалпы мөөнөтү арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндөн ашпоого тийиш. Ушул Жобонун 11-пунктунун 2-пунктчасына ылайык бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрук чыгарылган учурда, арызды кароонун жалпы мөөнөтүнүн жүрүшү жазма буйрук берилген күндөн тартып арыз ээси бузууларды жойгондугу тууралуу билдирген күнгө чейин токтотула турат.
13. Жаныбарлардан алынуучу ата мекендик товарларды (продукцияларды) экспорттоочу тарабынан берилген объектти мамлекеттик каттоо жөнүндө арызды кароо мөөнөтү, ошондой эле ушул Жобонун 6-пунктунда каралган зарыл административдик жол-жоболорду жүргүзүү мөөнөтү арыз ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан катталган күндөн тартып он жумуш күндөн ашпоого тийиш.
14. Ыйгарым укуктуу орган аймактык бөлүмдөн суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде уникалдуу идентификациялык номерди ыйгаруу жана объект жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик санариптик реестрге киргизүү тууралуу чечим кабыл алат же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.
15. Мамлекеттик каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) берилген документтерде аныкталбаган маалыматтар же алардын талаптарга шайкеш келбестиги аныкталса;
2) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилген жазма буйрук белгиленген мөөнөттө аткарылбаса;
3) калктын жана (же) жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жараткан объекттин ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбестиги.
16. Мамлекеттик каттоо, мамлекеттик каттоодон баш тартуу жана мамлекеттик каттоону токтотуу жөнүндө чечимдер ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
17. Каттоодон баш тартуу арыз ээсинин баш тартууга негиз болгон себептерди жойгондон кийин кайра кайрылуусуна тоскоол болбойт.
18. Объектти мамлекеттик санариптик реестрден чыгаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан он төрт жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) объекттин ээсинин аталган объектте ишти токтотуу жөнүндө арызы;
2) юридикалык жактын жоюлгандыгын же жеке ишкердин ишти токтоткондугун ырастоочу документ;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;
4) калктын жана (же) жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун жараткан ветеринардык-санитардык талаптарды системалуу түрдө (календардык жылдын ичинде эки жана андан көп жолу) бузгандыгына байланыштуу каттоону токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими.
19. Объекттерди мамлекеттик эсепке алуу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык мамлекеттик катталууга тийиш эмес объекттерге карата жүргүзүлөт.
20. Коомдук тамактануу объекттери, жаныбарлардан алынуучу товарлар (продукция) сатылуучу дүң жана чекене базарлар, эт сатуу түйүндөрү жана эт павильондору, ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториялары, ветеринардык клиникалар, дарыканалар жана дарылоочу жайлар мамлекеттик эсепке алынууга тийиш.
21. Объекттерди мамлекеттик эсепке алуу тартиби, эсепке алуу реестринин формасы жана белгиленүүчү маалыматтардын тизмеги ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик санариптик реестрди жүргүзүү
22. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттердин мамлекеттик санариптик реестри катталган объекттер жөнүндө түзүмдөштүрүлгөн маалыматтардын жыйындысын камтыган бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системаны билдирет. Мамлекеттик санариптик реестр электрондук формада жүргүзүлөт жана контролго алынуучу товарларды (продукцияны) идентификациялоо, көзөмөлдөө, байкоого алууну камсыз кылуу максатында объекттер жөнүндө маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана берүүнү камсыз кылат.
23. Мамлекеттик санариптик реестрге объект жөнүндө төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө камтылат:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы же жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, ошондой эле алардын идентификациялык салык номери;
2) объекттин уникалдуу идентификациялык номери;
3) объекттин жайгашкан жери (иш жүзүндөгү дареги);
4) тиешелүү коддорду көрсөтүү менен жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү;
5) мамлекеттик каттоонун жана ага уникалдуу идентификациялык номерди ыйгаруунун датасы;
6) объекттин мамлекеттик санариптик реестрдеги статусу.
24. Мамлекеттик санариптик реестрде камтылган маалыматтар, жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, жалпыга жеткиликтүү болуп саналат жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш.
25. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик санариптик реестрде камтылган маалыматтардын аныктыгын, актуалдуулугун, толуктугун жана өз убагында киргизилишин камсыз кылат.
26. Мамлекеттик санариптик реестрдин маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан объекттин ээсинин арызынын жана ырастоочу документтердин негизинде арыз келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
27. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жана башка чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынан келип түшкөн расмий маалыматтардын негизинде мамлекеттик санариптик реестрге объекттин ветеринардык-санитардык статусу жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) чектөөсү жок;
2) убактылуу чектөөлөр;
3) күчөтүлгөн лабораториялык контроль;
4) статусту токтото туруу;
5) атайын талаптар.
28. Мамлекеттик санариптик реестрден көчүрмө арыз ээсине же башка кызыкдар адамга ишеним каттын негизинде жана (же) суроо-талап боюнча суроо-талап катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде берилет. Көчүрмөнүн формасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
4-глава. Идентификациялык номер ыйгаруу жана объект жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
29. Уникалдуу идентификациялык номер объектке ыйгарым укуктуу орган тарабынан аны мамлекеттик каттоодо бир жолу ыйгарылат жана төмөнкүдөй түзүмгө ээ:
KG X.XX-XX/Fx-XXXX/Ex/, мында: KG - өлкө коду; X - облустун литердик коду; ХХ-ХХ - райондун же шаардын санариптик коду; Fx - объекттеги иштин түрүнүн тамгалык-сандык коду; ХХХХ - мамлекеттик санариптик реестрдеги объекттин катар номери; /Ех/ - объекттер-экспорттоочулар үчүн кошумча литердик символ. Объекттер-экспорттоочулар үчүн идентификациялык номерди түзүүнүн мисалы: KG-B.05-51/Fl-0001/Ex.
30. Объекттин жайгашкан орду башка административдик-аймактык бирдикке (облуска, районго) өзгөргөн же иштин негизги түрү башка код менен түргө өзгөргөн учурларды кошпогондо, объекттин уникалдуу идентификациялык номерин өзгөртүүгө жол берилбейт. Аталган учурларда объектке баштапкы каттоо үчүн белгиленген тартипте жаңы идентификациялык номер ыйгарылат, ал эми мурда ыйгарылган номер жокко чыгарылат.
31. Уникалдуу идентификациялык номер мөөнөтсүз болуп саналат жана объекттин ишинин бүткүл мезгилинде күчүндө болот.
32. Юридикалык жактар же жеке ишкерлер объекттин ыйгарылган уникалдуу идентификациялык номерин контролдоого алынган товарларга (продукцияга) товардык-коштоочу документтерде көрсөтүүгө милдеттүү.
5-глава. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
33. Мамлекеттик санариптик реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды бербегендиги же өз убагында бербегендиги, ошондой эле анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн арыз ээси, жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
34. Ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы, ошондой эле административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
35. Каттоочу органдын чечимине даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
| | | Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жөнүндө жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Шаарлардын жана райондордун коддору
| № | Коду | Аталышы |
| 1 | 01-01 | Бишкек шаары |
| 2 | 08-01 | Токмок шаары |
| 3 | 08-80 | Кемин району |
| 4 | 08-81 | Чүй району |
| 5 | 08-82 | Ысык-Ата району |
| 6 | 08-83 | Аламүдүн району |
| 7 | 08-84 | Сокулук району |
| 8 | 08-85 | Москва району |
| 9 | 08-86 | Жайыл району |
| 10 | 08-87 | Панфилов району |
| 11 | 09-01 | Балыкчы шаары |
| 12 | 09-02 | Каракол шаары |
| 13 | 09-90 | Ак-Суу району |
| 14 | 09-91 | Тоң району |
| 15 | 09-92 | Жети-Өгүз району |
| 16 | 09-93 | Түп району |
| 17 | 09-94 | Ысык-Көл району |
| 18 | 07-01 | Талас шаары |
| 19 | 07-70 | Манас району |
| 20 | 07-71 | Айтматов району |
| 21 | 07-72 | Бакай-Ата району |
| 22 | 07-73 | Талас району |
| 23 | 05-01 | Нарын шаары |
| 24 | 05-50 | Нарын району |
| 25 | 05-51 | Ат-Башы району |
| 26 | 05-52 | Ак-Талаа району |
| 27 | 05-53 | Жумгал району |
| 28 | 05-54 | Кочкор району |
| 29 | 06-01 | Ош шаары |
| 30 | 06-60 | Ноокат району |
| 31 | 06-61 | Алай району |
| 32 | 06-62 | Чоң-Алай району |
| 33 | 06-63 | Араван району |
| 34 | 06-64 | Кара-Суу району |
| 35 | 06-65 | Кара-Кулжа району |
| 36 | 06-66 | Өзгөн району |
| 37 | 03-01 | Баткен шаары |
| 38 | 03-02 | Кызыл-Кыя шаары |
| 39 | 03-03 | Сүлүктү шаары |
| 40 | 03-30 | Баткен району |
| 41 | 03-31 | Лейлек району |
| 42 | 03-32 | Кадамжай району |
| 43 | 04-01 | Манас шаары |
| 44 | 04-02 | Кара-Көл шаары |
| 45 | 04-03 | Майлуу-Суу шаары |
| 46 | 04-04 | Таш-Көмүр шаары |
| 47 | 04-40 | Сузак району |
| 48 | 04-41 | Базар-Коргон району |
| 49 | 04-42 | Ноокен району |
| 50 | 04-43 | Тогуз-Торо району |
| 51 | 04-44 | Аксы району |
| 52 | 04-45 | Ала-Бука району |
| 53 | 04-46 | Чаткал району |
| 54 | 04-47 | Токтогул району |
Облустардын литердик коддору
| № | Литердик код | Аталышы |
| 1 | Ch | Чүй облусу |
| 2 | I | Ысык-Көл облусу |
| 3 | N | Нарын облусу |
| 4 | Т | Талас облусу |
| 5 | О | Ош облусу |
| 6 | J | Жалал-Абад облусу |
| 7 | B | Баткен облусу |
Иштин түрлөрүнүн коддору
| № | Иштин түрү | Коду |
| 1 | Этти кайра иштетүү ишканалары | F1 |
| 2 | Мал союучу пункттар (мал союучу жайлар) | F2 |
| 3 | Терини жана жүндү кайра иштетүү объекттери | F3 |
| 4 | Канаттууларды кайра иштетүү ишканалары | F4 |
| 5 | Балык чарбалары жана балыкты кайра иштетүү ишканалары | F5 |
| 6 | Сүттү кайра иштетүү ишканалары | F6 |
| 7 | Чийки сүттү, чийки каймакты жана чийки майсыз сүттү кабыл алуу пункттары | F7 |
| 8 | Жаныбарлардан алынуучу азыктарды жана чийки заттарды сактоо жана сатуу объекттери | F8 |
| 9 | Жаныбарлардан алынуучу ич эттерди жана техникалык чийки заттарды кабыл алуу, ташуу, сактоо жана сатуу боюнча объекттер | F9 |
| 10 | Балды жана балчылык продукциясын кайра иштетүү боюнча объекттер | F10 |
| 11 | Айыл чарба жаныбарларын асылдандыруу, өстүрүү, багуу жана сатуу менен алектенүүчү объекттер | F11 |
| 12 | Тоюттарды жана тоют кошумчаларын өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча объекттер | F12 |
| 13 | Ветеринардык дары каражаттарын жана препараттарды өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча объекттер | F13 |
| 14 | Жапайы жана экзотикалык жаныбарларды кармоо, асылдандыруу жана сатуу боюнча объекттер | F14 |
| 15 | Мал базарлары | F15 |
| 16 | Аңчылык продукциясын жүгүртүү объекттери (аңчылык трофейлери, кептер, консервацияланган үлгүлөр) | F16 |
| 17 | Аарыларды (аары пакеттерин жана аары үй-бүлөлөрүн) асылдандыруу, багуу жана сатуу боюнча объекттер | F17 |
| 18 | Айыл чарба канаттууларын асылдандыруу, өстүрүү, багуу жана сатуу боюнча объекттер | F18 |
| Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жөнүндө жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо жөнүндө АРЫЗ
Арыз ээси ______________________________________________________ _______________________________________________________________
(Фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери)
_______________________________________________________________
(Жеке адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер)
_______________________________________________________________
(Төлөөчүнүн эсептик номери, юридикалык жактын аталышы
_______________________________________________________________
жана анын жайгашкан жери, телефону)
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объектти каттоону өтүнөм _________________________________________
(Объекттин иш жүзүндөгү дареги)
_______________________________________________________________ _______________________________________________________________ Объекттин жүзөгө ашырылуучу процесстеринин тизмеги _______________ _______________________________________________________________ Ушул арызда камтылган маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
| _______________________________ | ______________________________ |
| (Арыз ээсинин же анын өкүлүнүн колу) | (Аты-жөнү) |
| _______________________________ | |
| (Дата) |
М.О.
| | | Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жөнүндө жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттердин санариптик реестринен КӨЧҮРМӨ
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы ______________________________________________________________
(Аймактык бөлүмдүн аталышы)
| _______________________________ | ____________________________ | |
| (Дата) | (Номери) |
___________________________________________________________________
(Мамлекеттик каттоого тийиш болгон объекттердин санариптик
реестрине киргизилүүчү идентификациялык номер)
____________________________________________________________________ ____________________________________________________________________
(Аталышы жана жайгашкан жери (юридикалык жак үчүн), фамилиясы, аты, атасынын аты, инсандыгын күбөлөндүрүүчү
документтин маалыматтары (жеке жак үчүн))
____________________________________________________________________
(Объекттин иш жүзүндөгү дареги)
____________________________________________________________________ ____________________________________________________________________ ____________________________________________________________________ ____________________________________________________________________
(Объекттин процесстеринин тизмеги)
| _______________________________ | ____________________________ | |
| (Кызматы, аты-жөнү) | (Колу) | |
| Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жөнүндө жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттердин САНАРИПТИК РЕЕСТРИ
| № | Аталышы жана юридикалык дареги (юридикалык жак үчүн), аты-жөнү, каттоо дареги, инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары (жеке жактар үчүн) | Объекттин идентификациялык номери | Объекттин иш жүзүндөгү дареги (юридикалык жана жеке жактар үчүн) | Изилдөө жүргүзгөн аймактык бөлүмдүн аталышы жана жайгашкан орду | Иштин түрү | Объекттерди реестрге киргизүү үчүн негиз (буйрук жана ветеринардык-санитардык корутунду) | Объекттин статусу |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2017 · № 528
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.