# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 668
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052454>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58690/edition/60315/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052454.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052454

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 6-октябры № 668

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу

Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында, «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 534 «Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
