# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 "2026-2028-жылдарга Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 "2026-2028-жылдарга Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58689/edition/60305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 "2026-2028-жылдарга Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтому (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052446

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6-октябры № 670

2026-2028-жылдарга Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын калкынын медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси 1-тиркемеге ылайык;

2) Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга бюджетинде каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 432 «Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинтинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
