# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 758-т (2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 758-т (2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 758-т
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20095/edition/60097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 758-т (2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052254

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 6-октябры № 758-т

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.

2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жооптуу болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.А. Касымалиев |
| --- | --- | --- |
|  |  | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 758-т тескемеси менен жактырылган |

2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу

2014-жылдын 29-майында кол коюлган жана 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) иштөөсүн жөнгө салуучу негизги эл аралык келишим болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык ченемдерге каршы келбейт. ЕАЭБдин курмына Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы кирет, негизги максаттары товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн кыймылынын эркиндигин камсыз кылуу, ошондой эле экономиканын айрым чөйрөлөрүндө координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясатты жүргүзүү болуп саналат. Келишимде ЕАЭБдин иштөөсүнүн негизги принциптери, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана органдарынын компетенция чөйрөлөрү жана чектери, ЕАЭБ органдарын түзүү жана иштөө тартиби, ошондой эле интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, товарларды сатуу, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, айыл чарба, өнөр жай жана транспорт саясаты, атаандаштык, мамлекеттик сатып алуулар жана башка чөйрөлөр аныкталган. 2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу аталган протоколду (мындан ары – Протокол) иштеп чыгуу зарылдыгы ЕАЭБ алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү милдеттери, ошондой эле мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексинде биргелешкен өндүрүштүк жана кооперациялык демилгелерди колдоонун кошумча механизмдерин түзүү менен шартталган. Протоколду кабыл алуу инвестициялык ишти активдештирүүгө, өз ара сооданы айыл чарба продукциясы менен кеңейтүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы өндүрүштүк байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Ушул Протоколго киргизилген өзгөртүүлөр кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга финансылык көмөктөшүүнүн натыйжалуу инструменттерин түзүүгө багытталган, бул айыл чарба өндүрүшүн, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө дем берүүгө, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексинин продукциясынын азык-түлүк коопсуздугунун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда Протокол ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде ратификациялоо жол-жобосунан өтүүдө. Протокол депозитарий дипломатиялык каналдар аркылуу мүчө мамлекеттер тарабынан анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып күчүнө кирет. 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштарды ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет. 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам формасында (ратификациялоо жөнүндө мыйзам) кабыл алынат, ал кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюуга жатат. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 14-пунктчасына ылайык Протокол ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоору менен Протоколду ратификациялоо сунушталат. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Протокол кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 307-т тескемеси менен жактырылган жана 2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары кол койгонго чейин Протоколдун долбоору Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 тескемеси менен жактырылган. Ошондой эле Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери менен макулдашылган: эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча (2026-жылдын 14-апрелиндеги № 6-2062/26), агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча (2026-жылдын 7-апрелиндеги № 6-1925/26) жана финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча (2026-жылдын 10-апрелиндеги № 6-2020/26). Ушул Протоколду ратификациялоо финансылык чыгымдарга, ошондой эле терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилей кетүү зарыл. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилүүдө.
