# Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 токтомуна 1-тиркеме)

- Толук аталышы: Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 токтомуна 1-тиркеме)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 687
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230052242/edition/60072/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 токтомуна 1-тиркеме) (12.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052242

---

|  |  | 1-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 токтомуна) |

Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартиби жөнүндө жобо

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясындагы (мындан ары – Декларация) маалыматтарга андагы кирешелер, чыгымдар, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтардын чагылдырылышынын аныктыгы жана толуктугу боюнча талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартибин аныктайт.

2. Декларацияда көрсөтүлгөн отчеттук мезгилдеги маалыматтарды изилдөө жана талдоо (мындан ары – Декларацияны талдоо) салык кызматынын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

Декларацияны талдоо декларант жөнүндө маалыматка ээ болгон мамлекеттик жана башка органдардан алынган маалыматтар жана салык кызматынын карамагындагы маалыматтар менен декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды салыштыруу жолу менен маалыматтардын аныктыгын жана толук чагылдырылышын текшерүүдөн турат. Декларацияны талдоо декларацияланып жаткан активдердин аныктыгын аныктоо, ошондой эле декларанттын кирешелеринин, чыгымдарынын жана мүлктүк абалынын шайкеш эместик белгилерин табуу максатында жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:

1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамдардын;

2) жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамдардын;

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана башкармасынын мүчөлөрүнүн;

4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн;

5) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн.

4. Декларанттын салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:

1) төмөнкү кызмат орундарын ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамдардын:

– административдик мамлекеттик кызмат орундарын;

– саясий, административдик муниципалдык кызмат орундарын;

– дипломатиялык кызматтардын кызматкерлеринин кызмат орундарын;

2) аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

– мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын, жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын, угуучуларын;

– иши жашыруун мүнөзгө же улуттук коопсуздукту камсыздоого байланышкан аскер кызматчыларын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин;

3) мамлекеттик катышуу үлүшү бар мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын жетекчисинин, жетекчисинин орун басарларынын.

## 2-глава. Декларацияга талдоо жүргүзүү тартиби

5. Салык төлөөчү тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун ырастоо максатында Декларацияны изилдөө жана талдоо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы тарабынан салык төлөөчү тарабынан берилген маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын маалыматтары менен, ошондой эле мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан кошумча алынган расмий маалыматтар менен автоматтык түрдө салыштырууну колдонуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Декларацияны изилдөөнүн жана талдоонун предмети болуп чагылдырылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы, билдирилген кирешелердин тарткан чыгымдарга шайкештиги, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар, декларанттын финансылык милдеттенмелери жана уюмдарга катышуусу, ошондой эле анын жакын туугандары жөнүндө маалыматтар саналат.

6. Талдоонун жүрүшүндө салык кызматынын органы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекеттин компетенттүү органдарына, ошондой эле жарандарга декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат берүү тууралуу суроо-талаптарды жиберүүгө;

2) декларанттан түшүндүрмөлөрдү, кошумча материалдарды жана (же) документтерди түп нускаларында жана (же) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүндө суроого. Материалдардын жана (же) документтердин түп нускалары аларды салыштыргандан кийин декларантка кайтарылат.

Декларант тарабынан салык органынын суроо-талабына зарыл түшүндүрмөлөрдү, кошумча материалдарды жана/же документтерди (түп нускалары же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) берүү мүмкүн болбогон же берүүдөн баш тартылган учурда аныкталган шайкеш келбестиктер боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына жиберилет.

7. Жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча салык кызматынын органы Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын шайкештиги жөнүндө (бир нускада) же болбосо аныкталган маалыматтардын шайкеш эместиги жөнүндө (эки нускада) корутунду түзөт жана аны төмөнкүлөргө берет:

1) Декларацияда көрсөтүлгөн кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун аныктоодо – бир нускада салык органынын архивине сактоого;

2) берилген Декларацияда камтылган маалыматтардын толук эмес жана/же анык эмес экендиги аныкталган учурда – бир нускадан (бузуу фактын ырастаган документтерди тиркөө менен) белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын тийиштүү прокуратура органына жана салык органынын архивине сактоого.

8. Декларацияны талдоо декларант тарабынан берилген кирешелер, чыгымдар, мүлк жөнүндө маалыматтарга, ошондой эле анын жакын туугандары, анын ичинде алардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө маалыматтарга арифметикалык-логикалык талдоо жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Декларацияны талдоо отчеттук мезгил үчүн жүргүзүлөт жана кирешелер менен чыгымдарды салыштырууну, мүлктүк абалдын өзгөрүшүн, ошондой эле финансылык милдеттенмелердин азайышын баалоону камтыйт.

Төмөнкүлөр талданууга тийиш:

1) Декларациянын өз убагында тапшырылышы же аны тапшырбоо факты – Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген Декларацияны тапшыруу мөөнөттөрүнүн сакталышын текшерүү же аны тапшырбоо фактын аныктоо;

2) Декларациянын туура толтурулушу – Декларациянын формасында каралган милдеттүү параметрлердин бар экендигин жана туура толтурулгандыгын текшерүү;

3) кирешелердин жана чыгымдардын шайкештиги – Декларациянын маалыматтарын декларанттын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө расмий жеткиликтүү булактардан алынган маалымат менен салыштыруу жолу менен изилдөө жана талдоо. Арифметикалык-логикалык контролдоо процессинде отчеттук жылдын кирешелери, ошондой эле акыркы отчеттук мезгил үчүн декларацияда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын калдыктары жана топтоолор эске алынат;

4) кыймылсыз мүлктүн болушу – берилген маалыматтын толуктугун жана аныктыгын ырастоо максатында декларациялоо субъекти тарабынан берилген кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда болгон катталган маалыматтар менен салыштыруу жол-жобосу жүргүзүлөт;

5) кыймылдуу мүлктүн болушу – берилген маалыматтын толуктугун жана аныктыгын аныктоо максатында декларациялоо субъектинде болгон кыймылдуу мүлк объекттери (транспорт каражаттары, мамлекеттик каттоого тийиш болгон башка мүлк) жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында болгон катталган маалыматтар менен салыштыруу жол-жобосун жүзөгө ашыруу;

6) финансылык милдеттенмелер – декларациялоо субъекти тарабынан берилген финансылык милдеттенмелердин (кредиттер, зайымдар, ссудалар) бар экендиги жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алынган финансы-кредиттик жана адистештирилген уюмдардын расмий маалыматтары менен салыштырууну жүзөгө ашыруу;

7) мүлктүн ишенимдүү башкарууга берилиши – мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү жөнүндө берилген маалыматтарга Декларациянын тиешелүү бөлүмүндө алардын толтурулушунун толуктугу боюнча талдоо жүргүзүү;

8) юридикалык жактарга катышуу – тиешелүү мамлекеттик органдардан маалымат алуу жана талдоо аркылуу Декларацияда чагылдырылган юридикалык жактарга катышуу, уставдык капиталдын өлчөмү, катышуу үлүштөрү жана мүлктүк укуктар жөнүндө маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына контроль жүргүзүү;

9) жакын туугандары жөнүндө маалыматтардын чагылдырылышы – жубайы, жашы жете элек балдары; декларанттын багуусунда же толук камкордугунда турган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын багуусуна укугу бар адамдар; аларга карата декларант жашоого, билим алууга, саламаттык сактоого жана башка зарыл чыгымдарга кетүүчү финансылык чыгымдарды тарткан жашы жеткен балдары, ата-энелери, ага-инилери жана эже-карындаштары жөнүндө маалыматтардын толук чагылдырылышын текшерүү.

9. Отчеттук жыл ичинде төмөндө көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамдар тарабынан берилген кирешелер, чыгымдар, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар милдеттүү түрдө талданууга жана изилденүүгө тийиш:

1) саясий, атайын жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орду;

2) саясий муниципалдык кызмат орду;

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана башкармасынын мүчөсүнүн кызмат орундары;

4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн кызмат орундары;

5) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн кызмат орундары.

## 3-глава

. Салык кызматынын органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, чет мамлекеттер жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсү

10. Зарыл болгон учурда салык кызматынын органдары декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүү жолу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, чет мамлекеттер, жарандар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

11. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларацияны талдоо үчүн зарыл болгон суралып жаткан маалыматтарды берет.

## 4-глава. Салыктык сыр

12. Салык кызматынын органдарына келип түшкөн жана салыктык сырды түзгөн маалыматтар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 64-беренесине ылайык атайын сактоо режимине жана жеткиликтүүлүгү чектелүүгө жатат.

13. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктык сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүк салык кызматынын органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталуучу кызмат адамдарына гана берилет.
