# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 687
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58540/edition/60058/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (12.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052234

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 12-октябры № 687

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 12-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 12-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
