# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 686 "Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 686 "Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 686
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58527/edition/60017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 686 "Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (12.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052200

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 12-октябры № 686

Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 529 «Монополиялык жогорку (төмөнкү) бааны аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
