Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 12-октябры № 347
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун 1-пунктчасында «пенсиянын өлчөмү кийин өзгөргөнгө чейин» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.