# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 768-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын карамагындагы Каркыра токойчулугунун 2-кварталынын 45-бөлүгүндө жайгашкан мамлекеттик токой фондунун аянты 6,0 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 768-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын карамагындагы Каркыра токойчулугунун 2-кварталынын 45-бөлүгүндө жайгашкан мамлекеттик токой фондунун аянты 6,0 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 768-т
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20082/edition/59988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 768-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын карамагындагы Каркыра токойчулугунун 2-кварталынын 45-бөлүгүндө жайгашкан мамлекеттик токой фондунун аянты 6,0 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052182

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 9-октябры № 768-т

Улуттук экономикага түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районун туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 95-беренесине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 13-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте:

1) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын карамагындагы Каркыра токойчулугунун 2-кварталынын 45-бөлүкчөсүндө жайгашкан, аянты 6,0 га мамлекеттик токой фондунун жер тилкесин өзүнчө бирдик катары бөлсүн;

2) бөлүнгөн жер тилкесин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугун белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануунун белгиленген режимин сактоо менен максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
