Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын карамагындагы Каркыра токойчулугунун 2-кварталынын 45-бөлүгүндө жайгашкан мамлекеттик токой фондунун аянты 6,0 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-октябры № 768-т
Улуттук экономикага түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районун туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 95-беренесине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 13-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте:
1) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын карамагындагы Каркыра токойчулугунун 2-кварталынын 45-бөлүкчөсүндө жайгашкан, аянты 6,0 га мамлекеттик токой фондунун жер тилкесин өзүнчө бирдик катары бөлсүн;
2) бөлүнгөн жер тилкесин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугун белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануунун белгиленген режимин сактоо менен максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149