# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 649 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 649 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 649
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58518/edition/59946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 649 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (29.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052158

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 29-сентябры № 649

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Саламаттык сактоо системасында илимий ишти өркүндөтүү максатында, «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия жана пульмонология борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;

2) 1-пункт «фтизиатрия» деген сөздөн кийин «жана пульмонология» деген сөздөр менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө жободо:

– аталышы, 1, 9, 10, 11-пункттар «фтизиатрия» деген сөздөн кийин «жана пульмонология» деген сөздөр менен толукталсын;

– 3, 11, 15, 21, 26-пункттарда «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7. Борбордун расмий аталышы:

– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия жана

пульмонология борбору»;

– расмий тилде: «Национальный центр фтизиатрии и пульмонологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики».

Кыскартылган аталышы:

– мамлекеттик тилде: «УФПБ»;

– расмий тилде: «НЦФП».»;

– 9-пунктта түрдүү жөндөмөлөрдөгү «кургак учук» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «кургак учук жана пульмонологиялык оорулар» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:

«8) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине фтизиатрия жана пульмонология боюнча республикалык жана облустук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуш киргизет.»;

– 20-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«20. Борбордун директорунун илимий, клиникалык иш жана хирургия боюнча орун басарлары директор тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча дайындалат.».

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 74 (3834) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
