Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясынын 101 токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| | | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 101 токтомуна тиркеме |
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Жобонун максаты айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу болуп саналат, ал категорияларга төмөнкүлөр кирет:
- добуш берүү күнү саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө уюмдарында жана мекемелеринде турган шайлоочулар;
- чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- кылмыш жасоого шектүүлөр же айыпталуучулар катары камакта кармоочу жайларда турган шайлоочулар;
- алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, алыскы мал чарба участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар;
- жумуш цикли үзгүлтүксүз болгон ишканаларда (вахталык иштерде) иштеген шайлоочулар.
3. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоочу жайларда, жумуш циклы үзгүлтүксүз болгон ишканаларда (вахталык иштерде) турган шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскердик бөлүктөрдө жашаган башка адамдар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мекемелердин (ишканалардын, аскердик бөлүктөрдүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин он эки календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына (мындан ары - УШК) өткөрүлүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоочу жайларда турган шайлоочуларды жана майыптыгы бар шайлоочуларды эсепке алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) берип турууга милдеттүү (№ 2, 3 формалары).
4. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте айрым категориялардагы жарандарга тиешелүү болгон шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча ишти координациялашат, аларга маалымдоо боюнча ишти уюштурушат жана алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт.
5. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тиешелүү мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен биргеликте айрым категориялардагы жарандарды биометрикалык каттоо, аларды шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) киргизүү, зарыл болгон учурда аларды инсандыкты ырастоочу документтер менен камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
6. Ар бир шайлоочу:
- 1255 же 119 кыска номерлери аркылуу чалып;
- шайлоо участогунда;
- "tizme.gov.kg" сайтында;
- же болбосо паспорттогу өзүнүн жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен 119 кыска номерине СМС жиберип өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактай алат. Натыйжада шайлоочу өзүнүн шайлоо участогунун номерин жана дарегин алат (СМС билдирүү жиберүү жана чалуулар акысыз).
Шайлоочу жана референдумдун катышуучусу шайлоочулардын алдын ала тизмесинде кандай катаны же так эместикти болбосун тапкан, ошондой эле анда өзү жок болгон учурда добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү УШКга кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизациялоо менен мамлекеттик порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. Арыз аны тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы системалык администраторуна автоматтык тартипте келип түшөт. Шайлоочунун арызына жооп "Шайлоочунун кабинетинде" электрондук билдирүү формасында арыз кабыл алынган күндөн тартып жети календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан жөнөтүлөт.
2. Добуш берүү күнү саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө уюмдарында жана мекемелеринде турган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
7. Мекемелердин жетекчилери жарандардын шайлоолорго жана референдумдарга катышуусун камсыз кылуу боюнча ишти уюштурушат.
8. Мекемелердин жетекчилери жана өкүлдөрү шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн жарандар боюнча бардык маалыматтарды такташат.
9. Мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду жана Кыргыз Республикасынын референдумдарын өткөрүүдө добуш берүү күнү саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө мекемелеринде турган шайлоочулардын тизмелерин түзүшөт жана аларды добуш берүү күнүнө чейин он эки календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү УШКга беришет (№ 1 форма).
10. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесинде шайлоочулардын бар экендигин текшеришет жана аларды добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын реестрине киргизишет.
11. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө УШКга паспорттогу белгиге ылайык шайлоо өткөрүлүп жаткан жана алар стационардык шарттарда болгон дарылоо мекемеси жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жарандарга карата гана маалыматтар берилет.
12. УШКга берилген маалыматтар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын реестрине киргизилет.
3. Чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
13. Аскердик бөлүктөрдүн командирлери аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарынын, анын ичинде аскер кызматчыларын добуш берүүгө киргизүү үчүн инсандыкты ырастоочу документтер менен камсыз кылынышы үчүн жоопкерчилик тартышат.
14. Аскер кызматчыларында документтер жок болгон учурда аскердик бөлүктөрдүн командирлери аларды алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенишет.
15. Аскер кызматчыларында биометрикалык каттоо жок болгон учурда аскердик бөлүктөрдүн командирлери аскер кызматчыларынын биометрикалык каттоодон өтүүсү боюнча ишти уюштурушат. Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу добуш берүү күнүнө чейин он беш календардык күндөн кечиктирилбестен аскердик бөлүктүн аймагында уюштурулушу мүмкүн. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көчмө тобунун иш графиги аскердик бөлүктүн командири менен биргеликте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандарды ID-картада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
16. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду жана Кыргыз Республикасынын референдумдарын өткөрүүдө аскердик бөлүктүн командири тарабынан күбөлөндүрүлгөн аскер кызматчылары жөнүндө маалыматтар шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн добуш берүү күнүнө чейин он эки календардык күндөн кечиктирилбестен паспорттордун көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү УШКга берилет (№ 1 форма).
17. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесинде бул жарандардын бар экендигин текшеришет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын реестрине киргизишет.
18. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө аскердик бөлүктөрдүн командирлери шайлоо өткөрүлүп жаткан жана аскердик кызмат орду жайгашкан аймакта туруктуу жашаган аскер кызматчыларына паспорттогу белгиге ылайык алар шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участогунда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
19. Аскердик бөлүктөрдүн командирлери тиешелүү шайлоо участогунун аймагында аскер кызматчыларынын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
20. Аскердик бөлүктөрдүн командирлери добуш берүү күнүнө чейин үч күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын жана мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмдөрүнүн аймагында жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин тиешелүү шайлоо комиссиясына берет.
4. Кылмыштарды жасоого шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоочу жайларда турган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
21. Камакта кармоочу мекемелердин жетекчилери кылмыштарды жасоого шектелип жана айыпталып кармалган жарандардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын, анын ичинде аларды шайлоочулардын тизмелерине киргизүү үчүн инсандыкты ырастоочу документтер менен, камсыз кылышат.
22. Ушул категориядагы жарандарда инсандыкты ырастоочу документтер жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери өндүрүшүндө алардын кылмыш иштери турган органдарга бул тууралуу маалымдашат.
Кылмыш иштери боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенип, жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жарандардын инсандыкты ырастоочу документтерди алуусун уюштурат.
23. Бул категориялардагы жарандарда биометрикалык каттоо жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери алардын биометрикалык каттоодон өтүүсү боюнча ишти уюштурушат. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу камакта кармоочу жайларда добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирилбестен уюштурулат. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көчмө тобунун иш графиги мекемелердин жетекчилери менен биргеликте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин жарандар ID-картада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизилет.
24. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү мекемелердин жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн добуш берүү күнү шектүү жана айыпталуучу катары камакта кармоочу жайда турган шайлоочулар тууралуу маалыматтар түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин он эки календардык күндөн кечиктирилбестен алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү УШКга берилет (№ 1 форма).
25. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө УШКга паспорттогу белгиге ылайык шайлоо өткөрүлүп жаткан жана алар камакта жаткан мекеме жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жарандарга карата гана маалыматтар берилет.
26. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесинде алардын бар экендигин текшеришет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын реестрине киргизишет.
5. Жумуш циклы үзгүлтүксүз (вахталык иштер) болгон ишканаларда турган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
27. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолордо, Кыргыз Республикасынын референдумдарын өткөрүүдө ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери добуш берүү күнү жумуш циклы үзгүлтүксүз (вахталык иштер) болгон ишканаларда турган шайлоочулардын тизмелерин түзүшөт жана аларды добуш берүү күнүнө чейин он эки календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү УШКга өткөрүп беришет.
28. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө УШК шайлоо өткөрүлүп жаткан жана ишкана жайгашкан жер боюнча, паспорттогу каттоо жөнүндөгү белгиге ылайык административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жарандар жөнүндө маалыматтарды берет.
29. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары алардын шайлоочулардын тизмесинде бар экендигин текшеришет жана аларды добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын реестрине киргизишет.
6. Айрым категориялардагы жарандар үчүн добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу
30. УШК жашаган жери же анык жүргөн жери боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген айрым категориялардагы жарандарга добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
31. УШК айрым категориялардагы жарандардын добуш берүүсүн өткөрүүдө ушул Жобонун 2-пунктундагы ченемдерди сактоого тийиш.
32. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же тиешелүү мекемелердин жетекчилери тарабынан берилген маалыматтардын же шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде добуш берүү күнүнө чейин бир күн калганда өткөрүлөт.
Мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу алыстагы бөлүктөрдө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо максатында УШК добуш берүү күнүнө чейин эки календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн зарыл чараларды уюштурат.
33. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү тууралуу арыздар добуш берүү күнүнө чейин үч календардык күндөн кечиктирилбестен берилет. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу арызда шайлоочунун добуш берүү үчүн жайга келе албоосунун себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
34. УШК келип түшкөн бардык добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү тууралуу арыздарды реестрде каттайт жана добуш берүү күнүнө чейин эки күн калганда жалпыга тааныштыруу үчүн добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин илет.
Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестрине добуш берүү күнү шайлоо участокторунда пайдалануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган шайлоочулардын биротоло бүткөн тизмесинде камтылган шайлоочулар гана киргизилет. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү тууралуу арыздардын реестринин негизинде УШК тизме түзөт жана түзүлгөн тизмеге ылайык шайлоочуларга барат. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесинин формасы шайлоочулардын биротоло бүткөн тизмесинде камтылган ошол эле графаларды камтыйт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыкты ырастоочу документинин сериясы жана номери шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана бир эле убакта шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү графасында "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди" белгиси коюлат.
7. Айрым категориялардагы жарандарга маалымдоо боюнча ишти уюштуруу жана алардын арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби
35. Шайлоолорду маалыматтык камсыздоо өз ичине шайлоочуларга маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү түрдө билдирүүсүнө жана шайлоолордун айкындуулугуна өбөлгө түзөт.
36. Шайлоочуларга маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырышат.
37. Шектүү жана айыпталуучу катары камакта кармоочу жайларда турган шайлоочуларга маалымдоо шайлоо комиссиялары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жүзөгө ашырылат.
38. Социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин, аскердик бөлүктөрдүн, кылмыштарды жасоого шектелген жана айыпталган адамдар камакта кармалган мекемелердин жайларында маалымдоо боюнча иш жүргүзүү максатында шайлоо дайындалган учурдан тартып маалыматтык материалдарды илүү үчүн атайын жеткиликтүү орундар уюштурулат.
Шайлоого тиешелүү маалыматтык материалдар тиешелүү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлгөн мекемелердин жана аскердик бөлүктөрдүн жетекчилерине берилет.
39. ЖМКга жайгаштырууга же башка ыкма менен жайылтууга арналган маалыматтык материалдардын мазмуну төмөнкүлөргө ылайык келүүгө тийиш:
- объективдүүлүк;
- аныктык;
- талапкерлердин теңдигин бузбоо;
- кайсы бир талапкерге артыкчылык бербөө;
- тигил же бул талапкерге макул же каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбоо.
40. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге, жергиликтүү кеңешке шайлоодо талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде чыккан талапкерлерге, "макул" топко, "каршы" топко социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо мекемелеринде, аскердик бөлүктөрдө, жумуш циклы үзгүлтүксүз болгон (вахталык жумуштар) ишканаларда турган жарандар арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлөт.
Өзгөчө режимге байланыштуу кылмыштарды жасоого шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалып турган жарандардын арасында үгүт талапкерлер, ишенимдүү адамдар, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, саясий партиялардын жана "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрү менен жолугушуулар формасында жүргүзүлбөйт. Бул категориядагы шайлоочуларды үгүттөө көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилерине тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан берилген басма үгүт материалдарын таратуу формасында гана жүргүзүлөт. Талапкерлерге жана саясий партияларга өздөрүнүн үгүт материалдарын таратуу үчүн бирдей шарттар түзүлүүгө тийиш.
41. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтойт.
42. Талапкерлердин, ишенимдүү адамдардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, саясий партиялардын жана "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнүн социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо мекемелеринде, аскердик бөлүктөрдө турган жарандар менен жолугушууларын уюштуруу округдук, аймактык шайлоо комиссияларына жана жогоруда көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилерине, аскердик бөлүктөрдүн командирлерине жүктөлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлүнүн суроо-талабы боюнча көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери аларда турган шайлоочулар менен талапкерлердин, ишенимдүү адамдардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, саясий партиялардын жана "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлө турган күндү аныкташат. Алынган маалыматтын негизинде жолугушуулардын графиги түзүлөт, ал округдук, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жеткиликтүү жерге илинет. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерге, ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, ишенимдүү адамдарга, саясий партиялардын жана "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнө график тууралуу кабарлайт.
43. Үгүт жүргүзүү мезгилинде ар бир мекемеде мекемелердин жетекчилери тарабынан белгиленген убакытка берилген жайларда шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленген графиктерге жана талапкерлер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар, саясий партиялар тарабынан берилген арыздарга ылайык бир жалпы жолугушуу уюштурулат.
Жолугушууга катышуу тууралуу арызда арыз ээсинин жеке маалыматтары милдеттүү тартипте көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерде турган шайлоочулар менен жолугушууларга бир талапкерден, саясий партиядан, "макул" топтон, "каршы" топтон экиден көп эмес өкүл катыша алат.
44. Талапкерлердин жана/же алардын ишенимдүү адамдарынын бардык жолугушууларына округдук, аймактык же участкалык шайлоо комиссиясынын өкүлү милдеттүү тартипте катышат.
45. Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдошот. Мекемелердин жетекчилери шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө жана маалыматтык жана үгүт иш-чараларын өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
| | | Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө жобого тиркеме |
Ыйгарым укуктуу органдар, уюмдар жана мекемелер тарабынан толтурулуучу айрым категориялардагы жарандар тууралуу документтердин ФОРМАЛАРЫ
| № | Документтердин аталышы | Формасы |
| 1 | Шайлоолордо/референдумдарда добуш берүүгө катыша турган шайлоочулар тууралуу маалыматтар | № 1 форма |
| 2 | Айрым категориялардагы шайлоочулардын анык саны тууралуу маалыматтар | № 2 форма |
| 3 | Стационардык, социалдык стационардык мекемелерде жүргөн шайлоочулардын, ошондой эле майыптыгы бар шайлоочулардын анык саны тууралуу маалыматтар | № 3 форма |
№ 1 форма
Шайлоолордо/референдумдарда добуш берүүгө катыша турган шайлоочулар тууралуу МААЛЫМАТТАР 20__ -ж. "___" ___________
Мамлекеттик органдын/уюмдун/мекеменин аталышы _____________________________________________ ____________________________________________________________________________________________
| № | Аты-жөнү | ЖИН | Туулган датасы | Паспорт боюнча дареги |
| 1 | ||||
| 2 | ||||
| 3 | ||||
| 4 | ||||
| 5 | ||||
| 6 |
Жооптуу адамдын аты-жөнү __________________________________________ Жооптуу адамдын кол тамгасы _______________________________________
М.О.
№ 2 форма
20___жылдын "___" _______________ карата айрым категориялардагы шайлоочулардын анык саны тууралуу МААЛЫМАТТАР
Тапшырылган датасы: 20___-жылдын "___" __________________________________________ Мамлекеттик органдын аталышы: ___________________________________________________
| № п/п | Калктуу конуштун аталышы | Аскер бөлүктөрү/мекемелер (аталышы жана дареги) | Бөлүмдөгү/мекемедеги орундардын (койко-орун) жалпы саны | Жашаган кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны | УКИ/ТИ (аталышы, дареги) | Орундардын жалпы саны УКИ/ТИ (койко-орун) | Көрсөтүлгөн датага карата шайлоочулардын саны | Алардын ичинен добуш берүүгө укуктуу шайлоочулардын саны |
| Республика боюнча | ||||||||
| 1 | Область боюнча | |||||||
| 2 | Район боюнча | |||||||
| 3 | Шаар | |||||||
| 4 | Айыл |
Мамлекеттик органдын жетекчиси _________________________________________ _____________
(аты-жөнү) М.О. (кол тамгасы)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы үчүн
№ 3 форма
20___жылдын "___" _______________ карата стационардык, социалдык стационардык мекемелердеги шайлоочулардын, ошондой эле майыптыгы бар шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө МААЛЫМАТТАР
Тапшырылган датасы: 20___жылдын "___" _____________________ Мамлекеттик органдын аталышы ________________________________________________
| № п/п | Калктуу конуштун аталышы | Мекеменин аталышы жана дареги | Мекемедеги орундардын жалпы саны | Көрсөтүлгөн датага карата шайлоочулардын саны | Алардын ичинен майыптыгы барлар | Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандардын саны |
| Республика боюнча | ||||||
| 1 | Область боюнча | |||||
| 2 | Район боюнча | |||||
| 3 | Шаар | |||||
| 4 | Айыл |
Мамлекеттик органдын жетекчиси _________________________________________ _____________
(аты-жөнү) М.О. (кол тамгасы)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги үчүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-сентябры № 101 "Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын…Постановление · 23.09.2026 · № 101
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021