Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 15-сентябры № 328
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ
| Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы; |
| Масабиров Талайбек Айтмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| Козубеков Азат Айбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; |
| Сейитов Чоро Сейитович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; |
| Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору; |
| Кыштобаева Гульмира Алимбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
| Чыныбаев Мирлан Койчубекович | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору; |
| Солтонбекова Ализа Карыпбековна | - | Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары; |
| Кудабаев Зарылбек Исалыевич | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору (макулдашуу боюнча); |
| Третьякова Татьяна Алексеевна | - | Кыргызстандын Улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын координатору (макулдашуу боюнча); |
| Добрецова Надежда Николаевна | - | "Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
| Ким Татьяна Михайловна | - | "Кыргыз Республикасынын салык кеңешчилеринин палатасы" кесиптик коомдук бирикмеси" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
| Сыдыков Аскар Куттубекович | - | "Эл аралык ишкердик кеңеши" ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесинин ("International business council") аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
| Кочорбаева Зульфия Ирисовна | - | "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
| Сагинбаева Алина Уларбековна | - | "АКИпресс" маалымат агенттигинин башкы директору (макулдашуу боюнча).". |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР Президентинин 2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.05.2022 · № 149
- Расмий статистика жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 82
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021