Саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 659 токтомуна) |
Саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү тартиби (мындан ары - Тартип) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруунун максаттарын, милдеттерин жана шарттарын, ошондой эле саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдарга карата квалификациялык талаптарды аныктайт.
2. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү саламаттык сактоо жаатында кесиптик билими бар медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларынан тышкары үзгүлтүксүз квалификациясын жогорулатууга багытталган.
3. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) саламаттык сактоо жаатындагы адистердин билим алуусун жана кесиптик муктаждыктарын канааттандыруу, алардын кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуу;
2) медициналык жана фармацевтикалык адистердин квалификациясынын кесиптик иштин өзгөрүп жаткан шарттарына жана саламаттык сактоо жаатындагы эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу;
3) адамдык капиталды өнүктүрүү жана адамдын илимдин, техниканын, технологиялардын жана инновациялардын акыркы жетишкендиктери, ошондой эле медицина, фармация жана саламаттык сактоо жаатындагы алдынкы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйба жөнүндө билим алууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
4) уюштуруучулук-укуктук формага жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын жана медициналык билим берүү уюмдарынын адистеринин, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин, жеке медициналык практика менен алектенген жана убактылуу иштебеген саламаттык сактоо жаатындагы адистердин үзгүлтүксүз билим алуусу жана кесиптик өнүгүүсү үчүн шарттарды камсыз кылуу.
4. Кошумча билим берүү программаларын өздөштүрүүгө төмөнкү адамдарга жол берилет:
1) саламаттык сактоо жаатында орто кесиптик жана (же) жогорку кесиптик билими барларга;
2) саламаттык сактоо жаатында орто кесиптик жана (же) жогорку кесиптик билим алып жаткандарга.
5. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү саламаттык сактоо жаатындагы квалификациялардын тармактык алкагынын жана кесиптик стандарттардын квалификациялык талаптарына ылайык медициналык жана фармацевтикалык адистердин кесиптик компетенцияларын үзгүлтүксүз өнүктүрүү жана колдоо үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияланууга тийиш. Кошумча билим берүү жаатында медициналык жана фармацевтикалык билим берүү ишин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияны саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
7. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүшөт.
8. Ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, медициналык билим берүү уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин билим берүүсүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Медициналык билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9. Ушул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү - кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги болгон квалификацияга кошумча алынуучу, иш чөйрөсүн жогорулатуу же кеңейтүү максатында билим берүүнүн түрү;
2) үзгүлтүксүз билим берүү - адамды өмүр бою коштоп жүрүүчү, жашоо-турмушунун этаптарында ырааттуу ишке ашырылуучу, алардын ар биринде өнүгүүнүн жаңы деңгээлине өтүү үчүн өбөлгөлөр түзүлүүчү билим берүү;
3) формалдуу эмес билим берүү - медициналык жана фармацевттик адистердин билим алууга болгон муктаждыктарына ыкчам жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө, окутуу формасынын көп түрдүүлүгүнө негизделген, формалдуу билим берүүнүн чегинен тышкаркы билим берүү иши;
4) билим берүү уюму - билим берүү кызматтарын иштин негизги түрү катары көрсөтүүчү юридикалык жак. Билим берүү уюмдары мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик формаларында түзүлүшү мүмкүн;
5) кесиптик өнүгүү - кесиптик билим берүү, квалификацияны жогорулатуу жана жекече билим алуу муктаждыктарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылуучу калыптануу жана кесиптик өсүү процесси;
6) кесиптик өнүгүү - кесиптик билим берүү, квалификацияны жогорулатуу жана жекече билим алуу муктаждыктарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылуучу калыптануу жана кесиптик өсүү процесси;
7) кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;
8) кайра даярдоо - болгон кесиптик билимдин базасында жаңы кесипти же адистикти алуу менен байланышкан, мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документ алуу менен аяктаган окутуу;
9) бирдиктүү реестр - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кошумча кесиптик билим берүү программалары жана иш-чаралары, ошондой эле алардан өткөндүгүн ырастоочу берилген документтер жөнүндө маалыматтарды эсепке алууга, каттоого, сактоого жана жалпыга жеткиликтүү берүүгө арналган электрондук маалыматтык система.
2-глава. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруунун тартиби жана шарттары
10. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн билим берүү программалары "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган формаларда ишке ашырылышы мүмкүн.
11. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программалары мазмунуна жана багытына жараша төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
1) квалификацияны жогорулатуу программалары (өркүндөтүү, курстар, квалификацияны жогорулатуу циклдери) - саламаттык сактоо жаатындагы негизги адистиктин алкагында кесиптик деңгээлди жана компетенцияларды жогорулатууга, кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү тереңдетүүгө/жаңылоого, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө багытталган программалар.
Квалификацияны жогорулатуу программалары билим берүү уюмдары тарабынан лицензиясы, билим берүү программаларынын аккредитациясы болгон жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кошумча билим берүү программаларынын жана иш-чараларынын бирдиктүү реестрине катталган шартта ишке ашырылат;
2) кесиптик кайра даярдоо программалары (баштапкы адистештирүү) - негизги адистиктин профилинин багыты боюнча жаңы кесиптик компетенцияларды кеңейтүүгө жана (же) өздөштүрүүгө багытталган программалар.
Кесиптик кайра даярдоо программалары институционалдык жана программалык аккредитациясы, квалификациялуу окутуучулук курамы жана клиникалык базасы болгон шартта билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат;
3) билим берүү иш-чаралары - адистин болгон квалификациясынын алкагында билимдерди ыкчам жаңылоого, тажрыйба алмашууга жана айрым жаңы компетенцияларды өздөштүрүүгө багытталган конференциялар, семинарлар, вебинарлар, мастер-класстар, симпозиумдар жана башка ушул сыяктуу иш-чаралар түрүндөгү кошумча билим берүүнүн кыска мөөнөттүү формалары.
Билим берүү иш-чаралары бекитилген программасы, билим берүү иш-чараларынын аккредитациясы болгон жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитүүчү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кошумча билим берүү программаларынын жана иш-чараларынын бирдиктүү реестрине кийин катталган шартта билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
12. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кошумча билим берүү программаларынын жана иш-чараларынын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
13. Кошумча билим берүү программалары боюнча окутуу жекече пландар боюнча иштен ажыратпастан, иштен жарым-жартылай ажыратуу менен, ошондой эле иштен ажыратуу менен жүргүзүлөт. Окутуу бир жолку жана үзгүлтүксүз түрдө, ошондой эле этабы менен (модулдук) жүргүзүлүшү мүмкүн, анын ичинде айрым курстарды жана дисциплиналарды өздөштүрүү, практиканы (стажировканы) өтүү, аралыктан билим берүү технологияларын жана билим берүү программаларынын тармактык формаларын колдонуу аркылуу, билим берүү уюму жана (же) билим берүү жөнүндө келишим менен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
14. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программалары Улуттук квалификациялар алкагын, квалификациялардын тармактык алкагын жана кесиптик стандарттарды (алар болгон учурда), тиешелүү кызмат орундарына, кесиптерге жана адистиктерге карата квалификациялык талаптарды же тиешелүү кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө карата квалификациялык талаптарды эске алуу менен, далилдүү медицинага негизделген улуттук клиникалык стандарттарды, колдонмолорду, протоколдорду жана эл аралык сунуштамаларды эске алуу менен иштелип чыгат.
15. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программалары билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана бекитилет.
16. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугун аныктоо үчүн зачеттук бирдиктердин же кредит-сааттардын системасы колдонулат. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн кредит-сааттар системасы жөнүндө жобо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
17. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программаларын өздөштүрүү угуучуларды билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталган формада жыйынтыктоочу аттестациядан өткөрүү менен аяктайт.
18. Кошумча билим берүүнүн тиешелүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга кошумча билим берүү жөнүндө документтер (сертификат, күбөлүк) берилет. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программаларынан өткөндүгү жөнүндө билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү документтердин формалары билим берүү уюму тарабынан өз алдынча бекитилет.
19. Кошумча билим берүү жөнүндө документтердин үлгүлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
20. Билим берүү уюму саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү жөнүндө берилген документтерди эсепке алууну, ошондой эле угуучунун билим берүү программаларын өздөштүрүүсүнүн жекече натыйжаларын белгиленген тартипте эсепке алууну жана аларды архивдик сактоону жүргүзөт.
3-глава. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары
21. Медициналык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашыруу системаны түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусуна ээ болгон билим берүү уюму, ошондой эле билим берүү франшизасы же медициналык жана фармацевтикалык адистиктерди окутуу процессин академиялык жана методикалык башкарууну администрациялоо жөнүндө макулдашуунун негизинде билим берүү уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
22. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программалары саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү (институттар, факультеттер, борборлор, бөлүмдөр, курстар жана башкалар) тарабынан лицензиянын негизинде ишке ашырылышы мүмкүн.
23. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдар билим берүү иш-чарасынын мазмунунун жана уюштуруунун сапаты, медициналык жана фармацевтикалык өнөр жай продуктуларынын этикалык маркетинг принциптерин сактоо үчүн жоопкерчиликтүү болот.
24. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү уюмун башкаруу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана билим берүү жаатындагы мыйзамдарына, кошумча билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларга жана билим берүү уюмунун уставына ылайык жүргүзүлөт.
25. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун уставы уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилет.
4-глава. Кошумча билим берүү уюмунун угуучулары жана кызматкерлери
26. Билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен окууга кабыл алынган адамдар билим берүү уюмунун угуучулары болуп эсептелет.
27. Билим берүү уюмунун угуучулары төмөнкү укуктарга ээ:
1) саламаттык сактоо жаатындагы кесиптик ассоциациялар жана бирикмелер аркылуу кошумча билим берүү программаларынын мазмунун түзүүгө катышууга жана уюмдун уставында аныкталган тартипте алардын кесиптик муктаждыктарына жооп берген кошумча билим берүү курстарын тандоого;
2) факультеттерде, кафедраларда жана билим берүү уюмунун башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө болгон кесиптик иштин маселелери боюнча ченемдик, нускамалык, окуу жана методикалык документтерди, ошондой эле китепкананы, маалыматтык фондду, башка бөлүмдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн уюмдун уставында аныкталган тартипте пайдаланууга;
3) конференцияларга жана семинарларга катышууга, өзүнүн рефераттарын, аттестациялык иштерин жана башка материалдарын мекеменин басылмаларында жарыялоого сунуштоого;
4) эгерде билим берүү уюмунун угуучулары мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери болуп саналса, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен кесиптик квалификациясын жогорулатууга;
5) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарында жана саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү уюмунун уставында аныкталган башка укуктарга ээ болууга.
28. Билим берүү уюмунун кызматкерлери төмөнкү укуктарга ээ:
1) уюмдун уставында аныкталган тартипте билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен кесиптик жана педагогикалык квалификациясын жогорулатууга;
2) уюмдун уставында аныкталган тартипте билим берүү уюмунун өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
3) уставда белгиленген тартипте маалыматтык жана методикалык фонддорду, ошондой эле окуу, илимий, социалдык-тиричилик, дарылоо жана анын башка бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, билим берүү уюмунун уставында жана эмгек келишимдеринде (контракттарда) каралган башка укуктардан пайдаланууга.
29. Билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлери билим берүү программаларынын мазмунун түзүүгө катышууга, алардын жекече өзгөчөлүктөрүнө бир кыйла толук жооп берген, окуу жана илимий процесстердин жогорку сапатын камсыз кылган окутуу методдорун жана каражаттарын тандоого укуктуу.
5-глава. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча жана формалдуу эмес билим берүүнү каржылоо
30. Билим берүү уюмун каржылоонун жана анын мүлкүн түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюштуруучунун (уюштуруучулардын) материалдык жана финансылык каражаттары;
2) уставдык ишти аткаруудан алынган каражаттар;
3) билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн төлөмдөрдөн алынган каражаттар;
4) банктардын кредиттери жана гранттар;
5) юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
31. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу кошумча билим берүү программаларын берүү тизмеги, тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
32. Билим берүү уюму өзүнүн уставында каралган, анын максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген ишкердик ишти жүргүзүүгө укуктуу.
33. Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү негизде берилиши мүмкүн.
34. Жеке билим берүү уюмдары каржылоонун жана каражаттарды пайдалануу тартибин өз алдынча аныктайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-октябры № 659 "Саламаттык сактоо жаатында кошумча билим берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.10.2026 · № 659