# 5-берене

- Документ: [Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 "Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5833/edition/59840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052090/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-5

---

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 23-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Сот аткаруучу өзүнүн демилгеси боюнча же аткаруу өндүрүшүнө катышып жаткан адамдардын арызы боюнча токтомдо алар тарабынан жол берилген жаңылыш жазууларды же даана арифметикалык каталарды оңдоого укуктуу, бул тууралуу өзүнчө токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн. Сот аткаруучунун токтому ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде тиешелүү документ жиберилген жана дарек ээси алган фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу аткаруу өндүрүшүнө катышкан тиешелүү адамдарга жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу документ жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, документ кагаз жүзүндө жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

2) 43-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар аткаруу иш-аракеттери жөнүндө жана мажбурлап аткаруу чаралары жөнүндө тийиштүү кабарлоону жиберүү жана дарек ээсинин алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландырылат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү билдирүү жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу документинде көрсөтүлгөн дарек боюнча, же болбосо тийиштүү маалыматтар болгон учурда кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилет. Адам башка даректи, анын ичинде кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоолорду жиберүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды көрсөтүүгө укуктуу. Кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдын иштеген жери боюнча да жөнөтүлүшү мүмкүн.";

3) 45-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси же болбосо электрондук байланыштын башка түрү аркылуу жиберилсе, аларды жиберүү жана дарек ээсине жеткирүү датасы жана убактысы маалыматтык тутумда же болбосо башка белгиленген ыкма менен катталат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жөнөтүлгөн кабарлоо же чакыруу кагазы жеткирилгендиги тууралуу маалыматтар маалыматтык тутумда болгон учурда алар жеткирилди жана талаптагыдай тапшырылды деп эсептелет.";

б) 6-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы дарек ээсине ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилсе, жак дагы талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.";

4) 46-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"46-берене. Аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү убагында даректи алмаштыруу

1. Аткаруу өндүрүшүнө катышып жаткан адам өзүнүн дарегинин алмашканы жөнүндө сот аткаруучулар бөлүмүнө билдирүүгө, ошондой эле кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоолорду жиберүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө жана актуалдаштырууга милдеттүү.

2. Мындай билдирүү жок болгон учурда кабарлоо же чакыруу кагазы көрсөтүлгөн адамдын белгилүү болгон акыркы дареги боюнча же болбосо тиешелүү маалыматтар болгон учурда кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилет жана аталган жак бул дарек боюнча мындан ары жашабаганына же турбаганына, же болбосо тиешелүү байланыш каражаттарын иш жүзүндө пайдаланбаганына карабастан, талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-6)
