# 2-берене

- Документ: [Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 "Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5833/edition/59840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052090/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 128-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын же айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Ишке катышуучу жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу кабарлоону жөнөтүү жана алуу фактысын жазууга мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жүргүзүлөт. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарлоо соттун чакыруу каты менен жүзөгө ашырылат. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруу ыкмасы, аны өткөрүп берүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 3-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;

2) 131-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) эгерде кабарлоо тиешелүү кабарлоо сот тарабынан жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жиберилгендиги жөнүндө соттун маалыматтары бар болсо.";

3) 3187-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Кабарлоолор жана чакыруу каттары процесстин катышуучуларына ушул Кодекстин 128-беренесинин эрежелери боюнча жөнөтүлөт.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-3)
