# 1-берене

- Документ: [Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 "Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5833/edition/59840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052090/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 104-беренеде:

а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Административдик процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын же өзүнчө процесстик иш-аракетти өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө сот тарабынан кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин жардамы аркылуу сот тарабынан кабарландырылат. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруунун ыкмасы, аны өткөрүп берүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Эгерде кабарлоо билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилсе, ал көрсөтүлгөн сервис аркылуу тапшырылган болуп эсептелет жана бул жөнүндө санариптик жазуу менен ырасталат. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Эгерде кабарлоо дарек ээсине же анын өкүлүнө түздөн-түз сотто же болбосо анын турган жери боюнча тапшырылса, мындай тапшыруу кол койдуруу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Иштин материалдарында административдик процесстин катышуучусунун уюлдук телефонунун номери жана электрондук почтасынын дареги жок болгон учурда, кабарлоо юридикалык жактын сотко белгилүү болгон акыркы турган жери же жеке жактын жашаган жери боюнча дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу тапшырык кат менен жиберилет.";

б) 4-бөлүктө "сот актыларынын көчүрмөлөрүнүн" деген сөздөр "кабарлоонун" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 107-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 1-пунктчада "соттук актысынын көчүрмөсүн" деген сөздөр "кабарлоону" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-4-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) эгерде почталык кабарлоого карабастан, дарек ээси белгиленген тартипте сот тарабынан жиберилген кабарлоону алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;

3) эгерде юридикалык жактын сотко белгилүү болгон акыркы турган жери, жеке жактын жашаган жери боюнча сот тарабынан жиберилген кабарлоо көрсөтүлгөн дарек боюнча дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу тапшырылбаса, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;

4) эгерде кабарлоо сот тарабынан жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын ушуга окшош формалары аркылуу жиберилгендиги жөнүндө сотто маалыматтар бар болсо.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090/st-2)
