1-берене
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 114-беренеде:
а) "Калктуу" деген сөз "1. Калктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса - 20 саатка коомдук жумуштарга тартууга алып келет.";
2) 115-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса - 20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга алып келет.";
3) 454-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) укук бузуулар жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү ушул Кодекстин 114-беренесинин 2-бөлүгү, 115-беренесинин 4-бөлүгү боюнча.";
4) 492-беренеде:
а) биринчи абзацта "113-124-беренелеринде" деген сөздөр "113-беренесинде, 114-беренесинин 1-бөлүгүндө, 115-беренесинин 1-3-бөлүктөрүндө, 116-124-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 114-беренесинин 2-бөлүгүндө, 115-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана аларды кароо үчүн сотко жиберет.";
5) 561-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) электрондук-техникалык контролдоо каражаттарын пайдаланышат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Электрондук-техникалык контролдоо каражаттары - коомдук жумуштардын аткарылышын контролдоо үчүн арналган түзүлүштөр жана программалык камсыздоо.".
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230052088/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>