# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябры № 149 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябры № 149 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052088>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5832/edition/59838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052088.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябры № 149 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052088

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 6-октябры № 149

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230052088/st-1)

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 114-беренеде:

а) "Калктуу" деген сөз "1. Калктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса - 20 саатка коомдук жумуштарга тартууга алып келет.";

2) 115-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса - 20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга алып келет.";

3) 454-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) укук бузуулар жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү ушул Кодекстин 114-беренесинин 2-бөлүгү, 115-беренесинин 4-бөлүгү боюнча.";

4) 492-беренеде:

а) биринчи абзацта "113-124-беренелеринде" деген сөздөр "113-беренесинде, 114-беренесинин 1-бөлүгүндө, 115-беренесинин 1-3-бөлүктөрүндө, 116-124-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 114-беренесинин 2-бөлүгүндө, 115-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана аларды кароо үчүн сотко жиберет.";

5) 561-беренеде:

а) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) электрондук-техникалык контролдоо каражаттарын пайдаланышат.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү. Электрондук-техникалык контролдоо каражаттары - коомдук жумуштардын аткарылышын контролдоо үчүн арналган түзүлүштөр жана программалык камсыздоо.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230052088/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Н. Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2026-жылдын 16-сентябрында |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
