# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-октябры № 679 "Колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды кайра иштетүү жана кайра иштетилген продукцияны өндүрүү үчүн адистештирилген ишканага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-октябры № 679 "Колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды кайра иштетүү жана кайра иштетилген продукцияны өндүрүү үчүн адистештирилген ишканага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 679
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58487/edition/59810/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-октябры № 679 "Колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды кайра иштетүү жана кайра иштетилген продукцияны өндүрүү үчүн адистештирилген ишканага берүү жөнүндө" токтому (08.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052071

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 8-октябры № 679

Колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды кайра иштетүү жана кайра иштетилген продукцияны өндүрүү үчүн адистештирилген ишканага берүү жөнүндө

Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөөнү тартипке келтирүү, аларды чогултууну жана кайра иштетүүнү камсыз кылуу максатында, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) мурда колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды «Кумтөр Голд Компаниясы» жабык акционердик коомунун «Дөңгөлөктөрдү иштетүү боюнча заводу» филиалына (мындан ары – адистештирилген ишкана) өткөрүп берсин;

2) аймактарды көрктөндүрүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык программаларды жана долбоорлорду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-чараларды ишке ашырууда адистештирилген ишкана тарабынан кайра иштетилген автомобиль шиналарынан жана покрышкаларынан өндүрүлгөн продукцияны пайдаланууга көмөк көрсөтсүн.

2. Төмөнкүлөр сунушталсын:

1) мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдорго, алардын туунду коомдоруна жана кен казып алуучу компанияларга мурда колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды кайра иштетүү үчүн адистештирилген ишканага өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруу;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз компетенциясынын чегинде атайын ишкана тарабынан кийин ташып кетүү менен калк, уюмдар үчүн мурда колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды чогултуу жана убактылуу сактоо жайларын уюштуруу;

3) адистештирилген ишканага мурда колдонулган, берилген автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды чогултууну, ташууну, сактоону, кайра иштетүүнү жана эсепке алууну Кыргыз Республикасынын өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыз кылуу.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигие караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы мурда колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды утилдештирүү жыйымдарынын каражаттарынын эсебинен чогултуу, ташуу, сактоо жана кайра иштетүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
