# Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 661 токтомуна)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 661 токтомуна)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 661
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230052048/edition/59782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 661 токтомуна) (02.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052048

---

Тиркеме

|  |  | Тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 661 токтомуна) |

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобо

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартибин аныктайт.

2. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) ректификация – чек араны делимитациялоо учурунда белгиленген чек ара сызыгынан бир аз четтөө менен жеринде өткөрүү, мисалы, чек ара дарыясынын фарватери же дарыянын ортосу боюнча чек ара өткөн жерде коңшу мамлекет тарабынан курулган гидростанцияны тейлөө үчүн аймактын чакан участогун ага берүү же болбосо чек араны жеринде белгилөө мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн аны түздөө. Берилүүчү участок кызыкдар тараптардын макулдугу менен жеринде жаңы чек ара аркылуу аныкталат;

2) цессия – мамлекеттердин ортосундагы макулдашуу боюнча белгилүү бир аймакка болгон укуктарды бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүп берүү;

3) адъюдикация – арбитраждын же эл аралык соттун чечими боюнча аймакты ыйгаруу негизинде аймактык өзгөрүүлөр;

4) аккреция – кургактыктын чегинде табигый же техногендик жол менен пайда болуу аркылуу мамлекеттин аймагынын токтотулушу (кыскарышы);

5) чек аранын тогошуусу (трипойнт) – үч же андан көп мамлекеттин чек аралары тогошкон географиялык чекит. Мындай жерлер көп учурда туристтик жайларга айланат, аларга чекиттин уникалдуулугун баяндаган монументтер же көп тилдүү белгилер орнотулат;

6) негизги чек ара белгиси – мамлекеттик символикасы чектеш мамлекет тарапка каратып орнотулган чек ара белгиси. Негизги чек ара белгиси Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, ошондой эле жердин физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша мамлекеттик символикасы бар бир же бир нече негизги чек ара мамысынан жана (зарыл болгон учурларда) бир борбордук мамыдан турат;

7) негизги чек ара мамысы – алдынкы бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, белгиленген түскө боёлгон жана катар номери бар чек ара белгисинин элементи;

8) орто аралык чек ара белгиси – чек ара сызыгын кыйла так белгилөө жана негизги чек ара белгилеринин ортосунда көрүнүүнү камсыз кылуу үчүн орнотулуучу чек ара белгиси. Орто аралык чек ара белгиси бир же бир нече орто аралык чек ара мамысынан турат;

9) орто аралык чек ара мамысы – белгиленген түскө боёлгон жана катар номери бар орто аралык чек ара белгисинин элементи;

10) атайын чек ара белгиси – жетүүгө кыйын болгон чек ара участокторуна орнотулуучу чек ара белгиси;

11) борбордук мамы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын сызыгына түздөн-түз орнотулуучу негизги чек ара белгисинин элементи.

## 2-глава

. Кыргыз Республикасынын чек ара белгилеринин түрлөрүнүн, формаларынын, өлчөмдөрүнүн жана конструкцияларынын сүрөттөлүшү

3. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын негизги чек ара белгиси төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) калыңдыгы 0,2 см кем эмес темир листинен (ошол эле катуулуктагы композиттик материалдардан) жасалган, бийиктиги 264 см, туурасынан кесилиши 18 х 22 см болгон, үстүнкү бөлүгүнүн бийиктиги 9 см болгон пирамида формасындагы мамы, анын төмөнкү четинен 20 см жана 40 см аралыкта узундугу 50 см жана диаметри 1,4 см кем эмес металл арматуралык өзөктөр орнотулат;

2) эки бөлүктөн турган, өлчөмү 82 х 78 см, борборунда өлчөмү 23 х 18 см болгон тешиги бар, борбордук бөлүгүнүн бийиктиги 10 см, четтерине карай жантайышынын бийиктиги 5 см болгон курама темир-бетон таш тилкеси, ал мамынын түбүнө орнотулат жана ак түскө боёлот.

Кыргыз Республикасынын чек арасынын негизги белгиси кызыл түскө, ал эми өлчөмү 42 см болгон үстүнкү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсүнө ылайык сары түскө боёлот. Өлчөмү 33 х 22 см болгон үстүнкү сары бөлүктүн ортосуна (пирамида формасындагы бөлүктүн түбүнө) диаметри 20 см, калыңдыгы 1 см болгон күмүш түстөгү металл пластинадан (композиттик материалдардан) жасалган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби орнотулат. Орнотулгандан кийин мамынын жер бетинен үстүндөгү бийиктиги 200 см (таш тилкени кошуп алганда) түзөт. Мамынын эки жазы бетине тең үстүнкү бөлүгүндөгү кызыл фонго араб цифралары менен бийиктиги 10 см, туурасы 4,5 см, калыңдыгы 1 см, цифралардын ортосунда 1 см аралыкты сактап, цифраларды сары түстөгү боёктун төмөнкү четинен 5 см ылдый жайгаштырып, ортосуна кара түстөгү боёк менен негизги чек ара белгисинин катар номери жазылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнөн жана катар номеринен тышкары негизги чек ара белгисинин мамысында башка белгилер каралган эмес.

4. Ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын орто аралык чек ара белгиси төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) калыңдыгы 0,2 см кем эмес темир листинен (ошол эле катуулуктагы композиттик материалдардан) жасалган, бийиктиги 176 см, туурасынан кесилиши 18 х 22 см болгон, үстүнкү бөлүгүнүн бийиктиги 9 см болгон пирамида формасындагы мамы, анын төмөнкү четинен 20 см жана 40 см аралыкта узундугу 50 см жана диаметри 1,4 см кем эмес металл арматуралык өзөктөр орнотулат;

2) эки бөлүктөн турган, өлчөмү 82 х 78 см, борборунда өлчөмү 23 х 18 см болгон тешиги бар, борбордук бөлүгүнүн бийиктиги 10 см, четтерине карай жантайышынын бийиктиги 5 см болгон курама темир-бетон таш тилкеси, ал мамынын түбүнө орнотулат жана ак түскө боёлот.

Орто аралык чек ара белгиси ак түскө боёлот, катар номери мамынын эки жазы бетине тең араб цифралары менен бийиктиги 10 см, туурасы 4,5 см, калыңдыгы 1 см, цифралардын ортосунда 1 см аралыкты сактап, цифраларды пирамида формасындагы кырынан 10 см ылдый ортосуна жайгаштырып, кара түстөгү боёк менен бөлчөк сандар менен жазылат. Бөлчөк сызыгынын калыңдыгы цифралардын калыңдыгына барабар. Орнотулгандан кийин мамынын жер бетинен үстүндөгү бөлүгүнүн бийиктиги 120 см түзөт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби орнотулбайт. Орто аралык чек ара белгилери негизги чек ара белгилеринин ортосуна орнотулат. Орто аралык чек ара белгилеринин саны, ошондой эле аларды орнотуу жерлери эки тараптуу демаркациялык комиссиянын өз ара макулдашылган чечими менен аныкталат.

5. Ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык борбордук мамы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) бийиктиги 100 см, туурасынан кесилиши 15 х 15 см болгон темир-бетон мамы;

2) диаметри 40 см болгон, борборунда өлчөмү 16 х 16 см болгон тешиги бар, борбордук бөлүгүнүн бийиктиги 10 см, четтерине карай жантайышынын бийиктиги 5 см болгон бүтүн темир-бетон тегерек таш тилке.

Орнотулгандан кийин мамынын жер бетинен үстүндөгү бөлүгүнүн бийиктиги 30 см түзөт. Борбордук мамы таш тилке менен ак түскө боёлот, катар номери жазылбайт.

6. Ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын атайын чек ара белгилери чөмөлөк жана пирамида болуп бөлүнөт.

Чөмөлөк түрүндөгү атайын чек ара белгиси бийиктиги жер бетинен 120 см ашпаган, түбүнүн туурасы 80 см болгон цемент аралашмасы менен бекитилген конус сымал таш үймөгүнөн турат жана жеринде болгон таштардан жыйналат. Пирамида түрүндөгү атайын чек ара белгиси бийиктиги жер бетинен 120 см ашпаган, түбүнүн туурасы 80 см болгон, төрт кырдуу кесилген пирамида формасындагы цемент аралашмасындагы таш кыноодон турат жана жеринде болгон таштардан жыйналат. Чөмөлөк жана пирамида ак түскө боёлот, катар номерлери өлчөмү 30 х 30 см жана калыңдыгы 0,2 см кем эмес темир листине орто аралык чек ара мамысына окшош түрдө жазылат. Жердин рельефин жана мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен көрсөтүлгөн атайын чек ара белгилеринин формалары, конструкциясы жана өлчөмдөрү өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында алар даана көрүнүп турган, бекем жана узак мөөнөттүү болушу керек.

## 3-глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек

арасын жеринде белгилөө жана чек ара белгилерин орнотуу тартиби

7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жеринде белгилөө жана чек ара белгилерин орнотуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын чек ара белгилери алардын географиялык координаталарын так аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара сызыгында, чектеш мамлекеттин чек ара белгилерине параллелдүү же жердин физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша кезектешкен тартипте төмөнкү жерлерге орнотулат:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара сызыгы өзүнүн багытын өзгөрткөн участоктордо;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара сызыгы жеринде болгон жолдор, каналдар, коллекторлор жана башка курулмалар менен кесилишкен жерлерде;

3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара сызыгы суу (дарыя) участогунан кургактык участогуна же кургактык участогунан суу (дарыя) участогуна өткөн жерлерде;

4) бир сызыктуу объекттен экинчи сызыктуу объектке өткөн жерлерде;

5) чек арага жакын жерде калктын чарбалык жана башка иштери интенсивдүү жүргүзүлгөн жерлерде;

6) чек аранын өтүшүн визуалдык аныктоо кыйын болгон жерлерде.

9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жеринде Кыргыз Республикасынын негизги, орто аралык жана атайын чек ара белгилери менен белгиленет.

Кыргыз Республикасынын негизги жана орто аралык чек ара белгилери төмөнкүлөрдөн турат:

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кургактык участокторунда түздөн-түз чек ара сызыгына орнотулуучу бир негизги же орто аралык чек ара мамысынан;

– чек ара суу (дарыя) жана башка сызыктуу объекттер боюнча өткөндө, ошондой эле жолдор менен кесилишкенде орнотулуучу эки негизги же орто аралык чек ара мамысынан;

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара сызыгы суу (дарыя) участогунан кургактык участогуна же тескерисинче өткөн учурда орнотулуучу эки же үч негизги же орто аралык чек ара белгисинен.

Чек араны кургактык участогунда Кыргыз Республикасынын негизги чек ара белгилери менен белгилөөдө, чектеш мамлекеттин чек ара белгилерине параллелдүү түрдө ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара сызыгына түздөн-түз борбордук мамылар орнотулушу мүмкүн.

10. Бир негизги чек ара мамысынан турган негизги чек ара белгилери чектеш мамлекеттин чек ара белгиси менен кезектешкен тартипте, бет жагы чектеш мамлекет тарапка каратып орнотулат.

11. Бир орто аралык чек ара мамысынан турган орто аралык чек ара белгисин ага чейин негизги чек ара белгисин орноткон мамлекет орнотот. Жазы бети чектеш мамлекеттер тарапка каратылат.

Бир нече орто аралык чек ара белгиси орнотулган учурда, кийинкилери жогоруда көрсөтүлгөн мамлекет тарабынан, ошондой эле эки мамлекет тең кезектешкен тартипте орното алат. Орто аралык чек ара белгилеринин саны чектеш мамлекет менен макулдашуу боюнча аныкталат.

12. Орто аралык чек ара белгилери төмөнкү жерлерге орнотулат:

1) негизги чек ара белгилери жеринде чек ара сызыгынын өтүшү талаптагыдай тактык белгиленбеген, ошондой эле рельефтин шарттарына байланыштуу алардын ортосунда көрүнүү камсыздалбаган чек ара участокторуна;

2) чек арага жакын жерде калктуу конуштар жайгашкан, ошондой эле чарбалык жана башка иш жүргүзүлгөн участокторго.

13. Чек ара белгилеринин ортосундагы чектик аралык жердин физикалык-географиялык шарттарына жараша аныкталат.

14. Чек ара сызыгынын кургактык участогунун бурулуш жерине орнотулган чек ара мамысынын бет жагы бурчтун биссектрисасына перпендикулярдуу болушу керек.

15. Орто аралык чек ара белгилерине жана атайын чек ара белгилерине бөлчөк номерлер ыйгарылат, алардын алымы – буга чейинки негизги чек ара белгисинин номери, ал эми бөлүүчүсү – кийинки негизги чек ара белгисине чейинки өсүү тартибинде орто аралык же атайын чек ара белгисинин номери.

## 4-глава. Эки жана үч чек ара мамысынан турган

чек ара белгилерин орнотуунун өзгөчөлүктөрү

16. Чек ара кургактыктагы участок боюнча өткөн жерлерде чек ара сызыгы автомобиль же темир жолдор менен кесилишкен учурларда ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин чек ара белгилери орнотулат.

Чек ара мамысына катар номер өсүү тартибинде ыйгарылат.

17. Чек ара суудагы чек ара объекттери (дарыя, канал, коллектордук-дренаждык тармак ж.б.) боюнча өткөн жерлерде чек ара сызыгы автомобиль же темир жолдор менен кесилишкен учурларда ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин чек ара белгилери орнотулат.

18. Суу (дарыя, канал, коллектордук-дренаждык тармак ж.б.) жана башка сызыктуу (жолдор, дамбалар ж.б.) чек ара объекттери боюнча өткөн чек ара сызыгы объекттин эки тарабына бири-бирине карама-каршы демаркациялык сызыкка параллелдүү орнотулган Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин чек ара белгилери менен белгиленет.

19. Үч чек ара мамысынан турган Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин чек ара белгилерин орнотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) чек ара суу объектинен (канал, коллектор, арык ж.б.) кургактык участогуна же тескерисинче өткөн учурда ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык кургактык участогунда бири-бирине каршы, бет жагы демаркациялык сызыкка параллелдүү багытталган эки чек ара мамысы орнотулат, ал эми үчүнчү чек ара мамысы (сызыктык) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара сызыгында суу объектинин карама-каршы жээгине орнотулат. Сызыктык мамынын бет жагы чек ара сызыгына перпендикулярдуу багытталат;

2) чек ара бир суу объектинен экинчи суу объектине (канал, коллектор, арык ж.б.) өткөн, ошондой эле алардын ортосунда анча чоң эмес кургактык участогу болгон учурда, суу объектинин эки жээгине тең демаркациялык сызыкка параллелдүү бет жагы бири-бирине каршы багытталган эки чек ара мамысы орнотулат, ал эми үчүнчү чек ара мамысы (сызыктык) башка суу объектинин карама-каршы жээгине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын сызыгында орнотулат. Сызыктык мамынын бет жагы чек ара сызыгына перпендикулярдуу багытталат.

Үч чек ара мамысынан турган чек ара белгилерин орнотууда бурулуш чекити пайда болгон үч бурчтуктун чегинде, анын жактарынын узундуктарынын пропорцияларын мүмкүн болушунча сактоо менен жайгашууга тийиш.

20. Эки жана үч чек ара мамысынан турган чек ара белгисинин катар номерине тиешелүүлүгүнө жараша тегерек кашага (1), (2) же (3) деген цифралар кошулат, алар башка мамыларга караганда түндүктө жайгашкан мамыдан баштап саат жебесинин багыты боюнча белгиленет.

21. Үч мамынын ичинен эки мамыны чек аранын бурулуш чекитинде тегеректин чоңураак сегментине ээ болгон тарап орнотот.

## 5-глава. Корутунду жоболор

22. Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен түзгөн эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана редемаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын чечимине жараша Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келбеген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жеринде белгилөөнүн башка ыкмалары да колдонулушу мүмкүн.

Чектеш мамлекеттердин өз ара макулдашуусу боюнча белгиленген учурларда өзгөчө (салтанаттуу) чек ара белгилери орнотулушу мүмкүн. Чек аранын тогошкон жерлеринде номерсиз (нөлдүк деп аталган) энчилүү аттары коюлган уникалдуу, анын ичинде монументалдык чек ара белгилери орнотулушу мүмкүн.

23. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын ректификациялоо, цессиялоо, адъюдикациялоо жана аккрециялоо учурларында чек ара белгилери чектеш мамлекеттердин паритеттик комиссиялары тарабынан кайра орнотулууга тийиш. Алардын саны көбөйгөн же азайган учурда чектеш мамлекеттердин ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык кошумча тамгалык же цифралык белгилерди пайдалануу менен алардын катар номерлерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

24. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын чек ара белгилери менен белгилөө мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат, ал Кыргыз Республикасынын чек ара белгилерин тейлөө үчүн жооптуу болуп саналат, алардын жоголушуна жол бербөө, бузулуу коркунучу пайда болгон учурда сактоо, оңдоо, калыбына келтирүү жана зарыл болгон учурда мурдагы ордуна кайра орнотуу боюнча чараларды көрөт.

| | | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын негизги чек ара белгиси

| | | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын орто аралык чек ара белгиси

| | | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |

Борбордук мамы

| | | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын атайын чек ара белгилери

| | | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |

Борбордук мамыларды орнотуу

| | | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |

Чек ара кургактыктагы участок боюнча откон жерлерде чек ара сызыгы автомобиль же темир жолдор менен кесилишкен учурларда Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин чек ара белгилерин орнотуу

| | | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме |

Чек ара суудагы чек ара объекттери боюнча өткөн жерлерде чек ара сызыгы автомобиль же темир жолдор менен кесилишкен учурларда Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин чек ара белгилерин орнотуу

| | | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын белгилөө тартиби жөнүндө жобого 8-тиркеме |

Чек ара суу объектинен кургактык участогуна же тескерисинче өткөн жерлерде үч чек ара мамысынан турган Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин чек ара белгилерин орнотуу
