# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябры № 648 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябры № 648 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 648
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58476/edition/59736/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябры № 648 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052011

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-сентябры № 648

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартибин белгилөө, инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 14, 36-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды ачык сунуштоонун шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 265 «Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнудагы № 293 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 «Баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу маселеси жөнүндө» токтомунун 4-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 «Инвестициялык фонддордун ишин жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтомунун 5-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
