# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 589 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227«Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 589 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227«Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 589
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051936>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230051936/edition/59664/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051936.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 589 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227«Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому (28.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051936

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-августу № 589

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин ишке ашыруу максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:

– 3-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.А. Касымалиев |
| --- | --- | --- |
|  |  | Тиркеме «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 3-тиркеме |

## 1-глава. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын

пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектик деңгээли

1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектик деңгээли 4,42 сом/кВтс өлчөмүндө же чет өлкө валютасында таблицага ылайык көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө белгиленет.

Таблица

| № | Валюта | Чен бирдиги | Тарифтин чектик деңгээли |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Кыргыз сому | сом/кВт с | 4,42 |
| 2 | АКШ доллары | доллар/кВт с | 0,05 |
| 3 | Россия рубли | рубль/кВт с | 4,0 |
| 4 | Кытай юаны | юань/кВт с | 0,36 |

Эскертүү: 2–4-пункттарда көрсөтүлгөн тарифтердин өлчөмдөрү таблицанын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтин өлчөмүнө барабар деп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.

## 2-глава. Отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө

белгиленүүчү электр энергиясына болгон тарифтер

2. Берилиши ыйгарым укуктуу мамлекеттик же муниципалдык орган же мамлекеттик мекеме тарабынан ырасталган жер тилкелерине карата комиссиянын белгиленген тартипте кабыл алынган чечимине ылайык жер тилкелерине өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча сатылуучу энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 «Кыргыз Республикасынын «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы күчүнө киргенге чейин электр энергиясына тарифтин чектик деңгээли 4,42 сом/кВтс өлчөмүндө (же ушул тиркеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө) белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашууга же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга ылайык ишке ашырылуучу отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун алкагында валюта тараптардын макулдашуусу менен, ал эми тарифтин өлчөмү төмөнкү шарттарды эске алуу менен аныкталат.

1) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектик деңгээли ушул тиркеменин 1-пунктуна ылайык белгиленет;

2) аукционго жана (же) конкурска катышуунун алкагында ишке ашырылган энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин өлчөмү өткөрүлгөн аукциондун жана (же) конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге ылайык аныкталат;

3) Берилиши ыйгарым укуктуу мамлекеттик же муниципалдык орган же мамлекеттик мекеме тарабынан ырасталган жер тилкелерине карата комиссиянын белгиленген тартипте кабыл алынган чечимине ылайык жер тилкелерине өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча сатылуучу, ошондой эле түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында сатылуучу энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 «Кыргыз Республикасынын «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы күчүнө киргенге чейин электр энергиясына тарифтин чектик деңгээли 4,42 сом/кВтс өлчөмүндө (же ушул тиркеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө) белгиленет;

4) отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндөгү башка электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн ар бир долбоор боюнча тарифтин өлчөмү жана валютасы (ушул пункттун 1, 2, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык аныкталат;

5) электр энергиясына тарифтин өлчөмүн техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде аныктоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Валютаны конвертациялоо отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тарифти белгилөө жөнүндө административдик актысын каттоо датасына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча жүзөгө ашырылат.».
