# Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 08-июлундагы №01-5/107 Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү жөнүндөгү токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 08-июлундагы №01-5/107 Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү жөнүндөгү токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/107
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79270/edition/59645/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 08-июлундагы №01-5/107 Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү жөнүндөгү токтому (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051920

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 08-июлу № 01-5/ 107

Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XVIII cессиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 51 токтому менен бкитилген жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимине ылайык, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутаттарды туруктуу комиссиянын курамынан чыгаруу жана жаңыдан шайланган депутаттарды туруктуу комиссиялардын курамына киргизүү максатында 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 01-5/04 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маматкулов Санжарбек Примкулович «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.

2. Абдыраимова Гулгаакы Урубаевна «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.К.Орозовага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Төрага | С.П.Маматкулов |
