# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051826>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58417/edition/59569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051826.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому (28.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051826

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-сентябры № 645

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-пунктуна, 28-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын аймагында № 3 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 60,0 га, идентификациялык коду 7-04-12-0003-0097 болгон жер тилкеси «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине болгон укуктарды мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
