# Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 11-августундагы №46 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 11-августундагы №46 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051773>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58386/edition/59516/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 11-августундагы №46 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө" токтому (11.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051773

---

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

2026-жылдын 11-августу № 46

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча иштерди айыл аймагынын деңгээлинде уюштуруу, көрүстөндөрдү тиешелүү тартипте пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 токтому аткарууга алынсын.

Жаңы-Жер айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №795 токтому менен белгиленген талаптарга ылайык уюштурулсун. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө:

· айыл аймагындагы көрүстөндөрдүн абалын жана жайгашкан жерлерин тактоо;

· көрүстөндөрдү эсепке алууну уюштуруу;

· көрүстөндөрдүн санитардык абалын жана тазалыгын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

· маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча иштерди мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу;

· көрүстөндөрдү көрктөндүрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү;

· жарандарга маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча мыйзамдарда белгиленен талаптар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; .

Айыл аймагындагы көрүстөндөрдү пайдаланууда санитардык, экологиялык жана башка мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышы камсыз кылынсын.

Айыл өкмөтү тарабынан көрүстөндөрдү тазалоо, көрктөндүрүү жана аларды талаптагыдай абалда кармоо боюнча зарыл болгон иш-чаралар уюштурулсун.

Ушул токтомду аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат зарыл болгон учурда айылдык кеңешке берилсин.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага: Ж.Мурадилов
