# Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомуна 5-тиркеме)

- Толук аталышы: Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомуна 5-тиркеме)
- Актынын түрү: Приложение
- Номери: 639
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230051728/edition/59466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомуна 5-тиркеме) (25.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051728

---

5-тиркеме «21-тиркеме

Жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги

1. Жаратылыш газынан тышкары, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууну ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү эл аралык ташууга келишим;

2) эсеп-фактура (инвойс) – экспорттоочу резиденти болуп эсептелген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык товарды экспорттоону жүзөгө ашыруучу субъект тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салык документи;

3) товар-транспорттук коштомо кагазы (ТКК) – эл аралык автомобилдик коштомо кагазынын (CMR) ордуна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн чегинде товарларды өткөрүүдө пайдаланылуучу документ;

4) эл аралык автомобилдик коштомо кагазы (CMR) – жүктү автомобиль транспорту менен жеткирүүдө Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын (ЖЭЖТК) талаптарына ылайык таризделген документ.

2. Жаратылыш газын эл аралык ташууну (жеткирүүнү) ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн участоктору боюнча жаратылыш газын ташууга келишим;

2) эсеп-фактура – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жаратылыш газын эл аралык ташууну (жеткирүүнү) жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндөгү салыктык документ;

3) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн участоктору аркылуу ташылуучу жаратылыш газын өткөрүп берүү-кабыл алуунун коммерциялык актысы.».
