# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 716-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 716-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 716-т
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051623>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230051623/edition/59340/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051623.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 716-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (18.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051623

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 18-сентябры № 716-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 «Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобонун 13, 14-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

– I бөлүмдө «Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер»:

38, 39, 53, 68, 69, 76, 77-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

## 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 411–415-пункттар менен толукталсын:

«411. Таш-Көмүр шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

412. Кара-Көл шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

413. Ала-Бука райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

414. Аксы райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

415. Чаткал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.»;

## 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 531–533-пункттар менен толукталсын:

«531. Ысык-Көл райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

532. Балыкчы шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

533. Тоң райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.»;

## 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 661-пункт менен толукталсын:

«661. Ош облустук патологиялык-анатомиялык бюросу.»;

## 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 701–705-пункттар менен толукталсын:

«701. Облус боюнча кызматтын ишин координациялоо функцияларын жүктөө менен Баткен райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

702. Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

703. Лейлек райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

704. Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

705. Кадамжай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.»;

## 8-глава төмөнкүдөй мазмундагы 781–788-пункттар менен толукталсын:

«781 . Ысык-Ата райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

782. Кемин райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

783. Токмок шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

784. Аламүдүн райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

785 . Облус боюнча кызматтын ишин координациялоо функцияларын жүктөө менен Сокулук райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

786. Москва райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

787. Жайыл райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

788. Панфилов райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.»;

– III бөлүмдө «Техникалык максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер»:

төмөнкүдөй мазмундагы 73-пункт менен толукталсын: «73. «Маркетинг-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому.».

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
