# Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 7-д "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 7-д "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 7-д
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1983/edition/59300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 7-д "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу (21.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051586

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2026-жылдын 21-сентябры № 7-д

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 132 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) алуу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу кабыл алынгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндөгү жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндөгү жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Укуктук маалымат башкармалыгы:

1) ушул буйрука кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын.

2) расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына жарыяласын.

3) буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.

3. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 14-июлунан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары С.Т. Ызаковага жүктөлсүн.

| Министр | | А.А. Айылчиев |
