# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 715-т (2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 715-т (2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 715-т
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051562>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20025/edition/59268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051562.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 715-т (2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө) тескемеси (18.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051562

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 18-сентябры № 715-т

Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы баа кырдаалынын өзгөрүшүнө мамлекеттик органдардын өз убагында жана системалуу чара көрүүсүн камсыз кылуу, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу максатында, «Баа түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Планды ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана башка уюмдар:

1) Планда каралган иш-чараларды белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырууну камсыз кылсын;

2) Планда каралган натыйжаларга жана индикаторлорго жетишүүгө багытталган, берилген ыйгарым укуктардын чегинде зарыл болгон уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;

3) ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейинки мөөнөттө Планды ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Планды ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө жыйынды маалыматты чогултууну, жалпылоону жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүүнү камсыз кылсын.

4. Пландын иш-чараларын өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн жооптуу аткаруучулар болуп аныкталган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги № 253-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
