Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-сентябры № 715-т
Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы баа кырдаалынын өзгөрүшүнө мамлекеттик органдардын өз убагында жана системалуу чара көрүүсүн камсыз кылуу, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу максатында, «Баа түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана башка уюмдар:
1) Планда каралган иш-чараларды белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырууну камсыз кылсын;
2) Планда каралган натыйжаларга жана индикаторлорго жетишүүгө багытталган, берилген ыйгарым укуктардын чегинде зарыл болгон уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
3) ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейинки мөөнөттө Планды ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Планды ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө жыйынды маалыматты чогултууну, жалпылоону жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүүнү камсыз кылсын.
4. Пландын иш-чараларын өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн жооптуу аткаруучулар болуп аныкталган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги № 253-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрели № 253-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026–2027-жылдарга социалдык маанилүү азык-түлүк…Распоряжение · 15.04.2026 · № 253-т
- Баа түзүү жөнүндөЗакон · 11.04.2023 · № 87