# Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 1-сентябрындагы № 5/4 "Баетов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү компенсациялоо жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 1-сентябрындагы № 5/4 "Баетов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү компенсациялоо жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/4
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58282/edition/59208/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 1-сентябрындагы № 5/4 "Баетов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү компенсациялоо жөнүндө" Токтому (01.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051510

---

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 1-сентябры № 5/4

Баетов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү компенсациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартибине ылайык, жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарга берилүүчү тамак-аштын күнүмдүк калькуляциясын иштеп чыгуу мектепке чейинки уюмдардын жетекчилери менен биргеликте Баетов айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине тапшырылсын.

2. Өтө аялуу катмарда жашаган, тамак-аш үчүн белгиленген төлөмдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөрдү аныктоо жана тиешелүү тизмесин түзүү Баетов айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисине тапшырылсын.

3. Социалдык абалы аныкталган үй-бүлөгө тамак аш үчүн белгиленген төлөмдүн 30 пайызы жергиликтүү бюджеттен компенсациялоо жагы 2026-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн эске алынсын.

4. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6. Ушул токтом Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

7. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

| Төрага | Ч. Азимжанов |
