# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентбрындагы № 704-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 284-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескеме

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентбрындагы № 704-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 284-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескеме
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 704-т
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20022/edition/59175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентбрындагы № 704-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 284-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескеме (15.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051476

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 15-сентябры № 704-т

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 284-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 2-пункттун 2-пунктчасындагы «15» деген цифралар «5» деген цифрага алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 2¹-пункт менен толукталсын:

«21. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.»;

– жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен басып алуу, өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана кеңейтүү, жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланбоо фактыларынын алдын алуу, бөгөт коюу, жерлердин пайдаланылышын жана корголушун контролдоо боюнча иш-чаралар планында:

1, 2-пункттарда «2024–2025-жылдар», «Мамкурулуш» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «2024–2027-жылдар», «Курулуш министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пунктта «2024–2025-жылдар» деген сөздөр «2024–2027-жылдар» деген сөздөргө алмаштырылсын; кыскартуулардын тизмесинин сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Курулуш министрлиги – Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги».

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | A.А. Касымалиев |
